"Кыргыз туусу", 21.03.13 РУБАИ...
(эркин котормо...)

I.
Наристе кезимде, мен келдим эле
Тапсам деп, бакыт кушун бул дүйнөдөн..?
Талаанын сапырылган шамалындай,
Таппадым бакытымды, сүйгөнүмдү...

Изденип, талыганча тизе бүгүп,
70 жаштын жашап турам күнүн..?
А бирок билгенимден, билбегеним
Көбүрөөк экен... Байкап, көрсөм бүгүн...

Билгенче... бул дүйнөгө сареп салып,
Зымырык куштай учуп кетти (баары)
убакыт?
Теңирдин берген жашы неге кыска,
Кыска өмүр кимге опаа,
кимге (таңсык) сабак?

Жашоону баарыбызга берген бирдей,
Жарыгын баардыгына чачкан Күндөй?
Теңирим... Сенден сурайт элем бүгүн,
Эмне үчүн бирөө Бай да, бирөө Кедей?

Кедейлер, кембагалдар, алсыздары
Жатканы... (салганы...) жарты төшөк
болсо дагы...
Каниет кылат ага өмүр бою,
Сүйгөнү болсо болду колтугунда...

Ошого топук кылаар кедей байкуш,
Бейиштин өзү барбы андан артык?
Сүйгөнү болсо болду дайым жанда,
Жүзүнөн нур төгүлүп турган, балкып..?
II.
Колумда көтөргөнүм ширин тамак,
Көңүлдү көкөлөтөт, ичкен Шарап..?
Унутуп, бул дүйнөнүн бардыгына
Турамын, төрөлгөндөй кайра жаңы..?

Хандыктан канча бийик, Шарап - Наркы,
Караанына тең келбейт- Каухар, Алтын!
Тозогуна бара бер сүйгөнүңдүн,
Бейишиңден миң эсе, ошол артык!!!

Чөйчөктөй толуп турган, мелт-калт болуп
Өмүрлөр кайда кетти... Чөлдөй соолуп?
Өрнөктү алсак дагы улуулардан,
Өмүрү таба албадым мен буга жооп?

Арабадай кылдырттап, келет өмүр...
Ким билет, бул жашоонун токтоор жерин..?
Бир билсе, билсе билеер Теңир өзү
Жараткан топурактан, Адам денин...

Жашсыңбы, карысыңбы? Адам сенин,
Баары бир билип алгын, бараар жериң..?
Денеңди топурактан жараткан соң,
Топуракка жуурулат кайра, денең...

Айла жок, башка келсе биз көрөөрбүз,
Теңирдин амирине биз көнөөрбүз...
Маңдайга жазып койгон жазуусунан,
Каякка, Кантип, Кайда өзгөрөбүз..?
III.
Бирөөнө бердиң Теңир, узун жашты
Бирөөнүн өмүрүнө күлкү чачтың..?
Бирөөгө азап менен тозок бердиң,
Билсин - деп, кымбаттыгын ошол жаштын.

Адам сен, Амиринен чыга албайсың
Андыктан, келечегиң биле албайсың..?
Эртеңкиге ишенбе бүгүн жаша,
Деген сөзгө, эмне үчүн, тил албайсың?

"Дей" айындай жаркырап, жазда келген,
Бул жашоо кайталанат, кийинкиге?
Шарап ич андан көрө шаттык менен,
Өмүрдү узарткының жаштык менен...

Теңирден башка билбейт, кылаарыңды
Теңирден башка билбейт, сурамыңды?
Сураба андай сөздү дегениң не,
Себеби бактылуусуң Кудайың бар... ?
IY
Иблис шайтан, ичкен болсо шараптан,
Эчак тыштап көралбастык адатты...
Адамдарга кылмак дайым жакшылык,
Жүрөгүнө ыйман берип, Жараткан...?

Эс алууга табылаар дейм убакыт,
Же өмүрү, иш кылбасак кыйратып?
Жүз жыл кийин, биз өлгөндө, же кайра
Болмок белек, адамдарга Гүлазык...?

Жанымдагы, жаркын сулуу - Зухра,
Колумда бул, мүрөк суусу - Хидра!
Болсо дагы, Канаттануу ала албайм,
Ичпесем мен, Шарабынан бир ууртам!

Жазып койгон бал китепте тагдырың ,
Жанында бол, жакшы адамдын, жакшынын...
Эмнени издеп, кайда барган турасың,
Колдо турса, шарап куйган Ак чының...

Жакшы, жаман келет адам башына
Андан улам, батпа ойдун сазына... ?
Кадимкидей, капаланбай жашай бер!
Ошон үчүн турмуш кызык, татына...

Бул дүйнөгө адам кайра жаралбайт,
Унутпайлы, күндө берген саламды...
Жашарталы ушул келген өмүрдү,
Жаратканым берген бизге, Адамга!
V.
Шарап артык, Шах - Кавустун багынан
Даңктуу баатыр Кей-Кубаддын тагынан...
Таң аткыча кыңкысташып, онтогон
Ашыктардын үнү сүйкүм, баарынан...

Өмүр - Китеп, чыгып калды соңуна...
Өкүнөмүн, уландысы жогуна...?
Кайталанса... кайра жашоо жаңыча
Канчалардын калат элем сообуна?

Куру бекер келтирбе дос, күлкүнү...
Сен эмессиң бул дүйнөнүн түркүгү?
Кең Ааламды, Теңир өзү жараткан,
Керек болсо, биз, анын бир, бүркүмү !?

Керек болсо алсын кайра, Теңирим.
Хан, Бектердин, Ак сөөктөрдүн өмүрүн...
Молдо, Бакшы мактап жаткан - Бейишин...
Биз калалы, тозогунда - Өмүрдүн!

Тебеленип жерде жаткан ылайдай,
Теңсиздиктен... үнү жеткен Кудайга!
Бечаралар, кембагалдар, байкуштар,
Эптеп табаар жашоосуна, бир ылаажы..?
(Жалынса да Жаратканга, Кудайга!?)
VI
60 тан ары жашайм, дебегин
Айтып берем, азыр анын себебин...
Алжып калсаң, акыл айтуу ордуна
Анда неге, балдарыңа керегиң..?

Бул турмуштун даамы - ичкен шараптай,
Бирде таттуу, бирде ачуу арактай!
Колдон келген турмушуңду көрө бер,
Көрүнгөнгө дартыңды айтып, тажатпай!?

Жолдун бастык, өйдө- ылдыйын, кадамдап...
Жолуктурдук жакшыны да, жаманды...
Бирок досум, жарты тыйын жанда жок
Турган кезде, достор келет жардамга..?

Куру бекер, биз жашаппыз дүйнөдө,
Бирде күлкү, бирде ый чачып күндө эле..?
Акыры эмне..? Топуракка жуурулдук,
Теңир эмне, текшерипби дүйнөңдү?
Көңүл керек, көңүл отун курганга,
Көп тааныштан, жолдошторуң бир гана..?
Көңүл айтып, тең бөлүшөт капаңды
Көңүл чөгүп, көөнүң суусап турганда...
VII
Ээрчип алган - Иблистин шайтаны
Эссиз, көпкөн Төрөлөргө айтаарым...
Келе турган, жашай турган күндү ойлон,
Түбөлүктүү эместигин, байкагын?

Жаратканга жагаар ишти кылбадык,
Жакалаштык, жамандаштык, чырдадык..?
Жалгандыгын бул дүйнөнүн билгенде,
Жакшы сөздүн неге айтпадык, Ыйманын..?

Дайым эле боло бербейт, Шараптын
Көрөңгөсү... Биз сыйлаган тамактын...
Иче бергин буюрганын колдогу,
Ичишсин деп, Теңир бизди жараткан!
VIII
Күн чачырап... Бийик турса Асманың,
Бул дүйнөдөн, сен сүйүүнү тапканың...
Көл үстүнөн кайкып учса Ак чардак,
Көктү тиреп өсүп турса Ак кайың...

Булбул сайрап, конуп турса багыңда,
Дүйүм жемиш, бышып турса шагында...
Бул сүйүү эмес, жаратылыш көркөмү
Орой айткан, бул сөзүмө таарынба?

Кетериңде, сен акыркы сапарга
Мүмкүн кечте, агарып таң атаарда..?
үн чыгарба... Онтобогун... Акырын
Кетип калгын... Келбес жайга, сапарга!

Ошол сүйүү... Жан адамдар сезбеген,
Ошол сүйүү... Жеталбай сен дегдеген..?
Мында калган сага деген элдердин,
Сүйүүлөрү... Эгер билсең , ал деген?
IX
Кайдан келдим... Ким жараткан денемди?
Ойго кетем, санаа тартып, сен өңдүү..?
Же болбосо, тозоктун же бейиштин,
Эшигинде турамынбы, элеңдеп?

Бирок билем, бир нерсени айныксыз!
Сүйгөнүмдүн колтугунда, кайгысыз
Достор менен бирге жүргөн, жаштык кез
Бейишиңдин бир бурчундай, Ачык сөз!!!

Төгүп алсам мен мас болуп, кесени
Кейибегин... Мен сүйүүгө бекеммин!
Сүйгөнүмдүн колтугунда олтурган
Бир мүнөтүн, миң күнүмдөй сеземин?

Бейиш - тозок, күйүп турган чок болсо..?
Бейиш - тозок, эгер сүйүү жок болсо...
Бейишиң бул - шапар тепкен шайыр калк,
Ашыктардын, ажайып кооз - Өлкөсү!
X
Жараткандын ченеми бар, берилген
Аша албайсың, анын койгон чегинен...
Теңиримдин буйругу жок, бир дагы
Жалбырак да, жерге түшпөйт, жөнүнөн..?

Ойлоп көрсөң, ошол өмүр көз ирмем,
Аны барктап, баалаган ким, сезимден?
Жаратылыш жалгыздыгын, билген соң
Анда неге таарыныштык, жан биргем?

Ошону ойлоп, мен өзүмдөн уялам
Кетсе күнөө, кечир жаным, суранам?
Кечирсең да менин ошо күнөөмдү
Кечиреби уятымды, башкалар?

Көрүнгөнгө айта бербе дартыңды,
Бул дүйнөдө адамдар көп, ар түрлүү...
Кеп сөзүңдү түшүнбөгөн толтура,
Кетирбегин куру бекер, баркыңды!

Бүгүн досуң, эртең сенин душманың
Айкөл болуп, сыйласаң да бүт баарын...
Таразанын ташында да калыстык,
Кээде болбойт, чыны... Элден укканым?
XI
Баштан өтсүн, азап менен тозогу...
Мен ойлобойм, кыйналыш деп ошону...
Сүйгөндөрдүн болсом болду жанында,
Ашыктардын жалбырттаган, очогу...

Сулуу болсун мен каалаган, суйсалып
Жарты токоч... Шараптын бир ууртамы...
Тең келалбайт, менин ошол бактыма
Эл башкарган Ханың менен Султаның!

Мактанышат Бүбү, Бакшы, Имамдар
Чын жашоого барабыз деп, бул жалгандан..?
Мага керек жалган дүйнөң - тозоку
Мээрим төгүп, сулуулар көз салганга...?
XII
Жаралган соң... шашылбайлы, өлүмгө
Бара турган жериң - тозок, көрүңө...?
Жарпын жазып, сулуулардын көңүлүн...
Шарап ичип, узарталы өмүрдү...

Теңиз карап, бизге берген өмүрдү
Шердентсе да, Теңиримдин көңүлү...
Жарым күнүң, жаш эркеңдин жанында
Жатканың оң, таманында өбүлүп?..

Маңдайыма жазып койгон Теңирим,
Бир күн болсо, бизге берген өмүрү...
Андан башка көрө албадым жазуусун,
Тапсам дагы, адамдардын көңүлүн..?

Айырмасы барбы, ошол бейиштен
Кооз чының, колдогу шарап, сен ичкен?
Коргошундай бүткөн бойду эритип,
Кучагыңда жатса оролуп, периштең...

Мас болбосоң, дале массың, баары бир!
Шарап, Аял бул жашоого дарыгер?!
Айыгасың, айыкпаган жараңдан
Авиценна куйган сымал, дарыны...

Жашасаң да өз эркиңче, бир кылым
Эгер жанда болбогондо, жаш сулуу...
Сага берген, бул жашоонун жыргалын,
Эмне менен толтурмаксың ушуну..?
XIII
Шарап ичүү, акылдуунун тамагы
Билет алар ичээр чегин, ар дайым...
Акылсызга берсең андай тамакты,
Үз башына үйүп алат балээни...?

Мага айтышты, сага керек кимиси
Шарабыбы..? Же, аялдын сулуусу..?
Эси жоктор! келесоолор !!! уктуңбу,
Кеп кылбагын андай сөздү, экинчи
Мага керек, экөөнүн тең (болушу) турушу...

Шарап менен шат кыламын көңүлдү,
Аял менен узартамын өмүрдү,
Шагы ийилген жүзүм турса мөлтүрөп
Шашмак белем, сенин казган көрүңө..?

Шарап менен, шат көңүлдү ачамын
Шыпкап түбүн, Ай денеме чачамын...
Таксыр аял, табиятын, күн сайын
Тарткым келет, азап менен тозогун..?

Мен өлгөндө кенен казып көрүмдү,
Жуунткула шарап сууга, сөөгүмдү...
Аяр сылап, айдай муздак чекемден
Аял турсун... Аппак колу өбүлүп..?
(Андан кийин каза бергин көрүмдү)...