"Кыргыз туусу", 21.03.13 Кыргызстандагы
декларациялоо жана
легалдаштыруу
Мисалы, Иванов Николай автомашина сатып алды дейли. Ал жөнүндө билдирүүгө убакыт келгенде ал, акчаны карызга алганмын деп чыгат. Акыйкат суроо туулат, кимден? Елена Юрьевнадан. Эми суроо Еленага берилет, зайым бериш үчүн анча акча анда кайдан пайда болду? Бул кирешени алуу кайсы документтер менен тастыкталган жана андан салык төлөнгөнбү? Башкача айтканда, бирдиктүү системанын аркасында биз активдердин агымын, алардын кандай иштеп жаткандарын байкай алабыз.
Азыркы учурда өлкөнүн көмүскөдөгү экономикасы эксперттердин эң жөнөкөй баалоолору боюнча 40%дан кем эмес бааланат, эми, ушул көмүскөдөгү агымдын салыктары азыр эле бюджетке түшкөнүн элестетип көрүңүз! Биз мамлекет катары жылдап чогулуп келген көйгөй маселелердин эми, бардыгын болбосо дагы көпчүлүгүн ийгиликтүү чечип алмакпыз да.Анткени мамлекеттин бюджети - бул жолдор, оңдоо-калыбына келтирүү иштери, социалдык төлөмдөр, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт дагы, коопсуздук дагы эмеспи. Мындан башка маселелер дагы канча.
- 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча БСДны кимдер тапшыра тургандыгы жөнүндө да айта кетели?
- БСД экономикалык ишмердүүлүктөрүн бизде жүзөгө ашырышкан бардык жарандарга, чет өлкөлүк жарандарга жана жаран эмес адамдарга - республиканын резиденттерине, ошондой эле резидент эместерине таркатылат. МСКнын алдын ала маалыматтары боюнча БСДны Кыргызстандагы 3 миллионго жакын адам тапшыруулары керек, бул өлкөбүздүн эмгекке жарамдуу калкынын санынан ашып түшөт. Бул өзү түшүнүктүү, анткени бирдиктүү салык декларациясын, маселен, иштебеген пенсионерлер дагы, стипендия алышкан студенттер дагы толтурулушу керек. Ал түгүл кандайдыр бир киреше, актив, мүлк, жөлөкпул, мурас алышкан балдары үчүн дагы алардын ата-энелери же камкорчулары салык кызматынын алдында отчет берүүгө тийиш.
- Аны кандай түрдө тапшырууга болот? Электрондукпу, кагаз жүзүндөбү?..
- Өзүңүздүн катталган ордуңуз боюнча салык кызматына барып, форманы ал жерден толтурсаңыз да болот. Мындан сырткары, өлкөдөгү ички миграцияны эске алуу менен, айталык, жаран Баткенде катталып, өзү Дордойдо эмгектенсе, анда ал БСДны өзүнө ыңгайлуу жерде, мисалы, экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн орду боюнча же Бишкек шаарында иш жүзүндө жашаган орду боюнча тапшыруу мүмкүндүгүнө ээ болот. Ал эми МСК салык төлөөчүнүн отчетун анын катталуу орду боюнча жиберүүнү өз мойнуна алат.
БСДны электрондук түрүндө берүүгө да шарт бар, бирок азырынча ага ачкыч (бул кызматка акы төлөнөт), электрондук колтамга алуу талап кылынат жана сиздин отчетту салык органдарына жиберген ортомчунун кызматына дагы акы төлөө керек. Кайсы бир мезгилдерге чейин бул кызматтан салыктын иштиктүү кардарлары гана пайдаланышат шекилдүү. Анткен менен, биз баарыбыз декларацияларыбызды
почта менен жиберүүгө акылуу экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек.
МСКнын сайтындагы өзүңдүн жеке "ба­ракчаңа" (башкача айтканда салык төлөөчүнүн өздүк эсебине) кирип, ошол жерден түз эле өзүнүн БСДын "кагууга" мүмкүнчүлүк берген мыйзам Жогорку Кеңеште биз каалагандан көбүрөөк каралып, бирок эми экинчи окуудан өттү. Ал кагылган БСДны "чычканды" бир басуу менен эле салык органдарына жиберүүгө болот. Бул үчүн салык органдарынан өзүнүн жеке паролун (өздүк пин-код) алуу зарыл. Бирок мыйзам али кабыл алына электигине жана Президенттин кол коюусуна кирбегенине байланыштуу бул ченем азырынча иштебей турат, ал эми 2015-жылга карата ал сөзсүз түрдө иштеп кетиши керек.
Эстониянын мисалында алсак, ал жерде бирдиктүү декларация жетишерлик жакшы жолго коюлганын, 98% жалпыга бирдей декларациялар так ушул электрондук ыкма менен берилерин, болгону 2%ы гана кагаз түрүндө берилерин айта кетелик. Бул жерден салык төлөөчүнүн интернетке жана компьютерге жеткиликтүүлүгү маселеси да келип чыгат. Анан, албетте, аларды колдоно билүүсү. Кандай гана болбосун, бизде да мындай кызмат пайда болот жана биз, бир нече жылдардан кийин интернет боюнча отчет берүүнүн ушундай ыңгайлуу түрүндө бийик цифраларга чейин жетебиз деп ишенем!
Ошондой эле, БСДны кабыл алуу пункттарын эл көп чогулган жерлерде, атап айтканда, ири соода түйүндөрүндө, базарларда, мүмкүн болгон жерлердин бардыгында, Соцфонддун кеңселеринде, айыл өкмөттөрүндө ж.б. ачуу чечилген. Бул пункттардын айрым бирлеринде кеп-кеңеш гана алууга, ал эми атайын жабдылган пункттарда декларацияны тапшырууга болот. Мындай пункттарды ачууну иш жүзүндө аткарууга жеткирүү үчүн убакыт талап кылынат, андай убакыт бизде азыр бар, анан, албетте, акча каражаты керек.
Салык кызматы кийинки мезгилдердин аралыгында Коомдук байкоочу кеңешинин (КБК), салык консультанттарынын Палатасынын колдоосу астында өтө чоң жумуштарды бүткөргөндүгүн белгилебей коюуга болбойт, ал жумуштарды сөзсүз түрдө, мына бүгүнтөн баштап токтоосуз улантуу зарыл. Иш жүзүндө МСКнын бардык бөлүктөрүндө бирдиктүү дек­ларацияны тапшыруу боюнча координациялык штабдар уюшулган, бул багытта, маселен, Лейлек районунунда кайсы бир жооптуу адамга кайрылып, андан жардам жана декларацияны толтуруу боюнча бардык маселелерге
жооп алса болот. Донорлордун колдоосу астында салык кызматынын кызматкерлерин окутуу өткөрүлөт. Каражаттар тууралуу маселелер
боюнча болсо, бүгүнкү күнү МСК калкты маалымдоо боюнча чоң жумуштарды жүргүзүп жаткандыгын жана өзүнүн кызматкерлерин бюджеттин, ошондой эле донорлук каражаттардын эсебинен окутуу боюнча иштерди баштагандыгын белгилеп кетүү ашыктык кылбайт, чагымда. МСКга республикада иштеп жаткан АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) РЕФОРМА долбоору кыйла техникалык жана финансылык колдоо көрсөтүп жатат.
БСДны тапшыруу учурунда бул иш-чарага бийиликтин жергиликтүү органдары, студент-волонтерлор тартылып, алар БСДнын маанисин жана максатын түшүндүрүшүп, көчөмө-көчө кыдырууларды жүргүзүшөт. Мен жогортодо айтып өткөндөй, мындай иштерди азга болсо да токтотуп коюуга болбойт, тескерисинче аны улантуу, күчөтүү зарыл, антпесек, үч жылдан кийин деле БСДга даяр болбой калабыз. Ушул убакыттын ичинде биз баарыбыз окуп, үйрөнүүбүз кажет, анткени бул иш баардыгыбыз үчүн жаңы болуп жатпайбы.
- Татьяна Михайловна, мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын, кирешелер тууралуу декларацияны кантебиз... Алар дагы узартылабы?
- Эч андай эмес! Жакында бир ишкер мага декларацияны тапшыруунун кажети жок экенин ага бирөө айтканын кабарлады. Мамлекеттик кызматкерлерди, ошондой эле ишкерлерди, мүлктүн, жер тилкелеринин ээлерин жана башка салык салынуучу объекттерди дек­ларациялоону бизде эч ким али жойгон эмес. Мен сизге мындан көбүрөөк айтайын, эксперттердин талдоосу боюнча ушу күнгө чейин биз, мыйзам боюнча деле тапшырууга милдеттүү болушкан 100% салык төлөөчүлөрдү камтый алган жокпуз. Эми кийинки үч жылдын аралыгында 100%дык натыйжага жетишүүгө биз арийне, милдеттүүбүз. Мындай болгон учурда жалпыга бирдей декларациялоону өткөрүү дагы бир кыйла жеңил болмок, анткени Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн бул категориясына 1,0 миллион чамалуу адам туура келет. Мына ушул санды азыр тыкыр тактоо керек жана бул категория менен өтө жигердүү иштерди алып баруу зарыл.
Маектешкен Чынара АСАНОВА