Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 2

Реформанын эртеңи
"Бирдиктүү декларациялоону артка жылдырышты, бирок жоюп жиберишпеди"
Белгилүү болгондой, бирдиктүү салык декларацияны (БСД) Кыргызстанда 2012-жылы эле тапшыруу керек болчу. Бул ири масштабдуу иш-чарага карата бир нече жылдык даярдык болгону менен, өлкө баары бир БСДны тапшырууга 2013-жылдын башталышына карата да даярдыгы жок келди. Бул өнөктүктү өткөрүүнү баштоо быйылкы жылга туура келсе деле, аны шашылыш жүзөгө ашырууга аргасыз болмокпуз. Мына ушул себептен улам да Президент мыйзамдаштыруу жол-жоболорун регламенттештирген жалпыга бирдей декларациялоого карата даярдык жөнүндөгү мыйзамга вето койду. Анткени, мамлекет башчысы өлкөгө мындай популисттик өнөктүктүн кереги жок экенин моюнга алууга аргасыз болгон. Аны депутаттар да колдоп беришти. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештен БСДны жол-жоболоонун мөөнөтүн эки жылга узартып берүүнү өтүнүшкөн эле, бирок парламентарийлер "берешендик" кылышып, 2015-жылга чейин узартып салышты. Биз салык кеңешчилеринин Палатасынын башкармалыгынын төрайымы Татьяна КИМден Кыргызстандагы жалпыга бирдей декларациялоонун абалы тууралуу айтып берүүсүн өтүндүк.

- Татьяна Михайловна, Жогорку Кеңеш тарабынан БСДнын мөөнөтүн узартуу боюнча чечимге кандай карайсыз? Мамлекет башчысы, жалпыга бирдей декларациялоо кирешелерди ачыкка чыгаруу жөнүндөгү мыйзам менен байланыштырылып күчүнө кириши керек деп эсептейт.
- Жалпыга бирдей декларациялоону токтото туруу чечими анчалык деле жаман чечим эмес. Эмнеси болсо да азыр, МСК тарабынан декларациялоо өнөктүгүн өтө шашылыш түрдө жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы жок. Кандай гана болбосун мындай жол-жоболоштуруу жетишээрлик ири масштабдагы, анан дагы биздин өлкө үчүн жаңы өнөктүк эмеспи. Ошентсе да, бул узартылган мөөнөттү БСДны 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүүгө бардык деңгээлдерде жана аспекттерде жигердүү
даярданууга пайдаланышыбыз зарыл.
Ал эми Президенттин декларациялоонун мөөнөтүн эле эмес, кирешелерди жана мүлктү ачыкка чыгаруунун мөөнөттөрүн узартуу сунушуна келсек, мен муну эң эле жөндүү жана туура чечим деп эсептеймин. Иш жүзүндө өкмөт мына ушул эки мыйзамды бир пакетке бириктирип, алардын мөөнөтүн айкалыштырып жана өз ара көз карандуулукта карашы керек эле. Бул бирден-бир туура жол болмок. Анткени, жарандарга өздөрүнүн кирешелерин жана мүлктөрүн ачыкка чыгарууга убакыт берип, ошондон соң гана жалпыга бирдей декларациялоону киргизүү керек
эле.
Эгерде жалпыга бирдей декларациялоо ачыкка чыгаруунун жол-жобосу жок туруп күчүнө кирсе, бул кандайдыр бир баш аламандыкка алып келмек, анткени биз өзүбүздүн 100% жарандарыбызды салык мыйзамдарын бузуучуларга, дээрлик кылмышкерлерге айлантып салмакпыз. Көпчүлүк кыргызстандыктар ушул мезгилге чейин өздөрүнүн салык милдеттенмелерин так аткарбай келишкени жашыруун эмес да. Биз салыктык маданияты жаш болгон өлкөбүз, андыктан легализациянын табигый процессинен фискалдык кесепети жок өтүшүбүз зарыл. Ачыкка чыгаруу жок болгон учурда мамлекет өз милдеттерин аткарбай туруп эле, аны аткарууну жарандардан талап кыла баштаган болот.
Бирок бирдиктүү декларацияларды тапшыруунун мөөнөтүнүн узартылышы, бул 2015-жылдын 31-декабрына чейин мүлктү жана кирешелерди ачыкка чыгаруу процессинин аяктоосу зарыл экенин белгилейт. Башкача айтканда, ачыкка чыгарууну БСДны тапшыруунун белгиленген мөөнөтүнө чейин уланта берүү керек. Бирок Жогорку Кеңештин жана Президенттин Аппаратынын макулдашуу комиссиясынан 2013-жылдын июлунан декабрына чейинки мезгилди легализациялоонун мөөнөтү катары аныктоо чечими тууралуу маалымат келип түштү. Айтмакчы, көптөгөн постсоветтик өлкөлөр легализация процессинен өтүшкөн. Коңшу Казакстан аны ал түгүл эки жолу өткөргөн. Жыйынтыктары, анын ичинде бюджет үчүн да жаман болбоптур. Бирок, бул процесс так ушундай болуп өтүшү үчүн масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Менимче жакынкы 7-10 күндүн ичинде биз, жалпыга бирдей декларациялоонун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу жана аны легалдаштыруу жөнүндө бул эки мыйзамдын күчүнө кирген, кирбегендигин билебиз.
- Сиз БСДга карата даярданууну улантуу зарыл деп айттыңыз... Кантип?
- БСДны өткөрүүгө даярдык боюнча бар-
дык иш-чараларды жигердүүлүк менен уланта берүү зарыл. Анткени, жалпыга бирдей декларациялоо - бул бир гана салык кызматынын "баш оорусу" эмес. Ал жалпы улуттук максаттарды көздөгөндөн кийин, жалпы улуттук милдет да болуп саналат. Жалпыга бирдей декларация-
лоо­ну өткөрүүнүн концепциясынын өзүн, анын экономикалык, жайылтуу жагын Кыргызстандын өкмөтү өзүнүн туруктуу көзөмөлүнө алууга тийиш. Үч жыл аныгын алганда анчалык деле көп убакыт эмес.
Даярданууга биз канчалык көп күч жумшабайлык, алгачкы жылдары катачылыктар дагы, так эместиктер дагы, жөн эле маани бербегендиктер дагы болушу шексиз. Бул эми, табигый нерсе. Транспортко карата салык
боюнча маалыматтык эсеп-кысаптарды кандай тапшырганыбызды эстеп көрөлүчү, биринчи жылдары ажиотаж болбоду беле, азыр болсо баары өз калыбына келип калды окшойт. Бирок, БСДны тапшыруу учурундагы бар-
дык терс көрүнүштөрдү бул "чапаевдик" тажырыйбанын негизинде тууралоо үчүн көп аракет жумшоо керек.
Биринчи эки жылда биз жалпыга бирдей декларациялоо өзүнүн иш жүзүндөгү, мисалы, кайсы бир жарандар тарабынан мыйзамга каршы кирешелерди алуу фактыларын аныктоо түрүндөгү жыйынтыгын берет деп эсептебейбиз. Бул аралыктын ичинде, өлкөбүздүн ар бир жараны анын жол-жоболорун түшүнүүсү, андан аң-сезимдүүлүк менен өтүүгө
даярдыгы, өлкөнүн өнүгүшү үчүн, анын экономикалык жыргалчылыгы үчүн бирдиктүү декларациялоонун канчалык маанилүү экенин аңдоосу эң маанилүү болуп эсептелет. Мына ушундай үгүт жана маалыматтык жумуш үч жыл ичинде максатка ылайыктуу жана туруктуу жүргүзүлүшү
зарыл.
БСДны тапшыруу ишине катышышкан салык кызматынын кызматкерлери, волонтерлор жана башкалардын баары өздөрүн сылык-сыпаа жана кесипкөйлүк деңгээлде алып жүрүүлөрү маа­нилүү жагдай. Бул эң башкысы! Салык органдары менен алгачкы жолу жолугушуп жаткан адамдарда жол-жобонун өзүнөн бөлүнүп калуу учуру болбошу керек. Бул үчүн салык органдарынын кызматкерлери өздөрүн жогоруда белгилегендей алып жүрүүлөрү - чыдамдуу, ак пейил жана компетенттүү болуулары зарыл. Иштин башталышында салык органдарынын кызмат адамдарынын өздөрүн декларацияны толтурууга, ошондой эле стандарттык эмес учурлар боюнча төлөөчүлөргө туура, бирдей үлгүдөгү кеп-кеңештерди берүүнүн жол-жоболоруна тыкыр үйрөтүү кажет. Ал эми мындай учурлар көп болот, турмуштун чыныгы шарттары орточолонгон схемадан катуу айырмаланат эмеспи. Буга - убакыт жана дагы бир жолу убакыт, күч-аракет жана каражаттар керек.
- Келиңиз анда, иш башында өз салымыбызды кошолу. Бирдиктүү салык дек­ларациясы деген эмне жана анын бизге кандай кереги бар? Ушулар туурасында биздин окурмандарга айтып берсеңиз?
- Жакшы болот. Өлкөбүздө бир топ эле ири көлөмдөгү көлөкө жана мыйзамсыз кирешелерди алышкан ишкерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин белгилүү бир бөлүгү бар экендиги тууралуу көпчүлүк жакшы кабардар экендигине карабастан, эмне үчүн мамлекет андай адамдардын бетин ачпагандыгы жана аларга карата чара көрбөгөндүгү жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле? Ансыз деле бул багытта депутаттар, коомчулук жана жарандар тарабынан күнөө коюулар такай айтылып келет. "Декларациялоонун колдонуудагы системасы эмне үчүн иштебей жатат?" деген суроо­-
ну берип көрдүңүз беле? Системанын максаты - укукка каршы келген кирешелерди, же салык төлөнбөгөн кирешелерди аныктоодо турат. Анда эмесе эмне үчүн бул жасалбайт жана четтен карагандарда муну жасоо кимдир бирөөлөр үчүн пайдалуу эмес жана декларациялоо шарттуу түрдө гана киргизилген болуу керек деген ой пайда болот? Бул мындай деле эмес. Эмне үчүн экендигин түшүнүп көрөлү. Маселен, тигил же бул чиновниктин декларациясын алып жатып, мамлекеттик кызматкердин айлыгына сатып алууга мүмкүн болбогон ири суммадагы активдерди көрсөк дагы, биз ага эч кандай доомат коё албайбыз. Жолу жок. Текшерүүгө мүмкүн болбогон мындай активдердин пайда болуусун түшүндүргөн бир катар жөнөкөй жол-жосундары бар. Биринчиси - чиновниктер жана ишкерлер, баарыбыз жакшы билгендей, өздөрүнүн бардык байлыктарын жана кирешелерин көп сандаган туугандарынын аттарына жаздырып коюуну жакшы көрүшөт. Же бул белек, болбосо зайымдык каражаттарга сатып алынган деп айтышат. Анан иш жүзүндө ушундай жооп алуу менен маселеге чекит коюлат. Декларациянын мазмунун талдоого алган адам мындай түшүндүрүүнүн чындыкка төп келбесин жакшы түшүнүп турса дагы, колунан эч нерсе келбейт, анткени өзүнүкүн далилдей албайт. Ал эми декларация­-
лоо жалпыга бирдей мүнөзгө ээ болгон учурда, ал салык кызматына Декларация тапшыруучунун активи бар экендигин аныктоого гана эмес, аны сатып алуунун мыйзамдуулугун талдоого, айтылган түшүндүрүүлөрүнүн чындыгын текшерүүгө мүмкүндүк берген аспапка
айланат.









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_14.htm on line 47