Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 2

Жол тагдыр
Жол - адамзаттын жашоосу, өмүрү, тагдыры
Сыргаболот Калчороевич Кожобергеновдун кесиби автоунаа жолдору боюнча инженер-куруучу. Борборубуздагы политехникалык институтун 1986-жылы аяктаган. Андан бери сүйгөн кесибинин тизгинин бек кармап, жооптуу кызматтарды аркалап келе жатат. Атап айтканда Токтогул районунда, Кара-Көл шаарында ДЭУнун башкы инженери, "Эврика" кооперативинин башчысы, Токтогул районунда ДРП-4, ДЭП-23 ишканаларынын жетекчиси болуп бир нече жылдар иштеп келген. 2005-жылдан Бишкек - Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын тоннелдик кызматынын жетекчиси, 2007-жылдан Бишкек-Ош жолунун ГДАДдын башкы директорунун орун басары, эки жылдан кийин башкы директорлук кызматты аркалады. 2011-жылдан бери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы оор салмактагы транспорт каражаттарын көзөмөлдөө жана тоннелдер кызмат башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенүүдө. 2012-жылы транспорт тармагында докторлук ишти жактап, Эл аралык транспорт академиясынын академиги наамы ыйгарылды. Авторлоштору менен бирдикте "Кыргыз-стандын тоо жолдору" аттуу окуу-усулдук китептин автору болду. Буга чейин жарала элек бул китеп жол курулушу тар-магында эмгектенгендер үчүн жана жогорку окуу жайлардын студенттери, аспиранттар, докторлор үчүн адистигин өстүрүүгө көмөк берүүчү табылгыс эмгек катары айтууга арзыйт. Жаз майрамынын алдында Сыргаболот Калчороевич менен маектешкенибизде бул ажайып тирүүлүктөгү жашоонун күрөө тамыры болгон жол тармагындагы өздөрүнүн иш-чараларынын кандайча жүрүп жаткандыгын төмөнкүдөй айтып берди.


- Менин тагдырым жол менен байланышып калганына кубанычтамын. Анткени жол деген тирүүлүккө кызмат кылуучу чоң касиеттердин бири. Бул кесипти мен баарынан артык көргөнүмдү жашыра албайм. Илгертеден бери ата-бабалар накыл сөзүндө "Жол ыйык, жол түгөнсө - жашоо түгөнгөнү" деп бекеринен айтышпаса керек. Адам
туулуп, жерге алгачкы кадамы тийген күндөн баштап бүткүл өмүрүндө жол басып келет. Ансыз жашоо жок, бул чоң философия. Мен өзүмдү бул кесипсиз элестете албасам керек.
Эми ишибиздеги олуттуу жактардан айтууга туура келет. Азыркы учурда мамлекетибизди башка мамлекеттер менен байланыштырып турган транспорттук коридорлор эл аралык донорлордун жардамы менен жаңыдан өз калыбына келүүдө. Бишкек - Ош, Ош - Эркештам, Ош - Сары-Таш - Комсолабад, Ош - Сары-Таш - Карамык, Ош - Баткен - Исфана, Бишкек - Нарын - Торугарт, Талас - Суусамыр - Тараз, Таш-Көмүр - Ала-Бука жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдору жашоосун жаңыдан баштоодо.
Жогоруда аталган автомобиль жолдору, өзүнүн ремонттук мезгилине чейин же болбосо андан да узагыраак мезгилге кызмат кылышын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Респуб­ликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында 2011-жылдын 14-апрелинде №95-буйругу чыккан. Анда КР жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана автомобиль жолдорунда жайгашкан курулмаларды алдын ала бузулуудан, ири габариттүү транспорт каражаттарын тараза аркылуу өткөрүп жана салмагы ашыкча болбой тургандыгын аныктап көзөмөл жүргүзүү максаты көздөлүп, оор салмактагы, ири габариттүү транспорт каражаттарын тараза аркылуу өтүшүн көзөмөлдөө жана тоннелдер боюнча кызмат башкармалыгы (жобо боюнча кыскача СГК жана ТКБ) максатында уюшулган. Башкармалыктын милдети оор жүк тартуучу автотранспорттордун өз өлчөмүндө жүк тартуусуна көзөмөл жүргүзүү жана өлкөбүздүн жол тармагын оңдоп-түздөөгө кетирген чыгымын азайтуу менен экономикага орчундуу салымын кошуу болуп эсептелет.
2011-жылы 8-августта Кыргыз өкмөтүнүн №454 "Кыргыз Респуб­ликасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынып, 2012-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип иштей баштаган. Башкармалык ушул токтомдун негизинде иш алып барат.
Жогоруда аталган токтом кабыл алынып жана СГК жана ТКБ уюшулуп, өз ишин алып барганга чейин республика боюнча 2-СГКПры иштеп келген: алар Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 340- чакырымында жайгашкан "Кербен" убактылуу сактоочу жайында "Торугарт" СГКПсы жана Ош - Сары-Таш - Эркештам автожолунун 257-чакырымында жайгашкан "Эркештам" СГКПсы. Белгилей кетчү жагдай, аталган СГКПлар толук кандуу өз милдеттерин аткара алган эмес.
Башкармалык уюшулганына туура эки жылга чукул убакыт болду, ушул убакыт ичинде көптөгөн маселелерди чечүүдө чоң аракеттер көрүлдү.
№454-токтомдо бекитилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна 17 салмак габарит контролдоо пункттары каралган (СГКП).
Алардын ичинен республиканын чек араларында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна 10-СГКП жана республиканын ички пайдалануудагы автомобиль жолдоруна 7-СГКП каралган.
Башкармалык уюшулгандан тарта №9 "Торугарт" СГКПда жаңы иштөө имараты курулуп, жаңы автомобиль таразасы орнотулуп жана видео-көзөмөлдөө системалары коюлду. Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 400-чакырымында жайгаштырылып, өз ишин толук кандуу алып барууда.
Ушундай эле иш-чара №15 "Эркештам" СГКПда уюшулуп, жаңы иштөө имараты курулуп, тараза тетиктери жаңыртылып жана видео-көзөмөлдөө системалары ор­-
нотулуп, иш өз нугунда жү-рүүдө.
Башкармалык уюшулгандан кийин өз күчүбүз менен төмөнкү СГКПларды куруп ишке киргиздик, алар: "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдовар", "Кызыл көпүрө", "Сосновка", "Сары-Таш", "Кара-Көл", "Дыйкан", "Фрунзенское" жана "Каратай". Жогоруда аталган СГКПлар бардык керектүү техникалык каражаттар жана материалдар менен жабдылган.
2011-жылдын 4-июлунан тарта №1 "Ак-Жол" СГКПда, №13 "Ак-Тилек" СГКПда, 2011-жылдын 8-августунан тарта №2 "Чалдовар" СГКПда, 2011-жылдын 5-сентябрынан тарта №5 "Сары-Таш" СГКПда автомобиль таразалары калыбына келтирилип, жаңы иштөө имараты курулуп, иш ыргагы талаптагыдай жүрүп жатат.
2012-жылдын 12-мартынан тарта №8 "Кызыл-Көпүрө" СГКПда жергиликтүү башкаруу бийлигинен жер тилкеси бөлүп берүү иштери аяктаган соң, убактылуу иштөө имараты (вагон үй) орнотулуп, учурда талапка ылайык иштер жүргүзүлүүдө.
Ушул эле жылдын март айынын экинчи жарымынан тарта №3 "Сосновка" СГКПда апрель окуясынан кийин уурдалып жана тонолуп кеткен техникалык каражаттар, буюмдар кайрадан калыбына келтирилип, видео-көзөмөл системасы орнотулуп, жаңы автомобилдик таразалар коюлду.
Ал эми 13-апрелинен баштап №4 "Кара-Көл" СГКПда апрель окуясынан кийин уурдалып жана тонолуп кеткен техникалык каражаттар, буюмдар кайрадан калыбына келтирилип, видео-көзөмөл системасы орнотулуп, жаны автомобилдик таразалар коюлуп, бүгүнкү күндө иш ыргагы талапка ылайык жүргүзүлүп жатат.
Өткөн жылдын 1-октябрынан тартып №12 "Дыйкан" СГКПда жергиликтүү башкаруу бийлигинен жер тилкесин бөлүп берүү иштери аяктап, көчүрүлмө үй-вагон орнотулуп, пайдаланууга берилди.
25-декабрдан тарта №11 "Фрунзенское" СГКПда жергиликтүү башкаруу бийлигинен жер тилкесин бөлүп берүү иштери аяктаган, натыйжада көчүрүлмө үй-контейнер орнотулуп, иштеп жатат.
Өткөн 2012-жылдын аягында №14 "Каратай" СГКПда жергиликтүү башкаруу бийлигинен жер тилкеси бөлүп берүү иштери аяктагандан кийин, көчүрүлмө үй-контейнер орнотулуп, шартка ылайык жагдайлар түзүлдү.
Азыркы учурда жогоруда аталган токтомдо бекитилген 5-СГКПны курууга керектүү жер тилкелеринин бөлүнүшү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары мезгилдин талабына ылайык жаңы технологияларды СГКПларга киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында насыя (лизинг) түрүндө 2-СГКПны сынамык долбоор иретинде Словакия мамлекетинин "Бетамонт" компаниясы тарабынан курулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечүүчү мезгил жетип калды. Аталган сынамык долбоорду ишке ашырууда курулуш иштерин "Бетамонт" компаниясынын кызматкерлери жасашат.
Ушул жылдын март айында Австрия мамлекетинин жетекчилеринин биздин мамлекетке болгон расмий иш-сапарынын учурунда, биздин өлкөдөгү СГКПга оор жүк тартуучу автоунааларды таразага тартуу ыкмаларына жаңы технологияларды киргизүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Австриянын "Капш ТраффикКом АГ" компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду
Бул жаңы технологиялардын өзгөчөлүгү, оор жүк тартуучу автоунаалардын салмактык жана габариттик ченемдерин өлчөөдө бардык ченемдеринин маалыматын так жана ыкчам түрдө алуу болуп саналат. Себеби, жаңы курулуучу автоматташтырылган электрондук таразалардын жардамы менен СГКПна жакындап калган оор жүк тартуучу автоунаанын бардык салмактык жана габариттик ченемдери автоматтык түрдө башкы компьютерге түшүп жана автоунаанын кайсы ченемдери ашыкча экендигин аныктап чыгат.
Жакында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тапшырмасы менен "Сосновка" жана "Фрунзенское" СГКПсына интернет-онлайн шартына жооп берген видео-көзөмөл системасы киргизилип, натыйжалуу иштеп жатат. Бул системанын өзгөчөлүгү, СГКПларда жүрүп жаткан иш-чараларды реалдуу убакытта көрүп жана мыйзам бузууларды тез аранын ичинде аныктоого мүмкүнчүлүк берүүсүндө. Бардык аталган иш-чараларды уюштурууда акча каражаты маселеси көптөгөн кыйынчылыктарды жараткан.
Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 2012-жылдын 14-мартында №13 токтому кабыл алынган соң, жогоруда аталган токтомдун негизинде ушул эле жылдын 2-майында №274 "Транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде 250 сомдон жыйым бекитилген.
Чогулган жыйымдар мамлекеттик казынага түшүп, ушул түшкөн акча каражаттарынын эсебинен, мыйзамдуу бекитилген сметанын негизинде, автоунаа таразаларын сатып алып жана жерлеринде иштөөгө ылайыктуу болгон имараттарды куруу менен №454-токтомдо бекитилген СГКПларды куруп, башкармалыкта иштеген бардык кызматкерлерге эмгек акыларын берип келе жатабыз. Кызматкерлердин алган эмгек акыларынан мыйзамга ылайык мамлекеттик төлөмдөр кармалып, казынага кетип жатат (салык,соц.фонд ж.б.).
Биздин башкы милдетибиз - автоунаалардын жалпы жана октук салмагын тараза аркылуу аныктоо жолу менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорубузду жана алардагы курулмаларды алдын-ала бузулуудан сактап калуу жана автомобиль жолдорунун колдонуу - убактысын узартуу. Автомобиль жолдорун көздүн карегиндей сактоо - мамлекетибиздин ар бир жаранынын милдети жана парзы. Анткени жол - биздин жашообуз, жол адамзаттын өмүрүн, тагдырын ташып турат.
Нооруз майрамынын шаңында бардык замандаш, мекендештерди жаз майрамы менен куттуктайм. Бул майрам ынтымактын, жаңыруунун майрамы, ылайым элибизге ынтымак-ырашкерликтин жолунда жүрөлү, жакшылыктын жолдору түгөнбөсүн деген тилекти айтмакчымын.
Сыргаболот КОЖОБЕРГЕНОВ, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы оор салмактагы транспорт каражаттарын көзөмөлдөө жана тоннелдер кызмат башкармалыгынын жетекчиси, Эл аралык транспорт академиясынын академиги, транспорт боюнча илимдин доктору






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_13.htm on line 54