Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 2

Каракол шаарынын мэри Ишенбек ӨМҮРКАНОВ:
"Кирешени көтөрүүнү көздөп жатабыз"
Акыркы төрт жылда Каракол шаарынын мэри туруктуу иштебей, бул облустун борборунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизгени жашыруун эмес эле. Кийин шайланган шаар кеңешинин депутаттарынын бирдиктүү чечими менен Өмүрканов Ишенбек Иман-
газиевич 2012-жылдын май айында Каракол шаарынын
мэри болуп шайланган. "Кыргыз Туусу" гезити буга чейин
райондордун акимдерин, шаарлардын мэрлерин жалпы
окурмандарга тааныштырып, алардын алдыдагы ой-
максаттары, иш-пландары менен кабардар кылып
келген. Демек, бүгүн да ошол салтыбыздан жазбай
жаңы мэрдин өмүр таржымалына назарыңыздарды
бурсак. Ишенбек Өмүрканов 1969-жылы 22-сентябрда
туулган, Кыргыз курулуш-архитектура институтун
бүтүргөн. "Төштүк", "Мойт-Аке" жоопкерчилиги
чектелген коомдорунда директор болуп иштеген.
Каракол шаар кеңешинин эки жолку чакырылышынын
депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланы
тарбиялап жатышат.


Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Каражат
бардыгын чечет

Жакында шаар мэриясынын калаанын бардык кызматтарынын, ири мекеме-ишканаларынын, шаар кеңешинин депутаттарынын катышуусунда жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өтүп, быйыл аткарылуучу иш-чаралар да белгиленди. Бул жыйында шаардын ишканалары тарабынан өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү жалпысынан бир миллиард сомдон ашып, 2011-жылга салыштырмалуу 91,7 млн. сомго ашык аткарылып, өсүү ыргагы 109 пайыздан ашканы айтылды. Жергиликтүү бюджетке салык төлөмдөрүн топтоонун планы 11 млн. сомдон ашып, жалпысынан 137 млн. сомдон жогору каражат топтолгон. Бул белгиленген план-тапшырма 125 пайызга аткарылганын билдирет. Шаар мэри Ишенбек Өмүрканов: "Каракол шаары түптөлгөнү 2013-жылдын 1-январына эркин калдыктын көлөмү 21,6 млн. сом түзгөн учур эч качан катталган эмес. Ошондой эле республикалык, жергиликтүү салыктын чогулушу 2011-жылга салыштырмалуу 50 млн. сомго көптүк кылат", - дейт.

Жаңы муунга
камкордук көрүлүүдө

Чындыгында эле быйыл Каракол шаарында билим берүү тармагында маңдай жарылган жагымдуу окуялардын ишке ашышы күмөн туудурбай калды. Көп жылдардан бери ишке ашпай каражаттан аксаган бир нече долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча кескин аракеттер көрүлүүдө. Алсак, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратынын базасында 450 орунга ылайыкталган бала бакча ачуу маселеси чечилип, аны жабдуу, оңдоо аракеттери жакын арада башталат. "Кашка-Суу", "Восход" кичи райондорундагы бала бакчалардын базасында кошумча тайпаларды ачуу үчүн оңдоо жумуштары аягына чыгууда. Ал эми "Восход" кичи районундагы жаңы мектептин курулушу быйыл аяктаса коңшу мектептердеги балдардын саны азайып, бир нөөмөттө сапаттуу билим берүүгө шарт түзүлмөкчү. Көп жылдардан бери оңдуу көңүл бурулбай кунары кеткен №4 мектеп-гимназиясын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 9,5 млн. сом бөлүнүп, курулуш иштери аяктоо алдында турат. Пристань - Пржевальск шаарчасындагы "Водник" клубун оңдоого аталган фонд 1,5 млн. сом бөлүп берип, капиталдык оңдоодон толук өттү. Эми бул маданий очокто шаар­-
чанын бардык тургундары үчүн маданий-спорт комплекси кызмат кылмакчы. Караколдо маданият тармагына да олуттуу көңүл бурула баштаганына төмөндөгү мисалдардан улам ынанабыз. Алгач Тагай-бий эс алуу паркынын долбоору иштелип чыгып, мында реконструкциялоо жумуштары өтөөсүнө чыкты. Парктын түндүк тарабында жайгашкан Токтогул көчөсү асфальтталып, автоунаа токтоочу дагы бир катар кошулду. Пушкин атындагы паркты 5 жылдык мөөнөт менен ишенимдүү башкарууга берүү оң натыйжа берет. Ижарачы жеке инвестор беш жыл аралыгында 8 млн. сомдон ашык каражат жумшап, бардык атракциондорду жаңыртат, көрктөндүрүү жашылдандыруу жумуштарын жүргүзөт, толук кандуу эс алуу жайын уюштурат. АРИС долбоору аркылуу утуп алган 1,9 млн. сом грантка Пристань-Пржевальск шаарчасына, Караколдун стадионунун батыш тарабына келишкен заманбап балдар ойноочу аянтчаларды куруу боюнча долбоор жүзөгө ашырыла баштады.
"Кумтөр" соода үйүнүн айланасын реконструкциялоо боюнча анын жетекчилиги менен сүйлөшүү оң натыйжа берет деген үмүт бар.

Жол, суу маселелери да чечилүүдө

Өткөн 2012-жылы Каракол мэриясы жалпы шаар боюнча көчөлөрдү асфальттоого, шагыл төшөп, грейдерлөөгө жана аң-чөнөктөрүн оңдоого жергиликтүү бюджеттен 21,6 млн. сом бөлүп берген. Ал эми жаңы долбоорлордун негизинде светофор орнотуучу мамы, жол белгилери, санариптик светофорлор Токтогул-Абдрахманов, Токтогул-Жусаев, Токтогул-Жамансариев кө­чөлөрүнө орнотулган.
Көп жылдардан бери этап боюнча жүзөгө ашырылып жаткан "Таза суу" долбоорунун алкагында негизги суу түтүктөрү алмашылды. Суу басымын туруктуу кармоо максатында шаар 4 аймакка бөлүнүп, үзгүлтүксүз берүү колго алынды. Ар бир 4 миң куб суу сактоочу резервуарлар капиталдык реконструкциялоодон өткөрүлүп, үйлөргө суу эсептегичтер орнотула баштады. Азыркы учурда кошумча 1 млн. швейцариялык грант бөлүнүп, суу тармагына жумшалууда. Бул программанын 2-алкагында 500 млн. сом гранттык акча каражатына жасалуучу иш-чараларды макулдашуу аракеттери көрүлүүдө. Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен тыгыз иштешүүнүн натыйжасында "Тазалык" ишканасына заманбап бухгалтердик эсептөө ыкмасы киргизилди. Шаардын тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча натыйжалуу аракеттер эмитен көрүлө баштаганын белгилей кетели. Электр энергисы менен үзгүлтүксүз калкты камсыз кылуу максатында "Чыгышэлектро" коому аркылуу 10 трансформатордук станциялар көйгөйлүү деп эсептелген аймактарга орнотулган.

Жаңы бала бакчалар ачылат

Биз макаланын башында белгилегендей, мэриянын коллегиясынын жыйынында быйыл аткарылчу иш-чаралар аныкталып, ага жооптуу адамдар чектелген. Алардын эң орчундуусу биздин оюбузча шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн жыйырма беш пайызга көтөрүү калаанын көйгөйлүү маселелерин четтетүүгө өбөлгө түзмөкчү. Шаардын борбордук стадиондун макамына, мүмкүнчүлүгүнө жараша уставдык, түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да көтөрүлүүдө. №4, №14 орто мектептердин базасында, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Гебзе №35 дарегинде жайгашкан имаратка балдар бакчасын, дагы бир бала бакча ачуу үчүн имарат издөө же жаңы курулушун баштоо сыяктуу иш-чаралар да көп каражат, талбаган аракет талап кылат. Борбордук скверди реконструкциялоо үчүн долбоор иштеп чыгуу маселеси бышып жетилди.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду
кар­жылоону пландаштырылган
Н.Айтматова көчөсүн толук оңдоого 14,6 млн. сом сарпталат. Ушундай эле суммага Коёнкөзов көчөсү оңдолмокчу. Быйыл шаардын жергиликтүү бюджетинен көчөлөрдү оңдоого 39,6 млн. сом бөлүнөөрү каралган. Азия Өнүктүрүү банкы каржылаган башкы суу тазалоочу станциянын аймагына алдын ала суу тундуруучу жайды курууга аракеттер башталды. Бул долбоордун наркы 60 млн. сомду түзөт. Шаардагы 4 насос­тук станцияларды, айрым аймактардагы эскилиги жеткен суу түтүктөрүн, ыплас сууларды тазалоочу станцияларды оңдоо да күн тартибинен алынган жок.

Көрнөктөр
жаңыртылат

Биз жогоруда сөз кылган Азия өнүктүрүү банкы аркылуу берилүүчү гранттарга апрель айында келүүчү 19,5 куб. сыйымдуулуктагы таштанды ташуучу, бөлөк атайын техникалардын келишин тездетүү
боюнча аракеттер көрүлөт. Ушул долбоордун алкагында таштанды төгүүчү жайды, дамбаны реконструкциялоо жумуштары быйыл жүзөгө ашырылмакчы. Ал эми таштанды салуучу контейнерлерди жаңыртуу, тегерегин тосуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошумча жарым миллион сом каралууда. Эгерде бул долбоор ишке ашса шаардын бардык таштанды салуучу жайларында, көчөлөрдө тазалык орнойт.
Шаарда бардык кожолуктардын, анын ичинде жаңы конуштагылардын так саны аныкталды. Эми ар бир көчөгө, үйгө көчөнүн аты, үй номерлери илинмекчи. Мындай жаңылык республикада сейрек учуроочу көрүнүш. Бул саамалык жүзөгө ашса келген меймандарга, туристтерге, шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүлөт, баш аламандык, түшүнбөстүк азаят. Адистердин эсептөөлөрүнө караганда бул иш чарага 1,5 млн. сом сарпталат жана бул маселе шаар кеңешинин сессиясына коюлмакчы.
Быйыл шаардагы бардык ирригациялык арыктарды инвентаризациядан өткөрүп, жалпы абалы тууралуу маалыматтар топтоло баштады. Бул маанилүү маселе көңүл четинде калбай, шаар бийлиги тургундарды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу аракетин көрмөкчү. Бул иш-чара шаарды жашылдандырууга да ыңгайлуу шарт түзмөк-
чү.
Жогорудагы маалыматтардан улам Каракол мэриясы кыска убакытта мурда топтолгон көйгөйлөрдү четтетип, айрымдарына долбоорлор аркылуу инвестицияларды тартып келүүгө аракет көрүп жатканына ынанбай коё албайсың. Биздин оюбузча бул саамалыктар шаар тургундарынын колдоосуна ээ болот деген ишенимдебиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_12.htm on line 74