Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_11.htm on line 2


п»ї

"Коммунизмдин мектеби"
Кыргызстанга
качан орнойт?

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
"Кыргыз Туусу"
Арт жакка
бир аз кылчайсак
Кесип бирликтердин (КБ) пайда болушу узак мезгилди камтыбайт. Бирок XVIII кылымдын аягында көз жарган уюм аз эле убакытта мүдөөлөш эмгекчилердин башын коштурган эң чоң жамааттык бирлик катары таанылган.

Жумушчуларды жана эмгекчилерди эзүүчүлүк кыз­маттарынан арылтуу, алардын эмгегин коргоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн КБ талыбаган аракеттерди жасап, акыры бара-бара өз алдыларынча күч биримдигине айланып, иш таштоолордон башталган башат акыры ири күрөштөр (мисалы, Лион көтөрүлүшү 1831-жыл) менен жыйынтыкталып турган.
Чындыгында ыраматылык СССР өлкөсүндө КБ уюмдары кандайдыр бир деңгээлде коммунизм доо­рун сүргөн эле. Анда КБларга "СССР профсоюздары расасына, улутуна, жынысына, диний ишенимине карабастан бардык кесиптеги жумушчу-дыйкан жана кызматчылардын өз ыктыярлары менен бириккен, партиядан тышкары, коомдук уюмдары" деген аныктама берилген. Андагы ажыдаар Компар-
тиянын кыңк дебес социалдык өз баласы болгондугуна карабастан СССР КБлары опсуз каражаттарга эгедерленген. Маселен, 1978-жылы СССР КБларга 22 миңден ашык маданият үйлөрү, клубдар таандык болгон. Алардын 34 спорт коомуна 35 миллион адам мүчө болушкан. Жалпы союз боюнча ошол жылы 121 мил-лион адам КБ мүчөлүккө тартылган (КСЭ, 5-том, 425-бет).
Биз эмне үчүн сандарды саймедиреп жатабыз. Анткени, тилекке каршы, миллиондогон адамдардын, анын ичинде, албетте, эзилип иштеген айыл чарбасындагы, андан кийин шарты бир аз жакшыраак болгон шаарлардагы жумушчулардын анык мүдөөсүн, чыныгы эмгегин "союздук кесип бирлик уюму" эч качан адилет коргогон эмес. Тескерисинче адамдардын мүчөлүк акылары КБларды эң бай жана кирешелүү уюмга айландырган.

Учурдагы бешене
Өмүрүнүн 30 жылдык ишмердүүлүгүн кесип бирликтерге арнаган Өмүрзак Мүсүралиев учурда айыл чарба кызматкерлеринин Нарын облустук тармактык кеңешин жетектейт. Анын айтымында облуста өзү жетектеген тармактын 3 миңдей мүчөсү бар.

- Биздин карамакта Нарын районундагы Алыш пионер лагеринин гана имараты калды. Ал болсо кулап калуу абалына жетти. Азыр ошол имараттарды кантип оңдоп-түзөп сактап калабыз деп түйшөлүп жатабыз,-дейт Ө.Мүсүралиев мырза. Көрсө, каражат таптакыр эле тартыш экен. Себептери бир нече. Маселен, 3 миңдей жаран мүчө болгон менен бардыгы эле мүчөлүк акыны төлөй бербейт. Экинчиси, төлөнгөн акынын 65 пайызы баштапкы уюмдарда калат. Калган 35 пайыз райондук алкакка келип, ал акча дагы үчкө бөлүнөт. Же болбосо район ошол 35 пайыз акчанын 17 пайызын республикалык борбордук комитетке, 5 гана пайызын облустук кеңешке жөнөтүп, калганын капчыгына салат.
- Бул акчага кандай жумуш кыла алмакпыз, - дейт маектешибиз Ө.Мүсүралиев. Айтмакчы Нарын облусундагы өз ысымын айтуудан айбыккан билим берүү жана илим кызматкерлеринин бир райондук КБ уюмунун төрагасы 18 миң сом айлык маяна алаарын билдирди. Демек, калк арасында КБларга нааразычылыктын бир өңүттөн чыккандыгы бекеринен эмес экен. Ал эми калк арасында КБлардын зарылдыгын билгендерге караганда, маани бербегендер арбын экендиги талашсыз. Натыйжада жүздөгөн, миңдеген жарандар кокту-колоттордо манчыркаган байлардын анык эч нерсеге укуксуз малайларына айланышса, дагы миңдеген адамдар ишкана ээлерине аргасыз
моюн сунган кулдары катары кызмат кылышууда. Эчендегендер бирөөлөрдүн курулуштарын курган эң арзан жумушчу күчтөрүнө айланышкан. Өлбөстүн күнү үчүн эптеп эле кара курсактын айынан бирөөнүн жумушун күнү-түнү аткаргандар канча?
- Бизге мүчө болбогон адамдардын эмгегин чынында коргой албайбыз. Жайы-кышы бир байдын малын кайтарган адам, мисалы, менин эмгегим текке кетип жатат деп кайрылбайт. Ал тескерисинче жыргап эле жашап жатам деп айтышы мүмкүн, - деген жүйөөсүн айтат Өмүрзак
мырза.
Нарын шаарынын тургуну, укук коргоочу кызматкер Кусейин Өскөнбаев КБларды жетекчилер жана өздөрү үчүн гана кызмат кылган уюм деп санайт.
- Союз убагында деле профсоюздардын күчүн чоңдор, демек, жетекчилер, ыгын тапкандар, анан өздөрү эле көрчү. Азыр деле профсоюз ошол бойдон калды. Путевканы ким алат, жетекчи же профком өзү, анан айрым кызматкерлер алышат. А канча адам мүчө болушуп, эмгегинин 1 пайызын төлөшүүдө. Акчанын эсеп-кысабын берген бир да проф­-
ком жок. Анткени акчанын кириш-чыгышы гезиттерге ачык жазылбайт. Профсоюздар имараттарды элдин эсебинен салып алышкан. Азыркы күндө ар бир бөлмөсүн ижарага беришип, канчалаган акча топтоп жатышат. Элдин эмгектерин болсо коргогондору белгисиз,-деген пикирин айтат К.Өскөнбаев мырза.
Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинин төрагасы Аманатбек Молдалиев жагдайды башка өңүттөн сыпаттайт.
- Азыркы учурда биздин облуста 8 тармактык бирикме, 321 баштапкы уюм бар. Жалпы профсоюз мүчөлөрү 24620 адам. Албетте, профсоюздун мүчөлөрүнүн саны төмөндөдү. Бирок азыркы абалды союз менен салыштырбаш керек. Анда чынында милдеттүү мүчөлүккө өткөрүү болсо, азыр ыктыярдуу. Ал эми профсоюз качан өсөт, качан экономика өскөндө. Баары экономикага жараша болот. Мисалы, мен Нарын облусунда канча жалданма жумушчу же дыйкан бар экендигин айта албаймын. Аны мамлекеттик кызматтар такташы керек. Ошолор жоопкер. Бирок профсоюздар жөн эле басып жүрүшөт дегендерди, алар биздин ишти билбегендер деп айтмакчы-
мын.
Нарын шаарынын тургуну, жергиликтүү мамлекеттик кызматкер Марат Рустемов мындай пикирлерге негизинен кошулат жана кесип бирлик уюмунун дагы деле алсыздыгын белгилейт.
- Чындыгында быйылкы жылы профсоюздар абдан чоң иш жасашты. Алардын күч аракети менен КЗОТ өзгөртүлбөй калды. Бул иш-аракетти кубаттоо гана керек. Бирок ошондой болсо дагы профсоюздар ири долбоорлордо өздөрүнүн функцияларын аткара албай жатат. Мисалы, бардык мамлекеттерде сырттан инвестиция келгенде эл аралык ченемдерге ылайык ошол мамлекеттин жарандары негизги жумушчу күч болуп саналышат. Ал эми айталы, Бишкек - Нарын - Торугарт жолун салуу­да эмне үчүн кыргызстандыктар иштебейт? Байкасак жумушчулардын баарысы тең кытайлыктар. Же биздин жумушчулар машина айдай албайбы, тракторист боло албайбы? Ушундай долбоорлорго профсоюздар кызыктар болсо, канчалаган жергиликтүү калк­тын жумушчуларынын эмгектери корголот эле, - дейт М.Рустемов мырза.
Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун төрайымы Мэри Беке-
шова ар бир эмгек жамаатта сөзсүз көз ка-
рандысыз КБ
уюмунун болушу шарт деп эсептейт.
- Мисалы, бир редакция­да кесиптик уюм бар дейли. Бирок, алар балким журналисттердин эмгектик укуктарына, билим жана кесиптик деңгээлдерин жогорулатууга кызыкчылыктары болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан биз республика боюнча өзүнчө ЖМК кызматкерлердин кесиптик уюумунун негиздеп жатабыз. Быйылкы эле жылы уюшулган февраль айынан бери биз бир маалымат агенттиктин кызматкерлеринин 2 айлык маяналарын жана калем акыларын төлөтүп берүүгө жетиштик,-деп кеп кылат М.Бекешова айым. Анын баамында атаандаштык өңүттө КБлар болгондугу, жарандардын мүдөөсүн, алардын эмгектик мамилелерин жөнгө салууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Маленков берген
байталды,
Хрущев келип
кайта алды"
1953-жылы кайран Стаке (Сталин) каза болгондон кийин СССРге убактылуу бийликке келген Г.Маленковдон соң эл арасында ушундай учкул жамак уйкаш сөз пайда болгон экен. Көрсө, жаңы бийлик учурунда калк катмарына кошумча жеке мал күтүүгө кадам ташталып, айылдарда жашаган ар түтүнгө бирден кара мал таратылат.

Кийин бийликке келген Хрущев заманында айылдагы элден малдар кайра чогултулуп алынат. Демек, ыраматылык СССР миңдеген имараттары менен мурас калтырган КБлар аларды кантип анык жумушчу-дыйкан ж.б. кызматкерлердин коммунизм мектебине айландырат деген собол менен эл аралап жүрүп, ыраазычылыктар жана сындар менен кошо бир катар каалоо сунуштарды да угууга туура
келди.
Биринчи сунуш КБлардын коом алдында ачык саясатты жүргүзүү керектиги жөнүндө болду. Же болбосо 2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстан кесип бирликтер федерациясы дүңүнөн жана облустар боюнча өздөрү тууралуу бардык маалыматтарды ЖМКлар аркылуу жарыялоосунун зарылдыгы.
Экинчиси, коомчулукка КБлар ишмердүүлүктөрүн ар дайым маалымдап туруулары абзел. Мында бир катар жарандар жылына 2 жолу дешсе, айрымдары ар бир
чейректе КБлар жасаган иштери жөнүндө эсеп-кысап берүүнү адатка айландырышса, алардын иш аракеттери белгилүү болмок деп эсептешет.
Үчүнчүдөн, коомчулукта пайда болгон мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги нааразычылыктарга КБлар сырттан эмес, ичтен көмөк көрсөтүү жана жагдайды туура түшүндүрүүгө жетишүү зарылдыгы. Маселен, айрым атуулдар, эгерде 2005-жылга чейин КБлар Акаевдик бийликтин калктын катмарын каржалтып бара жаткандыгы тууралуу учурунда коңгуроо кагып, демонстрацияларды өткөрүп, эл эмгектери үчүн алдыңкы саптарда турушкан. 2005-жылдагы март ыңкылабы жана албетте, 2005-жылдагы бийлик алмашуу болбогондо 2010-жылдын 7-апрелиндеги "кандуу шаршемби" таптакыр болмок эмес деп түкшүмөлдөшөт. Эл арасында КБлар оор басырыктуу, нарктуу, билимдүү, анык эмгекти коргогон уюм катары орду бар. Ал эми кийинки жылдарда козу карындай жайнап чыккан укук коргоо жана өкмөттүк эмес бирикмелер сырткы таасирлерге ширелишкендиктен улам мамлекеттүүлүк үчүн алардын кызыкчылыгы өтө
төмөн.
КБлардын эл ишенимине кирүүнүн төртүнчү нерсеси эс алууга жолдомолорду (путевкалар) берүүнү айкындыкка алып чыгууларынын жөрөлгөсү дешет эл арасындагы айрым жарандар.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:










??.??