Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_10.htm on line 2


п»ї

Чубак ажы ЖАЛИЛОВ:
"Экс-муфтийдин сот процессине катышышы өлкөдөгү эркиндиктин белгиси"

Маектешкен Шекербек КАЛЫКОВ,
"Кыргыз Туусу"

- Урматтуу Чубак ажы, сот процессине катышып жатыпсыз. Деги эле сизге карата кандай доомат-арыздар коюлуп жатат?
- Бул сот процессинде, "уурдап алды, бекитип койду" деген айып коюлган жок. Болгону ажылык сапарды уюштурууда салыкты төлөгөн эмес деген доомат коюлуп жатат. Эми ушул жерде айта кетүүчү нерсе, муфтият коммерция­лык, же болбосо экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкана эмес да. Куру-бекер убакытты алган мыйзамсыз козголгон кылмыш иш десем болот муну. Бул таш күзгүгө салгандай эле көрүнүп турат. Негизи муфтият өлкөдө кош стандарттын - Кудай Тааланын жана мамлекеттин мыйзамдарынын негизинде иштеген уюм. Албетте, биз үчүн мусулман катары биринчи орунда Курани Карим турат. Оболу биз Кудайдын кулубуз. Андан кийин Кыргызстандын жараныбыз. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондой эле муфтияттын бардык мүлкү, акчасы кайрым-
дуулуктун эсебинен куралат. Бул шариятта вакф деп эсептелинет. Ыймандуу адамдар Аллах Тааланын ыраазычылыгын табуу максатында Кудай жолунда кайрымдуулук ниетинде беришкен дүйнө-мүлктөр. Анткени, адамдын өмүрү чектелүү болот. Вакфка берилген байлык эч качан жоголбостон, дайыма жашарып, адам өтүп кетсе да кылган жакшылыгынан сооптор үзүлбөстөн бара берет. Кыргызстандын шартында салынган мечиттер, медреселер, белек иретинде берилген килемдер, мечиттин короосундагы бак-дарактар, диний билим берүүгө, диний абалды жакшыртууга берилген кайрымдуулук ыйгарымдар, ажыга бараткан жарандардын муфтиятка кайрым-дуулук катары калтырган каражаттары вакфка кирет. Мына ушул кайрымдуулуктун эсебинен топтолгон жалпы "Вакф" байлыгынан зекет берилбейт. Ошондой эле андан эч кандай салык төлөөгө Шарият мыйзамы боюнча милдеттүү болбойт. Ушундай көз караштан улам биз салык төлөгөн эмеспиз. Андан башка 20 жылдан бери муфтият, Ислам университети салык төлөбөй келген. Ушул туура болгон. Дагы деле ушундай болушу керек деп ойлоймун. Ал эми сот процесси түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыккан убарагерчилик болуп жатат.
- Эмне үчүн сизге чейин ажылык сапарды уюштурган иш чаралардан салык алынбай келген? Же алардын өзгөчө жеңилдиктери бар беле?
- Бул сурооңузду салык органдарына берсеңиз туура болмок. Бирок, маселенин түйүнү ушерде жатат. Эгерде ажылык сапарды уюштурууда ачыктыкты камсыз кылбай, жарандарыбыздын акчаларын банк аркылуу албаганыбызда мынчалык түйшүк жаралбайт беле дегендер дагы жок эмес. Мунун канчалык бир деңгээлде чындыгы бар. Себеби, мага чейин акчаны колмо-кол алып, анын отчетун бербегендерге эч ким асылбай келбеди беле. Канчалаган адамдар ажыга жетпей, арызданып жүргөнү менен муфтийди эч ким сотко берген эмес. Туурабы? Чынын айтыш керек, реформа жасайбыз деп анын азабын тартууга туура келүүдө. Рас, мамлекеттик органдар буга кийлигише баштадыбы, демек, мыйзамдын чегинде чекит коюлушу зарыл. Анан дагы мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле кандай болуш керек? Диндин өзүнүн касиетин кантип таануу керек? Мына ушул суроолорго жооп табуу зарыл болуп турат. Бул коомчулукту кайдыгер калтырбай турган маселе. Анткени, менин муфтий катары Шарияттын негизинде жасаган ишмердүүлүгүм туура эмес деп табылып жатса, анда биздин өлкөбүздө балким, мусулманчылыкка тыюу салыш керектир. Муфтият каттоодон өтүп, ырасмий түрдө иштеп келатпайбы. Анда Кудай Тааланы, Шарият­ты, Пайгамбарыбызды соттогонго туура келет да. Муфтий деген мына ушул ыйыктардын атынан сүйлөчү, кол коюучу болуп эсептелет.
- Сиз кызматыңызды тапшырган кезде муфтияттын эсебине канча акча калтырып кеттиңиз эле?
- Муфтияттан кетип жатканда болжол менен 350 миң доллардай акчаны эсепке калтырып кеткенмин. Бул муфтияттын тарыхында болбогон сумма. Мына ушунун бардыгы ажылык сапарды уюштуруудагы ачыктыкты камсыз кылуу­-
нун эсебинен болгон. Анан эске сала кетүүчү жагдай, соттогу алешемдик. Мен учурунда Уламалар кеңешинин төрагасы, ажылык Умра борборунун директору, анан муфтий болуп турганмын. Чынында ажылык Умра борборунун башчысы болууну каалаган эмесмин. Ошол учурда депутаттар "Сиз өзүңүз башкарышыңыз керек" деген өтүнүчтөрүнөн улам башкарып калганмын. Ошондуктан, муфтий катары, Умра борборунун жетекчиси, Уламалар кеңешинин төрагасы катары кол койгон жерлерим бар. Мына ушулардын бардыгын айрып билбегендиктин кесепетинен сотто түшүнбөстүктөр болуп жатат окшойт.
- Чубак ажы, муфтийдин сот процессине катышышы буга чейин элибиздин тарыхында болгон эмес да. Муну кандай түшүнөсүз? Кимдир бирөө тарабынан кысым-басым болгон жокпу?
- Негизи кыргыздарда муфтийди соттогон эмес. Молдо аттууга аздектеп мамиле жасашкан да. Чын чынына келгенде кайсыл бир деңгээлде бул уят маселе. Бирок, ошондой болсо да экс-муфтийдин сот процессине катышышы өлкөдө эркиндиктин бар экендигин, өлкөбүздүн уникалдуулугун айгинелейт. Жарандык коомдун түшүнүгү алдыга жылып бартканынан кабар берет. Сот процессине 400дөн ашык адамдын катышканы мунун ачык далили. Муфтийге карата козголгон кылмыш иши боюнча электрондук сайттар аркылуу талкуулап жатышат. Демек, жарандардын бул маселеге кайдыгер эмес­тиги, демократиялык коомдун бир үлгүсү десек болот. Анан эми мындай маселелер жарандык, демократиялык коомдо боло бере турган көрүнүш деп ойлоймун. Кимдир бирөө басым жасап жатат дегенден алысмын. Мен өлкөнүн жараны, мыйзамды сыйлаган инсан катары сот процессине катышып жатамын. Бул кадимкидей эле сот процесси. Мындан адамды басынтууну, куугунтукка алууну көргөн жокмун. Болгону каралып жаткан маселе мыйзамдын чегинде болушун каалар элем.
- Сиз реформатор муфтий катары бир топ иштерди жасоого аракет кылдыңыз. Кандай иштерди жасоого жетишпей калдыңыз?
- Көп иштерди баштап койдум эле. Республикалык, облустук, райондук имамдарга айлык төлөп баштаганбыз. Ал эми айыл өкмөтүнүн аймагында имамдарды түзүп, ошолорго жаңы жылдан баштап айлык берүү каражаттары чечилип калган болчу. Алмазбек Шаршенович Атамбаев өкмөт башчысы болуп турганда биз менен жолукканда муфтиятта реформа жүргүзүп, имамдардын билим деңгээлин көтөрүү жаатында Түркиянын ыкмасын колдонуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон эле. Ошондуктан, Атамбаев­дин демилгесин колдоп билек түрүнө иштей баштаганбыз. Тилекке каршы, ал ишибиз аягына чыкпай калганы өкүнүчтүү. Андан башка атайын каттоодон өтүп, муфтияттын алдында Ажылык Умра борборун түзгөнбүз. Мына ушул борбор барып-барып өз алдынчалыкка ээ болуп, муфтиятка кыйыр түрүндө баш ийген мекеме катары калыптанышы керек болчу. Бирок, муну ишке ашырууга эки жылдай убакыт керек эле. Борбордун иши Түркиянын мисалында иш алып бара баштаган. Бул акырындык менен өз ордуна түшөт болуш керек. Өткөн жылдагы ажылык сапар тынч өтпөдүбү. Мына ушунун бардыгы биздин жасаган реформанын үзүрү десем жаңылышпаймын. Билим берүүдө академиялык тартипти киргизсем деген пландарым ишке ашпай калды. Мисалы, Кыргызстандагы бардык диний окуу жайлар бир гана академияга баш ийип, ошол жердеги окумуштуулар тарабынан бекитилген программа менен окутулушун кааладым эле. Эми азыр диний окуу жайларында ар кандай деңгээлде окутулуп жатпайбы. Мына ушунун бардыгын бир калыпка келтирүү зарыл. Анан мектептерде окутулуп жаткан ыйман сабактары муф-
тият менен тыгыз байланышта иштелип чыкса жакшы болот эле. Бул боюнча Каныбек Осмоналиев экөөбүз Түркияга чейин барып, ошол жактагы лицейлердин программасы менен
таанышып келгенбиз.
- Ислам десе эле мечитти түшүнөбүз. Исламдын маданияты, экономикасы, укук таануусу бар да. Мына ушуну кыргыз коомуна сиңирүүнүн жолдору барбы?
- Ислам экономикасы, ислам маданияты ушулардын бардыгы Курани Каримден алынат. Анан бирок, адамдарга кантип таратуу, сиңирүү керек дегенде маселе жатат. Себеби, ар бир улуттун өзгөчөлүгү, менталитети, каада-салты болот эмеспи. Маселен, мен "Манас" эпосу аркылуу исламды таанытуу деген идеяны көтөрүп чыктым эле. Улуу эпосубузда нукура ислам сүрөттөлгөн. Азыр теңирчи болуп аткан кыргыздарыбыз адашып эле жүрүшөт, байкуштар. Алар "Манасты" терең түшүнүшпөйт деп ойлойм. Эпостогу араб тилинен келген сөздөрдү архаизм деп жүрүшөт. "Манас" эпосунда ислам дүйнө таанымы, адамдарга болгон урмат-сый, алардын жаратылыш менен, Кудай менен болгон мамилеси, Кудайга болгон ишеничи бардыгы камтылган. Саякбайдын вариантында айтылгандай, "Алты жашка толгондо, төмөнкү Мекке шаарына дамбылдага бериптир" деп Акбалта баласы Чубакты Мекке шаарына окууга жөнөтөт. Анан, "Алты жылы окуптур, Халифага кол берип, Саахиппуруш аталып" дейт эпосто. Мына көрдүңүзбү, дал ошол Манастын жан шериги Чубак баатыр Меккеде алты жыл окуган. Туура айтасыз, ислам дегенде эле мечитти түшүнөт көпчүлүк. Маселен, исламдын экономикасы калыс идео­-
логия десем болот. Малайзиянын мурдагы өкмөт башчысы Махамад Мохатхир мырзаны алалы. Мына ушул киши исламдын экономикасын туу туткан адам болгондуктан, Малай-зияны чыгыштын "арстанына" айландырды. Эми мындай мисалдар өтө көп. Анан кээ бир адамдар ислам маданиятын пайдалана турган болсок, кыргыз маданиятынан ажырап калабыз деген коңгуроону кагып келишет. Бул туура эмес. Курманжан датка энебиз бир эле учурда нагыз мусулман, ошол эле учурда кыргыздын каада-салтын бекем карманган кеменгер аялзаты болгонун кантип танабыз? Ислам менен кыргыздын каада-салты, менталитети бири бирине жуурулушуп, кенемтесин толуктап турарына толук ишене-
мин.
- Сөз соңунда элиңизге каалоо-тилегиңиз...
- Элибизге тынчтык, ынтымакчылык, кетпес дөөлөт каалайм. Учурдан пайдаланып айта кетүүчү нерсе, мага телефон чалып, электрондук дарегиме кат жазышып, тынчсызданган мусулман бир туугандарыма ыраазычылык билдире кетмекчимин. Жогоруда айткандай, мен буга кыжаалат деле болбойм. Себеби, дегенде жашоонун тартиби, сүннөтү ошондой. Бул күндөр деле өтөт. Менсиз диндин иши токтоп калбайт. Эгерде кайрадан муфтий кылып шайласа салыкты дагы деле төлөмөк эмесмин. Бирок, кайсыл жерде болбосун адилеттүүлүк болушу кажет. Исай Калашниковдун "Каар
заман" деген романынын аягы "Кыш канчалык каардуу болбосун, жаркыраган жаз келбей койбойт" деп бүтөт эмеспи... Эми буга тарых, мезгил өз баасын берет.





Кыргыз-Тажик Ноорузду бирге майрамдашты
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Баткен районунун Ак-Сай айыл округуна караштуу чек арада жайгашкан Таш-Тумшук жана Көк-Таш айылдарында коңшулаш Тажик Республикасынын эли менен достукту чыңдоо максатында Нооруз күнүнө карата чоң майрамдык салтанат болуп өтүп, ага Тажик Республикасынан келген коноктор катышышты.
Бул күнү салтанатка Көк-Таш, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Булак айылдарынын аксакал карыя апаларыбыздан тартып жаш келин-кыздарга чейин кызыгуу менен катышышып, ыр-бийлер, ата-бабаларыбыздын унутта калып бараткан кол өнөрчүлүк, тамак-аш боюнча көргөзмөлөр өткөрүлүп, айыл жерин өзгөчө шаңга бөлөгөн чоң майрам болуп өттү.
Иш-чараны "HelpAge Ihterhatijhal" (ХелпЭйдж Интернэшнл) компаниясы колго алган. Компания 2013-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасындагы филиалы ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен "Социалдык биримдикти жана тең укуктуулукту бекемдөө үчүн жамааттык тутумдарды колдоо" долбоорун жүзөгө ашырууну баштаган.
Долбоор Баткен району боюнча Ак-Сай айыл округунун Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Капчыгай айылдарын камтыган.
Майрамга катышкан ар бир адамга компания тарабынан баалуу белектер берилип, айыл округу тарабынан 4 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Райондун аймагында коңшулаш элдер менен достукту чыңдоо максатында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар дагы улантылмакчы. 22-март күнү маданий иш-чара Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында да өткөрүлмөкчү.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:










??.??