газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №20-21, 21.03.13. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •
"Кыргыз Туусу", 15-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 12-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 8-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 1-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 22-январь, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 25-январь, 2013-ж.



Стратегиялык жол
курула баштайт

Жакынкы беш жылдын ичинде республиканын түн­­­­­дү­­­гү менен түштүгүн байланыштыра турган алтер­нативдүү жол курулушу керек. Президент Алмазбек Атам­баев анын долбоорунун техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгуу боюнча тапшырма берген болчу. Бул туу­ралуу мамлекет башчысы Транспорт жана коммуникация министри К.Султановду кабыл алуусунда дагы айтты. "Азыркы учурда биз "Ош-Баткен-Исфана" автожолун курууну аяктоонун үстүндөбүз. Муну бүтүргөндөн кийин, стратегиялык маанидеги автожолдун курулушуна биротоло киришебиз", - деди өлкө башчысы.

Төрөлгөндөр көбөйүүдө

2011- жылы төрөлгөндөрдүн саны Кыргызстанда 26,8, Россияда 12,4, жалпы КМШ мамлекеттеринде болсо 14,7 пайызга жеткен. Ал эми 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөбүздө төрөлүүнүн 1000 адамга катышы 27,7 пайызга өскөн. Ошол эле учурда дүйнөдөн өткөндөрдүн саны мурдагыдан өзгөргөн эмес. Тактап айтсак, 100 миң адамга 6,5 пайыз туура келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Ка­лиев билдирди.

Мугалимдерди мэрия колдоду

Ош шаарынын мэриясы тарабынан мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдик берүү максатында 13,855 млн. сом каралып жатат. Бул демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоп беришкен. Айта кетсек, ордолуу Ош шаарында 3051 мугалим бар.

Ички авиакаттамдар арзандайт

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан баштап, Бишкек-Ош каттамы 500 сомго, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен жана Бишкек-Исфана каттамдары 300 сомго арзандатылат. Андан тышкары, авиа компаниялардын жетекчилерине каникул учурунда студенттер үчүн жеңилдиктерди берүү сунушталууда. Республиканын түштүгүндөгү 3 аэропортту оңдоп-түзөтүүгө бюджеттен 286 млн. сом бөлүнүп жаткандыгы маалым болду.
Маалыматтар өз кабарчыларыбыздан
жана АКИ-пресс, 24.kg
маалымат агенттиктеринен алынды