Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_6.htm on line 2


п»ї

Мультфильм баланын аң-сезимине кандай таасир берет?
Жомок, мультфильмдер кичинекей баланын жа-шоосунда орчундуу роль ойноору талашсыз. Алардын жардамы менен бала адам баласынын образын, жакшы менен жаманды, дегеле карама-каршылыктарды айырмалап үйрөнөт. Башкача айтканда, кийинки жашоосуна, аң-сезиминин калыптанышына жол көрсөткөн жашоо компасы десек болот. Биз бүгүн мультфильм баланын өсүп жетилишине кандай таасир калтыраарын белгилеп өтөбүз.


"Мультфильм" эки сөздөн турат - "мульт" жана "фильм". "Фильм" англис тилиндеги "пленка" деген сөздөн алынган. "Мульт" болсо латын тилинен "көбөйтүү", "чоңойтуу" дегенди билдирет. Мультипликацияны "көп сандагы кыймылы жок сүрөттөрдүн жардамы менен кыймыл иллюзиясын жараткан техникалык ыкмалар" деп атаса болот. "Анимация" болсо француз тилинен келип чыгып, "жандандыруу", "жан кошуу" дегенди түшүндүрөт.
Мультфильмди жаратуунун да бир нече ыкмалары бар. Анимацияда массалык түрдө эки гана ыкма колдонулчу. Биринчиси, ар бир кадрды тартып чыгуу, экинчиси, мүчөлөрү бири-биринен бөлүнгөн жалпак объекттин позициясын кадр сайын өзгөртүп аны пленкага тартуу ыкмасы. Бүгүнкү күндө бул эки ыкма тең кенири колдонулуп келет. Кийинчерээк орус мультипликаторлору тарабынан мультипликацияда жаңы ыкма табылды. Бул куурчак мультипликациясы. Бул ыкма боюнча куурчакты кадр сайын кыймылдатып, аны пленкага тартып калат. Үч өлчөмдүү технологиялардын укмуштуудай тез ыргак менен өнүгүп келатканы бул ишти кыйла жеңилдетти.
Дал ушул үч өлчөмдүү технологиялардын жардамы менен жаралып доорун сүрүп келаткан мультиктер баланын аң-сезимине эбегейсиз терс таасирлерин тийгизүүдө.
"Мектеп жашындагы
уулум жаңы жылдык кечесине "Жөргөмүш кишинин" формасын кийем дегенинен сатып бергенбиз. Бир күнү экинчи кабаттын балконунда ошол кийимди кийип туруптур. Ал жерде эмне себептен турганын сурасам, "Жөргөмүш киши" деле ушундай кийимди кийсе учат го, мен да учам", - деп жүрөгүмдүн үшүн алды. Ошол окуядан кийин мультфильмдерге олуттуу көз караш менен карап калдым", - деген кооптонуусун Бишкек шаарынын тургуну Эсенкул кызы Элмира айтты.
Бүгүнкү күндө күнүмдүк турмуштун айлампасы менен күрөшүп жүрүп, баланын кандай өсүп чоңойгонун, эмнени үйрөнүп жатканын билбеген ата - энелер да бар. "Негизи эле баланын калыптануусу 5-7 жаш аралыгы. Андан кийинки тепкичтердин тизилиши баланын психикалык жактан өсүшүнөн көз каранды", - дейт психологдор. Бирок, учурдагы баланы тарбиялоочу каражаттар катары алгачкы орунда батыш мультфильмдери тураарына таң калбай деле калдык. Анткени, жанынын тынчына карап балдарына бир күн кечке мультфильм коюп берип койгон көрүнүш бир топ эле үй-бүлөөдө кайталанса керек. Кооз, анимациялуу мультфильмдер баланы убактылуу алаксытканы менен түзүк эле кедергисин тийгизерин төмөндөгү сандар далилдейт. Психологдордун кулак кагыш кылганы Кыргызстанда 90 пайыздын тегерегинде балдардын психикасы бузулган. Ага карабай ата-энелердин кайдыгерлигинен улам балдарынын өөн көрүнгөн иш-аракеттерин көз жаздымда калтырышат.
Мультфильмди бир гана балдар эмес, чоңдор да кызыгып көрүүсү маданияттын бир жанры. Бирок, азыркы телеканалдарда берилип жаткан мультиктер же көчөдө сатылган жасалма (пираттык) дисктер кандай көзөмөл менен сатылып жатат. Аларды сынга алып, көзөмөл жүргүзгөн бир да мекеменин жоктугу кейиштүү. Ал гана эмес, бүгүнкү күндөгү мультфильмдерди цензурадан өткөрүү эч бир адамды толгонтпосо керек.
"Совет мезгилиндеги мультиктер жалпы массага эмес, жалгыз гана балдарга арналган. Ошол эле убакта алардын сапаты да жогорку деңгээлде болгон. Ал мультиктердин кымындай деталдары да алдын ала текшерилгенден соң мульт­фильм сүйүүчүлөрүнө тартууланган. Алар балакайдын аң сезимине бир гана позитивдүү маалыматтарды жеткире алган", - деди балдар психологу Малика Аманова.
Бүгүнкү телеэфир, видео-кинорынок батыштын сапатсыз продукциясына төө басты болду десек жарашчудай. Анткени, цензураланган мультиктердин жаңы чыгарылыштары өткөн кылымдын акырынан тарта солгундап калган. Мултьфильмге болгон суроо-талапты батыш жана япон мульт­фильмдери камсыздады. Бул көйгөй боюнча мультфильмдерди кыргыз тилине которуу боюнча адис," Дөөлөт" студиясынын башкы редактору Орозбек Мусакеев: "Биз азыркы согушчул, жырткыч, азгырык мултьфильмдерди которбойбуз, алардан алысыраак болууга аракет кылабыз. Бирок, турмуштун талабынан кача албайт экенбиз.
Кичинекей мультфильм сүйүүчүлөрүнүн арасында батыш мультфильмдерин жакшы көргөндөрү бар. Кээде ошолордун суроо-талабын да эске алуудабыз. Кээ бир учурларда чындыктан качып кутулууга болбогон учурлар болот. Чыныгы көрүнүштөрдү жаап жашыра албай калган кездер да болот. Башкача айтканда, кээ бир кадрларды туура түшүндүрүп, которуп берүүгө мажбурбуз. Тилекке каршы, биздин студия даяр мультфильмдердин үндөрүн гана которгондуктан көп эле сындай албайбыз. Бирок кандайдыр бир деңгээлде кыргыздын маданиятына, салт-санаасына же көз карашына туура келбеген образдарды же учурларды биздин коом түшүнгүдөй кылып берүүгө аракет кылабыз", - деген оюн билдирди.
Ал эми үч баланын атасы Керим Шаиров: "Батыш мульт­фильмдери таптакыр башка аудиторияга арналган. Келечектеги жаштар батыштын аң-сезими менен тарбияланып жатышкандыгы кейиштүү", - дейт.
Ушундан улам Кыргызстанда мультфильм жаратуу жааты кандай иш алып барат деген ой келбей койбойт. Азыркы күндө келечектин каарманы болгон кичинекей балдар үчүн кандай мультфильмдер жаралууда деген суроо менен "Бугулаб" мультфильмдер сайтынын негиздөөчүсү Изат Абдраимовго кайрылдык. Анын балдар дүйнөсүнө салым кошуусуна кыргыз маданиятына болгон кызыкчылыгы түрткү болгон. "Эмне үчүн батыштын маданияты ушунчалык таасирдүү деп ойлондум. Менин оюмча, батыштын маданий соккусуна жообубузду кайтарбасак, ишибиз кыйын
болот. Кыргыз элинин жана түрк тилдүү калктарын
ээрчип, маданий жактан ассимиляция болуп кетүү коркунучу бар. Мультипликациянын маданият өнүктүрүү потенциалын абдан чоң деп айта алам. Ошондуктан, өз маданий колориттерибизди чагылдырган мультфильмдерди жара-тууга билек түрүп кириштим. Мультфильмдерден баштаганымдын себеби кичинекей балдардын кабыл алуусу тез болгондуктан, кыргыз жыттанган маданиятты да тез сиңирип
алаарына көзүм жетет", - деген оюн билдирди.
"Дөөлөт" студиясы тарабынан 1948-жылдан берки орус­ мултипиплиторлору тарткан дээрлик көп мультфильмдер кыргызчага которулган. Аларга илимий таанып-билүүчүлүк программалардан 1300гө жакыны жана 900дөн ашык мультфильм кирет.
"Бирок, ушул жагдайда мультфильмдерди которуу иштерибиз да аздык кылганы менен мен дал ушул максаттарды көздөп жүрүп жеттим", - дейт Орозбек мырза. Анын балдар дүйнөсүнө кайрылганынын себеби, балдарга көбүрөөк көңүл буруу. Алардын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, дүйнө
таанымын, билим деңгээлин жогорку көрсөткүчкө көтөрсөк келечек үчүн анын натыйжасы жакшы болоорун баса белгиледи. Дал ошол натыйжаларга жетүү үчүн чоңдорго мульт­фильмдер жардамчы болооруна ишенген Орозбек мырза: "Кичинекей балдарга татыктуу билим бериш үчүн бүтүн коомчулук иштеши керек. Биз балдарды кыйноо менен орусча мультфильмерди көрсөтөбүз. Бала өз эне тилин билбесе, өз эне тилинде сүйлөбөсө анын жан дүйнөсү ачка калгандай болот. Бул - чоң кемчилик. Мультфильмдеги каармандардын сөлөкөтүн гана көргөндөр бар. Анткени, Кыргызстандагы кичинекей балдардын бардыгы орусча түшүнөт деп ким кепилдик бере алат. Андыктан мультфильмдин бере турган ою баланын жан дүйнөсүнө жетпейт. Бала таасирленбейт, каармандардын эмоциясын сезбейт. Мындай баланын жан дүйнөсү ээн калат, толбойт дегендик. Ушундан улам бала кайдыгер болуп калат. Сапаттуу, жакшы мультфильмдер баланын дүйнө таанымын кеңейтүүгө көмөкчү болот. Муну менен биз балага кичинекей кезинен жол көрсөтүп жатабыз", - деп кошумчалады.
"Демек, балакайга сапаттуу мульт­фильмдерди көргөзгөн маалда гана
кооптонуунун кажети жокпу?" - деген суроо туулат. Сапаттуу мультфильмдер катары союз мезгилиндеги мультиктерди эсептейт Керим Шаиров. Анткени алардын көбүнүн адеп ахлактык жактары бар. Сөз менен сүрөт айкалышып тарбиялык жактары жогорку деңгээлде деген ойдо. Тилекке каршы, балдарына союз мультиктерин
коюп берсе көрбөй чатак кылаарын айтып күлдү. Анын себеби, балдары үчүн заманбап мультиктердин
каармандарын идеал тутуу, аларды тууроо кызык экен. Бирок, Орозбек Мусакеев­-
дин айтуусу боюнча батыш мултьфильмдердеги кейипкерлерди дегеле таануу мүмкүн эмес. Ал: "Кээде аларды балдар эмес, мен түшүнө албайм. Балдар андай кейипкерлерди түшүндө да көргөн эмес. Ошол нерселерди түшүнө албагандыктан, элестете албагандыктан, ой жүгүртүү процессине терс таасирин тийгизет. Ошондой эле батыш мультфильм жаратуучуларынын иш аракеттери да оозго алаарлык эмес. Алар белгилүү бир коомдун, белгилүү бир маданияттын талабына жооп бергидей мультиктерди жаратышса сөз башкача болот эле. Алардын каармандары жашоо­догу адам баласы тааныган жандыкка же кушка окшош болсо, бала аны кабыл алып түшүнө алат. Кейипкерлер табияттагы чыныгы көрүнүштү жашоодогу образдарды ачып берүүсү керек", - деген ойдо.
Ушул сыяктуу мультфильмдерди көргөндө бала кыткылыктап күлүп жыргайт, ал эми айрымдарынан терс таасир алып, маанайы бузулат. "Анын себеби мультик көрүп жаткан учурда бала ошол каармандардын жашоосу, дүйнөсү менен жашап калат. Бала ошол учурда айланасындагы кыймылдан капарсыз, ким бар, ким жок экенин да көңүлгө албайт. Каармандын кыймыл аракетине колдоо көрсөткөндөй мамиле кылат. Мындан тышкары чыгып жаткан үнгө да алым сынбай эң жогорку диапазон менен угууну каалайт. Ушундай абалда кичинекей балада балалык агрессия эмес көпчүлүк учурда коркунуч жаралат", - деген балдар психологу: "Арийне, мультиктин бардыгы зыян дегенден алысмын. Алардын айрымдары ата-эненин тандоосуна
ылайык, алардын талдоосу менен бирге көрүүгө мүмкүн", - деген оюн кошумчалап өттү. Анткени, азыркы мультиктердин каармандары бир нече жолу өлүп, ошол замат тирилип кеткен учурлары да көп. Албетте, ал учурларды чыныгы жашоодо бала кайталап көрүүгө аракет кылбайт деп ким кепилдик берет. Бала ар дайым каарманына окшошкусу келээри бештен белгилүү.
Балдар дүйнөсүндөгү мындай орчундуу көйгөйлөрдүн бири баланы дал ошол мультфильмдер тарбиялап жаткандагысы. Анын жоро-жолдош, дос, сырдаштары мультиктеги каармандар. Бул нерсеге бала өзү күнөөлүү эместир. Себеби, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, өз жумушун бүтүрүү үчүн баласын сыналгынын астында бир канча саат отургузуп
коюудан баш тартпаган ата-энелер да бар экени айтылууда.
"Кээ бир жаш апалар балдарынын дайыма сыналгынын алдында отургандыгын көрүп кубанышат", - деген өкүнүүсүн психолог белгилеп өттү.
Көп убакыт бою сыналгынын алдында отуруу баланын бүкүрөйүүсүнө алып келет, көрүүсүн начарлатат. Бала жалгызсырап, убакыт өткөн сайын түнт болуп калуу коркунучу бар экенин балдар дарыгери Моношова Гүлнара эскертет.
Эң негизгиси, сыналгы көрүү убактысын чектөө зарыл. Ошондой эле мультфильмди баланын жашына жараша да туура тандоо керек. Күнүнө 90 мүнөт мультфильм көрүү балдар үчүн жетиштүүлүгүн психолог Малика Аманова эскертет. Калган убактысын баланын өсүп өнүгүүсү үчүн алар менен ойноп, сүрөт тартууга, жазууга, окууга үйрөтүү керек.
Жайнагүл ТАЗАБЕКОВА,
Калперизат АЙДАРБЕКОВА,
Малика КАРАМАМЕДОВА,
Кыргыз Түрк "Манас" университетинин
студенттери





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2013-ж.:










??.??