"Кыргыз туусу", 19.02.13 Тапшырманы аткарбасаң, кызматтан кетесиң...
Коомчулукта Бажы кызматында көп резервдери бар, бирок анын баары толук бойдон мамлекетибиздин куржунуна түшпөйт. Эгер иштесең, же бажы кызматында, же салык кызматында гана иштөө керек. Салыкчылардын, бажычылардын алган айлык маяналары асмандап кеткен жери жок, бирок жашоо шарты катардагы адамдарга караганда алда канча жогору. "Ой, тиги кимдин үйү?" десе, сөзсүз же бажыда, же салыкта иштейт деген жооп угасың.

Гүлсүн КЕНЖЕГОЗУЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Биздин мамлекетибиздин куржунун толтуруп турган эки негизги булак бар, анын бири салык болсо, экинчиси - бажы жыйымдары. Бардык социалдык төлөмдөр ушул эки булактын негизинде каржыланат жана чыгымдардын негизги жүгүн ушулар көтөрүп турат. Өткөн жылдагы ички дүң жыйымдар жалпы төмөндөп кеткен учурда, бажы кызматынын аймактык бир бөлүмүнүн отчетунда жылдык план өткөн 2011-жылга салыштырмалуу 155 пайыз аткарылды деген маалымат берилген.
- Мындай көрсөткүчтөрдү каяк­-
тан алып берип жатасыңар? Же
өткөн 2011-жылы иштеген жок-суңарбы? - деп таң калды КРнын Премьер-министри Ж. Сатыбал-
диев мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын кеңешмесине катышкан учурунда.
Үстүбүздөгү 2013-жылда алдын ала божомолдор боюнча өткөн жылдагы карызды кошуп эсептегенде бажы кызматы жалпы бюджетке 38 мил-
лиард 621 миллион сом жыйым төгүшү керек. Бирок бул реалдуу жагдайбы, бул өзүнчө, башка кеп.
Ооз толтуруп, "акча каптардын" оозун чымчып туруп бууп койгонубуз менен, андан майнап чыкпасы
анык.
- Акыркы эки жылдан бери бажы тармагында түшө турган жыйымдарды толук эки эсеге көбөйтүүгө жетиштик. Быйылкы белгиленип жаткан 38 миллиард сом жыйым түшөт деген божомол чыныгы шартка туура келбейт, бул өтө эле көкөлөгөн сандар, экономика министрлиги эч негизсиз эле жогорку чектерди коюуда, - деди мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов.
Демек, биз жөнөкөй окурмандар, жетекчилердин бийик-бийик отчетторуна ишенбей, көзүбүз менен көргөнгө гана, колубуз жеткенге гана ишенип абдан туура кылат экенбиз. Болбосо, үч тармактын - экономика жана финансы министрлигинин, бажы кызматынын 2013-жылдын эсеп-кысабын жүргүзүүдөгү божомолдору дал келбей жаткандыгын кантип түшүнсөк болот?
- Эки жумалык убакыттын ичинде бардык тактоолорду жүргүзүп бүтүшүңөр керек, убакыт күтпөйт. Эмне үчүн бул министрликтердин көрсөткүчтөрү менен силердин көрсөткүчүңөр дал келбейт, же биз ички дүң жыйымды эсептөөнү туура эмес жүргүзүп жатабызбы? -деп кабатырланды Ж.Сатыбал-
диев.
Мындай бир кызык жагдай бар. Негизи Кыргызстанга багытталган товар, өзгөчө кытайлык товарлар Тажикстанга барып түшөт. Анан ал кайра биздин рынокко контрабандалык жол менен киргизилет, мындай фактылар көп экенин жана буга байланыштуу Тажикстан тарап менен бир катар жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү көздөп жаткандыгын айтты К.Кулматов.
- Өткөн 2012-жылы импорттун жалпы көлөмүнүн 22 пайызын бажылык төлөмдөр алынбаган товарлар түзгөн. Бюджетке түшүүчү 8 миллиард сомдун кем болуп калышынын бирден-бир себеби да ушунда. Бүгүнкү күндө да бажы салыктарынан бошотулган товарлар көп, мисалы, бошотуунун эң көп өлчөмү "Кумтөргө" таандык, ал жыйымдардын 33 пайызынан бошотулган, мындан башка да дары-дармек каражаттары, бизнес мамилелери сыяк-
туулар бар, - деп айтты Бажы кызматынын статистика жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Марта Байтакова.
Кыргыз "Керкисинде да, кемигинде да бар" деп айткан сыңары, бажы тармагында канчалык кенемте болсо, анын экинчи чагылышы жалпы экономикалык абалыбызда экени анык. Мисалы, бүгүнкү күндө бажычылар кагаз жана калемсап менен гана куралданышкан. Аларда товарларды текшерүүчү куралдар, радиациялык нурлануунун деңгээлин аныктоочу жабдуулар, ж.б. заманбап куралдары жок экендиги да айтыл-
ды.
- Өткөн 2012-жылдын биринчи, экинчи кварталдагы планыңар 100 пайыз аткарылып келе жатып эле, аягында жылдык белгиленген планыңар аткарылбай калды. Мунун себеби эмнеде? Же силерде кошуп жазуу деген барбы? Ушундай жагдайлардан улам Бажы кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн 5 жетекчисинин ишин талдап, аларды кызматтарынан четтетүү маселесин кароо керек. Быйылкы жылы өткөн жылдагыдай абалда калбаш үчүн божомолдоо багытындагы, анализдөө багытындагы иштерди жакшыртууга милдеттүүсүңөр. Дегеле жалпы бажы тармагы ишиңерди жаңыча багытта баштап, алдыдагы белгиленген пландарды аткарбасаңар болбойт, - деди Жантөрө Сатыбал-
диев мамлекеттик бажы кызматынын 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын кеңешмесинде.




Дипломатиялык мамилелерге - 20 жыл
Ислам КАРИМОВ:
"Өз ара урматтоо
туруктуу мүнөзгө ээ болооруна ишенем"
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык сая­сат бөлүмү билдирди.
Куттуктоодо мындай деп белгиленет: "Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорду жана жакшы каалоо­лорумду кабыл алыңыз.
Өзбек жана кыргыз элин көп кылымдар бою достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер, тарых менен маданияттын жалпылыгы, тилдердин, салт-санаалардын, үрп-адаттардын жакындыгы тыгыз байланыштырып, ар дайым эки тараптуу кызматташууну ырааттуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, регионубузда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого ишенимдүү негиз болгон жана мындан ары дагы боло бермекчи.
Мезгил сыноосунан өткөн өз ара урматтоо жана ишеним көрсөтүү мамилебиз мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыктарында, жемиштүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болуп өнүгө берерине ишенем.
Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине - гүлдөп өнүгүүнү жана прогрессти каалайм. Урматтоо менен,

Ислам КАРИМОВ, Өзбекстан Рес­публикасынын Президенти".




Куттуктоо
Экономикалык кылмыштарга келишпей күрөшүү керек
Кыргыз Республикасынын Пре-мьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиев каржы полициясы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда мындай деп айтылган:
"Урматтуу каржы полиция кызматкерлери жана ардагерлер!
Сиздерди Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден каржы полиция органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктаймын!
Быйыл Кыргыз Республикасынын каржы полициясы түзүлгөн күнүнө жыйырма жыл толду. Бул мезгил бою каржы полиция органдары өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү үчүн натыйжалуу иштеп келе жатат.
Сиздерге чың ден соолук, принципиалдуулукту, туруктуулукту, жарандык жоопкерчиликти жана ишиңиздерге жаңы албан ийгиликтерди каалаймын!"


Укуктан жоопкерчиликке
Азезилди тизгиндеп, өз жолуңа түш, кыргыз...
Азимжан ИБРАИМОВ,
"Кыргыз Туусу"
Президент А.Атам-баев өткөн жумада "Административдик жоопкерчилик жө-нүндө" кодекске жа-
рандардын жолдор-
до эркин жүрүү укук-
тарын коргоону кү-
чөтүүгө багыттал-ган өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду.
Акыркы учурларда өлкөдө өзүм билемдик менен башкалардын укугун, эркиндигин тебелеп, каа­лаган убакта уюша калып, жолдорду, көчөлөрдү, өткөөлдөрдү жаба коюу аракеттери күчөп кеткендиктен, мындай тартип бузгандарга жана аларды уюштургандарга эми административдик жаза пул салынат. Анын өлчөмү айып тарткан жеке адамдар үчүн отуз эсептик көрсөткүчкө, ал эми юридикалык тараптарга 500 эсептик көрсөткүчкө (1 көрсөткүч-100 сом) барабар. Мыйзамга ылайык
райондук, шаардык сотторго ушундай мүнөздөгү иштерди кароо, ал эми ички иштер органдарына укук, тартип бузуу тууралуу протокол түзүү жана тартипке чакыруу максатында 3 саатка чейин кармоо укуктары берилди.
Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү кабарлагандай, Президент А.Атамбаев Ички иштер минис­три Ш.Атахановго өлкөдө көчө, жолдорду тосууга жол бербөө
боюнча даректүү чараларды көрүүнү тапшырды. Тапшырмада мыйзам бузгандарды гана эмес, көчөлөрдү тосууга жол берген Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин да жоопкерчиликке тартуу көрсөтүлгөн. Муну ансыз да тейлөө мүмкүнчүлүктөрү тар, автомашиналарга жык толгон борбор калаанын көчөлөрүн тартипке келтирүү жана шаардыктардын, жалпы эле өлкө калкынын жолдо жүрүү эркиндиктерин чектөөгө албоо чарасы катары түшүнүү абзел. Антпесе, "Бөйрөктөн шыйрак чыгарып", ар бир кыймылдан кыйкым, саясат издегендер арбын.
Саясат демекчи, эгерде расмий маалыматтарга таянсак, республика боюнча ар кандай митингдер, пикеттер менен жыйындардын саны 2010-жылы 685ке, 2011-жылы 9 айда эле 1013кө, ал эми 2012-жылы 700гө жетиптир. Мунун ичинде чындык үчүн чырылдап акыйкат издегендерден башка, курулай демагогдор менен охлократтар, жеке кызыкчылыкка жамынган жалган патриоттор, кокту-колотчулар уюштургандары, бир аш-мүшке чайдын азабынан чыккандар да арбын. ОБСЕнин 2011-жылдагы иликтөөсү боюнча, ушундай митинг, жыйындардын 26%ы ишкана, мекемелер, 24,7%ы жеке адамдар, ал эми 26%га жакыны саясий партиялар тарабынан демилгеленген.
Болжоп эсептегенде да, өзгөчө саясатташкан акыркы үч жылда ушундайлардын айынан өлкө
боюнча эле канчалаган адамдар жумушка чыгышкан жок, болжонгон иштер, бюджет аткарылбай калды, ал эми буларды уюштуруу үчүн канчалаган миллион көк акчалар сууга акты. Аягында барып кара-
пайым эл жапа чегет, а тигил уюштуруучулар куйрукту түйүп, баса беришет. Экинчиден, саясий туруксуздуктун айынан Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы улам кулап, натыйжада өлкө өндүрүш көтөрүүчү мыкты, күчтүү инвесторлордон айрылууда. АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн "Эгерде демократия өз букараларын асырай албаса, мындай демократиянын эч кимге кереги жок" демекчи, мындай чектен чыккан алабармандыктар, өзүм билемдик, мамлекетти, мыйзамды сыйлабастык элибизди тукулжураткандан, күнкор кылгандан башкага жарабаса, анда мунун кыргызга канча зарылдыгы бар?
Туура, жарандардын тынч, эркин чогулуусу чектелбейт жана укуктук мамлекеттин маанилүү белгиси катары баш мыйзам, эл аралык ченемдер, принциптер менен жөнгө салынат. Дал ушул себептен биздин жарандар жыйын өткөрүүдө, алгач тиешелүү мыйзамдарга эмес, Конституциянын жогорудагы жоболоруна таянышат. Эң башкысы - улуттук
коопсуздукка, коомдук тартипке жана адамдардын ден соолугуна, укуктарына зыян келтирбесе болду дейбиз. Айтмакчы, мындай жобо бардык эле өлкөлөрдүн негизги мыйзамында кезиге бербейт. Адамзат саясатта демократиядан, экономикалык мамилелерде акча каражатынан башка мыкты нерсе ойлоп чыга электиги ырас, бирок ушуга таянып, жамынып алып өлкөдө ызы-чуу жарата бериштин кажети жок экендигине да ынандык. Демек, жакшы жашоонун митинг менен транспоранттардан башка жолун караштырчу мезгил келген. Ал жол - мыйзамдын, тартиптин орношунан, Кыргызстан жарыялаган иштермандыктын жана ички адептин ойгонуусунан башталат.