Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_16.htm on line 2


п»ї

Билесизби, жаныңызда ким жашайт?
Күрддөр биринчи жолу Кыргызстанга сталиндик репрессиянын каардуу жылдарында - 1937, 1944-жылдары күчтөп көчүрүү менен жүргүзүлгөн тоталитардык саясаттын натыйжасында келишкен. 2009-жылдагы эл каттоо боюнча Кыргызстанда 13 миңден ашыгыраак күрддөр жашайт. Бүгүнкү күндө бул байыркы элдин өкүлдөрү башка элдер менен тең катар коомдук ишмердикте, саясат айдыңында, кичи жана орто бизнести уюштурууда, илим-изилдөө иштеринде өзүнүн чыгармачылык жана руханий дараметин көрсөтүү чоң мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Күрддөр - байыркы элдин өкүлдөрү

Даярдаган Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
Курманджи диалектинде сүйлөшөт

Күрд тили тилдердин индоевропалык тилдеринин батыш ирандык бутагына таандык жана персид (иран), тажик, осетин ж.б.тилдерге туугандаш болуп калат. Күрд тили бир нече диалекттерге жана элдик тилдин майда бутагына бөлүнөт. Күрддөр негизинен курманджи (мурдагы СССР, Ирак, Түркия, Сирия), сорани ( чыгыш Ирак, Иран), келхури (түштүк-чыгыш Ирак, батыш Иран), ошондой эле горани жана зазаки (кырманчки) диалекттеринде сүйлөшөт. Кыргызстандагы күрддөр курманджи диалектин колдонушат.
Элдик ырларда элдин
тарыхы камтылган

Күрддөрдүн маданияты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Тээ өткөн кылымдардан ушул күнгө оозеки элдик чыгармачылыгынын бай мурасы келип жеткен. Фольклордо бул элдин тарыхы, анын көп кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп келгени чагылдырылат. Күрддөрдүн клам деп аталган элдик ыры муундан муунга берилүү менен элдик дангбежалар тарабынан ырдалып, көп нерсени башынан кечирген күрд элинин бүткүл тарыхын аярлык менен сактап келет.
Элдик мураска "Мам жана Зин", "Юсуф жана Зулейха", "Сиябенд жана Хадже", "Замбилфрош", "Даврише Авди", "Дымдым", "Златорукий хан" ж.б көптөгөн эпостор кирет. Кыргызстандын жана Казакстандын күрддөрүнүн арасынан жыйналган бай макал-лакаптар эки том болуп Москвадан жарык көргөн.
Эгемен Кыргызстандын күрддөрүнүн маданий турмушунда музыкалык-фольклордук топтун түзүлүшү маанилүү окуя болуп калды. Чаткөл айылында вокалдык-аспаптык, Бишкекте фольклордук-бий ансамбли түзүлгөн.
Гажар Аскеров советтик күрд-дөр дагы күрд адабиятына жана илимине байкаларлык салым кошконун айтат. "Биринчи күрд романы "Күрд койчусун" биздин мекендешибиз Араб Шамилов жазган. Ал эми Али Амирасланов ысымы дүйнөгө белгилүү биринчи күрд академиги. Күрд маданиятына, адабиятына жана илимине өз үлүштөрүн кошушкан айрым ысымдарды атабасам болбойт: профессор-тилчи Канат Курдоев, профессор Аджие Джинди, Джаыме Джалил, акын Факие Усуб, күрдөлогдор - Шамил Аскеров, Гусен Күрдоглы жана Князь Мирзоев, академик Надир Надиров", - дейт Г.Аскеров. - Белгилеп кете турган нерсе 2003-жылдын 12-апрелинен бери Кыргызстанда күрд тилинде жума сайын 15 мүнөттүк радиоберүү уюштурулган".
Көп кылымдардан бери бул улут өзүнүн улуттук маданиятын жана жазуу адабиятын түзүп келишкен. Күрд элинин байыркы адабий эстеликтери миңдеген жылдардан ашык тарыхты камтыйт. Орто кылымдагы көрүнүктүү акын Али Теремахи (Х-ХI) күрд тилинде грамматика боюнча 1-трактатты жазган. Ал Кыргызстандагы күрддөр сүйлөгөн курманджи диалектинде чыгарма жараткандардын бири.

"Мидия" коомдук
бирикмеси

Күрддөрдүн ассоциациясы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын калыптануусунун биринчи жылдарында 1992-жылы октябрда түзүлгөн жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түзүлүшүнүн башатында турат. Күрддөрдүн "Ништиман" ассоциациясы кийин Кыргызстандын күрддөрүнүн коомдук бирикмеси "Мидия" деп аталган. Анын максаты бул элдин тилин, маданиятын, салтын, искусствосун жандандыруу, Кыргызстанда демократиялык кайра өзгөртүүлөрдүн өнүгүшүнө көмөктөшүү, социалдык-экономика­лык, саясат жана мада-
ният жаатында күрддөрдүн кызыкчылыгын коргоо, жаштарды ин-тернационализмдин духунда тарбиялоо, таланттуу жаштарды табуу
жана жөндөмдүүлүк­төрүнүн өнүгүшүнө жардам көрсөтүү болуп саналат. Бүгүн республиканын жогорку окуу жайларында 150дөн ашык студенттер окушат. Азыр күрд жаштары Талас облусунан да келип окушууда. Мындан бир канча жыл мурун бүткүл Талас облусу боюнча жогорку билимдүүлөр беш манжа менен санап алгыдай аз эле.
Акыркы 10 жылдын ичинде мамлекеттик телевидениенин жардамы аркылуу Кыргызстандагы күрддөрдүн турмушу тууралуу 10 документалдык фильм тартылып, көрсөтүлгөн. "Мидиянын" коомдук бирикмесинин өзүнүн сайты бар, мында алардын социалдык жана маданий турмушу күзгүдөй чагылдырылып турат.
Сыймыктантчу инсандар

Акыркы төрт жылда аталган басманын жардамы менен күрд тематикасында 10 китеп чыгарылган. Эл аралык ПЕН клубунун мүчөсү, "Нубар" журналынын (Казакстан) редактору, "Зангазур" басмасынын башкы редактору, бир нече Интернет-гезиттердин башкы редактору, жазуучу-изилдөөчү, акын Гажар Аскеров адабият айдыңында жемиштүү эмгектенүүдө. Акыркы төрт жылда аталган басманын жардамы менен күрд тилинде 10 китеп чыгарылган: "Күрд диаспорасы", "Кызыл Күрдистан", Кавказ Күрдистанынын тарыхы" ж.б. Жакында "Мидия" ассоциациясынын Интернет-сайты иштей баштайт.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгү­шүнө салмактуу салым кошуп жатышкан күрд элинин айрым өкүлдөрүн атабай коюуга мүмкүн эмес. Бул инсандар менен күрд эли сыймыктанары талашсыз. Алар: Усеин Халилов, Ибрагим Надыров, Авчи Алиев, Жамал Ибрагимов, Гусеин Асад, Али Алиев, Ишхан Ча-
тоев, Мамед Мустафаев, Чато Чатоев, Расул Мамедов, Тельман Садыков, Мамед Алиев, Кадыр Каляшёв, Расул Осмонов, Петровка айылынан Али жана Азиз, ж.б.
Күрддөр мусулмандар, сунниттер. Кыш-жайдагы негизги майрамдары: "Хыдыр Наби", "Навруз", "Чылле Мазын", "Чылле Пьчук". Баарынан сүйүктүүсү жана белгилүүсү Навруз болуп болуп эсептелет. Ал бир гана майрам эмес, ошондой эле жалпы улуттук мааниге ээ. Дал ушул күнү уламыш боюнча күрд жери падыша-ажыдаар Захока-Беварластын эзүүсүнөн бошотулган. Ошондуктан, бул майрамда ар бир үйдө дүйүм ашка толгон дасторкон жайылат. Күрд эркектери шашлык жасаганды жакшы көрүшөт.
Күрд аялынын
үй-бүлөдө ролу чоң

Узак жылдар бою тарыхый мекенинен алыстап калганына карабай бул эл ата-бабаларынын көп жакшы салттарын сактап калууга жетишкен. Ата- үй-бүлөнүн башчысы, кичүүлөр үчүн улуулардын айтканы - мыйзам. Үй-бүлөдө эненин ролу өтө маанилүү, балдарды тарбиялоо биринчи күнүнөн тарта көп жагынан энелерге жүктөлгөн. Энелер келечекте уулдарын өз алдынчалыкка, кыздарын күйөөгө даярдайт.
Күрддөрдө аялдарга сый-урмат мамиле калыптанган. Күрд аялдары эч качан паранжы чүмкөнгөн эмес, жүздөрүн ачык алып жүрүшкөн. Күрд аял жөн гана аял, эне эмес, жоокер жолдош жана дос. Кыл чайнашкан уруш-талаш учурунда аял жоолугун чечип, каршылашып жаткандардын ортосуна таштаса, алар дароо кан төгүүнү токтотушкан. Күрд лакабында айтылгандай "Аял эркекти тоодой бийиктикке көтөрө да алат, жердин түбүнө жеткире түшүрө да
алат".
Сепке согончогу токулбаган жүн байпак

Мурда чыгыш элинин көбүндөй эле кыз бергенде калың алышчу. Азы бул салт такыр тыйылып, милдеттүү болбой калды. Майрамдарда жана үйлөнүү тойлорунда бүт үй-бүлөсү менен катышуу салты кирди. Бирок, жазылбаган мыйзамдарды - муундардын өз ара мамилесин жана өз ара сыйлашууну эч качан бузушпайт. Колуктуга берилген сеп үйлөнүү тойлорунда көрсөтүлөт, ал элдик чыгармачылыктын көргөзмө-музейиндей эле болуп калат. Сепке колго токулган килем беришет. Анда ата-бабалардын искусствосу сакталып, алардын оймо-чиймеси түшүрүлөт. Өзгөчө орунду кооз жүн байпактар ээлейт. Сепке согончогун токубай беришет. Элдик ырым боюнча бул колукту күйөөсүнүн үйүндө согончогу менен бекип калсын дегендик. Бул байпактарды күйөө баланын достору жана туугандары беришет, согончокту ар бир үй-бүлө өзү каалагандай токуп алат.
Дасторкондо - "хашлама",
"авдау", "дау"

Бул улутта сүттөн, өсүмдүктөрдөн жасалган тамак-ашты жана этти пайдалануу салт. Алар пияз, сарымсак, калемпир жана башка ар кыл жыттуу чөптөрдү тамак-ашка көп кошушат. Майрамдарда өзгөчө эттүү тамак - койдун бөлүк-бөлүккө бөлүнүп, чоң темир табакта куурулуп бышырылган эти. Дас­торкондун үстүндө көбүнчө "кабаб", "долма", "кюфта" коюлат. Бирок, эң көп колдонулганы бул "хашлама", шорпосу менен бышырылган эт, ага картошка, чөп-чар, помидор, ж.б. кошумчаларды кошуп бышырышат. Суусундуктардан эң көп тараганы мята жана тархун кошулган компот. "Авдау", "дау" деген суусундуктарсыз дасторкон жайылбайт, ал суу аралаштырылган айран. Таттуулардан бал, халва, мейиз, кургатылган өрүктү жакшы көрү-
шөт.
Байыртадан бери келаткан каада-салт, үрп-адатын, тилин жоготпогонго аракет кылып, маданиятын сактаган күрд эли арабызда ынтымакта жашап келет.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2013-ж.:










??.??