Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_11.htm on line 2


п»ї

Кыз ала качпа, соттолосуң!

Эске сала кетсек, эркине каршы кыз ала качуу тууралуу бул учурга чейин бир топ жолу талкуулар болуп, бирок иш жүзүнө ашпай келген. Ошондой эле 2012-жылдын 18-октябрында эртең менен аялзатынын укуктарын коргогон уюмдар мыйзам долбоорун колдоп, Ак үйдүн имаратынын алдында акция уюштурушкан - активисттер баштарына "Зомбулуксуз үй-бүлөнү каа­-
лайм", "Ким менен болууну өзүм чечким келет" деген жазуулары бар баштыктарды кийип алышкан. Укук коргоочулар депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырышкан бол-
чу.
Парламент өкүлдөрү кыздын каалоосуна каршы ала качууга жазаны катуулатуу мыйзам долбоорун экинчи окуу­да жактырышып, добуш берген 75 депутаттын арасынан 63ү жазаны катуулатууну колдошкон.
Кыз ала качууга каршы улуттук компаниянын мүчөсү Римма Султанова Клооп-медиа маа­лымат борборуна берген маегинде мыйзамдын колдоого алынганын угуп кубангандыгын жашырган жок. "Мен аталган көрүнүштүн курмандыгы болуп, анда жашоого аргасыз болгон кыздардын үнүн уккан биздин бийликке ыраазымын", - дейт Римма.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынганына карабастан кыргызстандыктардын бир бөлүгү кыз ала качууну "салт" катары эсептешет. Атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын жашоочусу кыз ала качууга карата мыйзам кабыл алынганы менен айыл жергесинде бул салт жашай бере турганын айтып, айыл жергесиндегилерди эске алышса жакшы болмок деп билдирди.
"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу "Ала качуу - бул улуттук салт деген стереотип бар, бирок биз көп учурларда андай салт элдин көз карашына карама-каршы келип жаткандыгына күбө болуудабыз", - деп билдирет.
Депутат Айнуру Алтыбаева тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева да колдой тургандыгын айтып, бирок бул мыйзамды кээ бир кыздар "өзүнүн пайдасы үчүн" колдонушу мүмкүн экендигин кошумчалады. "Бул мыйзамды кээ бир абийирсиз кыздар өзүнүн пайдасы үчүн колдонушу мүмкүн. Менин оюмча, өзгөчө бул мыйзам эрезеге жете элек кыздарды ала качкан учурларда иштеши керек", -- деди Ж.Жолдоше-
ва.

Эл өкүлү А.Алтыбаеванын айтымында, мыйзам долбоорун 120 депутаттын төртөө гана колдогон эмес. А.Алтыбаева Kloop.kgге берген маегинде аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген эки гана депутаттын - Социал-демократтар партиясынан Абдыманап Кутушев менен "Ата-Журт" фракциясынан Курмантай Абдиевдердин атын атай алды. Курмантай Абдиев өз чечимин жазанын "катаалдыгы" менен түшүндүрдү.
"Негизинен кыз ала качуу денесин оорутуп
зыян алып келүү, же зордуктоо сыяктуу нерселер менен коштолот. Булар үчүн өзүнчө, катуураак жаза каралган. Кыз ала качуу үчүн жети жылга эркинен ажыратуу - бул өтө катаал", - деп билдирди
К.Абдиев.
2011-жылы жарыяланган "Учурдагы теңчилик" уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 11 миңден 16 миңге чейин кыз ала качуу болуп турат. Кыз ала качуу үчүн эң узак мөөнөткө - алты жылга 2012-жылдын октябрь
айынын башында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу
райондук соту тарабынан райондун жашоочусу соттолгон.

Айгүл АТАБЕКОВА




Жаза аркылуу маселе чечилбейт
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эркине каршы кыз ала качкандарга жазаны катаалдатуу жөнүндөгү мыйзамга 2013-жылдын 26-январында кол койду. Мындан ары кыз ала качкандар кылмыш жазасына тартылып, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



Бир тойдо тамада жаштары 80ге жакындап калган эки байбичеге суроо узатты:
- Энекелер, жаш кезди эстеп, сиздерди кантип ала качканын айтып бербейсиздерби?
- Мени поезд менен ала качкан, - деди энекелердин биринчиси.
- Мени "Победа" деген машина менен ала качкан, - деди экинчиси.
Дагы бир тааныштарымдын бири автобус менен, экинчисин самолёт менен ала качыптыр.
Ала качуу туура эмес, бул күнөө деп Акыйкатчы Турсунбек Акун баш болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева төш болуп, мындай жигиттерди түрмөгө салыш керек деп күүлөнүп алышыптыр. Эгерде бул жигитти 10 жылга кесип жиберсе, анда маселе чечилеби? 20 жылга кесип жиберсечи? Же биротоло 40 жылга кесип жиберип, 60ка чыкканда, аксакал болуп токтолгон кезде түрмөдөн бошотсок туура болобу?

Башка варианттарды деле карап көрүүгө эмне үчүн болбосун? Мисалга, жаштарга эркине каршы нике кыйган молдону жазалап, жок дегенде бир жылга кесип жиберсек кандай болот? Резонанс катуу болуп, айыл ичи уу-дуу болуп, элдин эсинен кеткис окуя болот. Жаш жигит болсо жаштык кылды. Жигиттин ата-энеси деле мындай учурда өздөрүн жоготуп коюшат. Демек, бул жерде сабырдуулуктун, акылмандыктын үлгүсүн көрсөтө турган молдо гана жоопкерчиликти толук мойнуна ала алат. Кудай менен элдин ортосундагы ортомчу болууга жарайм деген киши ошончолук жоопкерчиликтүү болууга
тийиш.

Ала качуу туура эмес деп ойлойбуз, бирок альтернатива жок болуп жатат окшойт. Тааныштырууга шарт түзүү зарыл. Мындай шарт бар деп бир топтору айтышы мүмкүн. Азыркы окуу жайларында жигиттер менен кыздар бирге окушат. Мектепте окуп жүргөндө эле көп кыздар менен балдар бири-бирин жакшы көрүп калышат. Бирок, колдогу алтындын баркы жок дегендей жакын жүргөн, жаныңда жүргөн сулуунун сулуу экенин дароо эле биле албайсың. Анын үстүнө бойго жеткен кездеги көз караш башкача болот эмеспи. Андыктан, биздин жигиттер менен кыздар таанышып, сүйлөшүүгө шарт түзүү керек. Бул максатта биздин салттарга кошумча кошпосок, аларды өзгөртпөсөк болбой калды.
Эмне кылуу керек? Биринчи кезекте тойлорго, өзгөчө үйлөнүү тойлоруна жаштарды чакыруу керек. Дайым эле аксакалдарды тойго чакырып, аларга устукан тартуу менен алек болуп жатып, бизге мүйүз деле чыккан жок. Карыларды өзүнчө чакырып, аларга тамак берип, белек-бечкек карматып коноктоо туура деп ойлойм. Үйлөнүү той жаштардын тоюу болуш керек. Азырынча бул тойлор жаш жубайлардын ата-энелеринин, туугандарынын тою болуп жатат. Андыктан аксакалдардын аброю да кетип жатканын байкап жүрөбүз. Айрым тамадалар эротикалык оюндарды ойнотушса, айрым аксакалдар мас болуп алып, сакалын саксаңдатып бийлеп жүрүшөт. Тойлор андагы чубалжыган сөздөр жана бири жука, бири калың конверттер менен эсте калып жатат. Ошондой эле өтө катуу чыгып, кулакты жарган музыка дагы көңүлдү иренжи-
тет.
Кошуна элдерди карасак бул маселе бир топ чечилип калганын байкай алабыз. Мисалга, Бишкектеги уйгур калкынын тойлорунда кыздар менен жигиттер топ тобу менен келип таанышат. Ташкенттеги тойлорго дагы биринчи кезекте кыздар менен жигиттер катышат. Аксакалдарды өзүнчө чакырып алышып, устуканын, кийитин берип узатып коюшат.

Мен бир кездерде казак элинде популярдуу болгон "Дос Мукасан" ансамбли ырдаган "Кудаша" аттуу ырга таң калып жүрчүмүн. Булар куда болгондо Элемандын Эр Төштүгүнүн туугандары сыяктуу тогуз уул дароо тогуз кызга үйлөнгөн салты барбы деп ойлогом. Көрсө иш башкача экен. Кудалап барганда, же кызды алып кетүүгө барганда бул айылдын сөзгө, ырга шыктуу кыздарын ала барат. Бул кыздар ал жерден ырдап, бийлеп, бирөөлөрдүн көзүнө түшүп, өз бактыларын табышат. Антпесе, казактын кең талаасында ашык жарды эңсеген ай чырайлуу кыз бар экенин ким
билет?!!
Менин оюмча, ушул биздин тойлордо жигиттер менен кыздарды тааныштырууга арналган оюндар болууга тийиш. Мисалга, тойго келген кыздардын сулуусу деген конкурс өткөрсө жакшы эле болмок. Биздин тамадалар ушул жагын да ойлоп коюшса. Биз студент кезде ушундай конкурстарды студенттик кечелерде өткөрчү
элек.
Ала качуу бул кыргыз элинин салты эмес. Салт боюнча куда түшүп, кызга сөйкө салып, анан алып кетишчү. Кыз менен жигит бири-бирин жакшы көрүп калып, бири-бирине жоо болгон Монтекки менен Капулетти урууларындагы Ромео менен Жульеттадай болуп кол кармашып качып кеткен окуялар дагы болгон. Бирок муну ала качуу деп атаганга дагы мүмкүн эмес.

Мен Акыйкатчы менен депутаттын сунуштарына толук кошулат элем. Бирок эки нерсени эске алып, алардын сунушунун пайдасынан зыяны көп экенин түшүнүп, каршы болууга аргасыз болуп жатам. Биринчиден, түрмөдөгүлөр бул жигитти кандай тосуп алып, криминалдын криминалына айландыра турганын Акыйкатчы менен депутат билишеби? Экинчиден, бул мыйзам ишке кирсе дагы бир түрмөнүн имаратын куруш керек. Буга жок дегенде 100 млн. сом зарыл. Бул акчаны алар кайдан табышат? Дегинкиси, депутаттар жана башка жарандар дайым эле чыгашалуу сунуштар менен алек болуп жатышат. Киреше алып келе турган сунуштар деги болобу?
Токтогул
ЖУМАДИЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2013-ж.:










??.??