Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0219_10.htm on line 2


п»ї

Дубандардан эмне кеп?
Бишкек
Жаштар айкын
бюджет үчүн
- Биздин өлкө жакындан бери эки деңгээлдеги бюджеттик тутумга өттү. Ошону менен бирге эле жер-жерлердеги айыл өкмөттөрүнүн бюджетинин мааниси да бир кыйла өстү. Анткени мурдагыдай үч бас­кычтуу бюджет болгондо айылдык аймактардын бюджетине төмөнкү катмар катары анчейин көңүл бурулбай келгендиги анык. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттин түзү­лү­шүнө жана аткарылышына жарандардын ак­­тивдүү катышуусу ошол айыл­­­­­­­­­дын, шаар­дын бюджети жергиликтүү калк­тын өз­дө­­­­­рүнүн кызыкчылыктарына төп келет деп ишенебиз,- дейт "Атуул" коомдук фонддун деректири Тимур Байсеркеев. Ал эми жаштар болсо биздин коомдун басымдуу бөлүгүн түзөрүндө талаш жок. Демек, бюджетти калыптандыруу процессине жаштардын активдүү катышуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө орчундуу салым кошору да айныксыз.
"Жергиликтүү деңгээлдеги бюджетти башкарууга жаштардын катышуусу" деген темада өткөн семинарга Ысык-Көл облусунун райондорунан келишкен активдүү жаштар катышышты. Алар жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү, анын калыптанышы, аткарылышы боюнча алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, өз иштеринде колдонушары бышык. Ал эми бул үч күндүк окуп-үйрөнүү семинары "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Бюджеттин ачыктыгы жана отчеттуулугу" программасынын колдоосу астында өткөн­дү­­­­гүн белгилей кеткенибиз оң.
А.НАСИРДИНОВ


Нарын
Токтомдордун 97 пайызы мыйзамсыз
- Нарын облусундагы бардык райондук мамлекеттик администрациялар Юстиция министрлиги жүргүзгөн маалымат базасында жок,-деп билдирди облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси Маматайыр Карымшаков. Анын айтымында юридикалык жак катары катталбагандыктан улам, ал мекеме мыйзамсыз иштеп жаткан катары эсептелет.
- Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча болгону 10 жергиликтүү жамааттардын уставдары юстиция башкармалыгына тапшырылып, юридикалык күчкө кирди. Калган 53 жана Нарын шаары менен 54 жергиликтүү жамааттар уставдарын тапшырыша элек. Ал эми 2012-жыл ичинде болгону 51 токтом тапшырылып, мамлекеттик РЕЕСТРге киргизилип, юридикалык күчкө ээ болду. Болжолу бул токтомдор облустагы жалпы токтомдордун 3 гана пайызын түзөт. Демек калган токтомдор мыйзамсыз колдонулуп жатат, - деди М.Карымшаков.

"Жол картасынын" багыттары талкууланды
Райондордун акимдеринин, дубандагы бардык айыл өкмөт башчылардын жана облустук тармактардын жетекчилеринин катышуусунда "2013-2017-жылдардагы КРнын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы" жөнүндө атайын кеңешме өткөрүлдү. Деталдуу экономикалык приоритеттер "Жол картасында" Нарын облусунан жалпысы 10 долбоор камтылып жаткандыгы айтылды. Ал эми облус өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Ильич Марсбек уулу облус боюнча алдыдагы эки жылга карата жалпысынан 353 долбоор жана иш-чара киргизилип, аларды аткарууга 52 миллиард сом зарылдыгын, анын 86 пайызынын каржы булактары аныкталгандыгын белгиледи.

30 пайыз жарандар камсыздандырыла элек
Мындай маалыматты Нарын аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) кору башкармалыгынын деректири Сыйнагүл Шамеева айым билдирди. Анын айтымында 2012-жылы облус калкынын 80 пайызы медициналык камсыздандыруудан өтүшкөн.
- Эң өкүнүчтүүсү иштебегендер, жөлөк каражат же пенсия албагандар, социалдык жактан өз камсыз болгондор жана студенттер камсыздандырылбай калууда. Бул жерде биз жарандардын ушундай катмарларына жылына бир жолу 400 сомдук полис берип жатабыз. Бирок, тилекке каршы, карапайым эл аны дагы түшүнбөстүк менен кабыл алышууда. Ошондуктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор, дарыгердик топтор ушул маселени элге туура түшүндүргөнгө жакындан жардам беришсе жакшы болоор эле,-дейт С.Шамеева айым.
Нарын облусунан Миң-Куш шаарчасынын тургундары 87 пайызга камсыздандырылса, Нарын шаарынын жарандары 70,2 пайыз камсыздандырылган.
Күмөндөр УСУПТЕГИН


Депутаттардын жардамы
Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Бейшекова Нурзана ооруп мектепке бара албай калган эле, себеби Кыргыз улуттук онкология борбору "остеогенная саркома б/берцовой кос­ти" деген диагнозду койгон. Бул дартты дарылоо үчүн көп каражат талап кылына тургандыгы тууралуу маалымат гезиттин мурдагы сандарына жарыяланган. Колунда бар, мээримдүү адамдар Нурзанага буга чейин жардам берип келишкен. Мындай демилгеден Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттары да четте калган жок. 21 депутаттын 18и 500 сомдон, ал эми Алахунов Зуннахун, Чөлбаева Бактыгүл, Ясинова Наргиза ар бири 10 миң сомдон жардам кылышты. Бул каражатка Нурзананын дартына даба болчу Улукман акемдин дарысы табылат деген ишенич бар.
Жекшенбай КУРМАНОВ


Баткен
Мектептер ЖОЖдордун камкордугунда
КРнын Билим берүү жана илим министри К.Садыков Баткен облусуна жасаган алгачкы иш сапарын алыскы тоо этегиндеги Газ орто мектебинен баштап, ал жерде мектепке 5 компьютер тапшырды. Андан кийин Чарбак айылындагы А.Топчуев атындагы орто мектепте болуп, мектептин мугалимдер менен техникалык кызматкерлерине 174 миң сомдук азык-түлүк, 15 миң сомдук кийим-кече, 7 миң сомдук окуу куралдарын жана 3 компьютерди тапшырды. Бул мектепке тапшырылган гуманитардык жардамдарды Ош шаарындагы ЖОЖдун (ОшМУ, ОшМСУ, ОшТУ, ОГПИ, ОшМЮИ) мугалимдери жөнөтүшкөн.
Андан соң, министр К.Садыков Бөжөй айылындагы К.Абдраимов атындагы орто мектебине Ж.Баласагын атындагы КУУнин алдындагы үзгүтүксүз билим берүү жана кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунун окутуучулары тарабынан берилген жалпы суммасы 90 миң 565 сомдук азык-түлүктөрдү жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды жана министрлик тарабынан берилген 3 компьютерди тапшырды. Белгилеп кетүүчү жагдай, ОГПИнин окутуучулары А.Топчуев жана К.Абдраимов атындагы орто мектептеринин мугалимдерине 1000 сомдон, техникалык кызматкерлерине 500 сомдон, окуу­чуларга 150 сомдон акчалай жардамдарды беришти.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА


Ош
Жаңы китепкана курулат
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуу жайынын өз каражаты менен студенттердин билим алуусуна заманбап шарттарды түзүү максатында жаңы китепкана жана окуу залы курулууда. Китепканын жалпы аянты 600 чарчы метрди түзөт. Курулушту жаздын алгачкы айларында ишке берүү пландаштырылууда. Имараттын биринчи кабатында 100 миң нуска китеп жайгаштырылган китепкана жана экинчи кабатында акыркы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган 200 орундуу окуу залы болмокчу. Эң башкысы, жаңы китепкананы ишке берүү менен студенттер медицина багытындагы зарыл адабияттарды, монографияларды, көрсөтмө куралдарды кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Мындан сырткары жаңы китепкана электрондук окуулуктар, медиа каражаттар менен камсыздалып, медицина жаатындагы дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактарынан пайдаланууга шарт түзүлөт.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ


Талас
Мыктылар-акчалай сыйлыкка маарыды
Талас жергесиндеги айылдарды көрк­төн­­­­­дүрүү жана келбетин жашылдандыруу боюнча өткөн жылдагы мелдеш-сынактын жы­йынтыгы чыгарылып, аларга КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева тарабынан уюштурулган 100000 сом акчалай байге жана дипломдор ыйгарылды. Талас районундагы Долоно айыл өкмөтү 1-орунга ээ болуп, 40 000сом акчалай сыйлыкка татыктуу болсо, Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтү 2-орунду ээлеп, 30 000 сомго, ал эми 3-орунду ээлеген Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл өкмөтү жана Манас районундагы Май айыл өкмөтү ар бири 15 000 сомдон акчалай байгенин ээси болушту.

Жер үй кенин иштетүү - бүгүнкү күндүн мүдөөсү
Жер-Үй кенин иштетүүгө байланыштуу жы­­­йында геология жана минералдык ресурс­тар агенттигинин кызматкерлери Дулат Рыскулов жана Алманбет Усубакунов "Жер алдындагы кендер жөнүндө" мыйзамы жана "Жер алдындагы кендерди иштетүүгө укук алуу боюнча сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободогу" сынакка катышуу үчүн инвесторлорго коюлчу талаптар жөнүндө түшүндүрмө беришти.
Негизги шарттардын бири жер алдындагы кен объектисинин төмөнкү чектеги баасы 100 млн. (жүз миллион) АКШ долларын төлөөсү шарт, бирок сынактын катышуучулары мындан жогорку бааны да сунуштай алышат. Мыйзамдарга ылайык, сынак эки этапта өткөрүлөт. Өкмөттүн чечими боюнча түзүлө турган комиссия тууралуу да чечмелеп беришти.
Ал комиссияда ЖКнын парламенттик фракцияларынын, жергиликтүү мамадминистрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бирден өкүл, өкмөттүн облустагы толук ыйгарымдуу өкү­­лү кирет. Өкмөт сынак комиссиясына жер­ги­ликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн киргизип, сынакты ачык айрым өткөрүүнү максат кылып жаткандыгын баса белгилешти.
Экономика министрлигинин эсеби боюнча Жер-Үй кени ишке кирсе 2015-жылы болжолдуу түшүүчү салык жана салыктан тышкаркы төлөмдөр 3 млрддан ашык сомду түзмөкчү. Мунун ичинен жергиликтүү бюджетке ар жылдык чегерүүлөр 500 млн. сомдон ашат. Ал эми республикалык бюджетке 2 515 млрд. сом түшмөкчү. Ошондой эле жергиликтүү калктан 2000ге жакын адам иш менен камсыз болот, мындан тышкыры социалдык пакеттер менен камсыздоодо өтө орчундуу иштер аткарылат.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Ба­йыш Жуманазаров Жер-Үй кени боюнча инвес­­­торлорго сунушталган соцпакетте ар бир айыл аймагы камтылып, ага жалпысынан 2 млрд. сомдон ашык акча каражаты жумшалмакчы. Облусту социалдык жактан өнүктүрүү пакети жалпысынан жыйындын катышуучуларын толук канааттандырып, колдоого алынды.
Козубек ИМАНКУЛОВ


ЫСЫК-КӨЛ
Экопосттун дааналап, эсеп-чотун ким алат?
"Ысык-Көл" биосфералык аймагынын "Ак-Кеме" экопостунан 2012-жылы баш- аягы 10 миллион 98 миң сом акча чогултулуп, андан республикалык бюджетке - 10, биосфера аймагын мындан ары өнүктүрүүгө - 50, Балыкчы шаары менен биосфера аймагынын башкы дирекциясынын эсебине - 20 пайыздан акча каражаты которулганын анын жетекчиси расмий билдиргени менен Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков бир катар жылдардан бери андай каражат боюнча эч кандай маалыматы жоктугун айтты.
Биосфералык аймактын башкы дирекциясынын өткөн 2011-2012-жылдардагы финансылык абалын текшергенден ки­йин анын М.Ш. аттуу кассири кылмыш жолу менен 1180663 сомду кымырып алгандыгынын бети ачылгандыгын Балыкчы шаардык прокуратурасы аныктады.

Жаш балдарды кубантып, жандооч мектеп ачылды
Ак-Суу аймагындагы Жергез айылынын тоо өрдөшүндө жайгашып калган чакан Карагыз айылынын башталгыч класстарынын окуучулары ондогон жылдардан бери бир нече чакырым төмөн жөө-жалаңдап барып - келип окуп убара тарткандарынын акыры өткөн аптадагы жаңы мектептин ачылыш салтанаты менен жыйынтыкталды. Айылдын тарыхындагы алгачкы карлыгач билим уясынын жаңыдан курулуп пайдаланууга берилген күнүнө алыс­тан ат арытып келген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева, өкмөттүн облустагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, мектептин кызыл тасмасын кесишти.
- Жаңы имараттын ишке берилишине баарыдан мурда окуучулар менен айылдын жашоочулары чоң кубанычка бөлө­нүш­­тү,-дейт Осмон Элебесов атындагы бириккен мектептин деректири Кубанычбек Чолпонбаев,- жаңы ачылган окуу жа­йында азыр 1 -- 4-класстардын 96 окуучусу мурдагыдай Жергездеги мектепке барып убара тартышпай өз айылында билим алышат. Мугалимдер үчүн да учурдун талабына ылайык иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.
Жээнбай ТҮРК








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-февраль, 2013-ж.:










??.??