"Кыргыз туусу", 05.02.13 Иштерман жылын изги ийгиликтер менен баштадык
Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Максутов Ильичбек Курманбекович 1969-жылы туулган. Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетин, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн. "Арвин", "Геом", "Ar-AS "Пищепром" жоопкерчилиги чектелген коомдорунда жетекчи кызматтарда иштеген. Мамлекеттик Алкоагенттигинин Нарын аймактык башкармалыгында директор болуп эмгектенген. 2012-жылдын февраль айынан баштап ушул кызматта иштеп келет. Үй-бүлөлүү, жети баланы тарбиялап жатышат. Айтылуу Ат-Башы району Нарын облусунун аймагына кирип, түштүк чегинен Кытай Эл Республикасы, чыгыш жагынан Ысык-Көл облусу, түндүк-батышынан Нарын, Ак-Талаа райондору менен чектешип, 19,1 миң чарчы километр аянтты ээлейт. Районго тиешелүү Арпа, Чатыр-Көл, Ак-Сай, Мүдүрүм өрөөндөрү деңиз деңгээлинен 3000-3800 метр бийиктикте жайгашкан. 1930-жылы республикада аймактык бөлүштүрүү реформасы жүргүзүлүп, Ат-Башы району уюшулган. Райондогу 11 айыл аймактарына чектелген 21 элдүү конуштарда 50 миңден ашык адам жашайт. Гезиттин бүгүнкү санында аталган аймактын акими Ильичбек Максутовдун райондун 2012-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттери тууралуу макаласын окурмандарга сунуш кылабыз.


Жергиликтүү бюджет

Өткөн 2012-жылды Президентибиз "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы" деп жарыялап, бул багытта бир катар иш аракеттер көрүлдү. Эң башкысы өлкөдө саясий туруктуулук болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор өбөлгөлөр түзүлүп, анын натыйжасында районубуздун мекеме-ишканаларында, мектептерде,
айыл өкмөттөрүндө бир катар уюштуруучулук иштер колго алынып, социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүндө ийгиликтер жаратылды. Элибизди социалдык-маданий жактан тейлөө, чарбалык иштердин колго алынышы, жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыйноо иштеринин бүткөрүлүшү, кышка карата
даярдыктардын көрүлүшү, район боюнча жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдардын ай сайын өз учурунда төлөнүп турушу, элди медициналык жактан тейлөө, ар кандай тартип бузууларга каршы жана элдин укугун коргоо багытында уюштуруучулук иштер колго алынды жана бардык айылдарда жергиликтүү кеңештерге татыктуу депутаттар шайланды.
Район боюнча өткөн жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 17 млн. 341 миң сомго пландаштырылса, 19 млн. 697 миң сомго же жылдык тапшырма 110 пайызга аткарылган. Ошондой эле салыктан тышкары алынуучу кирешенин планы 4 млн. 581 миң сом болсо, 4 млн. 705 миң сомго аткарылып, 124 миң сомго көп чогултулган. Жалпы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн 41 млн. 865 миң сомго жеткирүү каралса, 46 млн. 993 миң сомго же 112 пайызга аткарылып, 2011-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 14 млн. 978 миң сомго көбөйгөн.
Ошону менен катар район боюнча жылдын жыйынтыгы менен салыктын эки түрүнөн салык тапшырмасы толук аткарылбай үзгүлтүккө учуратылган. Тактап айтканда пайдадан алынуучу салык 38 пайызга, атайын каражаттан алынуучу салык 46 пайызга араң аткарылып, баары планга карата 2 млн. 733 миң сомго кем чогултулган. Бул кем аткарылган сумманы быйылкы жылдын жыйынтыгы менен толук өндүрүүнү жана жылдык пландын аткарылышын камсыз кылууну колго алуубуз керек.
Өткөн жыл ичинде райондук бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы да талаптагыдай иш жүзүнө ашырылып, райондук жана жергиликтүү бюджетке каралган өздүк каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп, негизинен бюджетке каралган коммуналдык чыгымдардан башка бардык негизки статьялар боюнча чыгымдар толугу менен жабылды. Район боюнча эмгек акылардын, социалдык жеңилдиктердин, пенсия, жөлөк пулдардын төлөнүшү негизинен өз учурунда жүргүзүлүп келди. Азыркы учурда бюджеттин чыгымдалышынын тиешелүү статьялары боюнча толук каржыланбай калган электр энергиясы үчүн карызды жабуунун аракети көрүлүүдө.
Быйылкы жылы дээрлик бардык айыл өкмөттөрү жыл аягына финансылык түзүк абалда чыгышты. Бардык бюджеттик чыгымдарды жапкандан кийин он бир айыл өкмөтү 2013-жылдын 1-январына карата 4 млн. 527 миң сомдук эркин акча менен чыгышты. Бул акча каражаттарын жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана эл менен кеңешип, быйылкы жылы бир көрүнүктүү ички жумуштарды бүткөрүп алууга айыл өкмөт башчылары аракет жасоолору керек.
Өнөр жайы

Өткөн жыл ичинде 22 млн. 807 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 115 пайызды түзүп, 2,9 млн. сомдук продукция ашыгы менен өндүрүлгөн. Ал эми биздин райондо өнөр жайдын эң негизги тармагы болгон "Камкор" ААК кыш өндүрүүчү заводу он айдын ичинде 2,2 млн. сомдук продукция өндүрүп, өткөн жылга салыштырганда 17 миң сомдук продукцияны көп чыгарган. Быйылкы жылдын сентябрь айында жаңыдан ишке берилген "Ат-Башы Сүт" ЖЧКсы 117 миң сомдук сүт азыктарын өндүргөн.
Райондо чекене соода жүгүртүү, калкка акы алып кызмат көрсөтүү иштери жыл сайын көбөйүүнүн үстүндө. Тактап айтканда чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 73 млн. 707 миң сомго, калкка акы алып кызмат көрсөтүү 14 млн. 57 миң сомго көп болгон. Ошондой эле өткөн жылга салыштырганда авто унаа менен жүк ташуу 106 пайызга, жүргүнчү ташуу көрсөткүчү 106 пайызга ашыгы менен аткарылып эт, сүт, жумуртка, жүн өндүрүү орточо 101 пайыз­ды түзсө, дан эгинин өндүрүү 60 пайызга араң аткарылган. Биз негизги көңүлдү айыл чарбасын ирилештирүүгө баруу менен ар бир айылда МТСтерди түзүүгө аракет жасашыбыз керек. Ансыз айыл чарбасын мындан ары интенсивдүү жана натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле келечекте айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи жана орто ишканаларды курууга, айрыкча эт азыктарын жана картошканы кайра иштетүүчү ишканаларды курууга бардык аракеттерди көрүүгө мезгил жетти.

Айыл чарбасы

Айыл чарбасы - райондун экономикасынын негизги тармагы. Бул тармактын райондогу дүң продукциядагы үлүшү 65
пайыздан жогору. Район боюнча жалпы айыл чарбасынан алынуучу азык-түлүктөрдүн көлөмү жылдан-жылга өсүүдө. Айрыкча райондо малдын башы кескин көбөйдү. Былтыркы жылга салыштырмалуу малдын башы ири мүйүздүү мал - 34465 башка жетип, 670 башка, кой-эчки-234495 баш болуп, 3313 башка, жылкы - 23409 баш болуп, 405 башка өскөн. Райондо малдын башынын өсүүсү менен катар өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көлөмү дагы өсүүдө.
Райондо мал чарба азыктарынын көлөмүн көбөйтүүдө жана алардын сапатын жакшыртууда малдардын тукумун жакшыртуу үчүн малды асылдандыруу иштерин колго алуу мезгили келип жетти. Райондо түзүлгөн кыргыз уяң жүндүү кой өстүрүүчү чарбасы менен топоз өстүрүүчү асыл тукум чарбалары өстүргөн асыл тукум малдарды жайылтуу боюнча иш алып баруу талаптагыдай жүргүзүлбөй жатканы өкүндүрөт.
Райондо сүт багытындагы уйларды көбөйтүп өстүрүү турмуш талабы болуп калды десек болот. Ат-Башы айылындагы ишке берилип иштеп жаткан сүт заводу сапаттуу сырьёго муктаж болуп жатканы жашыруун эмес. Райондо 2012-жылы талаачылык иштерин жүргүзүүдө бир катар иштер аткарылып, белгиленген түзүмдөгү жер аянттары иштетилди. Өткөн жылы район боюнча 5545 гектар жер айдалып иштетиле турган болсо, 6584 гектар жер аянты иштелди. Дан эгини - 2985 га (195 гектары буудай, 2790 гектары арпа) картошка- 1505 гектарга, жашылча- 55 гектарга, көп жылдык чөп - 1000 гектарга айдалып, белгиленгенден 1039 гектарга ашык айдал-
ган.
Дан эгиндеринин аянты былтыркы жылга салыштырмалуу 33 гектарга көбүрөөк айдалып-себил-гени менен түшүмдүүлүк ар гектардан 15 центнерден гана айланды. Дан эгиндерин көбөйтүп айдоодо дыйкандарды талаачылыкты иштетүүдөгү негизги көйгөйлөр түйшүккө салууда. Райондо комбайндардын саны жылдан-жылга азайып жаткандыгы, райондо туруктуу сапаттуу үрөндөрдүн жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр дыйкандарды дан эгиндерин айдоодон баш тартууга мажбур кылууда. Дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылууда районго бөлүнгөн 44 тонна солярка толугу менен
айыл өкмөттөрү тарабынан тартылып келинип, дыйкандарга жеткирилди.
Айыл өкмөттөрүнүн аймагында уюшулган үрөн чарбалары дыйкандарды сапаттуу үрөн менен толук камсыз кыла албай жатышат. Быйылкы жылы дыйкандарга дан эгиндеринин түшүмүн алууда зыян­дуу чегирткенин чыгышы кошумча түйшүк жаратты. Райондо тоют топтоодо да жетиштүү деңгээлде түшүм ала алган жокпуз. Былтыркы жылы 85790 тонна тоют даярдалса, быйылкы жылы 75313 тонна жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 10477 тоннага аз
даярдалды. Жалпы район боюнча 820 гектар дан эгини бышпай калуу коркунучу жана башка себептер менен чөпкө чабылып, 2080 тонна тоют катары кошумча эсептелингенден кийин да былтыркы түшүмдүүлүккө жеткен жок. Райондун кээ бир айылдарында тоюттун жетишсиздиги өткөн жылы жалпы элибизге кандай оор түйшүктөрдү жаратып, ашыкча чыгымга учуратканы эсибизде.
Жалпы элибиздин жашоосу мал чарбасына байланыштуу болгондон кийин, туруктуу тоют базасын түзмөйүн мал чарбасынан алынуучу азык-түлүктөрдүн сапатын жакшырта албайбыз. Ошондуктан дыйкан-фермерлерибизге жер иштетүүнү дагы терең өздөштүрүп, которуштуруп айдоону колго алуу­буз зарыл деп кайрылаар элем. Ар бир айыл өкмөттөрдө күчтүү коо­-
перативдерди, техникалык сервистерди уюштурууну колго алып,
натыйжалуу жыйынтык чыгаруу талабы коюлууда. Республикада дый­-
кан-фермерлерди колдоо максатында "Фермерлерге арзан кредит" долбоору боюнча 7 пайыздык кредиттерди берүүдө "Айыл банк" аркылуу талаачылыкты иштетүүгө 22 кишиге 1 млн. 600 миң сом, мал
чарбасына 36 кишиге 4 млн. 370 миң сом берилген. РСК Банкы аркылуу мал чарбасына 40 кишиге 3 млн. 310 миң сом, талаачылыкты иштетүүгө 33 кишиге 3 млн. 400 миң сом, бардыгы район боюнча 12 млн. 680 миң сом кредит берилген.

Инвестиция тартуу

Былтыркы жыл ичинде районго ар кандай инвестиция тартуу максатында иштер жүргүзүлүп, анда Швейцария мамлекетине долбоор жазылып, Кара-Булуң айы­лындагы А.Искендеров атындагы орто мектебине жалпы сметалык баасы 4,5 миң долларлык китептер алынды. Мындан сырткары Кызыл-Туу айылындагы К.Керималиев атындагы орто мектебине Кыргыз улуттук колоритин калыптандыруу максатында Франция мамлекетине долбоор жазылып, жалпысынан 1,2 миң евро турган улуттук музыкалык аспаптар жана кийимдер алынып келинди (комуз, чопо чоор). Ошондой эле "Манас" аэропортундагы АКШ мамлекетинин транзиттик жүк ташуучу борборуна долбоор жазылып, 6500 долларлык кышкы
кийимдер мектеп окуучуларына таркатылды.
Жалпысынан 28 млн. 944 миң сомдук ар кандай инвестициялар тар­тылды. 2012-жылдын 30-
апрелинде "Ат-Башым -
алтын чөйчөгүм" аттуу бизнес-форум болуп
өттү. Анда Ат-Башы райо-
нунун аймагында туулуп өскөн бизнесмендер, чыгаан атуулдар чакырылып, райондун социалдык-экономикалык абалын жакшырта турган бир катар долбоорлор сунушталды. Бул бизнес-форумга "Дордой", "Аю", "Замандаш" жана башка ушул сыяктуу чоң-чоң фирмалардын өкүлдөрү келип, бир катар долбоорлорду колдоп беришти. Атап айтканда, "Аю" компаниясы Кара-Суу айылындагы ҮДТнын имаратын 1 млн. сомдук капиталдык оңдоодон өткөрүү-
дө.
Мындан сырткары Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Баатырбеков, Ш.Аб-дыкеримов Талды-Суу айыл аймагындагы Өзгөрүш айылындагы мектептин чатырын оңдоо үчүн жүз миң сом жана Казыбек айыл аймагына миң доллар беришти. Былтыркы жылы кошумча инвестиция тартуу боюнча көптөгөн иш аракеттер көрүлүп, Өзгөрүш айылындагы Райымбеков атындагы орто мектебинин кошумча корпусун курууга 22 млн. сомдук жана Кара-Булуң айылындагы Искендеров атындагы орто мектебинин спорт залын куруу үчүн 10 млн. сомдук долбоор жактырылып, ар бир объектиге 500 миң сомдон акча каражаты которулуп келинди.

Суу көйгөйү бар

Райондун 19 айылынын 17
айылы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Таза суу жана санитария долбооруна кирип, айыл элдери таза суу менен камсыз болушту. Жалпысынан алганда ичүүчү суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган жок. Кээ бир айылдарда гана кышкы сууктун катуулугунан суунун жетишсиздиги пайда болууда. Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Ак-Муз айылдарынын башкы курулуштарынын жана тармактарынын мүчүлүш жерлерин оңдоо үчүн демөөрчүлөрдү издештирүүдөбүз.
Ал эми таза сууга болгон төлөмдөрдү чогултуу боюнча план 100%га аткарылды. Райондогу ИСКАКБлардан жакшы иштерди алып баргандарга мисал катары Ак-Талаа, Кара-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Кара-Коюн, Талды-Суу айыл өкмөттөрүн атоого болот. Таза суу боюнча Ат-Башы жана Ак-Жар айыл өкмөттөрүнө тармакты жаңы куруу планы турат. Ар бир айылдагы таза сууну талапка
ылайык сактап калуу жана жумушчуларга шарт түзүп берүү үчүн тарифтик акыларды жогорулатуу жакшы натыйжаларды берет деп ойлойм. Айыл өкмөт башчылары жеринде эл менен макулдашып, ишти колго алуулары зарыл.
Райондо саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт, социалдык жактан коргоо тармактарында айрым мүчүлүштүктөр менен катар жетишкен ийгиликтерибиз да бар экенин канааттануу менен белгилегим келет. Райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүү пландарына ылайык, бардыгыбыздын алдыбызда аларды жүзөгө ашырууга багытталган бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоо милдеттери турат.
Ильичбек МАКСУТОВ,
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким