Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0205_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0205_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0205_5.htm on line 2


п»ї

Кыргыз жеринин бир ууч топурагы да - Ата Мекен
Ата Мекен деген жалаң эле жер-суу эмес, аерде жашап жаткан эл да болуш керек эле. Мындан үч-төрт жыл мурун Жалал-Абад облусунда Чек деген айылдын элин, ал жерде жашагандардын кыргызын да, өзбегин да Өзбекстан "бул жер биздин жерибиз, чыккыла, көчүп кеткиле", - деп кууп чыгарды. Кыргызстан эмне кылды? Унчукпастан жарандарыбызга там салып алганга жер бөлүп берип тим болду.
Өлкөбүздүн Ата Мекенге
болгон камкордугу ушундай болду.

Аскердик тартип
деген болобу?

Маселенин кызыгы ушул, тээ жети атасынан бери жашап келаткан эл болуп, Кыргызстандын жарандары болсо, алардын жашап турган жери эгемендиктин 15-16 жылынан кийин башка мамлекеттики болуп калабы? Же биздин жарандар зөөкүрлүк кылып барып эле Өзбекстандын жерин басып алып, там салып алышканбы? Эгерде андай болсо, тартип кана? Коңшу мамлекетке тике карай албаса, "эмне үчүн силер башка өлкөнүн жерин басып аласыңар", - деп зөөкүр жарандарыбызды жоопко тартыш керек эле. Мыйзамдуу суроо туулат, эгерде Ата Мекенин коргой албаса, коңшу өлкөлөр менен чек ара тактоо процессинде коркоктук кылса, башка өлкөнүн жерин мыйзамсыз басып алган жарандарды жазалай албаса, бул эмне деген мамлекет?
Жакынкы эле жылдарда Кадамжай районунан бакыйган эки офицерибиз коңшу өлкөгө туткунга түшүп кетти. Муну кандай түшүнсөк болот? Эмне үчүн күч органдын кызматкерлери туткунга түшөт? Эгемендүү коңшу өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүп барып, эл аралык деңгээлде таптипти бузуп жатышпайбы. Биздин өлкөбүз бул көрүнүшкө сабатсыз мамиле кылып койду. Эптеп-септеп ошол офицерлерди бошотуп алып гана тим болду. Эгерде өлкөбүз чыныгы өлкө болсо, ошол тармакка жоопкер жетекчилер сабаттуу болсо, анда биринчи кезекте эл аралык мамилелерде гана эмес, өздөрүнүн милдеттерин так аткарбаган офицерлерди бошотуп алгандан кийин жазалаш керек эле. Аскердик тартипти ушунчалык бошотуп жибергени үчүн тиешелүү жетекчилердин бардыгы жазасын алыш керек болчу. Болбосо Кыргыз Республикасындагы күч органдарын коомдук тартипти сактап, өлкөнү коргойт деп кантип ишенүүгө болот?
Баткен аймагында так ушу аскердик тартиптин жоктугунан коңшу өлкөнүн жарандары биздин үйлөрүбүзгө чейин кирип келип жатышпайбы. Анын үстүнө аймак алыс болуп, ал жерге СССР кезинен бери эле көңүл бөлүнбөй келатканы келаткан. Баягы жылдары "сакалчандар" келгенинен чек аранын кароосуз калганы, аймакка көңүл бурулбаганы көрүнүп калган.
Эки-үч ай мурда Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу килейген машиналарынын мыйзамсыз жүргөнүн айт. Алар кайсы посттон кирген, эмне кылып жүрөт, эмне деген жүктү ташып жүрөт, эгер мыйзамдуу болсо, кайсы мекемеге, кайсы постко пошлинасын төлөп кирип келген, биздин өлкөдөн өткөндө канча пошлина төлөшөт, муну менен эч кимдин иши жок. Чек арачылар тайраңдатып койгон ошол чет өлкөлүк машиналарды эл кармаса, силер күнөө кылдыңар деп, аткылаганга чейин барып бошотуп, чет өлкөгө чыпчыргасын коротпой өткөрүп беришет. Ошол эле Баткенге коңшулаш Тажикстандын облус борборуна эмес, бир кичинекей эле кыштагына биздин жүк ташуучу машиналар эмес, жеңил машина кире албайт. Суроо туулат, биздин армия, биздин милиционерлер, чек арачыларыбыз биздин элди, биздин жерди коргойбу же чет өлкөлүктөрдү коргойбу?
Мына ушундай көрүнүштөр, биздеги күч түзүмдөрүндөгү тартиптин жоктугу, Ата Мекенди коргоодо алешемдик абал коңшу өлкөлөргө белгилүү болгондон улам, чет өлкөлүктөр Кыргызстандын жарандарынын үйүнө чейин кирип барып, уруп-согуп, талкалап, сүйрөп кетип атышпайбы. Качан бизде күчтүү күч түзүмү болуп, өлкөбүз коңшулар менен теңтайлаш сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат. Качанкыга чейин биздин жетекчилердин аң-сезиминде Бишкек гана Кыргызстан болуп, алыскы аймактар эмне болсо, ошо болсун абалында кала берет. Биздин бир чарчы метр жерибиз да көздүн карегиндей корголуш керек.

"Киргизуголь" Тажикстанда

Баткен аймагында Шороп (Шураб) деген шаар бар, аерден көмүр чыгат. СССР убагында убактылуу Тажикстанга берилген. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында мөөнөтү бүтүп, Москвадан чечим чыгып, Шороптогу шахталар "Киргизуголь" деп да аталган. Ошол кездеги шахтерлордун айрымдары азыр бар (ал жердеги шахтерлордун көпчүлүгү кыргыздар болгон). Бирок эмнегедир Кыргызстан кайтарып албай калып, азыр ал жер Тажикстандыкы бойдон калган. Эми деле коңшу мамлекетке бул маселени койсо эмнеге болбосун? Ошол кездерде Шороптогу шахталардын кай бирлери "Киргизуголь " аты менен өлкөгө - СССР деген чоң өлкөбүзгө көмүр өндүрүп берип тургандыгында кандай келишим болуп, кийин кандай келишим менен иштин жүргөндүгү белгисиз. Ошол "Киргизуголь " аты менен өлкөгө көмүр казып тапшыруулар Кызыл-Кыянын же Сүлүктүнүн көмүр кен иштетүүлөрүнүн архивдик документтеринде болуш керек.
1950-жылдагы ирилештирүүгө чейин Кыргызстандын колхозу турган жерлер да ошол кездеги жетекчилердин көңүлкош мамилелеринен улам азыр Тажикстандыкы болуп калган фактылар бар. Кыргызстандагы Өзбекстандын Сох анклавы жылдан-жылга чоңоюп, кеңейип бараткандай. Бул жерлердин шартын, география­-
лык көрүнүшүн, тушугуп калган абалын ошол жерде жашагандар билет. Борбордон тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөсө, ошондой шартка тушуккан элибиз, жерибиз мындан да жаман абалда калышы мүмкүн. Өлкөбүз өз чек арасын коңшу өлкөлөр менен тез аранын ичинде тактап, чечип алышы керек. Болбосо ушул күндөрдө да жерлерди акырындык менен тарттырып бараткандайбыз.
Сох анклавы аркылуу түштүктөн түндүктү карай Сок деп аталган дарыя агып өтөт. Башталышы Түркестан тоо кыркаларынын түндүк капталынан агып чыгып, Фергана өрөөнүнө түшүп Сыр-Дарыяга куят. Биз сөз кылып жаткан жерде дарыянын күн чыгыш жагында Бөжөй айылы, күн батыш боюнда Кара-Токой айылы бар. 1980-жылдарда өлкөбүз - СССР ошол тушка суу сактагыч курмак болгон. Техника-экономикалык негиздемелери бүтүп, cуу сактагычты куруу башталар кези гана калган. Айрым тоскоол болчу аскалар жардырылып, ошол
объектидеги кыштактар көчүрүлүп да башталган. Ошондо Кыргызстандын Кара-Токой айылы суусу жок Айгүл-Таш деген жерге көчүп чыккан. Өзбек ССРи аттырып ишти баштаган аскада байыркы замандарда жазылып калган жа-
зуулар, сүрөттөр да бар болуп, маданий мындай эстеликтин жок кылынышына каршы Ош мамлекеттик университетинин доценти (азыр профессор) Л. Жусубакматов бир нече макалаларды жазгандыгы эсибизде. Кийин CCCР таркап кетип, суу сактагыч курулбай калды. Көчүрмө болгон кыргыз айылында көчүп чыккандардын орду "суу сактагыч курула турган жер" болуп ээн калган. Ал жерде азыр көчүп чыкканга үлгүрбөгөн каратокойлуктардын жарымы жашап жатышат. Суу сактагыч курулат шылтоосу менен Өзбекстан бир канча дың жерлерди өздөштүрүп алып, азыр Кара-Токой кошуна кыштак Боз-Адырга аз гана тилкеде каттоо жолу менен байланышып, анклав болуп калар абалга жакын.

"Айбалаевдин дубалы"

Чоң өлкөбүз "кыйрап", ар бир союздук республика өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп калгандан кийин ошол илгерки кыйынчылык андан бери оорлоп келатат. 1990-жылдардын аягындагы кыйынчылыктын бирин гана айтайын. Райборбор Кадамжайдан Ошко карай чыга бериш жол Өзбекстандын аймагында калып, Өзбекстандын чек арачылары ошол Кадамжайдагы посттон кыргызстандыктарды күн сайын кечки саат 20.00дөн эртең мененки саат 08.00гө чейин тосуп, чек арасын жаап өткөрбөй койгон мезгилдер болгон. Кудай жалгап кылымдардын тогошкон кезинде Баткен облусу уюшулуп, ошол кездеги губернатор М.Айбалаевдин жеке салымы менен Кадамжайга кире бериштеги чоң жолдун ортосуна бетон дубалдар коюлуп, анын күн чыгыш жагынан Кыргызстандын автоунаалары тоскоолдуксуз өтүп калышты. Ошол "Айбалаевдин дубалы" азыр да бар. Жол болсо карта боюнча Өзбекстандыкы экен. Бирок коңшу өлкө аерге зым тор тартпаганынан улам талаш жер бойдон болуш керек деп ойлойбуз. Ал эми кыргызстандык жергиликтүү эл буга башкача көз карашта.
Бирок Өзбекстан аны каалаган учурда дагы эле тосуп коёт. 2010-жылдагы Ош окуясы кезинде ошол жер айлап тосулуп турду. Облус­тун эли тоо аралап "жапайы жол" менен каттап турушту. Дагы да элге ыракмат, бул сыяктуу анча-мынча кыйынчылыктарды көтөрүп гана тим болот.
Кыскасы, өлкөбүз Баткен аймагына СССР кезиндегидей кол шилтеп мамиле кылбай, чек ара маселесин жеринде кыргызстандык да, өзбекстандык да, тажикстандык да туруктуу жашаган калк менен тыгыз байланышта, ынтымактыкта, өз ара түшүнүүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп чечип алышы керек. Мамлекетибиз жеринин да, элинин да коопсуздугун, кызыкчылыгын көздүн карегиндей сакташы керек.
Ибраим АБДУВАЛИЕВ,
КРнын Улуттук илимдер академиясынын
Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2013-ж.:










??.??