"Кыргыз туусу", 05.02.13 Дубандардан эмне кеп?
Нарын

Карышкырды карыштырып
Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл өкмөтүндө карышкырга каршы айыл эли мезгил-мезгили менен аттанышууда. Бул жолку сапарда жаш мергенчи Эркинбек Сариев килейген канчык карышкырды сулаткан. Сойгондо териси адамдын бою менен тең болгон. Ошондой эле Мокан Бекболотов бир бөрүнү капканына алган. Ушинтип төрт түлүктүн зыянкечи четинен жок кылынууда.

Көпүрө куруп алышты
Алмазбек Шерманбетов жетектеген Жерге-Тал айыл аймагынын Чолок-Кайың айылынын жогорку жагындагы Уй-Сарай участкасында үй-бүлөлөр жашашып, андан окуучулар күн сайын мектепке кыйла алыс жерден жөө келишчү. Ортодогу сайдын суусу кышкысын ашып кетип, айрыкча өспүрүмдөр өтө алышпай кыйналышчу. Айыл өкмөт башчысы демилге кылып, элдин күчү менен 12 метр аралыкка жакшынакай көпүрө курулду.

Боз үй сатып алынат
Т.Турусбеков жетектеген Баетов айыл аймагынын тургундары демилге көтөрүштү. Анда айыл өкмөт башчысы айылдык кеңештин башчысы менен бирдикте 18 кварталдын жетекчилерин чогултуп, сүйлөшүүдө жамандык-жакшылыкта пайдаланылуучу боз үйдүн жоктугу күн тартибине коюлуп, аны жашоочулардын сүрөөнчүлүгү менен сатып алмай болушту. Болгондо да эки чоң ак өргөө, казаны, тулгасы менен жыл аягына чейин сатылып алынмакчы. Бул саамалык айыл аймагындагы эң жакшы жөрөлгө болду.

Ө. ДӨЛӨЕВ, Ак-Талаа району


Катуу көзөмөлгө алынууда
Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорун аралап аккан Ала Буга дарыясында 12-январь күнү үйөр жүрүп, натыйжада Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Терек деген жерде орун алган "Ала Буга" суу сормо бекетинин тосмосуна 115 миң м3 көлөмдөгү муз сыныктарын агызып келип кептеп таштаган. Жергиликтүү адис­тер курулган дамбага олуттуу зыян келтирилип, абал көзөмөлдө тургандыгын билдиришүүдө.
Жагдай менен Өкмөт өкүлү Канатбек Муратбеков жерине барып таанышып, шыкала жыйылган муз сыныктарын жардыруу­га болбостугун, себеби андай шартта муз алдында калган дамбанын бир бөлүгү да бузулуп калышы абзелдигин, ошондуктан өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлерин да көзөмөлдөөгө тартуу зарылдыгын белгиледи.
1992-жылдан бери аталган ССБда кыбаачы-электрик болуп иштеп келе жаткан жергиликтүү тургун Мамытбек Абдрасулов мындай окуя 2000-жылдарда дагы болгондугун кеп кылды.
- Негизи үйөр болуп эле турат. Бирок ушундай январь айында чанда бир жылдарда кайталанат болуш керек. 2000-жылы кышында ушундай чоң үйөр келип, жанагы тосмонун кырынан муздар ашып кеткен. Быйыл болсо муздар тосмонун кыры менен тең болуп калды. Бул Ала Буга суусу тээ Арпадан баштап агып, анан кууш капчыгайлар аркылуу өтөт. Мисалы, Ботокой деген кууш жер бар. Балким ошол жерге муздар чогулуп, анан андан беркисин кошо айдап келди болуш керек, - дейт М.Абдрасулов мырза.
- Ушул Ала Буга суусуна "Бычан" деген өрөөндүн дагы суулары келип кошулат. Ал жерден алтын изилдейбиз деп кытайлык фирма эки жыл чалгындаган. Анан жергиликтүү эл каршы чыгышып кубалап жибергенбиз, - дешет кошдөбөлүк эки тургун.

Кыштоолордогу малчыларга барды
Өкмөттүн өкүлү Канатбек Муратбеков Ак-Талаа районундагы алыскы Кош-Дөбө айыл аймагындагы тиричилик кылып жаткан малчылардын абалы менен жеринде таанышып чыкты. "Сасыктын Оозу" деп аталган кыштоодо эки гана малчы жашап, эмгектенет экен.
- Быйыл эми абалыбыз кудайга шүгүр, былтыркыдай эмес. 2 айга толук тоют себелги болду. Мен болсо бир катар элдин малын дагы деле бада катары ар бир башын 25 сомдон багып жатам. Мал талаада кайтарылууда, - дейт ушул кыштоодогу малчынын бири Муратаалы Мурзакматов. Ал эми Туз-Талаа деген аяк-башы көрүнбөгөн кыштоодо жалпысы 10 малчы туруктуу кыштап чыгаарын 70 жаштан ашкан карыя Камчыбек Жумагулов билдирди.
- Биздин кемчилик ушу, алдын ала иш кылбайбыз. Мисалы, былтыр жазында ушул жерлерде ат менен да бастыруу оор болгон. Анткени кар калың жааган. Малдын өлү­­­гүн иттер жебей калган. Ошондуктан биз кыштоолордогу малчылардын абалы менен алдын ала кабар алалы деп кыдырып жатабыз. Буюрса, тоютуңуздар кенен экен. Ал эми насыялар 10 пайыз менен,техникалар болсо лизинг аркылуу берилгени калды. Буюрса, өкмөт тарабынан атайын вертолет менен карышкырларды атуу үчүн 500 миң сом берилгени жатат. Биз колдон келишинче карышкырларга каршы иштерди жасай беребиз, - деп жооп кылды облус жетекчиси.

Күмөндөр УСУПТЕГИН


ЫСЫК-КӨЛ
Такталып жакшы-жаманы, татыктуулар алды жазаны
Өткөн жылдын иш жыйынтыктарын караган "Чыгыш электро" ААКсынын жалпы жы­йынында курч сындар айтылып, деректирлер кеңеши Ысык-Көл жана Нарын облус­тары боюнча аймактык электр тармактарынын өз-өзүнчө берген маалыматтарын коом­­­дун биргелешкен талкууларынан соң эмгектик жамааттардын жана алардын жетекчилеринин кетирген кемчиликтерине жараша ар кандай жазалар берилди.
Алардан алынган расмий маалыматтарга караганда, ААКнын Нарын облустук бөлүмүнүн деректири Ы.Наркеев, Нарын жана Тянь-Шань (РЭТ) райондук электр тармагынын башчылары: К.Дүйшеев, М.Муса­лиев, Балыкчы жана Нарын РЭТ башчыларынын орун басарлары: М.Өмүров, У.Со­пакунов ээлеген кызматтарынан четтетилип, 13 бөлүм башчыларына жана жооптуу кызматкерлерге сөгүш, эскертүү берилип, талкууларда айтылган иштиктүү сунуштар менен сын-пикирлерден алдыдагы үч айлыкта толук жыйынтык чыгаруу токтому кабыл алынган.

Кыйла дүрбөтүп
элди, кырсык
айттырбай келди
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан алынган расмий маалыматтарга караганда бир апта мурда болуп өткөн жер титирөөлөрдөн облустун чыгыш тарабындагы, негизинен Түп аймагы, Ак-Суунун "Жыргалаң шахтасы" жагы көбүрөөк, 103 турак-жай, кээ бир мектеп жана айылдык ФАПтын имараты ар кандай деңгээлдерде жабыр тарткандыгы белгилүү болду.
Бул окуяга чейин өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгаруу учурунда кийинки он жыл ичинде жалпы облус боюнча өтө кооптуу деп эсептелген 897 жеке үйлөрдөн 310 бүлө гана көчүрүлүп, калгандары конуш которуудан баш тартышканын, алардын басымдуу көбү - 244 авариялык абалдагы турак үй Тоң аймагына, калган 68 үй Балыкчы шаарына, демек, зилзала коркунучу негизинен Көл өрөөнүнүн күн батыш тарабына көбүрөөк тиешелүүлүгүн баса белгилешкен эле.

Жээнбай ТҮРК




Ош
Алгачкы
ресурстук борбор
Жакында Ош шаарында Кыргызстанда алгачкы болуп, чек араны аныктоо жана тактоо боюнча ресурстук борбордун расмий ачылышы болуп өттү.
Аземде чыгып сүйлөгөндөр ЕККУнун каржылоосу менен ачылган бул борбор Фергана өрөөнүндө жайгашкан мамлекеттердин паритеттик комиссияларынын сүйлөшүү жана изилдөө иштерин жүргү­зүү­чү, чек араларды тактоого жана аныктоого жардам берүүчү, эл аралык мыйзамдарды тастыктоочу жана картография түзүүчү, чечилбеген чек ара маселесине жардам берүүчү жайга айлана тургандыгына ишеним билдиришти. Ошондой эле кеңсени капиталдык ремонттон өткөрүп, ага керектүү эмеректерди, керектүү сандагы оргтехникаларды сатып берген ЕККУнун дарегине ыраазылык сөздөр айтылды.
ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги борборунун аскердик-саясий бөлүмүнүн жетекчиси Росс Браун: "Чек араны делимитация дана демаркация маселеси татаал жана маанилүү маселе болгондуктан, мындай борборду ачуу боюнча КР Өкмөтүнүн жана тышкы иштер министрлигинин демилгеси колдоого алынууга тийиш болчу, биз чек араларды чечүү маселесине киришпейбиз, бирок, техникалык жардам берүүгө даярбыз", - деп айтты. Анын айтуусунда келечекте мындай борбор Бишкекте, Жалал-Абадда жана Баткенде да ачылмакчы.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ


Баткен

Баткенде 34 эгиз ымыркай төрөлдү
Бул маалыматты Баткен облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Махбуба Хусеинова билдирди. Анын айтымына караганда өткөн жылы аталган төрөт бөлүмүндө 2464 төрөт катталган болсо, алардын 34ү эгиз ымыркайлар. Ошондой эле, 31-декабрь күнү төрөт бөлүмүндө 6 төрөт катталса, жаңы жыл күнү 4 төрөт катталып анын төртөөсү тең кыз болгон.
- 15-январь күнү Баткен районунун Кыштут айыл округуна караштуу Газ айы­­лынын тургуну Абдижапар кызы Эркинай төрөт бөлүмүнө келип, ай-күнүнө жетпей 8 айлык ара эгиз кыздарын төрөдү. Чарбак, Бөжөй айылдарына дагы төрөт бөлүмдөрүн ачып, аларды заман талабына жооп берген жабдуулар менен камсыз кылышыбыз керек, - дейт төрөт бөлүмүнүн башчысы М.Хусеинова.

Өткөн жылы
туристтер арбын келишти
Лейлек райондук мамлекеттик адми­нистрациясы менен "Саркент" эс алуу паркынын биргеликте ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Лейлек районунун аймагына 2012-жыл ичинде 28324 туристтер келишти. 2011-жылга салыштырмалуу 13654 туристке көп болду. Мунун ичинен келген туристтердин негизги бөлүгүн жакынкы өлкөлөрдөн келген туристтер түздү. Жергиликтүү аткаруу бийлиги туристтердин санын көбөйтүү багытында мүм­күн­чү­лүккө жараша иштерди алып баруу менен жергиликтүү бюджетке кирешелерди түшүрүүнү максат кылууда.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА




Талас
Табигат кырсыгы
чоң зыян келтирди
Талас облусунун аймагында өткөн 2012-жылы сел ташкындарына байланыштуу 8 өзгөчө кырдаалдар катталып, жалпы материалдык чыгым 48 млн. 971 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Мурат Рысалиев билдирди. Өрөөн боюнча жалпысынан 258 үйдү сел каптап, 17 турак үй жараксыз абалда калып, 6 даана ички чарбалык көпүрөлөр бузулуп, 1343 баш кой-эчки сууга аккан. Мына ушул табигый кырсыкты жоюу иретинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгы тарабынан 6170 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп, 31 атайын техникалар тартылган. Табигый кырсыктан жабыркаган 102 үй-бүлөлөргө Кыргыз Өкмөтү тарабынан 50 миң сомдон 200 миң сомго чейинки жеңилдетилген шарттагы узак мөөнөттүү жалпы суммасы 18млн.900 миң сомдук ссудалар берилген.

"Жаңылыктар
банкы" түзүлдү
Облустун социалдык-экономикалык өнү­­­­­гүүсүндөгү позитивдүү өзгөрүүлөрдү, орун алган көйгөйлүү маселелерди эл арасына кеңири жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын алдында жана жер­гиликтүү мамлекеттик администрацияларда, айыл өкмөттөрүндө "Жаңылыктар банкын" түзүү ылайык деп табылды.
Райондук мамлекеттик администрация­ларда, шаар мэриясында, айыл округдарында жана облустук ишкана-мекемелерде жаңылыктарды жана маалыматтарды топтоп облустук өкүлчүлүктүн "Жа­­ңылыктар банкына" убагында үзбөй жөнөтүп туруу үчүн жооптуу кызматкерлерден турган атайын адисти дайындоо жагы да кабыл алынган токтомдо каралды.

Артисттер
камкордукта
Таласта К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрдын уюшулуп, иштеп жатканына үч жыл болот. Мына ушул кыска убакыттын ичинде драмтеатрдын чыгармачыл жамааты 70тен ашуун спектаклдерди облустун элине тартуулашып, андан түшкөн 300 миң сомдук акча каражатын театрдын атайын эсебине которушкан.
Кыргыз улуттук академиялык драма театры­­­­нын алдындагы окуу жайынын жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство инс­титутунун бүтүрүүчүлөрүнөн турган чыгармачыл жаштарга жашап, иштөө үчүн облус­тук администрация атайын имарат бөлүп берип, Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрлиги ошол бөлүнгөн имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өт­кө­­рүү үчүн 980 миң сом акча каражатын бөл­гөн.
Козубек ИМАНКУЛОВ