"Кыргыз туусу", 05.02.13 Курулуштар мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлөт
"Бардык пландаштырылган курулуштар мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүүгө тийиш. Биздин чек ара аймагында жашаган жарандар эртеңки күнгө ишеним менен кароо-
лору керек. Куру убадалар менен биз бийлик органда-рына болгон элдин ишенимин жоготуп алабыз. Ошондук-тан ар бириңиздер аз сүйлөп, көп иштешиңер керек", - деди Премьер-министр Баткен облусунун социалдык-экономикалык инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде.


Жыйында Ж.Сатыбалдиев бекитилген планды жүзөгө ашырууда жайбаракат аракеттенишкен энергетика жана өнөр жай, унаа жана байланыш министрлерин (сүрөттө), Өкмөткө караштуу курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамагенттиктин директорун сынга алды жана аткарылган иштер боюнча жума сайын отчёт берип турууга тапшырма берди.
Бекитилген план боюнча Чарбак жана Таян айылдарында суу түтүк тармагынын, Чарбак айылындагы ФАПтын, "Көк-Таш - Аксай - Тамдык", "Айгүл-Таш - Согмент - Чарбак - Таян", "Бел-Сөгөт - Бөжөй" автожолдорунун, Чарбак, Кыштут, Таян, Согмент
айылдарында альтернативдүү электр өткөргүч чубалгысынын курулуштары бүткөрүлмөк-
чү.
Д.ӨМҮРЖАНОВ


Эки элдин элдешүү иш-чарасы өттү
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, "Кыргыз Туусу"
Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында Сох анклавында чыккан чек ара чыр-чатагынан соң бул аймакта жашаган эки республиканын жарандарынын элдешүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Фергана облусунун жетекчиси Шухрат Ганиев баштаган чек ара кызматынын, ИИМ жетекчилери баш болгон Сох аймагынан 25 сохтук кадырлуу карыялар келишти. Ал эми КРнын чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен районунун башчысы-аким Сейитмурат Калыков баш болгон топ Өзбекстандан келүүчү өкүлдөрдү Суу-Башы айыл округундагы Өрүкзар
айылынан тосуп алышты.
Эки республиканын облусунун жетекчилери, кыргыз-өзбек аксакалдары элдешип, өз ара пикир алышты. Элдешүү учурунда кызыл кандуулукка азгырылган жаштарга насаат айтуу, эбактан бери бир өрөөндө жашап, бир жолду баскан кыргыз өзбек ынтымагын бекемдөөдө бат-бат жолугушуп, маданий иш-чараларды өткөрүп туруунун зарылчылыгын айтыш-
ты.





Россия "Ысык-Көл форумун" колдоодо
Ааламдын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов 1986-
жылы дүйнөдөгү атактуу
калемгерлерди, философ-торду, саясатчыларды жыйып, эл аралык "Ысык-Көл форумун" өткөргөнү эсибизде.

Жакында Россиянын Свердлов облусуна иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева баштаган эл өкүлдөрү Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына байланыштуу кереге кеңеш жыйынына катышып келишти. Аталган облус 2013-жылы өтө турган "Үчүнчү Ысык-Көл форумун" колдой тургандыгын билдиришиптир. А.Сасыкбаеванын айтымында форум сентябрь айын­да өткөрүлөрү болжолдонууда.
Андан тышкары, депутаттар кыргыз мигранттары менен жолугушкан. Свердлов облусунда да Россиянын жарандыгын алууга кызыккан кыргыз мигранттарынын катары токтоосуз өсүп бара жатат. "Учурда мекендештерибизди пенсиялык камсыздандыруу маселеси абдан түйшөлдүрүп жатыптыр. Жакында тиешелүү мамлекеттик органдар менен аталган көйгөйдү кантип чечүүнү сүйлөшүүгө киришебиз", - деди төраганын орун басары.
Назира АЛИЕВА


Көйгөй
Селсаяктар,
үйүнө барбаган балдар...

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында селсаяктык турмушта жашаган адамдар менен ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар текше-рүүгө алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Райондук мамадминистрация кызматкерлери укук кор­гоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүдө автожуугуч жайлар жана компьютердик клубдар текшерилди.
11 компьютердик клубдарды текшерүүдө түнкүсүн ата-энесинин уруксатысыз клубдарда жүргөн жашы жете элек балдар аныкталды. Бул компьютердик клубдардын администраторлору менен да профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жашы жете элек балдарга карата кызмат көрсөтүүнүн эрежеси түшүндүрүлдү.
Ал эми селсаяктык турмушта жашаган адамдарды аныктоо боюнча жылуулук өткөргүчтөрү, автобекеттер текшерилди. Текшерүү учурунда 2 адам аныкталып, алардын бири Нарын облусунан, экинчиси Жалал-Абад облусунан келгендиги такталды.
"Кабар"




Багетчи Руслан
Айша АЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Бишкекте багет (рама) жасоочу төрт ишкана бар. Биз алардын бирин жетектеген багетчи Руслан Жуматаевдин өнөрканасында болуп, ишмердүүлүгү менен тааныштык. Ишкана Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жертөлөсүнөн орун алган. Эки бөлмөлүү чакан ишканада багеттин бардык түрлөрү жасалат. Пластиктен, ошондой эле жыгачтан ар кандай өлчөмдөгү багеттер тез жана арзан баада сапаттуу жасалганы менен кардарларын ыраазы кылып келет.
Учурдан пайдаланып биз ишкананын жетекчисине бир-эки суроолор менен кайрылдык:
- Руслан, кандайча бул кесипти аркалап калгансыз?
- Мындан он эки жыл мурда бир досума жолугуп калдым. Ал досум: "Сүрөттөргө рама жасаш керек болуп жатат. Орустар Россияга кетип калып, рама жасаган киши жок..." - деп калды. Көрсө, досум өзү орустардан үйрөнүп калган экен. Ойлонуп көрсөм колдон келе турган иш экен. Ошентип ошол күндөн азырга чейин болгон күчүм менен эмгегимди ушул ишке арнап иштеп кела-
там.
- Алгач ишти эмнеден башта­дыңыз?
- Адегенде колго жасалган станоктор менен иштеп баштагам. Бара-бара заводдон жасалган станокторду Кытайдан алып келип, азыр ошол станоктор менен иштейбиз. Бизге көбүнчө сүрөтчүлөр, художниктер жана жөнөкөй адамдар кайрылышат. Алардын суроо-талабын канааттандырып, рамалардын түрлөрүн тез жана сапаттуу жасап берүүгө аракет кылабыз. Ардагерлер да келишет, аларга кээде бекер эле жасап коёбуз. Анткени алар ар кандай болушат, байы да бар, кедейи да бар дегендей...
- Шаарда мындай ишканадан төртөө бар экен, алардан силердин кандай айырмаңар бар?
- Айырмабыз ушул, биз өзүбүз чыгарган продукция менен иштейбиз, башкача айтканда рамаларды пластиктен тышкары жыгачтан да жасайбыз. Баарын өзүбүз сатып алабыз. Маселен, териге (кожага) тарткан сүрөттөргө пластик жарашпайт. Ага раманы жыгачтан гана жасаш керек. Биз ортомчуларсыз иштейбиз, ошондуктан баасы да арзаныраак. Чөнтөгү жука, карапайым адамдар көп келишет. Элдин суроосун канааттандыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшап, чыгармачылык менен кооздоп жасап берүүгө аракет кылуудабыз.
- Канча киши иштейсиздер жана бул жерди ижарага алгансыздарбы?
- Мен өзүм эле, шакирттерим бар. Алар жардамдашып, колума кол, бутума бут болуп иштеп турушат. Бардык жасаган иштерибиз мыйзамга ылайык, салык, электр энергиясы менен ижара акысын өз учурунда төлөп турабыз. Элден өтүнмөлөрдү кабыл алабыз. Күзгүлөргө да рамаларды ар кандай өлчөмдө жасап беребиз. Кыскасы, бизге кайрылгандардын бардыгына эшигибиз ар дайым ачык.
- Анда ишиңерге ийгилик!
Сүрөт автордуку