"Кыргыз туусу", 05.02.13 Жөн эле...
Күлүйпа эже
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы боюнча жергиликтүү инвестициялык комитеттин төрайымы Күлүйпа Мангытова эжекеге райондун автобекетинен кезиктик. Алдыбыздан тосуп, акмалап жүргөн экен, экөөбүз ээрчишип алып, каяккадыр бет алдык. Алгачкы кар жааган маал. Күн суук. Жолдор көк муз, жылгаяк. Бири-бирибизди кармашып, жөлөп-таяп кетип баратабыз... Ушул убакта эже эмнени ойлоп баратканын билбейм, мен болсом: "Дайыма ушинтип, жөө-жалаңдап жүрүп иштесе кыйын эле го?" - деп ойлоп келаттым. Биз райондун бейтапкананасына келиппиз. Бирок, эже менен биринчи жолу көрүшүп жаткандыктан, бул жерге эмнеге келгенибиз мага али табышмак болчу. Маалым болгону, биздин каарманыбызды бу тегеректе баары таанып-билет сыяктуу, анткени, бет алдыбыздан кезиккендердин кимиси болбосун жылуу жүз менен карап, баш ийкеп учурашып, айрымдары токтой калып жол бошото коюп жатышты. Бейтапкананын ичине киргенибизде эле бизди дарынын жыты менен кошо уядай жылуулук, тазалык, жагымдуулук тосуп алды. Экинчи кабаттын коридору аркылуу баратып, "Жыйындар залы" деген жазуусу бар каалганын жанына бир аз токтоп: "Бул - биздин АРИС долбоору аркылуу жетишкен алгачкы ийгилигибиз", - деди эже. Андан ары узап, чакан кабинетке жеткенибизде, каалганын сыртындагы: "Эмчи айымдардын башчысы Мангытова Күлүйпа Сагынбаевна" деген жазууну окудум...

Иш-чаралар эми көчөдө эмес,
жыйын залда өтөт
- Каякта жүрсөм да ак халатымды аябай сагынып турам, - деди эже халатын кийип жатып. Айткандай эле, эми эле чарчап, чаалыккансып турган эженин дароо башкача болуп өзгөрө түшкөнүн байкадым.
Андан соң эжеке мени жанагы жыйындар залына баштап келди. Көрсө, бейтапканада башта жыйын залы жок, дарыгерлер кээде сыртта туруп алып жыйын өткөрүшчү экен.
- Айылыбызга АРИСтин келиши менен көп көйгөйлүү маселелерибизди чечип алдык. Ар бир жамаат өзүнүн муктаждыктарын айтып чыгышты. Долбоорлорду жазышты. Ошондо мен дагы ушул бейтапкананага өтө зарыл болуп жүргөн жыйын залын ремонттоп чыгып, ага керектүү эмеректерди алуу үчүн долбоор жазсам жактырылып, ушундай бир бактылуу болуп, кубанганыбыз эсимде, - дейт агынан жарылып.
Ошентип, "Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн" дегендей, долбоорду өткөрөрүн өткөрүп алдык, эми аны кантип ишке ашыруу керек?" - деген маселе эжени тынч отургузбайт. Анан, кудум бүгүнкүдөй түтүндү түрө кыдырып, элге: "АРИС биздин материалга кеткен чыгымды төлөп берип жатат. Калган жумуштун баарын өз күчүбүз менен жасашыбыз керек", - деп түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
- Ал эми бейтапкананын кызматкерлери болсо, иштен кийин түнгө калып же кезектешип иштеп, өзүбүз шыбакчы, өзүбүз уста болдук. Сырттан алардын урук-туугандары,
айылдыктар келип кол-кабыш кылып жатышты. Ошентип, мына бул заманбап жыйын залыбыз жакшынакай болуп туруп калды, - дейт Күлүйпа айым.

Ичте жүрсөңүз, сыртта кыш
экенин унутуп каласыз...
Күлүйпа Сагынбаевна медицина тармагында 36 жылдан бери иштеп, ага жергиликтүү эл эмчи айым эмес, дарыгер катары мамиле кылышат экен.
Ал эми сыртта болсо, ага элдин тагдырын чечүүчү лидер катары, ишеним менен карашарын бейтапканага келген Чынара Сансызбаева
эжеке:
- Күлүйпанын мүнөзү бир карасаң өтө жумшак, адамгерчиликтүү, мээримдүү, бирок, ошол эле убакта ишин мыкты билген, талапты катуу койгон, баштаган ишин аягына чыгармайынча жаны жай албаган лидер. Күлүйпаны мен медицина кызматкери катары 1983-жылдан бери билем. Кандай гана иш болбосун жол таап, жаңы нерсе жаратып, буга шайкеш келген уюштуруучулук сапаттары да өзгөчө. Үй-бүлөсүндө болсо мээримдүү, сүйүктүү эне, урук-тууганына алымдуу аялзаты. Бир уулу география сабагынан мугалим, бир уулу бизнес менен алектенип жүрөт, кыздарынын бири өзүнүн жолун жолдоп, Каракол шаарындагы медициналык колледждин 2-курсунда билим алууда. Айтор, мына бул мелмилдеген жылуулук кандай болсо, анын жан дүйнөсү да ошондой... - деп айтып отурду.
Жылуулук демекчи, ал жерде отургандардын айтымында, бир убакта жылуулук системасы иштебей калгандыктан, бейтапкананын ичинде кыш кычырап, ооздон көк түтүн буркурап турчу экен. Андыктан, дарыгерлер түгүл, ооруп келген жергиликтүү адамдар дагы кышкысын бул жерге келүүдөн заарканып калышканын айтышат. АРИСтин айылга келиши жана ЖИКтин төрайымынын жигердүү иш-аракетинин аркасында, мына ушул көйгөй дагы чечилип, жылуулук системасы ишке ашырылыптыр.
- Ар бир кыш келген сайын жүрөгүбүз ооруп турар эле. Эми болсо, өзүңүз көрүп тургандай, мынакей, бизде ал проблема эчак унутулган. Бейтапкананын ичине кирип кетсеңиз, сыртта кыш экенин унутуп каласыз, - дешет дарыгерлер.

"Какаганга - муштагандын"
ордуна, эми - гастроскоп!
Булардан сырткары, дарыгерлерди эле эмес, жалпы айылдыктарды кубанткан жакшы окуя - АРИС долбоорунун алкагында үй-бүлөлүк медициналык борборго баасы 960000 сомдон турган "гастроскоп" аппаратынын алынышы. Тактап айтканда, ашказан оорусун текшерүүчү мындай аппарат райондо буга чейин болбогондуктан, бейтаптарды аппараттан өтүп келиш үчүн Бишкекке, Караколго жөнөтүүгө туура келген.
Ансыз да ооруп, жаны кейип турган адам үчүн мунун канчалык машакат жаратарын билип жатсаңыздар керек. Биринчиден, бейтап адам жолдо жүрүүгө туура келет. Экинчиден, ал жакка барып келиш үчүн жол кире кетет, үчүнчүдөн, убактысы өтүп жатат. Эми болсо, тургундарыбыз мындай убарачылыктарды тартпай калышты. Ушул жерден эле гас­троскопиядан өтүп, ушул жерден эле оорусу аныкталат жана дарыланышат.

"Өзүмдү да,
үй-бүлөмдү да унутуп иштедим..."
Кыргыздын аялзаты атамзамандан эле коомчулуктун "жеңилин жерден, оорун колдон алып", керек болсо Жаңыл-Мырзадай болуп элдин ар-намысы үчүн баштарын канжыгага байлап келишкен.
Мына ошондой асылзаада эжелерибиз бүгүн да бар экенине Күлүйпа Мангытова эжеге жолуккандан кийин дагы бир жолу ынанбай коё албайсың. Эки кыз, эки уулдун жана алты неберенин бактылуу энеси, өмүрлүк түгөйү Дүйшөналы абанын сүйүктүү жубайы, өз кесибинин устаты К.Мангытова учурда жеке эле бейтапканасында эмес, (АРИСте) ЖИКтин төрайымы катары жергиликтүү калк арасында дагы урмат-сыйга ээ.
Ошентип, биз кайрадан жөө-жалаңдап жолго чыктык. Жолду катар Күлүйпа эже тогуз жылдын аралыгындагы ысык-суук, ачуу-таттуу күндөр тууралуу кеп кылып келатты.
Анын айтымында, АРИСтин тогуз жылынын аралыгында Кызыл-Суу айыл аймагындагы мектептерге, бала бакчаларга, маданий жана муниципалдык мекемелерге, спорттук комплекстерге инвестицияларды тартуу боюнча 40 кичине долбоор иштелип чыгып, анын баары турмушка ашырылыптыр жана бул кичине долбоорлорго АРИС аркылуу тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 9713566 сомду, ал эми элдин салымы 2934537 сомду түзүп, жалпы кеткен чыгым 12468103 сом болгон экен.
Эже экөөбүз улам артыбызга кылчайып, артта келаткан машинелерге кол көтөрүп коюп жаттык. Бир топко чейин өтүп кетип, бир машине кайра арты менен жылып келип, жаныбызга токтоду. Аял айдоочу экен. Эже менен жылуу учурашып:
- Эжеке, качан көрсөм эле ушинтип чуркап, жөө-жалаңдап иштеп жүргөнүңүздү көрөм, мунуңузга жакшы эле төлөшөбү? - деген суроо узатып калды. Баятан бери ушуну сурай албай келаткандыктан, мен да жандана түштүм.
- ЖИКте жана башка коомдук иштерде акысыз эле иштейбиз. Баарыбыз тең эле акчанын артынан түшүп, жеңил оокат издеп кетсек, карапайым элдин көйгөйлөрү көрөңгөлөп кетпейби. Көрүп туруп курсак кайнайт дегендей, баарына көзүң жетип турса, кантип жөн эле басып жүрө аласың? Анын үстүнө, кандай гана иш болбосун, анын оорчулугуна карабастан, баштагандан кийин аягына чыгыш керек да, - деп жооп берди.

Үй-бүлөмдүн,
өзүмдүн кызыкчылыгым...
- Пржевальскидеги медициналык окуу жайдын эмчи айымдык бөлүмүн 1976-жылы бүтүргөм. Өзүм сегиз бир тууганмын.
Ата-энем карапайым, бирок иштерман адамдар боло турган. Мендеги өжөрлүк, тырышчаактык сапат ошолордон калса керек деп ойлойм. Кесибимди аябай жакшы көрөм, - дейт эже.
Мени таң калтырганы, айлыгы жок, жөө-жалаңдап иштеп жүргөн ушул ЖИКтин төрайымы деген жоопкерчиликти аркалап жаткандыгына сыймыктанганы болду:
- Эмгегимди эл баалап, 2006-жылы эле ЖИКтин төрайымы кылып шайлап коюшту. Ооба, убагында элдин салымын жыйноодо ар кандай түшүнбөстүктөр, долбоорлорду жактаган учурларда кыйынчылыктар болду. Аба ырайынын ар кандай учурларында үймө-үй кыдырып иштедим. Андай учурларда, чындыкты айтсам, үй-бүлөмдүн, өзүмдүн жеке кызыкчылыгым, убактым менен эсептешкен жокмун. Эми артыма кылчайып карап, мага моралдык колдоо көрсөткөн жолдошума, балдарыма, анан да мага ишеним берген элиме ыраазымын…
Билбейм, бул көп чекиттин артында эмне жатты экен? Балким, элдин жакырчылыктан чыгышы үчүн ЖИКтин төрайымы катары жүзөгө ашырып, ийгиликтүү жыйынтыктап жаткан иштери үчүн чын эле курсант болуп, эли-журтуна ак кызмат кылганы үчүн өзүн бактылуу сезет чыгар?
Эмнеси болсо да, биз түшкөн машине С.Абдрахманов атындагы орто мектептин алдына токтоп, ушул сөзүбүз ушул жерден үзүлүп калды.
Мектеп директорунун окуу тарбия боюнча орун басары утурлап чыгып, азыр класстарда ремонт иштери жүрүп жатканын кеп салып, бизди жаңы эмеректер менен жабдылып, жаркыраган класстарга ээрчитип кирди:
- Мектептердин ремонт иштерине, класстарга парта жана башка эмеректерди алууга, кол эмгек сабагынын устаканасын жабдууга АРИС долбоорунан 4116059 сом тартылган. Ал эми буга элдин салымын кошкондо, жалпы чыгым 5453397 сомду түздү, - дейт ЖИКтин төрайымы.

Шалактаган сынык
парталар жок эми...
Мындан сырткары, ЖИКтин иш-аракеттеринин натыйжасында АРИСтин алкагында айылдардагы көпүрөлөрдү оңдоого же жаңысын салууга, спорттук комплекстерге спорттук инвентарларды алууга АРИС аркылуу 3046754 сом сарпталып, буга элден 732157 сом кошулуп, жалпысынан 3778911 сом жумшалганын кеп кылды.
Андан ары Д.Токтомушев атындагы клубга бет алдык.
Көз алдыбыздагы заңкайган аппак имараттын алдына келгенибизде эжеке:
- Ушул жерден сөзсүз эскере кетишибиз керек, Д.Токтомушев деген жигитибиз АРИС долбоору башталгандан тарта эле: "Элеттин балдарынын ден соолугу чың, күчтүү болушу керек. Андыктан, спорт комплекси сөзсүз керек!" - деп жатып долбоорун ишке ашырган абдан иштерман, мекенчил жигит эле. Долбоорун бүтүрүп коюп, ооруп каза болуп калды, -деген маалымат айтты. К.Мангытованын айтымында, азыр спорт комплекстин аты ошол жигиттин атын алып жүрөт экен. Эми анын ишин Бактияр деген иниси улантып, жаштардын арасынан республикалык турнирлерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон спортсмендер бар экенин айтышты.
Мындан сырткары, Кызыл-Суу маданият үйүн, Жалгыз-Өрүк айылдык клубун ремонттоого жана жабдууга АРИС долбоорунан 1059000 сом инвестиция тартылып, буга элдин кошкон салымы 321782 сомду түзүп, жалпысынан 1380782 сомго долбоор ишке ашырылган.
- АРИС долбоору биздин айыл үчүн эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн ушундай өтө көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, жакырчылыкты азайтууга, элди жакшы жашоого умтултууда материалдык, моралдык чоң жакшылыктарды жасады. Муну айылдын ар бир жаранынан сурасаңыз айтып бере алат, - дейт Күлүйпа айым.