кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2013-ж.:


п»ї


"Кыргыз Туусу", 15-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 12-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 8-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 1-февраль, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 22-январь, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 25-январь, 2013-ж.



Өлкөнүн бюджети бекиди

КР Президенти Алмазбек Атамбаев "2013-жылга карата республикалык бюджет жана 2014-2015-жылдарга божомол тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул мыйзамга ылайык 2013-жылдын кирешеси 89,3 млрд. сом, чыгашасы 106,2 млрд. сом менен, ал эми жалпы таңсыктык 16,9 млрд. сом эсебинде бекиди.

Чек аралар, жолдор ачылууда

Чек ара кызматы билдиргендей, алгач темир жолдор, 1-февралдан тартып "Кадамжай" - "Вуадиль" өткөрүү пункту, "Пүлгөн-Көк-Талаа" транспорттук каттамы, ал эми кечээтен тартып кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук", "Кенсай", "Маданият" унаа жолдору ачылды. Белгилүү болгондой, 1-февралда Баткен облусунда эки тараптын чек ара кызматтарынын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, ушундай жыйынтыктарга жетишишкен.

Малайзияда окуйм десеңиз...

Биринчи вице-премьер-министр Ж.Оторбаев Малайзияга болгон сапарында өлкө премьер-министри Наджиб Тун Абдул Разак менен жолугушуп, жыйынтыгында Малайзияда бекер жана акча төлөп окуй турган кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү чечилди. Мындан тышкары квоталык негизде эки тараптын эмгек ресурстары менен алмашуу маселеси да каралмай болду.

Жергиликтүү бюджетке акча көбөйөт

Көптөн бери жакшы көңүл бурулбай келаткан жергиликтүү бийликтердин абалы быйыл бир аз оңолчудай. Анткени, Финансы министри О.Лаврованын билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 2013-жылы 841,5 млн. сомго көбөймөкчү.

Америкадан кыргыздын ден соолугуна

Кыргызстандын медицина тармагына Америка Кошмо Штаттары 17 млн. долларга барабар гуманитардык жардам берүүдө. Дары-дармектер Бишкекке, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын медициналык мекемелерине таратылмакчы.

Хоккей боюнча мелдешебиз

Ушу жылдын 9-февралында Жумгалдын Чаек айылында хоккей боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага өлкөнүн курама командалары катышмакчы. Бул оюндун жыйынтыгы боюнча "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты чабуулчу" аныкталып, сыйлыктар берилет.
"Кыргыз Туусу"




Бекер жарыядан
береке тап
Урматтуу окурман!

Эгерде Сиз өз мүлкүңүздү сатууга коём десеңиз же бир нерсе сатып алам десеңиз, "Кыргыз Туусу" гезитине телефон аркылуу суроо-талабыңызды айтып койсоңуз эле болду. Мындан ары "Кыргыз Туусу" гезити жеке адамдардан түшкөн алуу-сатуу жарнамаларын гезит бетине акысыз жарыялап турат. Жарыя берүү үчүн 66-01-22, 62-20-32, 62-20-29 телефондоруна чалып, тийиштүү жарыянын мазмунун айтып, жаздырып коюу гана жетиштүү. Ошондой эле аймактардагы өз кабарчыларыбызга кайрылсаңыздар да болот: Ош шаарында - Төлөнбай Абдразаков, т.: 0773792117 . Жыпар Акунова, т.: 0555 359592 . Баткенде - Гүлчехра Тажи­баева, т.: 0773 124013 . Жалал-Абадда - Орозалы Карасартов, т.: 0770 810032 . Нарында - Күмөндүр Усуптегин, т.: 0772 435677 . Таласта - Козубек Иманкулов, т.: 0772 655905 . Караколодо -Жээнбай Түрк, т.: 0555 320769 . Чүйдө - Болот Жумагулов, т.: 0772267251 . Бар­дыгы­ңыздарды кызматташууга чакырабыз.
Бекер жарыяларды
15-беттен караңыздар!











??.??