Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0115_15.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0115_15.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0115_15.htm on line 2


п»ї

Өтөлдү өмүр, оордугу
жүктүн билинбей
Жыл жаңырар замат бир катар чыгармачыл адамдар менен баарлашып, өткөн улуу жыл чыгармачылык айдыңда кандай эсте каларлык жагымдуу окуялар менен коштолгондугун сурап, собол узаттык.

Суроо узаткан Догдурбек ЮСУПОВ, "Кыргыз Туусу"

Калканбай АШЫМБАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу:
"Кыргынды калыс
чагылдырууга
аракеттендим"
- Башкысы, Кудай ыроологон жашты жашап, өтөлгөлүү өмүр сүрүп келип, сексен жаштын сересинен өткөн өнөгөлүү өмүрүмө сезимталдык менен сереп салып турган кезим. Өткөн жылда мурдагы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ардактуу профессорлук наамына, эми К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессор, "Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу" наамдарынын кошулгандыгына кантип кубанбай коё алам.
Отуз жылдан бери жазып келаткан "Азат көчү" аттуу тарыхый романды аяктап, басмадан чыгардым. Чоң ашуудан ийгиликтүү ашкансып, жеңилдеп калдым. Учурдан пайдаланып белгилеп кетерим, ушул китепти чыгарууга каражат жагынан көмөктөшкөн көсөм жана айкөл иним Турдукожо Мукамбетовго ыраазычылык билдирем. Кыйла жылдан бери менин бир нече китептериме демөөрчү болуп келатат. Такай узанып жүргөнүмдү баамдап, чекмелеп туруп, туюнушка кумарланат. "Даанышман" аттуу романдын да жарыкка чыгыш чыгымын көтөргөн.
Көлөмдүү "Азат көчү" тарыхый романым тарыхый маалыматтарга, документтерге негизделип, ошондой эле Кыргызстандагы калктын 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкандарынын башынан кечирген кайгылуу окуяларын чындыкка жакын, ынанымдуу сүрөттөөгө аракеттендим.

Гүлзада РЫСКУЛОВА,
белгилүү ырчы:
"Түркияда эки
жолу ырдадым"
- Өткөн жыл мен үчүн сапарга чыгуунун жылы болду көрүнөт. Түркия Республикасына эле
эки жолу барып келиптирмин. Биринде, боордош өлкөнүн "ТРТ - Аваз" телекөрсөтүүсүнүн чакырыгы менен барып, Ыстамбул шаа­рында он күн болуп, күндө телеге тартылып, күндө кечинде телекөрүүчүлөргө тартууланып жатты. Сапардын башталышында жана аягында түз эфирге чыгып, өзүмдүн репертуарымдагы ырлардан ырдап бердим. Экинчисинде, эгемендик күнүнө карата Түркиядагы кыргыз диаспорасынан чакыруу алып, эгемендик майрамын Ыстамбул шаарында майрамдоого катышып, ыраакта жүрүшкөн жердештеримдин көңүлүн ачууга аракет жаса-
дым.

Ажем ажы МОЛДО ЖАМАНКУЛ уулу, жазуучу, акын:
"Адеп-ахлактыкты
даңазалай берем"
- Ажылык милдетимди өтөп, Кудай жолуна түшкөнгө чейин беш прозалык жыйнакты, "Айы­лым жөнүндө баллада" ыр китебин чыгарыптырмын. Кыргыз билим берүү институтунун окумуштуулар кеңешинин токтому менен "...ыймандык жол-жоболорун чечмелөөгө аракет жасагандыгы белгиленип... таалим-тарбия иштеринде кошумча адабият катары пайдалануу" жагы колдоого алынган "Алла" аттуу китебимдин тогузунчу томдугу өткөн жылдын этегинде жарык көрдү. Ыйман демекчи, адеп-ахлак жагдайында жылуу кабыл алынып жаткан китептеримдин жөлөгү менен Мухаммед пайгамбарды даңктоо боюнча эл аралык конкурстун байгесине арзып, Түркияда өткөн "Достук аптасына" катышып, Иран-Ислам Рес­публикасына да чакырылдым.
"Алла" китебинин бул томдугуна Алла Таалага болгон сүйүүлөрдүн аңгемелениши кеңири баяндалып, китептин көпчүлүк бөлүгүн адамзаттын уулу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган ыр топтомдору киргизилди. Кудай кубат берсе жылан жылында да Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков "Алла" китебинин экинчи бөлүмүндө ак жол каалап жазгандай, "адеп-ахлактык жактан байыткан, эч качан жамандыкка түртпөгөн" ыр түрмөктөрүн жаза бермекчимин.

Аман САСПАЕВ,
белгилүү жазуучу,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Кытайдагы
кыйынчылыктарды сүрөттөдүм"
- Бардык нерсенин өз сааты келет дегендей, 1979-жылдын 6-декабрында баштап жазып, 1992-жылдын 7-февралында акыркы сүйлөмүнө чекит койгон "Шашкедеги кара туман" аттуу автобиографиялык романымдын сааты чыгып, өткөн жылы "Турар" басмасынан жарык көрдү. Басманын жетекчиси Тилек Мураталиевге ыраазымын, бир тыйын акы албастан ушунча жыл сандыкта "сүрсүп" жаткан романымды чыгарып бербеди-
би...
Бул китептеги окуялар өзүмдүн башыман өткөндөр. Отузунчу жылдары үй-бүлөбүз менен Кытай жергесине качып барып, жолдо көргөн азап-тозогубуз, ал жактан баштан кечирген жокчулук, ачарчылык, жашоодогу ар кандай кыйноолорду көз алдыга келтирип, качан гана боштондукка чыккан күнгө чейинки өмүрүмдөгү урунттуу окуяларды элестүү баяндоого күч үрөдүм.

Амангелди БЕКБАЛАЕВ,
профессор, жазуучу, филология илимдеринин доктору:
"Бабабызды
баарыбыз
билишибиз керек"
- Буга чейинки беш-алты жылдын ичинде жарык көргөн "Аттила - гунндардын ханы" аттуу төрт китептен турган романымды, эки китептен турган "Хайреддин Барбаросса" жана "Миң чакырымга созулган жол, же дунган эли жөнүндө баян" романдарымды орус тилинде жазгам. Өзүм бардык чыгармаларымды орусча жазам. Бул романдарым тууралуу басма сөз беттеринде бир катар ой-пикирлер айтылды.
Накта байыркы кыргыздардын турмушу тууралуу жазылгандар орус тилдүү калктын анчалык кызыгуусун туудурбагандыгын байкадым да "Аттила - гунндардын ханы" романымдагы материалдарды иргеп чыгып, "Аттила - кыргыздардын бабасы" илимий-популярдуу тарыхый очеркти жаздым да, адегенде орус тилинде чыгарып, анан аны белгилүү журналист-котормочу Жумакан Сариев кыргызчага которуп, өзүнчө китеп кылып бастырдык. Очеркте гунндар менен кыргыздар ата-теги жагынан ала келгенде бир элди түзөөрүн ырастаган жети ачык-айкын илимий-тарыхый далилдер келтирилет. Бул далилдер тарыхый, археологиялык, лингвистикалык, культурологиялык жана медициналык-генетикалык фактыларга негиздел-
ген.




Жакшы дос -кийик аттырат
Гүлсүн КЕНЖЕГОЗУЕВА, "Кыргыз Туусу"
Эки элдин маданиятынын
данакери

Жыл тогошкон учурда достук жөнүндө, жаңы 2013-жыл жөнүндө баарлашуу чынында эле жагымдуу болду. Тили да тектеш, дили да тектеш азербайжан элинин мыкты ырчысы, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондусунун Бишкектеги координатору, укмуштай жагымдуу үнү менен кыргыз, орус, уйгур, өзбек ж.б. тилдерде ырдаган жигит - Шахмар Таптыгов көп жылдардан бери иш өзгөчөлүгүнө байланыштуу эки мамлекетте -Кыргызстанда жана Азербайжанда бирдей жашап, бирдей эмгектенип келет. Демек, ушул эки мамлекеттин ортосундагы достукту бекемдөөгө, байланышты чыңдоого зор салым кошуп жаткан инсандардын бири.
- Мурунку союздук республикалардын бардыгын бириктирип турган бир сыйкырдуу алкак сакталып калган, - дейт Ш.Таптыгов. - Мисалы, жаңы жылды Кыргызстанда кандай тосушса, Азербайжанда, Орусияда, Балтика
боюндагы мамлекеттерде, кошуна мамлекеттерде да так эле ошондой тосушат. Бул окшоштук жаңы жыл тосууга гана тиешелүү көрүнүш эмес, бул жалпы окшоштук, бул биздин баарыбыздын жалпы маданиятыбыз. Мисалы, Европанын чоң-чоң шаарларында орнотулган балатылар Москвада да, Бакуда да, Бишкекте да орнотулуп, эң сонун жасалгаланат. Демек, бул жалпы дүйнөлүк жакшылыкка болгон ишенимдин, эртеңки күнгө арналган ак тилектердин символу. Кыргызда "Аяз Ата, Аяз Кыз" дешсе, азербайжандар "Шахта Баба, Гар Кызы" дешет. Жаңы жылды биз баарыбыз Аяз Ата менен Аяз Кыз жок элестете албай калдык. Бир гана чоң айырмачылык - Бишкекте Аяз Аталар абдан көп, а Бакуда оңой менен Аяз Атаны издеп таппайсың. Бакуда Аяз Ата менен жөн гана учурашып, саламдашып калуу өзүнчө чоң жетишкендик, ал эми Аяз Ата менен сүрөткө түшүү бул - өзгөчө бир чоң утушка барабар. Же кандай, "аяз аталарыбыздан" бөлүшөлүкпү? (Күндүн суугуна карабай жыргап каткырабыз.)
Кыргыз менен Азербайжан элдеринин ортосундагы кызматташууну илгерилетүүгө, достукту бекемдөөгө Шахмар Таптыговдун эмгегин бүгүн өзгөчө бөлүп айтсак жарашып турат. Табиятынан шайыр мүнөздүү бул жигит Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондусунун координатору катары ар кандай маданий иш-чараларды уюштурууга көп салымын кошуп келет. Өзгөчө 2008-жылы Азербайжан мамлекетинин борбору Баку шаарына улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду Бишкектен коштоп баргандыгын азыр да кубана эскерет. Кыргыздын залкар жазуучусуна Азербайжан элинин президенти Ильхом Алиев достуктун биринчи даражадагы орденин зор сыймыктануу менен тапшырган. Ошондо дүйнөлүк залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өз сөзүндө Ш.Таптыговдун ырдаган ырларын абдан сүйүп угарын да айткан эле. Муну Шах эң чоң сыймык катары баалайт. Улуу жазуучуну коштоп жүргөн ошол бир нече күн Ш.Таптыгов үчүн унутулгус күндөрдөн болду.
Улуттар аралык достукка, керек болсо дүйнөлүк элдер ортосундагы достук мамиледе алтын көпүрө сымал кызмат өтөгөн адамдар болгондугу үчүн биз ушул күндөрдө жашап жаткандыгыбыз да ырас. Азербайжан элинин керемет үндүү таланттары -Муслим Магомаевдин, Булат Бюльбюлоглынын ырларын сүйүп укпаган жан болбосо керек. Өз убагында алар Азербайжан менен Орусияда бирдей эмгектенип, жалпы советтик элдердин ортосундагы достук мамиледе алтын көпүрө сымал милдет аткарган болсо, азыр да ошол салтты улап, эмгектенип жүргөндөр жок эмес. Алардын бири биз сөз кылып жаткан - Шахмар Таптыгов.
- Мага кыргыздын мукам кайрыктары абдан жагат, өзгөчө элдик ырлардын кайрыктарын уккандан, өзүмчө ырдагандан кандайдыр бир рахат алам. Чыгармачылык пландарым - Ысык-Көлдөй терең жана Каспий сыяктуу кенен. Жалпы кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктаймын жана бардык жакшылыктарды каалайм,- дейт Азербайжан элинин белгилүү ырчысы Шахмар Таптыгов.
Жаңы жылга саналуу күндөр калганда, өткөн жылдын акырында анын мамлекеттер аралык достукту чыңдоого багытталган эмгеги жана ырчылык өнөрү жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы" төш белгиси менен сыйланды.
Сыйлыгың кут болсун, Шахмар!






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
15-январь, 2013-ж.:










??.??