"Кыргыз туусу", 15.01.13 Мамлекеттик тилди майдалабасак
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2012-жылдын 21-декабрындагы
№ 100 санында "Мамлекеттик тил мамлекеттик деңгээлге качан жетет?" деген темада ЖК депутаты Урмат Аманбаева жана профессор Сыртпай Мусаевдин мамлекеттик тилдин эртеңкиси тууралуу коңгуроо каккан кайрылуулары жарыяланган эле. Кыргыз тилинин келечегине кам көргөн бул эки кайрылуунун мааниси жана мазмуну өтө олуттуу. Эгерде башкаруучу чөйрөдө мамлекеттик тилде иш кагаздары жазылбаса, мамлекеттик иш-чаралар кыргыз тилинде жүргүзүлбөсө, кыргыз тили илим-билимдин тилине айланбаса, анда кыргыз тилинин келечеги коркунучта.

Мамлекеттик тилди мамлекеттик деңгээлге көтөрүү үчүн Кыргызстанда тил саясатын туу­-
ра багытта алып баруу зарыл. Биздин оюбузча, тил саясатында артыкча мааниге ээ болгон олуттуу эки маселе бар:
I. Кыргыз Республикасынын бардык мекеме-ишканаларында ишти кыргыз тилинде жүргүзүүнү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазууну баштоо.
II. Кыргыз Республикасындагы ар бир министрликтер, агенттиктер, комитеттер өзүнө тиешелүү мекемелеринде мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруусу.
Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа­-
на Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жакынкы мезгилде аткарылуучу тө­-
­мөндөгүдөй стратегиялык мүнөз­-
дөгү иш-чаралар бар:
1. Кыргыз Республикасынын
бар­дык мекеме-ишканаларында иш кагаздарын мамлекеттик тилде
жүргүзүүнү этаптык жана деңгээл-дик негизде ишке ашыра баштоо. Тактап айтканда, а) кыргыз тилинде иш жүргүзүү жана кыргыз тилинде иш кагаздарын жазуу маселеси жогортон төмөн карай ишке ашышы керек; б) башкаруу системасында кыргыз тилинде иш жүргүзүүнү баштоо жана буга ылайык этаптарды аныктоо; в) пайыздык катыш боюнча кыргыз улутундагы адамдары көп мекемелерде, окуу жайларында кыргыз тилинде иш жүргүзүүнү жана иш кагаздарын кыргызча жазууну баштоо. Эгерде мамлекеттик тилде иш кагаздары жазылбаса, кыргыз тилинде толук кандуу иш жүргүзүлбөсө, андай мамлекеттик тилдин келечеги жок.
2. Кыргызстанда коомдун бардык чөйрөсүндө мамлекеттик тил­де иш жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин негизги милдети болушу зарыл. Ал үчүн:
а) Кыргыз Республикасында окутулуп жаткан бардык адистиктерди кыргыз тилинде окутууну практикалоо керек. Тактап айтканда, жакынкы мезгилден баштап жогорку окуу жайларындагы юридикалык, экономикалык, техникалык, медициналык, агрардык ж.б. адистиктерди үйрөткөн сабактарды кыргыз тилинде өтүүгө багыт алуу, Кыргызстанда окутулуп жаткан бардык адистиктер үчүн 2013-2014-окуу жылында бирден тайпа ачуу.
б) Бардык адистиктер боюнча илимий адабияттардын кыргыз тилинде жазылышына артыкчылык берүү жана адистикти кыргыз тилинде үйрөтүү саясатын жүргүзүү.
3. Кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу жана ушул багытта орто мектептер, жогорку окуу жайлары үчүн жазылган окуу китептеринин мазмунун жакшыртуу. Бул үчүн:
а) Бүгүнкү күндө кыргыз тилин окутуунун концепциясын өзгөртүү керек.
б) Кыргыз тилинде маданияттуу сүйлөй билүүгө, өзүнүн оюн сабаттуу жаза билүүгө үйрөткөн, окуучуларды мыкты ой-жүгүртүүгө көнүктүргөн, кыргыздын каада-салт, үрп-адат жана адап-ахлак маданиятына байланыштуу жаңы муундагы окуу китептерин, окуу куралдарын жазуу.
в) Бул багытта фундаменталдык мүнөздөгү илим-изилдөө иш-чараларын уюштуруу зарыл.
4. Кыргыз тилин окутуу процессин азыркы заманбап илимий-теориялык маалыматтар менен камсыздоо. Кыргызстандын
азыркы экономикалык кыйын абалын эске алып жана көп нускада жаңы, илимий-теориялык мүнөздөгү китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгондуктан, КР билим берүү жана илим министрлиги: биринчиден, бардык адистиктер боюнча кыргыз тилинде электрондук окуу китептерин түзүү маселесин чечүүсү керек. Бул багытта Кыргызстанда иштеп жаткан университеттердин жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын базасында ар бири өз адистиктери
боюнча кыргыз тилинде электрондук окуу китептерин түзүү борборун уюштуруусу зарыл. Экинчиден, азыркы заманбап деңгээлде компьютердик технологияны билим берүү системасына киргизүү керек. Бардык адистиктер боюнча билим берүүнү сапаттык жаңы бас­кычка көтөрүү үчүн этап-этап менен Кыргызстандагы бардык окуу жайларын интернеттештирүүнү, адистик сабактарды мамлекеттик тилде интерактивдүү жүргүзүүнү уюштуруу керек. Үчүнчүдөн, бардык адистиктер боюнча, өзгөчө техникалык, медициналык, агрардык, юридикалык ж.б. адистиктер боюнча кыргыз тилинде окуу китептерин жаздырууну жандандыруу керек. Аталган маселе боюнча буга чейин топтолгон тажрыйбалар арбын. Маселен, академик И.Ахунбаевдин медицина боюнча сөздүгү, академик х.и.д., профессор Ү.Асановдун химия боюнча кыргызча эмгектери, м.и.д., профессор А.Токтомушевдин уронкология боюнча кыргызча жазган эмгектери, ф.м.и.д., профессор КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Мустафа Кидибаев менен Каныбек Шаршеевдин физиканын бардык бөлүмдөрү боюнча 300 б.т. ашык көлөмдөгү, 8 томдон турган эмгеги, м.и.д. А.Алдашевдин ветеринария боюнча сөздүгү, ф.м.и.д., профессор А.Саадабаевдин "Дифференциалдык теңдемелердин курсу" (2003) жана "Функционалдык анализдин курсу" (2004), министрликтин уруксаты менен чыккан окуу китептери: ф.м.и.д., академик А.Бөрүбаевдин математика боюнча эмгектери, ф.м.и.д., профессор С.Абдрахмановдун материалдардын каршылыгы боюнча окуу китептери, п.и.д., профессор Э.Мамбетакуновдун, ф.м.и.д., профессор Ө.Шаршекеевдин физика боюнча уникалдуу окуу китептери жана башка ушул сыяктуу ар кайсы адистикте иштеген көптөгөн окумуштуулардын эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөндүгүн айтсак болот.
Төртүнчүдөн, билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу үчүн кыргыз адабий тилинин ченемин бекем сактоо жана кыргыз тилинде маалымат алмашуу маданиятын өнүктүрүү зарыл. Бешинчиден, КР билим берүү министрлиги кыргыз тил мугалиминин статусун жогорулатышы, мындай адистердин маянасына 15% үстөк каражат бөлүшү жана кыргыз тил сабагын адис эмес адамдардын окутушуна жол бербөөсү зарыл.
5. Кыргыз Республикасынын бардык илим-изилдөө мекемеле­ринде жаш изилдөөчүлөрдүн, ас­пиранттардын, докторанттардын
мамлекеттик тилде илимий-изил-дөө иштерин жүргүзүүсүн колго алуу. Ар кайсы адистикте диссертациялардын, авторефераттардын, илимий монографиялардын мамлекеттик тилде жазылышына артыкчылык берилип, колдоо көрсөтүү абдан маанилүү.
6. Кыргызча эмес мектептерде айрым предметтерди ("Кыргыз адабияты", "География", "Тарых" ж.б. гуманитардык багыттагы сабактарды) кыргыз тилинде окутуу­ну баштоо.
7. Кыргыз тилинде бала бакчаларды ачуу.
8. Кыргызча эмес мектептерде 8-класстан баштап мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынактарды уюштуруу. Орус жана башка мектептерде окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин көзөмөлдөө.
9. Кыргыз Республикасында эки телерадио компаниясын (КТР жана ЭлТР) толук кыргыз тилинде иш алып баруучу телерадио компаниясына айлантуу.
10. Кыргыз тили боюнча окуу китептеринин усулдугун талапка ылайык ("Кыргыз тили чет элдиктер үчүн", "Кыргыз тили кыргыздар үчүн") багытта жаңыча түзүү ишин баштоо.
11. Кыргыз Республикасында бардык деңгээлдеги чиновниктер үчүн мамлекеттик тилди билүү боюнча чеберчилик талаптарын иштеп чыгуу (аталган багытта интернет портал ачуу, тил үйрөтүү боюнча электрондук окуу-усулдук комплекстерди түзүү, дисктерди таратуу, усулдук сунуштамаларды даярдоо керек) жана бардык чиновниктердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сынактарды уюштуруу.
12. Жаш муундардын мамлекеттик тилди өздөштүрүүсүн камсыз кылуу үчүн: а) кыргыз тилинде интернет портал ачуу, кыргыз тилинде ар кайсы багыттагы интернет материалдарды көбөйтүү; б) интернетке жаш балдарга, ар кайсы багыттагы адистерге ылайык сөздүктөрдү, интерактивдүү материалдарды, сүрөттөрдү, мульт­фильмдерди, кыргыз тилиндеги кинолорду жана кыргызча которулган фильмдерди жайгаштыруу; в) кызыктуу, тарбиялык мааниси олуттуу сериалдарды, чет элдик кинофильмдерди кыргызчага которуу ишин жандандыруу.
13. Мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча жазылган окуу китептеринин конкурсун уюштуруу жана аталган иш-чарага чоң материалдык сыйлыктарды бөлүү.
Эгерде ушул көтөрүлгөн маселелер талапка ылайык иштелип, турмушка ашса, Кыргыз Респуб­ликасынын башкаруу системасында тил саясаты өз мүдөөсүнө жетер эле деп эсептейбиз.
Турусбек МАРАЗЫКОВ, филология илимдеринин доктору, профессор





Кыргыз тили качан толук кандуу мамлекеттик тил болот?
Кылым карытып келаткан кыргыз тилинин өлкөбүздө мамлекеттик тил болушуна байланыштуу менин
оюмча аты бар, заты жок, бирок укугу республикалык, министрликтин деңгээлине барабар улуттук тил
комиссиясы өткөндө өзүнүн иш чараларын өткөрдү.


Жаман иштеп жатканыбыз жок дегендей, жер-жерлерде кыргыз тилин билбеген, сүйлөй албагандарга аны үйрөтүүнүн ар кандай жолдорун, ыкмаларын колдонуп, ыраат­туу эмгектенип аткан сымал тил комиссиясы кээ бир адамдарга сыйлык, т.а. төш белгилерин такты. Ошолордун ичинен бирөөсүнүн кыргыз тилин ал кызмат өтөгөн жамааттын арасында жайылтуусундагы иш-аракетинен кабарым бар. Ачыгын айтканда ал кыргыз тилин үйрөнүүдөгү чечилбей жаткан маселелердин жок дегенде оңой олтоңун өзү иштеген топтун жетекчисинин алдында айтып, мыйзамдын алкагында талап кылганын укпаптырмын.
Буга чейин комиссияны Казат Акматов, Ташпоо Жумагулов, Азимжан Ибраимов ж.б. жетектеп келген. Мен билгенден, алар кийинки жетекчиси Момбековго окшоп, момпоюп отуруп албаса керек эле. Унчукпай момпосуй соргондой отургандын пайдасыбы, айтор Момбеков азыр "Учкун" АКсына башчы болуп барды. Мисалы, Азимжан Ибраимов деген мырза кыргыз тил коомун башкарып турганда бир туура, т.а. жер-жерлердин орусча аттарын илгерки энчиленген өз аттарына которуу жөнүндө маселе көтөрүп чыккан. "Кокуй орустар укпасын, бул такыр эле улутчулдук" деп кыргыздын патриот уулун кызматынан шыпырып түшүшкөн.

Азыр кылчактоонун такыр кереги жок. Ошонун ичинен өзгөчө Президент дагы. Себеби, ал - кыргыз тилдүү мамлекеттин Президенти. Ар кандай чакыруу­лар менен чет мамлекеттерге чыгып калган учурда жалаң кыргыз тилинде сүйлөш керек. (Мурдагы союздун курамындагы өлкөлөрдө орусча баарлашса болот). Себеби англис, кытай, араб, немец ж.б. тилдерде жеткиликтүү сүйлөй алган котормочу кадрларыбыз четтен табылат.

Белорусия жана кыргыз мамлекети гана орус тилин расмий тил кылып алышкан. Калган союз­дан бөлүнүп чыккан мамлекеттердин баары өз тилдерин гана таанышат. Негизи ушул туура.
Кыргыз тилин жеткиликтүү үйрөнүүдө жыйырма жылдан ашык убакыт өтсө да, көп кемчиликтер кетирилүүдө. Көбүнчө окуу куралдары жок, шарт жакшы түзүлбөгөн ж.б. ар кандай шылтоолорду айтышып, Кыргызстанда жашаган бөлөк улуттар кыргыз тилин үйрөнгүлөрү келишпейт деген калп. Мунун себеби эмнеде? Мамлекеттик тилдин керектелбей жатканында.

Ошондуктан, менин айтаарым жалтактабай, кылчактабай эле башка мамлекеттер сыяктуу иш кагаздарын дээрлик кыргыз тилине өткөрүп салуу керек. Ошондо барып кыргыз тили мамлекеттик тил болуп өзүнүн мыйзамдуу ордун табат. "Башка түшсө, байтал жорго болот" демекчи, илгери биз деле кыргыз мектебин бүтүп келип уюмдарда, ишканаларда иш кагаздары орус тилинде жүргөндүктөн, ал тилде сүйлөгөнгө, жазганга үйрөнүп кеткенбиз.

Дагы, орусча билбесе, Россияга барып иштей албайт деген сөздөр чыгып жүрөт. Эмне үчүн мындай ой айтылышы керек? Негизинен алганда биз алар үчүн кадрларды тарбиялабайбыз да. Адистер биринчи кезекте өзүбүзгө керек. Эгерде зарылчылыгы болсо зээндүү балдар орус, англис, кытай ж.б. тилдерди үйрөнүп алышып, ал жакта окуп, иштеп жатышкандыктары азбы? Буга мисалдар четтен табылат.
2012-2013-окуу жылында кээ бир айылдарда, шаарларда кыргызча окугандардын саны азайды деп теледен угуп калдым. Мен буга такыр ишенбейм. Бул душмандардын кыргыз элине карата чыгарган ушагы, же атайы элди дүрбөтүүгө жасаган аракети деп ойлойм.
Кыргыз Республикасынын борборунда эмне үчүн орус тилинде окуган мектептер көп, качан таразанын ташы кыргыз мектептеринин көбөйүшүнө оойт?
Өкмөт бул маселени өзүнүн көзөмөлүндө кармашы керек.
Жакында теледен казак мам-
лекетинин Президенти Н.Назар-баевдин кеңешчисинин сөзүн уктум. Омск шаарында анын тегерегиндеги орус мектептеринде думанын бир депутатынын демилгеси менен казак тили орус мектептеринде окутулуп атканын. Бизге окшоп казактар орус тилин расмий тил деле кылган эмес, кеп анда эмес экен да көрсө. Менин айтаарым, ал орустар туура кылышат. Эгерде казак тилин үйрөнүп алса, алар сөзсүз кыргыз, өзбек, татар,башкыр, азербайжан, түркмөн, балкар, карачай, кумык, ногай, түрктөр, гагауздар, алтай, хакас, тува, шор, чуваштар менен котормочусуз сүйлөшө алышат. "Бала ыйлабаса эмчек кайда" демекчи, кыргыз тил комиссиясы өтө тырышкандык, өжөрлүк менен Президентке, Өкмөткө иш кагаздарын мамлекеттик тилге тез арада биротоло өткөрүү жагын сунушташы керек. Жогорку Кеңеш бул маселени туура колдоп жатат.
Борбор шаардагы жана башка жерлердеги кафелердин, дүкөндөрдүн ж.б. ишканалардын жазылмаларын кыргыз тилине жана Кыргызтандагы жер-суунун аттарын которуу керек. Мисалы, эмне үчүн "Народный" - элдик, Ивановка - Ысык-Ата, Красная речка - Кызыл-Арык, Дмитриевка - Дыйкан, Ново-Покровка - Нооруз, Лебединовка - Аламүдүн деп өзүлөрүнүн эски аттарынан аталбайт. Тил комиссиясы жакшылап иштесе, каражат жагынан сүрөөнчүлөр деле табылып калышы ыктымал.

Сайдин ИСАКОВ,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер