кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
15-январь, 2013-ж.:


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



Кыргызстанды өнүктүрүүнүн
стратегиясы кабыл алынды
2017-жылга карата Кыргызстан калктын татыктуу турмуш деңгээлин камсыз кыла турган, туруктуу саясий системасы, күчтүү өнүккөн экономикасы менен бекем, демократиялуу мамлекет катары бутуна турууга тийиш", -
деди Президент Алмазбек Атамбаев.

2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын талкуулоо көп элди бириктирди. Бул тууралуу КР туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин экинчи жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.
Президент өнүктүрүү стратегиясында өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык маанилүү идеялар чагылдырылгандыгын белгиледи. Миңдеген кыргызстандыктардын аракеттеринин жана активдүү жарандык позициясынын натыйжасында маанилүү бул документ бир кыйла кошумча иштелип чыккан жана жакшыртылган. Талкуунун жыйынтыгы боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жаңы баптар кошулуп, жаңы бөлүмдөр пайда болуп, күтүлгөн натыйжалар менен өлкөнүн келечектеги өнүгүшү так белгиленген. (Уландысы 4-бетте)













??.??