"Кыргыз туусу", 11.01.13 Алгачкы Форум - алгачкы кадамдар
Кыргызстандын
Органикалык
Кыймылынын Биринчи Улуттук Форуму


Бишкек шаары
2012-жылдын 5-6-декабры
ДЕКЛАРАЦИЯ
"Биз өлкөлөр бир эле учурда климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана курчап турган чөйрөнүн өтө кымбат турган бузулуусун жана жаратылыш ресурстарын майнапсыз пайдаланууну алдын алуу менен бирге эле экономикалык өнүгүүгө жана өсүүгө жетишүүгө жардам берүүгө тийиш болгон концепцияларды иштеп чыгуусу үчүн аракеттерди көрүүбүз керек".
ЭКӨУнун (Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму) Башкы катчысынын кайрылуусу.
Биз,Кыргызстандын Органикалык Кыймылы Федерациясы уюштурган, курамында республиканын бардык региондорунан делегаттар, мамлекеттик структуралардын, жеке жана жарандык сектордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардан, кошуна жана чет өлкөлөрдөн өнөктөштөр болгон (жалпысынан 230 катышуучу. Тажикстандын, Казакстандын делегациялары, Швейцариядан, Италиядан эксперттер катышышты), органикалык кыймылды колдоо боюнча республикалык Форумдун катышуучулары,
Төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу менен:
- Улуттун дени сак генофондун жана тоо эли үчүн салттуу малчылыкта асыл тукум фондун сактоо, элетте жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, бүтүндөй агрардык тармактын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, айыл чарба өндүрүшүн экологиялаштыруу боюнча токтоосуз чараларды көрүүнүн турмуштук зарылчылыгын аңдап билүүнү;
- Жаратылыш чөйрөсүндө дисбаланска жана глобалдык катастрофаларга алып келиши мүмкүн болгон климаттын негативдүү өзгөрүшүнөн планетаны сактоо шансын пайдалануу максатында, РИО+20нын өндүрүштүн жана адам ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө "жашыл экономика" принциптерине өтүү боюнча тарыхый чечимдерин,
Төмөнкүлөрдү констатациялоо менен:
- Акыркы жылдары биз баарыбыз глобалдык планеталык-космикалык процесстердин (күн активдүүлүгүнүн, Жердин магнитосферасынын өзгөрүшү ж.б.) жана курчап турган Жаратылыш жана Адамдын саламаттыгы жана адеп-ахлактык абалы үчүн бузуучу болгон технологияларды, концепцияларды, көз караштарды, экономикалык жана саясый өз ара мамилелерди масштабдуу жана узак колдонуунун кесепети катарында антропогендик мүнөздөгү негативдүү процесстердин таасир этүүсүнүн кошундусу болгон өтө динамикалуу глобалдык өзгөрүүлөрдүн күбөлөрүнөн катышуучуларына айланып бара жатабыз. Бул өзгөрүүлөр жашообуздун бардык турмуштук маанилүү факторлоруна тийиштүү жана кыйын артка кайра жануучу мүнөзгө ээ болуп жаткандай. Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй дүйнө бул процесстерге олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүндө өтө чектелген;
- Бул глобалдуу процесстердин бардык ар түрдүүлүгүнүн ичинен, агрардык өлкө катарында, бизге биринчи кезекте төмөнкүлөр тиешелүү:
o Климаттын өзгөрүшү (ал регионалдык өзгөчөлүгү менен эми Кыргызстандын бардык территориясында көрүнүү-
дө);
o Айдоо аянттарынын кыскарышы жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнүн туруктуу тенденциясы, анын ичинде, ашыкча интенсивдүү технологиялардын да жана жаратылыштын эволюциялык-түзүлгөн процесстерине адекваттуу эмес кийлигишүүнүн натыйжасынан да улам;
o Негизги азык-түлүк продуктыларына баалардын өсүүсү;
o Жасалма ингредиенттердүү жана өзгөртүлгөн структуралуу азык-түлүк продуктыларынын (ГМО-продуктылар) улам көбүрөөк спектрин керектөөдөн улам адамдардын ден соолугунун проблемаларынын өсүп жатышы;
o Дүйнөлүк рынокто бул продуктылардын сунушталуусунун өнөкөт артта калуусунда (азыркы күндөгү) органикалык айыл чарба (ОАЧ) продуктыларына суроо-талаптын кескин өсүшү;
o Көптөгөн улуттук экономикалардын терс фону катарында финансы-инвестициялык климаттын бардык жерлерде начарлоосу (финансылык кризис) жана социалдык туруксуздук.
Мында өлкөнүн төмөнкү өзгөчө­лүктөрүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен:
- Кыргызстан эң көбүрөөк сакталган жашоо чөйрөсүнө, функциясын активдүү аткарып жаткан экосистемаларга, флора менен фаунанын жетиштүү ар түрдүүлүгүнө ээ аз сандагы өлкөлөрдүн катарына кошулат (БУУнун маалыматтары боюнча, 2005-жылы чаңдатуучу курт-кумурскалардын, негизинен аарылардын дүйнө азыктанып жаткан айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн экономикалык баалуулугу эле 153 млрд. евро болуп аныкталган).
- Иштетилип жаткан жерлердин көп бөлүгү органикалык катары квалификациялана алат. Органикалык өндүрүштүн талаптарына альпы, тоолуу жана тоо этектериндеги жайыттардын 85%дан ашууну жооп берет.
- Кыргызстан Борбордук Азиянын олуттуу регионун суу менен камсыз кылуучу таза суунун жана суу топтоочу бассейндердин чоң ресурстарына ээ.
- Кыргызстандын аба бассейни эң аз булгангандык көрсөткүчтөрүнө ээ.
- Мейкиндиктин энергетикасы өңү­түндө Кыргызстан дээрлик "электрондук ыш" менен булганган эмес;
- Бүтүндөй өлкө масштабындагы айыл чарба өндүрүшүнүн муктаждыктары үчүн органикалык жер семирткичтердин зарыл көлөмүн өндүрүү үчүн жаныбарлардан алынуучу да, минералдык тектеги да жетиштүү сырьелук база, ошондой эле илимий-өндүрүштүк потенциал.
- Азыркы керектөөчү коом тарабынан жетекчиликке алынган "Эго-борборлошуу" позициясынан айырмаланып, калктын, өзгөчө айыл жана тоолуу жерлерде жашагандардын эсинде ата-бабаларыбыз үчүн мүнөздүү болгон "Эко-борборлошуу" позициясы дагы деле сакталып калган. "Жаратылыштын Жогорулугу жана жашоо чөйрөсүнүн туруктуулугу" үстөмдүк кылуучу принциби, ошондой эле "акыл-эстүү жетиштүүлүк жана сергек ой" үстөмдүк кылуучу принциби менен дал ушул "Эко-борборлошуу" ОАЧ принциптерине эң көбүрөөк үндөш жана "жашыл экономиканы" өнүктүрүү үчүн максималдуу жагымдуу коомдук жана себептик климатты түзөт.
- Жакынкы болочокто көптөгөн өтө өнүккөн мамлекеттер, өз жаратылышын калыбына келтирүү программасына өздөрүнүн бардык финансылык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жумшаган шартта да, жогоруда сүрөттөлгөн жашоо чөйрөсүнө жана маданий-салттуу өбөлгөлөргө ээ боло алышпайт, а көптөгөн оң көрсөткүчтөр Кыргызстан үчүн гана эксклюзивдүү болуп саналат.
Жана төмөнкүлөрдү корутундулоо менен:
- Иш жүзүндө Форум азыркы кризистик шарттарда РИО-20да ачылган "проблемаларды чечүүгө стандарттуу мамилелерди токтотууга жана курчап турган чөйрөнүн бузулушун болтурбоого, жакырчылыкты жоюуга жана болочокко жолду курууга жаңыча мамиле жасоого" мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен РИО-20нын Туруктуу Өнүктүрүүнүн (ТӨ) эң натыйжалуу жолдорун издөө боюнча ишинин улуттук жана регионалдык деңгээлдерде улануусу болуп саналат.
- Коомдун активдүүлүгүн жана чыгармачыл потенциалын тартуу менен гана биз ийгиликке ишене алабыз. Биздин милдет - жүрүп жаткан процесстердин себептерин жана логикасын түшүнүү жана аракеттердин эң натыйжалуу стратегиясын иштеп чыгуу.
Биз, Форумдун катышуучулары, бул өлкө жана баарыбыз үчүн өтө маанилүү жумушчу жолугушуунун бардык уюштуруучуларына терең ыраазы болуу жана Форумда талкуулоо үчүн сунуш кылынган бардык концептуалдуу позициялар боюнча көз караштардын толук дал келүүсүн констатациялоо менен, мындай корутундуга келебиз:
Экономиканы өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу векторун аныктоочу негизги факторлордун топтомунун объективдүү анализи Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жана органикалык өндүрүштү туруктуу толук масштабдуу алдыга жылдыруу үчүн жана анын натыйжасында дүйнөлүк болочок эмгек бөлүштүрүүдө төмөнкү эки позиция боюнча өз ордун ээлөө мүмкүнчүлүгү үчүн башкы стратегиялык багыты катарында ОАЧны өнүктүрүүнүн приоритеттүүлүгүн көрсөтүп турат:
1. Ар кандай баалоолор боюнча, биздин өлкөнүн жалпы потенциалы 40тан 50 млн. чейин адамды ОАЧ продукциясы менен камсыз кылууга жөндөмдүү, анын үстүнө көптөгөн азык-түлүктүк позициялар боюнча булар "ПРЕМИУМ" классынын эталондук катарындагы продукты-
лар.
2. Келечекте улам көптөгөн өлкөлөр ОАЧга кайрылууга сөзсүз аргасыз болушкандыктан, биздин дүйнөдөгү ОАЧны андан ары өнүктүрүүгө салымыбыз катарында Кыргызстан өзүнө генетикалык таза материалды өстүрүү жана берүү боюнча "ПЛАНЕТАРДЫК ПИТОМНИК" функция­­сын ала алмак.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
o Улуттук структура - Кыргызстандын Органикалык Кыймыл Федерациясы аркылуу ОАЧнын бардык тарапкерлеринин аракеттерин жана ресурстарын тезинен баш коштуруу.
o "Жашыл экономиканын" негизги позицияларын жана "Перманенттик маданияттын" принциптерин өнүктүрүү менен айкалыштырып 2025-жылга ОАЧны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана түзүү.
o ОАЧ Федерациясынын алкактарында Кыргызстандагы ОАЧнын бардык субъектилеринин аракеттерин координациялоону оптималдаштыруу.
o ОАЧ боюнча улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана учурдагы нормативдүү талаага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде ОАЧ жөнүндө мыйзамды, ГМО жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу. ОАЧ боюнча Улуттук сертификаттык структураны түзүү (жетиштүү лабораториялык камсыздоо).
o Айыл чарбалык кайра иштетүүнү өнүктүрүүдө ОАЧнын талаптарын эске алуу жана "кошумча нарк тизмегин" ырааттуу өнүктүрүү.
o ОАЧнын, өзгөчө өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык эмес методдору чөйрөсүндөгү натыйжалуу технологияларын иштеп чыгуу үчүн өлкөдөгү болгон илимий-өндүрүштүк потенциалды бириктирүү жана координациялоо.
o ОАЧ принциптеринде иштөөчү фермердик чарбалардын кооперациясын өнүктүрүү.
o ОАЧ продукциясынын маркетинг программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу. "Био-Кыргызстан" (BIO-KG) брендин алдыга жылдыруу.
o ОАЧ продукциясын жергиликтүү рынокто сатып өткөрүү боюнча бардык облустарда соода точкаларынын тармагын түзүү жана өнүктүрүү (ички рыноктун потенциалын активдештирүү).
o Жакынкы чет өлкөлөр менен өнөк­төштүк соода мамилелерин жолго салуу.
o Органикалык - жаныбарлардан, древесина-өсүмдүк тектүү материалдардан коштоочу өндүрүш программасын жүзөгө ашыруу.
o Регионалдык окуу борборлорунун (РОБ) аракеттеги тармагын кеңейтүү жана алардын потенциалын, ошондой эле Айылдык Кеңеш берүү кызматынын региондордогу аракеттеги тармактарынын инфраструктурасын, "Био-Сервистин" жана "Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын" филиалдарын ОАЧнын теориясын жана практикасын облустар боюнча адаптациялоо менен окутуу үчүн максималдуу пайдалануу.
o Органикалык кыймылдын турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү принциптери жөнүндө комплекстүү маалыматтык-агартуучулук жана билим берүүчүлүк программаларын жүзөгө ашыруу.
o ОАЧнын регионалдык структурасын - Борбор Азия өлкөлөрүнүн ОАЧ конфедерациясын түзүү.
o Башка өлкөлөрдүн Федерациялары менен тыгыз байланыштарды орнотуу.
o Анда биз Кыргызстан эмгекти дүй­нөлүк бөлүштүрүүдө камсыз кыла алчу 2 позицияны негиздөөчү бет ачаар-көргөзмө жасоого тийиш болгон Милан-2015 Бүткүл Дүйнөлүк Органикалык Айыл чарба Көргөзмөсүн өткөрүүнүн алдында 2014-жылды - ОАЧнын Кыргызстандагы жылы деп жарыялоо демилгесин алдыга жылдыруу.
Кыргызстандагы ОАЧны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу төмөн­күлөргө мүмкүндүк берет:
- планетардык биорезерваттардын бири катарында Кыргызстандын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылууга.
- планетардык био-питомник катарында флоранын жана фаунанын генетикалык сергек материалынын өз функциясын жүзөгө ашыруусунун туруктуу ареалын түзүүгө.
- Туруктуу Өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө адаптацияга жетишүүнүн натыйжалуу жолдорун жана методдорун жалпы адамзаттык издөөгө реалдуу салым кошууга.
- өлкөнүн масштабында "жашыл экономиканын" принциптерине иш жүзүндө өтүүгө өбөлгө түзүүгө жана Кыргызстандын "жашыл экономиканы" өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө.
- карыздарды курчап турган чөйрөнү коргоого алмашуу үчүн ("алмашуу: өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдө карыздарды курчап турган чөйрөнү коргоого, (ККЧКА) программасы) шарттарды түзүүгө. Дүйнөдөгү бүгүнкү күндөгү татаал финансылык кырдаалга карабас­тан, бүгүн эл аралык коомчулук кирешелер деңгээли төмөн өлкөлөрдүн карыздарын төмөндөтүү идеясын жактыруу мамилесинде, жана, экинчиден, курчап турган чөйрөнү коргоо проблемалары экология, климаттын өзгөрүшүнө адаптация, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук проблемалары сыяктуу эле улам көбүрөөк мааниге ээ болуп бара-
тат.
- өнүгүүнүн улуттук жолун табууга, экономиканын динамикалуу өнүгүүсүнө жана коомдогу абалдын турукташуусуна маанилүү салым киргизүүгө.
- жергиликтүү жамааттарды кеңири тартуу аркылуу жеке-мамлекеттик өнөк­төштүккө реалдуу масштабдуу маңыз берүүгө, жарандык жана корпоративдик жоопкерчиликти активдештирүүгө. "Жашыл экономиканы" өнүктүрүү үчүн аң сезимдүү-ынанымдуу социалдык база түзүүгө.
- Адамдын Аң-сезиминин трансформацияланышы, коомдун гумандашуусу, адеп-ахлактын жана "жан дүйнөнүн экологиясынын" кайра жаралуусуна, Адамдын чыгармачыл жаратылышынын активдешүүсүнө, анда чыгармачыл башаттын керектөөчүлүк башаттан үстөмдүк кылуусу үчүн комплекстүү шарттарды түзүүгө.
- азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу маселесин, анын ичинде ГМО-продукция проблемасын чечүүгө олуттуу салым кошууга, бүтүндөй өлкөнүн масштабында экологиялык таза продукция өндүрүүнү камсыз кылууга.
Дүйнө реалдуу турмуштук баалуулуктарга аң сезимдүү жана сөзсүз кайрылуу босогосунда турат!
Адамзат Жаратылыштын бир бөлүгү болуп саналат жана анын Мыйзамдарына жазасыз текеберлик кыла албайт. Дал ошолордун базасында биздин Туруктуу Өнүктүрүүбүздүн мамилелери, концепциялары жана стратегиялары түзүлүүгө тийиш.
Өзүнүн, өзгөчө акыркы 150 жылдагы жамааттык жүрүм-туруму менен адамзат Жердеги Жашоонун негизин - Жаратылыш - Коом - Адам системасындагы энергиянын үзгүлтүксүз жана балансташкан алмашуу процессин бузду. Биздин милдет - бул процессти мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүү. Бизде башка жол жок!
Биз Жаратылыш, Жер-Эне - планетадагы Жашоонун принциби үчүн өзүнүн маанисинде АБСОЛЮТТУУ жана "жаратылыш капиталы" сыяктуу кандайдыр-бир керектөөчүлүк, чарбалык-экономикалык критерийлер чөйрөсүнөн тышкары турат деп эсептейбиз.
Биз Чыныгы Жалпы адамзаттык Маданият - Адам менен Жаратылыштын ажырагыс үндөш өз ара байланышынын жандуу бөлүгү катарында Жаратылыш Мыйзамдары аң-сезимдүү (же сезимдүү) кабыл алынганда жана алар күнүмдүк турмушта - адеп-ахлактарда, салттарда, баалуулуктарда, себептерде жана умтулууларда көрүнгөндө гана калыптана алат деп эсептейбиз.
Биз болочок муундардын эсебинен "бүгүнкү күндүн" экономикалык жана саясый ийгиликтерин актаган, учурдагы болгон ресурстук-чыгашалуу экономиканын мамилелерин адеп-ахлаксыз жана алгылыксыз деп эсептейбиз.
Биз планетанын көптөгөн ресурстарынын чектелгендиги гана эмес, ошондой эле түгөнүүчүлүгү шарттарында улуттук да, эл аралык да деңгээлдерде "акыл-эстүү жетиштүүлүк" негизин­де аларды керектөөнү катаал координациялоо зарыл деп эсептейбиз. Ушундан улам ИДПнын көрсөткүчүнүн приоритеттүүлүгүнө токтоосуз кай-
ра кароо керек. (Эгерде планетанын ар бир жашоочусу азыр дүйнөдөгү эң чоң ИДПсы - 14 трлн. АКШ доллары - болгон АКШнын орточо жашоочусунун керектөөсү деңгээлинде керектесе, анда бизге эмитен эле төрт Жер планетасынын ресурстары талап кылынат).
Биз жашоо чөйрөсүн, Жаратылыш менен Адамдын үндөштүүлүгүн, Адамдын өзүндөгү денелик жана адеп-ахлактык башталыштардын үндөштүүлүгүн туруктуу жана динамикалуу өнүктүрүү коомду өнүктүрүүнүн негизги объективдүү критерийлери деп эсептейбиз. Мына ошондуктан башкы көрсөткүч катарында ИДПнын ордуна "Жаңы миң жылдыктын чакырыктарына" да, "Туруктуу Өнүктүрүүнүн" талаптарына, ОАЧнын жана "Жашыл Экономиканын" принциптерине да көбүрөөк объективдүү жооп берүүчү "Жалпы Туруктуулук Көрсөткүчү - ЖТК" же "Жалпы Үндөштүк Көрсөткүчү - ЖҮК" бо ло алат.
Биз "баарыбыз бир кайыкта бирге сүзүп бара жаткан" шарттарда бир өлкөлөрдүн башка өлкөлөрдүн ресурстарынын жана начарлыгынын эсебинен гүлдөп-өнүгүүгө жетишүүсү өзүндө жаратылыштык жана социалдык катаклизмдердин жакын коркунучтарын алып жүрөт жана биздин жалпы келечегибиздин кандайдыр-бир оң сценарийлери мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат деп эсептейбиз.
Биз Кыргызстандын экономикасын органика жана "жашыл экономика" принциптеринде өнүктүрүүнү биздин өлкө үчүн гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк коомчулук үчүн да эң жемиштүү деп эсептейбиз. Кыргызстан курчап турган чөйрөнү, экологияны калыбына келтирүүнүн, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун жана Туруктуу Өнүгүүгө жетишүүнүн эң натыйжалуу жолдорун издөө боюнча планетардык лаборатория боло алат.
Биз РИО+20нын "балдарыбызга жана неберелерибизге жашоого жарактуу планетаны калтыруу үчүн курчап турган чөйрөнү бузуу жана бардык жерлердеги жакырчылык проблемаларын азыр чечүү зарыл. Туруктуу Өнүктүрүүгө альтернатива жок! Бул бардык адамзатка биздин уникалдуу планетада бейпил жашоого мүмкүндүк берүүчү жалгыз жол" деген корутундусуна кошулабыз.
Биз бардык боордош кошуна республикаларга, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү пикирлештерибизге жана тарапкерлерибизге, эл аралык донордук коомчулукка, башка мамлекеттердин Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылабыз жана ОАЧны өнүктүрүү, "Жашыл экономика" жана Туруктуу Өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө натыйжалуу адаптация, планетада курчап турган чөйрөнү жана экологияны жакшыртуу маселелеринин бардык спектри боюнча активдүү жана ар тараптуу кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз.
Биз өлкөбүздүн элине, коомдук бирикмелерге жана мамлекеттик структураларга, бардык деңгээлдердеги депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө, Президентке, Жогорку Кеңештин Төрагасына, Премьер-министрге бул Декларацияны жана анда баяндалган максаттар менен милдеттерди жүзөгө ашырууга, биздин өлкө тарабынан өзүнүн өнүгүү жолун ишке ашыруусуна, биздин жашообуздун бардык чөйрөлөрүндө туруктуу гүлдөп-өнүгүүгө жетишүүсүн колдоого активдүү кошулуу чакырыгы менен кайрылабыз.
Декларация Кыргызстандын Органикалык Кыймылынын биринчи Форуму тарабынан жактырылган жана кабыл алынган.
Декларация бардык кызыкдар юридикалык жана жеке жактардын кошулуусу үчүн ачык.