Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_7.htm on line 2


п»ї

2012-жылда кандай окуялар болду?
Январь

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектеген өкмөт түзүмү бекитилди.
Ош аэропортунда жүргүнчүлөрдү ташыган учак кырсыкка учурады.
Кыргызстандык ырчы Гүлжигит Калыков Түркияда өткөн "Евразия жылдызы" сынагында баш байгеге ээ болду.
Бишкектеги № 1 түзөтүү абагында бунт чыгып, бир нече абактарда катары менен ачкачылык уланды.
Мурдагы өкмөттүн 100 күндүк программасы кабыл алынды.
Президент А.Атамбаев "Үй-бү­лө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк" жылын жарыялады.
"Мегаком" уюлдук компаниясын 143 млн. сомго зыян келтиргендиги үчүн анын жетекчилери камакка алынды.

Февраль

Казино жана оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн токтотуу мыйзамы күчүнө кирип, 40тан ашык кумарканалар жабылды.
Атамекендик балет өнөрү оор жоготууга учурап, СССРдин эл артисти Уран Сарбагышев дүйнө салды.
2010-жылдын ноябрында Бишкектин спорт сарайынын алдындагы жардырууну уюштурган террорист кармалды.

УКМКынын абагында Бишкек
шаарынын ШИИБсинин кызматкери А.Эшпаев муунуп, каза тапты.
2010-жылдагы июнь окуясында жапа чеккендерге Ош шаарында көп кабаттуу үч үй пайдаланууга берилди.
Президент Алмазбек Атамбаев Мос­квага барган иш сапарында Манас баатырдын айкелинин ачылышына катышты.

Март
Оппозиция лидерлери Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уюштуруп, бийликке бир катар талаптарды койду.
Каракол, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өттү.
Россия Канттагы аскер базасы үчүн Кыргызстанга болгон 15 млн. доллар карызын төлөп берди.
Ош окуясы боюнча күнөөлөнүп камакка алынган Акмат Бакиев ооруканага чыгарылган жеринен качып кеткени кабарланды.
17-мартта Аксы окуясынын курмандыктары эскерилип, мамлекет башчы А.Атамбаев Боспиек айылындагы "Шейит мазары" эстелигине барып, митинг-реквиемге катышты. Президенттин жарлыгы менен ушул күн "Аксы окуясын экскерүү күнү" деп жарыяланды.
Бишкектин бир нече райондорунда газ куурларындагы басымдын төмөндөшүнөн көгүлтүр отундун тартыштыгы төрт суткеге созулду.
Өкмөт жарандык паспорттун баасын арзандатуу чечимин кабыл алды.

Апрель

Нарын, Баткен, Ош облустарынын бир нече райондорунда катуу сел жүрүп, жалпысынан 100гө жакын үйдү жарактан чыгарды. Айдоо аянттары, үй жандыктары чыгымга учурады.
Апрель окуяларында каза болгондордун эстелиги Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ачылды. Апрель окуя­сында курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өлкөнүн бир нече аймактарында өткөрүлдү.
Кыргызстанга Монголиянын Президенти Ц.Элбегдорж расмий иш сапары менен келди, беш документке кол коюлду.
Президент А.Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алып, 2014-жылы "Манас" аба майданындагы Американын аскер базасы чыгарыла турганын эскертти.
Ушул айда А.Атамбаев "Кыргыз Республикасында энелер күнүн белгилөө" жарлыгына кол койду. Май айынын үчүнчү дем алышы "Энелер күнү" жыл сайын белгиленмек болду.

Май

Кыргыз-казак чек арасында кошумча өткөрүү бекеттери ачылат, Астана шаарынын борбордук көчөсүнүн бирине Ч.Айтматовдун ысымы берилет, Ошто Казакстандын президентинин колдоосу менен заманбап мектеп курулат ж.б. ушул сыяктуу макулдашуулар Президент А.Атамбаевдин Казакстанга болгон иш сапарында белгилүү болду.

Жогорку Нарын ГЭСтеринин
каскады курулат, Россиядан күйүүчү-майлоочу май арзан келет, Кыргызстандын Россияга болгон карыздары жөнгө салынат сыяктуу макулдашуулар А.Атамбаевдин Москвага ЖККУнун жыйынына катышканы барганда Россиянын расмий бийлиги менен макулдашылды.
"ХХI кылымдын кадрлары" президенттик программасынын алкагында эң мыкты окуган 63 студентке стипендиянын сертификаттары берил-
ди.
Июнь

1- июнь Балдардын эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 15 мекемесине окуу жабдууларын алуу үчүн 4 млн. сом Президенттин билим берүү программасы аркылуу бөлүндү.
Экс-президент Роза Отунбаева Афинада өткөн "Аялдар-2012" глобалдык саммитинде жогорку даражадагы лидерлиги үчүн эл аралык сыйлыкка ээ болду.
Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясынын курмандыктарына арналган митинг-реквиемде "Тынч­тык коңгуроосу" орнотулуп, "Энелердин көз жашы" монументалдык эстелиги ачылды.
Президент А.Атамбаев баштаган делегация Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышып, Бишкек-Санкт-Петербург
шаарларынын ортосундагы кызматташтык боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлду.
СССРдин эл артисти, улуу актер Капар Медетбеков дүйнөдөн өттү.

Июль

Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектеш Булак-Башы айылына караштуу чек ара бөлүгүндө өзбек чек арачылары ок чыгарып, бир кыргыз жоокер каза болуп, экинчиси жараланды.
Чет элдик донорлордун жардамы менен Бишкектин көчөлөрүнө кою­-луучу видео байкоо техникалары алынып келинди.
Лондон олимпиадасына барган 14 кыргызстандык спортсмен байгесиз куру кол кайтышты.

Август

Бишкекте "Замандаш" ассоциациясы уюштурган мекендештердин 1-дүйнөлүк конгресси жана "Р.Отунбаеванын демилгеси" фондусунун уюштуруусу менен өткөн форумга дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө иштеген мекендештердин өкүлдөрү келди.
Кытай инвестициясы аркылуу Кеминде курула турган "Кемин 500 кВт" көмөкчү чордонунун пайдубалын түптөө салтанаты өткөрүлдү.
Бишкекте түрк тилдүү (Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Азербайжан) мамлекет башчыларынын экинчи саммити өттү.
Казакстандын Президенти Н.На­зарбаев Бишкекке расмий иш сапар менен келди.
Ө.Бабанов жетектеген өкмөт отставкага кетти. Мындай жарлыкка мамлекет башчысы А.Атамбаев кол койду.

Сентябрь

Парламентте КСДП, "Ата-Мекен", "Ар-Намыс" фракциялары биригип, "Ынтымак" деп аталган коалициялык көпчүлүктү түзүшүп, анын лидерлигине Ф.Кулов шайланды. Оппозицияда "Республика" жана "Ата-Журт" фракциялары калышты.
КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Премьер-министрлик кызматка келип, жаңы өкмөттүн курамы түзүлдү.
Президент А.Атамбаевдин буйругу менен сот реформасы боюнча кеңеш түзүлдү.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Бишкекке расмий иш сапар менен келип, анда гидроэнергетика, Россиянын Канттагы базасынын макамы, аскердик кызматташуу, Кыргызстандын Россияга болгон карызын кайрадан кароо макулдашылды.

Октябрь

"Кумтөрдү" улутташтырууну көтөрүп чыккан парламенттеги оппозиция лидерлери уюштурган "Ала-Тоо" аянтындагы митингдин аягы мыйзамсыздык менен уланып, парламент депутаттары С.Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытов камакка алынды.
Максим Бакиев Американын баалуу кагаздар рыногунда мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн издөө салынганы боюнча сенсациялуу кабар тарады.
Президент А.Атамбаев менен Россиянын "Русгидро" ААКсынын башкармалыгын төрагасы Евгений Дог Жогорку Нарын ГЭСтерин курулушуна капсул коюшту.
Бишкекте кыргыз-санктпетер­бургдук өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү жыйыны өтүп, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ноябрь

Россиядан 57 автоунаа белекке келип, ачкычтары тапшырылды.
Россия өкмөтү Кыргызстанга 20 миң тонна гуманитардык, 80 миң тонна жеңилдетилген таризде буудай берүү чечимин кабыл алды.
Белгилүү коомдук ишмер, залкар илимпоз, академик Курман-Гали Каракеев 100 жаш курагында жарык дүйнө менен коштошту.
Кыргызстанда 25 шаардык, 416 айылдык кеңештерге шайлоо болуп өттү.
Санкт-Петербург шаарынын Таврика сарайында "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: маданият интеграция жана диалогу" аттуу эл аралык конференция өтүп, улуу жазуучунун бюсту ачылды.
Бишкектеги Ош базарынын айланасындагы жолдор, көчөлөр оңдолуп бүткөрүлдү.

Декабрь

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп, анда уюмдун Өнүктүрүү фондун түзүү, "Кыргыз-Кытай-Өзбекстан" темир жолун курууну тездетүү сыяктуу маселелер каралды.
Кримавторитет Камчы Көлбаев Кыргызстанга алынып келинди.
Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде Россия 25 млн. доллар грант бөлдү.
Мамлекет башчысынын демилгеси менен "КРнын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүү стратегиясы" программасы сунушталып, талкууга коюлду.
Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдик Республикасына расмий иш сапары менен барып, канцлер А.Меркель жана Германиянын федералдык президенти Иоахим Гаук менен жолугушуп, инвестиция тартуу, саясый-экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргызстандын түндүк аймагындагы миңдеген үй-бүлө газсыз калып, жарыктар көп өчүрүлө баштаган.

Назира АЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??