Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_5.htm on line 2


п»ї

Жаңырган Ошто
журналисттер аллеясы
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"

Ошпур курган бул калаа,
Өз атына Ош болсун.
Чыккынчыга кас болсун,
Калыстарга дос болсун.
"Манас" эпосунан
Ош шаардык мэриясы үстүбүздөгү жылдын жаңы иш күнүн Бишкектен барган 15 жана жергиликтүү басылмалардын жетекчилеринин катышуусу менен бир катар иш-чараларды өткөрүү менен баштады.

Республикалык гезиттердин башкы редакторлору мэриянын оң капталындагы 2010-жылдагы июнь айында болгон улуттар аралык кагылышта шейит кеткендердин, дайынсыз жоголгондордун элесине арналган "Энелердин көз жашы" монументалдык эстеликке гүл коюшту. Шейит кеткендердин рухуна арналып куран түшүрүлдү. Келген коноктор Ош шаарынын көп улуттуу калкын ынтымакка чакырып, калаада ый-муңдун үнү угулбасын деген аруу тилек менен тургузулган тынч­тык коңгуроосун кагышты.
Андан кийинки салтанат мурда таасир­дүү адамдардын соода-сатык жайы болуп турган, мэриянын аракети менен өткөн жылы эс алуу жайына айланган "Чынар терек" аллеясына ийне жалбырактуу дарактарды олтургузуу менен улантылды.
Алыстан келген калемгерлер тогуз жолдун тоомуна орнотулган дүйнөдөгү эң чоң Айкөл Манастын эстелиги менен таанышып чыгышты. Кадырлуу меймандардын сапары VIII кылымдын башында алгачкы Кыргыз дөөлөтүн түптөгөн айтылуу Барсбек кагандын алгачкы эстелигине карай уланды. Шаар жетекчисинин айтуусунда Борбордук Азия чөлкөмүндө кыска мөөнөттө кыргыздардын күчтүү мамлекетин түзүп, айлана тегерегиндегилер менен тең даражада мамиле түзө алган Барсбек кагандын эстелигин орнотуудагы башкы максат- улуттук идеологияны биринчи планга коюп, аны жа­йылтуу. Аны менен кийинки муундун өткөн ата-бабалары менен сыймыктануу сезимин ойготуп, аларды өткөн баатырлардын үлгүсүндө тарбиялоо.
Шаар бюджетинин эсебинен алынган жалпы наркы 13 млн. сомду түзгөн 2 жаңы троллейбусту пайдаланууга берүү салтанаты чоң папке кармаган чиновниктер эмес, журналисттердин катышуусу менен өткө­рүлүп, анын кызыл тасмасын калемгерлер кесишти.
Негизги иш-чара шаардын А.Мамыров жана Б.Осмонов атындагы көчөлөрдөгү жалпы аянты 6 гектарды түзгөн республикалык журналисттер аллеясында өткөрүлүп, анда 300дөн ашуун ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу менен улантылды. Ар бир басылмалардын жетекчилери, телеканалдардын өкүлдөрү дарактарды олтургузуу­­га үлгүрдү.
Өткөн жылы шаардын бюжетинен бул аллея үчүн 20 млн. сом акча каражаты иштетилген. Быйылкы жылы жазында каштандын жана Оштун символу болгон мажүрүм талдын көчөттөрү отургузулат. 7, 5 миң чарчы метр аянтка брусчатка төшөлмөкчү.
Шаар мэри Мелис Мырзакматовдун бил­ди­­рүүсүнө караганда жергиликтүү бийлик ар бир жалпыга маалымдоочу каражат өкүл­дөрү менен кызматташууга даяр. Келечекте бул аллеяда басма сөз жыйынын өткөрүүчү жай курулуп, мында келген ар бир журналист туура маалымат менен кыска мөөнөттө кабардар болуу, интернеттен пайдалануу мүм­күнчүлүгүнө ээ болот.




Куршабда мушташ
кайдан чыкты?
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, "Кыргыз Туусу"
Өзгөн районундагы Куршаб айылында болуп өткөн кытайлык жана жергиликтүү жарандардын ортосунда болгон мушташ тууралуу маалыматтын келип чыгышын тастыктоо максатында биз Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын кызматкери Жеңишбек Аширбаевге кайрылдык.

Анын бизге берген маалыматына ыла­­йык, 8-январда Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы болгон мушташтын келип чыгышына "ТВЕА" компа­ния­­­­­­­сында иштеп, "Астан-Ата" кафесинде убактылуу жашап жаткан 70ке жакын кытайлык атуулдар себепчи болгон.
Кечки саат 19.30 ченде 4 кытайлык жаран мас абалында кафенин жанынан өтүп бараткан 25 жаштагы Мураталы Сасыков аттуу жаранды "биздин уюлдук телефонду уурдадың" деп кү­­нөөлөп, аны кафенин ичине алып киришкен. Ал жерде катуу уруп, бир бөл­­мөгө камап коюшкан. Ошол эле мезгилде дагы эки кытайлык жаран Кызыл-Сеңир айылынын 41 жаштагы тургуну Шайыргүл Жумабаевага да ушундай күнөө коюшуп, кол тийгизип, М.Сасыков менен кошо камап коюшкан.
М.Сасыков өзүнүн уюлдук телефону менен болгон окуя тууралуу атасы Абдыкамалга кабар берген. Мас абалында болгон кытай жарандары Абдыкамал Сасыковду да уруп, күч колдонуу менен тигил экөөнүн жанына киргизип койгон.
Бул окуя тууралуу маалымат алган Өзгөн райондук ички иштер бөлү­мү­­нүн Куршаб поселкалык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери: милициянын майору А.Эркебаев, капитан Э.Жусупов, лейтенанттар А.Арапов, Ч.Эсена­лиев кафенин ичине киргенде кытайлык жарандар аларды тегеректеп алышып, ур токмокко алышкан. Ошол мезгилде кафенин жанына 100дөн ашык адам топтолуп калган. Алар камалып жаткан кыргыз жарандарынын туугандары жана жаштар болчу. Ачуу­­ланган адамдар камалып калгандарды бошотуу үчүн анын эшигин жана терезелерин талкалап, анын ичине кирип барышкан. Кафенин ичинде кагылышуу жалпы мушташка айланып кеткен. Бир аздан кийин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип калып, мушташты токтотууга үлгүрүшкөн. Жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлгөн.
Окуя болгон жерде Кыргызстандын 4 жараны, милициянын 11 кызматкери, 18 кытай жараны денелеринен ар кандай жарааттарды алышып, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылышкан. Кытайлык 6 жаран оору­канага жатуудан баш тарткан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Шатмановдун берген маалыматына караганда бул чатак өз убагында токтотулду. Учурда иликтөө-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ушул окуя боюнча кытай жарандарын сөзгө тартууга жасаган аракеттерибиз ишке ашкан жок.
КР ИИМнин билдирүүсүнө ыла­­йык, жалпы мушташ болгон учурда 20 кытай жараны мас абалда болушкандыгы, кытайлык куруучулар өз улутундагы бригадирди өздөрү сабап салышкандыгы тастыкталды. 9-январь күнү кытайлык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аймактагы бардык кытай жарандары Ошко жеткирилип, "Пекин" мейманканасына жайгаштырылды. Алардын коопсуздугун шаардык милициянын кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.
Куршабдыктардын айтуусунда эл арасында "ТВЕА" компаниясында иштеп жаткан кытайлыктар камактагы кылмышкерлер экен деген сөздөр тарап кеткен.
Кытай Эл Республикасынын Оштогу консулу Ли Баоцзюнь "Датка-Кемин" долбооруна Кытайдын түрмөлөрүндө оор кылмыш менен камалган кишилер келген деген маалыматты жокко чыгарып, баары мыйзамдуу түрдө келген жөнөкөй жарандар экенин айтты. "Куршабда чыккан окуя атайын жасалган эмес, ал күтүүсүздөн болгон. Биз ал жерде иштеп жаткан жарандарыбыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого милдеттендиребиз", - деп билдирди консул.
Учурда Куршаб айылында кө­чө­­­лөрдө ички иштер кызматкерлери абалга көз салып турат. Соода-сатык жайлары, ишкана-мекемелер иштеп жатат. Азыркы учурда кырдаал тынч.




Эсептөө палатасынан баштоо керек

"Кыргыз Туусунан" (30.11.2012-ж. №94) журналист Мырзакат Тыналиевдин "Түлеев жана анын командасынын "сегиз операциясы" аттуу макаласын окуп чыктым. Анда Бишкектин экс-мэринин жана анын "командасынын" мыйзам бузуулары ачык, так жазылыптыр.
Бул фактылар азыркы шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери үчүн сабак болчудай. А экс-мэр Н.Түлеев менен Бишкектин мурдагы атка минерлеринин жасаган иштерине сот калыстык менен мыйзам чектеринде өз баасын берет деп ишене туралы.
Менин айтайын дегеним башка. Эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү, андан кийин аудиторлору мен билгенден эки жылда бир жолу мамлекеттик мекеме-ишканалардын финансы-экономикалык ишмердүүлүгүн текшерип турат эмеспи. Анда неге Н.Түлеевдин жана анын "командасынын" былыктары мурда ачылган эмес? Же алар пара алып, ишти жаап кете беришкенби?
Эсептөө палатасынын кызматкерлери мекеме-иш­ка­наларга келишип, 4-5 күндө бүтө турган ишти 10-15 күн текшерүү жүргүзүшөт. Анан текшерилип жаткан мекеме-ишкананын жетекчилери алардын жаткан мейманкана, тамак-аш, транспорттук чыгымдарын тө­лөп беришет. А алардын Эсептөө палатасынан берилген командировкалык чыгымдарга делген акча каражаттары чөнтөктөрүндө калат. Ал аз келгенсип, айрым тек­ше­рүү­чү­лөр 1,5 миң же 2 миң долларды чөнтөккө салып, баары мыйзамдуу сыяктантып акт жазып кете беришет.
Анан алар кеткенден кийин мындай "чыгымдарды" жабуу үчүн текшерилген мекеме-ишкананын жетекчилери өздөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларынан кармап калышат. Мындай "практикадан" арылчу күн деги барбы?
Президентибиз Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөштү күчөтүү демилгесин көтөрүүдө. Мүмкүн коррупция менен күрөшүүнү дал ушул Эсептөө палатасынын өзүнөн баштабайлыбы! Ал жерде А.Акаев менен К.Бакиев убагында иштешип, коррупциянын гүлдөшүнө "чоң салым кошушкандар" азырга чейин иштеп жатышканы жашыруун эмес. Ошондуктан Эсептөө палатасынын өзүн тазалап алуу зарыл.
Жамийла ИБРАЕВА, Талас району







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??