Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_4.htm on line 2


п»ї

Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди
жаңы жыл башында кепке тарттык
Тышкы саясат ички саясаттын уландысы
Маектешкен Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
- Эрлан Бекешович, Сиз, үч айдан ашыгыраак иштеп жаткан Өкмөттө республиканын тыш-
кы саясий ведомствосун башкарып келе жатасыз. Өткөн жыл ичинде тышкы саясий айдың-
да орун алган
иш-аракеттер-дин жыйынтыгын чы­гарып, же­-
тишилген негизги ийгилтер тууралуу айтып берсеңиз.
- Чындыгында бул кыска убакыт Өкмөттүн иши тууралуу кандайдыр бир бүтүм чыгаруу үчүн аздык кылат. Ошентсе дагы, 2012-жылы Кыргызстандын тышкы саясаты маанилүү жана жемиштүү окуя­ларга бай болгонун белгилеп кетсек болот. Эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу алакаларыбызды бекемдөө багытында көп иштер жасалды. Эң жогорку деңгээлдеги бир катар эл аралык сапарлардын уюштурулушу буга далил. Андай сапарлардын учурунда биздин мамлекетибиздин жемиштүү жана пайдалуу эл аралык кызматташуусуна пайдубал түптөлөт жана кеңири жол ачылат. Бул өңүттөн караганда Президентибиз А.Атамбаевдин Орусияга, Кытайга, Түркияга, Азербайжанга жана Европа Бирлигинин чордону болгон Германияга жасаган расмий жана жумушчу сапарлары ийгиликтүү
өттү.
Өз кезегинде Орусиянын, Казакстандын, Түркиянын, Монголиянын мамлекет башчылары, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Кыргызстанда расмий иш сапары менен болушту. Казакстандын Президенти Н.Назарбаев мекенибизге кыргыз-казак дипломатиялык мамилелери түзүлгөн жыйырма жыл ичинде биринчи жолу мамлекеттик макамдагы сапар менен келди. Ал эми Орусиянын Президенти В.Путиндин расмий сапары кыргыз-орус мамилелеринин жаңы, сапаттуу баскычка көтөрүлүшүнө өбөлгө болду деп эсептейм. Анткени, аскер, энергетика жана финансы тармактарында кызматташуу тууралуу стратегиялык келишимдерге кол коюлду.
Биздин жогорку жетекчилик ошондой эле ШКУ, ЖККУ, ЕврАзЭШ сыяктуу көп тараптуу интеграциялык механизмдердин алкагында өткөн саммиттердин жана форумдардын учурунда чет элдик кесиптештери менен жолугушуп, орчундуу маселелерди талкуулашты. Мындай иш-чаралардын шарапаты менен эки тараптуу жана көп тараптуу алакалардагы канчалаган маселелер каралып, мамлекет башчылары аларды чечүү
боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алы-
шат.
Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы сапарлардын алкагында түркиялык кредитти жана орусиялык тышкы карызды кечүү, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушунун техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу, "Датка-Кемин" электр жеткирүүчү чубалгысын, Камбар-Ата ГЭСин жана мунайды кайра иштетүү заводун куруу, гранттарды жана жеңилдетилген шарттардагы кредиттерди тартуу ж.б.у.с. бир канча тарыхый мааниге ээ стратегиялык макулдашууларга кол коюлду. ТИМдин жана тиешелүү министрликтердин алдында ошол келишимдерди иш жүзүнө ашыруу тапшырмасы
турат.
- Сиздин кебиңизден улам Кыргызстандын тышкы саясаты көп тараптуу деп түшүнсөк болобу? Кээ бир серепчилер, саясат таануучулар Орусия менен мамилелер бекемделип жатканынан улам Кыргызстандын тышкы саясаты бир тарапка ыктап бара жатат деген пикирлер
бар.
- Меним пикиримче, азыркы ааламдашуу доорунда бардык өлкөлөрдүн өз ара байланыштары күчөп, бири-биринен тигил же бул деңгээлде көз каранды абалда болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгемендүү болгон 20 жыл ичинде Кыргызстан 120га жакын мамлекеттер менен дипломатиялык байланыштарды түздү. Бул, биздин алар менен эки тарапка тең пайдалуу алакаларды өнүктүрүүгө даяр экенибизди билди-
рет. Ошону менен бирге эле ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан да өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынын жана приоритеттеринин негизинде тигил же бул мамлекет менен карым-катнаш түзөрү жашыруун эмес. Мамлекетибиздин тышкы саясатынын негизги багыттары жана векторлору ошол кызыкчылыктар жана приоритеттер аркылуу аныкталат. Менин бекем ишенимимде, биз бир же бир нече өлкөлөр менен гана кызматташуу менен чектелип, Кыргызстан менен алакаларды чын ниетинен күчөтүүгө кызыккан башка тышкы шериктештерибизди унутта калтырбашыбыз керек.
Ооба, Кыргызстан дайыма эле бардык чет өлкөлөр менен тегиз, бирдей деңгээлде кызматташа албайт. Бул кадыресе эле көрүнүш. Орусия, Казакстан, Түркия менен стратегиялык, КМШ өлкөлөрүнүн көбү менен туугандык мамилелерибиз түзүлүп калган. АКШ, Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Иран, Индия жана Европа Бирлигине кирген өлкөлөр менен активдүү кызматташып жатабыз. Шериктеш чет өлкөлөрдүн баарын санап отуруунун менимче, кажети жок. Бирок, бир нерсени белгилей кетейин: Кыргызстанда
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн тең дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар. Андан сырткары Кыргыз Республикасы БУУ, ЕККУ, ИКУ, ШКУ, ЖККУ ж.б.у.с. бир катар кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын мүчөсү. Ошондуктан, биздин тышкы саясатыбыз көп вектордуу мүнөзгө ээ экени талашсыз деген пикирдемин.
- Сиздин көз карашыңызда эл аралык айдыңда Кыргызстанга тиешелүү кандай орчундуу окуя­лар орун алды жана алар биздин өлкөбүздөн дүйнөлүк аренадагы
кадырына кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз?
- Кыргызстандын кадыр-баркы анын эл аралык айдыңдагы активдүү позициясына, ошондой эле глобалдык жана регио­налдык уюмдардын иштерине катышуу деңгээлине байланыштуу болот. Биринчи кезекте Кыргызстан тарыхта алгачкы жолу БУУнун негизги органдарынын бири делген Адам укугу боюнча Кеңешке мүчө болуп эле шайланбастан, бул институттун вице-төрагасы болуу ишенимине арзыганын айткым келет. Ушул жылы биз ошондой эле БУУнун дагы бир көзгө басар түзүмдөрүнүн бири - Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчөлүккө шайландык. Эгер эл аралык кадыр-баркыбыз чеке жылытарлык болбосо бизге мынчалык жогорку ишеним көрсөтүлбөйт эле да, туурабы?
Жаңырган жылдын жай мезгилине
чейин Кыргызстан жылдан-жылга баралына келип, эл аралык кадыр-салмагы артып бара жаткан ШКУга төрагалык кылат. Келе жаткан жай айларында бириктирип санаганда калкынын саны жер шарынын калкынын жарымынан көбүн түзгөн ШКУга мүчө жана андагы байкоочу өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Кыргыз жергесине саммитке чогулат. Жакында эле ошол өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Бишкекте жолугушканына баарыбыз күбө бол-
дук.
Биринчи жолу Европа Бирлиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу Кыргызстанда болуп өттү. Бул да регионалдык кызматташуу маселелерин караган өзүнчө аянтча же механизм болуп калды деп айтар элем.
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн алдында биздин төрагалык кылган түркий тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин саммитинин Бишкекте өтүшү да орчундуу тышкы саясий окуя­­лардан болуп калды. Булардын бардыгы Кыргызстандын эл аралык жаркын бейнесин бекемдеп гана тим болбостон, дүйнөлүк саясаттын активдүү катышуучусу катары кадырын арттырат деп ише-
нем.
- Жакында эле 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү боюнча президенттик программа коомчулукка тааныштырылды. Ал мамлекетибиздин тышкы саясий багытына кандай таасир тийгизиши мүм-
күн?
- Түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени, тышкы саясат бул ички саясаттын уландысы. Стратегияда: "Тышкы саясат толугу менен Кыргызстан элинин кызыкчылыктарына шайкеш болушу керек. Кыргыз Республикасынын улуттук тышкы саясаты алдын алууга боло турган, ырааттуу жана экономикалык жактан пайдалуу болушу шарт. Аны өлкөнүн ички керектөөлөрүнө жана атуулдардын таламдарына ылайыкташтыруу маанилүү. Кыргызстанга тартылып жаткан инвес­тициялардын көлөмү, бизде өндүрүлгөн товарларды эл аралык рынокто сатууну кеңейтүү, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын атуулдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо - жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын ийгиликтүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү болушу керек", - деп жазылган.
Ошентип, стратегияда алдыдагы беш жылда жана андан кийин да ТИМдин ишмердүүлүгүнүн маңызын түзө турган мамлекеттик тышкы саясаттын негизги максаттары жана тапшырмалары белгиленген. Азыркы мезгилде министрликте Президентибиздин стратегиясында көрсөтүлгөн максат-тапшырмаларды эске алуу менен жаңы Тышкы саясий концепцияны даярдоо иши аягына чыгып
калды.
- Сиз ТИМге тышкы соода тармагында кошумча ыйгарым-укуктар берилип, ведомствону Тышкы иштер жана тышкы соода министрлиги деп кайра атоо сунушуна кандай карайсыз?
- Чынында эле улуттук экономиканы кайра жандантуу жана өнүктүрүү мамлекетибиздин негизги тапшырмаларынын бири. ТИМ бул тапшырмалардын гана аткарылышына көмөк көрсөтпөстөн, тигил же бул деңгээлде бардык тармактарда иш алып барат. Анткени, жогоруда белгилегенимдей, тышкы саясат ички саясаттын уландысы болуп саналат. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, мурдараак ТИМге тышкы миграция багытындагы функция­лар берилген эле, азыр болсо мунун канчалык туура же туура эмес болгондугу талкууланып жатат. Жалпы жонунан алганда, Өнүгүү программасында көрсөтүлгөн тышкы саясий тапшырмаларды аткаруу, министрликтин атын өзгөрткөнгө эмес, анын ишинин сапатына жана кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө байланыштуу деп
ойлойм.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??