Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_3.htm on line 2


п»ї

Жаңжал кайдан чыкты, бүгүнкү абал кандай?
Гүлчехра Тажибаева,
"Кыргыз Туусу"
"Баткен облусундагы кырдаал толук калыбына келтириле элек. Жашоочулар материалдык чыгымдын орду толтурулбаса нааразы боло беришет. Өзбекстандын жарандары жергиликтүү элдин 15 автомашинасын, 15 тирөөчтү жана бир суу өткөргүчүн талкалашкан", - деп билдирди КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, 2013-жылдын 6-7-январь күндөрү Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Чарбак айылында Өзбек Республикасынын Хушьяр айылынын тургундары менен №2022 аскер бөлүгүнүн Чарбак чек ара заставасынын ортосунда чыр-чатак чыгып кеткен.
Окуя жүз берген алгачкы сааттарда аталган аймакка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен Баткен районунун акими С.Калыков жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда КРнын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, чыр-чатактын өөрчүп кетишине жол бербөө максатында КРнын ИИМнин, МУККнин, КРнын Чек ара кызматынын облустагы башкармалыктарына тиешелүү ыкчам аракеттерди көрүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү тарабынан көрсөтмөлөр берилген.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен облустук штаб түзүлгөн жана штабга облустагы бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлчүлүктөрү камтылган. Өзбек Республикасынын жергиликтүү бийлик органдары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери көрүлдү. Чарбак айылындагы "Чарбак" заставасында КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен ОИИБнын башчысы милиция­нын полковниги А.Алимбеков, Баткен облусунун прокурору Л.Жумабаев, МУККнын Баткен облусу боюнча башчысы полковник Т.Салиев, Баткен раймамадминистрациясынын башчысы-аким С.Калыков Баткен районунун Чарбак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан барымтага алынган кыргыз атуулдарын бошотуу маселеси каралды.
Ошол эле күнү Баткен районунун Боз-Адыр айылы менен Сох районунун Шархобод айылы чектешкен аймакта өзбек-кыргыз өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
- Эки тараптуу жолугушууга өзбек тараптан Фергана облусунун хокими Ш.Ганиев, Фергана облусунун ИИБнын башчысы милициянын генерал-майору Т.Сатаров жана чек ара кызматынын өкүлү, кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков баштаган бийлик өкүлдөрү катышышып, ал жерде эки тараптуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Сүйлөшүүдө маселе жөнгө салынганга чейин эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу үчүн чек ара бекеттерин жабык абалда кармап туруу, чек ара маселелерин чечүүнү тездетүү боюнча Өкмөттөр аралык паритеттик комиссиянын ишин тездетүүгө сунуш берүү жана келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча эки тараптан тең комиссия түзүп, иш алып баруу жагы макулдашылды. Облус жетекчиси Ж.Разаковдун мындан ары азыркыдай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эки тараптуу иш-чараларды уюштуруп, эки элдин ынтымагын бекемдөө багытында бир келишимде иш алып баруу сунушун Фергана облусунун жетекчиси колдой тургандыгын билдирди.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан Хушьяр айылында алардын эркине каршы кармалып турган бардык кыргыз жарандары Кыргызстан тарапка өткөрүлүп берилип, медициналык кароодон өткөрүлдү. Медициналык кароо учурунда эркек жарандардын денесине күч колдонулганы аныкталган. Бул жана башка фактылар боюнча облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү делинген Өзбек Республикасынын жарандарынын үстүнөн иликтөө иштери өзбек тараптын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков ооруканада жаткан кыргыз жарандардын абалынан кабар алды, аларга бардык медициналык керектүү жардамдар берилип жатат. Ошол эле учурда облустук бийлик стационардык дарылануудагы жарандардын ар бирине 2 миң сомдон акчалай жардам көргөздү. Чарбак айылында электр мамычаларын орнотуу, жарык берүү иштери калыбына келтирилди. Азыркы учурда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери колго алынууда. Ошол эле учурда жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, облустун аймагында коомдук-саясий абал өз нугуна түшүп, турукташа баштады.
Баткен облусунда КР ички иштер ми­нистри Шамиль Атаханов, КРнын чек ара кызматынын башчысы З.Тиленов, ИИМдин орун басары К.Жунушалиев болуп, облустагы ИИБнин жеке курамы менен ыкчам жыйын өткөрдү.
Жыйынга УКМКнын жана КР Чек ара кызматынын өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук тартипти жана Өзбекстандын Сох анклавына чектеш жерде жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Жеке курамга Сох анклавына жакын жайгашкан Баткен, Кадамжай районунун калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Барымтага алуу жана чек ара заставасына кол салуу фактысы боюнча Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.
КР мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиевдин билдирүүсүнө ылайык, кыргыз чек арачылары жөн гана эскертүү катары асманды көздөй ок чыгарышкан. Мамбеталиевдин дагы бир билдирүүсү боюнча, барымтага алынып, кийин бошотулгандардын көбүнчөсү денесинен жаракат алышып, зомбулукка кабылышкан.
Ушул окуяларга байланыштуу Баткен облусундагы кыргыз-өз­бек мамлекеттик чек арасындагы "Кайтпас-Автодорожный", "Кы­­зыл-Кыя-Автодорожный", "Ка­­­­дамжай-Ав­­то­до­рожный", "Ак-Кыя-Автодорожный", "Өтүк­­­­­­­­­чү-Авто­до­­рож­­ный", "Боз-Адыр", "Чечме" жана "Кызыл-Тоо" көзөмөлдөө посттору убак­тылуу жабылды.
Мындай чаралар кыргыз тараптан райондо болуп өткөн абалды турукташтыруу максатында көрүлүүдө.
Сүрөттөр автордуку жана
"Азаттыктан"




Сок жаңжалы: кечиккен аракеттен кемсинген эл
(Башталышы 1-бетте)
"Болоору болуп, боёосу кангандан кийин", өз короосуна кирип алып кылычтарын ары-бери чапкылаган болушат. Жергиликтүү элдин пикири боюнча, башка мамлекетке суук тумшугун салып жасаган "өзүм билемдиктер" мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан, жергиликтүү жетекчиликтин начардыгынан болуп жатат. Антпегенде коңшу мамлекеттер менен чек араларды такташтыруу маселеси өтө эле создугууда. Азыр, айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандын Өзбекстан менен 350 км. жерде кыйла участоктор боюнча талашы улантылууда. Мамлекет аралык келишимдерди бузуу, күчкө салуу менен чек араларды өз билгениндей ичкери жылдыруу, чектеш жерлердеги үйлөрдү сатып алуу, өздөштүрүү көптөн берки көрүнүшкө айланган.

Айыптоолор жана агрессия
Азырынча эки тараптын расмий органдары зарыл аракеттердин ордуна бирин-бири айыптаган билдирүүлөрдү жасоо менен гана чектелишүүдө. Алсак, Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитети Кыргызстандын чек арачыларын электр түркүктөрүн чектен чыгара орноткон мыйзамсыз аракеттери, курал колдонуп, беш адамга жаракат келтиргендиги Кушардагы кырдаалды курчутканга алып барды деп айыптайт. Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапты жаңжалдын түпкү себептери аныкталмайын негизсиз айыптоону токтотуу­га чакырды жана чек ара көйгөйлөрүн адам укуктарын жана эркиндигин тебелеп, тынч элди барымтага алуу аркылуу чечүү аракеттери өтө кооптуу экендигин билдирди. Андыктан Өзбекстан жарандарынын агрессивдүүлүгү, күч колдонуп Кыргызстандын чек арасын бузмак тургай, аскер кызматындагыларга кол салуусу, тынч жаткан элге бүлгүн салып, ур-токмокко жана барымтага алуусу өзбек бийлиги тарабынан катуу жазаланууга, эл аралык коомчулук тарабынан калыс баа берилүүгө тийиш. Расмий Ташкендин кеткен чыгымдарды төлөп беребиз деген "айкөлдүгү" текейге да турбайт, анткени кеп кулатылган зым карагайларда же талкаланган автомашиналарда эмес, бүтүндөй мамлекет суверендүүлүгү, анын кол тийбестиги жөнүндө болуп жатат.
Бирок Чарбак айылын бастырып ийип, элди барымтага алдырган шермендечиликке кыргыз күч органдары, дипломатия кызматы, жергиликтүү бийлик өз алсыздыгы, кемпайлыгы үчүн сөзсүз жооп берүүсү керек. Анткени анклав айланасындагы жаңжалдар бүгүн эле чыга калган жери жок.

Кеп төркүнү - геосаясатта
Борбордук Азиядагы учурку абалды эске алганыбызда, Сок анклавы кезектеги гео­саясий жүрүштөрдүн курмандыгы катары колдонулууда деп да түкшүмөлдөөгө болот. Айрым эксперттердин айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтер боюнча ири долбоорлору, ага карата өзбектердин позициясы, Россиянын бизге стратегиялык өнөктөштүгү жана Өзбекстандын ОДКБ­дан чыгып, Американы көздөй имерчиктеши, анан калса АКШ­нын Борбор Азия боюн­­­ча сая­­­сатындагы өзгөрүүлөр жалпы региондогу өнөк­­төштүк форматын өзгөртүүгө түрткү бермек. Демек, Сок окуясынын төркүнү - мамлекет аралык, куру дегенде улут аралык жаңжалды жаратуу аракеттери аркылуу ре­гиондо таасирдүү күчтөрдүн алмашуусуна, бул жакта аскерий жана экономикалык державалардын кайрадан аныкталышына жетишүү да ыктымал экендигинде. Буга кошумча, атайы уюштурулуучу жергиликтүү, тышкы чагымчылыкты, ушу тапта интернетте күчөп жаткан эл арасын кайраштыруу максатындагы бузукулуктарды эстен чыгарууга болбойт. Кырдаал жер Өзбекстандыкы болгон менен, кыргыздарды кордоп, барымтага алган жалаң тажиктер экендиги менен да татаалдашат.
Интернет булактары өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосунда Сок анклавын өзбектерге өткөрүп берүү туу­ралуу жашыруу меморандумга кол коюл­­­­­гандыгын билдиришүүдө. Меморандумга ылайык Сок жергесин, кыргыз айылдарын айланып өтүп, Өзбекстандын Риштан району менен бириктирүү жана мунун ордун Кырызстанга тоолуу Таян менен толуктоо каралган. Бирок буга, Баткен облусунун губернаторунун айтуусу боюнча, кыргыз тарап макул болбойт, анткени сунушталып жаткан Таян жергеси эч пайдасыз жана берилип жаткан өткөөлдүн кунун актабайт. Сок суусун өзбек тарап көзөмөлдөп калуусуна жол берчү мындай сунуш Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына туура келбейт.

Маалымат үчүн: Өзбекстандын Фергана облусуна кирген Сок анклавы 1955-жылы түзүлгөн, айланта Кыргызстан курчап турат (135 км.). Жалпы аянты 352 кв.км. Анын пайда болушу тууралуу ар кандай болумуштар, божомолдор бар. Алардын ичинен - бул Совет бийлигинин союздук республикаларды бири-бирине байлап, көз каранды кылуу, улуттарды аралаштыруу, акырындап жоюу аракеттеринин дол­боору деген божомол чындыкка жакындай. Кызык жери - анклавда дээрлик тажиктер жашайт, кыргыздар 1%дай. Жалпы калкы 60 миңге чукул, негизинен айыл чарбасы менен алектенишет. Анклав боюнча кыргыз-өзбек арасында ар да­йым жаңжалдар болуп келген. Мунун ичинде Өзбекстанга өткөөл ачуу аракеттери 2001-жылы ийгиликсиз аяктаган (Википедия).







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??