Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_2.htm on line 2


п»ї

Окуянын себептери жана шарттары иликтенет
"Бардык талаш туудурган маселелерди чечүү жана мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоо чек арадагы кырдаалдын туруктуулугунун жана бейпилдиктин маанилүү факторунан болуп саналат. Ошондуктан биз бул багытта ишти жандандырабыз", - деди Премьер-министр, Өкмөткө караштуу коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңештин төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунун Чарбак айылына жана Сох анклавына жакын жайгашкан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында үстүбүздөгү жылдын 5-7-январында болуп өткөн окуялардын себеби талкууланган кеңештин жыйынында.

Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик чек ара кызматы­нын жетекчиси З.Тиленовдун, Өкмөттүн Бат­кен облусундагы өкүлү Ж.Разаковдун, ички иштер министри Ш.Атахановдун билдирүүлөрүн угушту.
Өкмөт башчысы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча облустук штабдын кечигүү менен түзүлгөндүгүн, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик чек аранын талаш туудурган тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти жандандыруунун зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча кыргыз-өзбек чек арасында болуп өткөн окуяларга алып келген себептерди жана шарттарды иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү чечилди. Тийиштүү министрликтерге жана кызматтарга кейиштүү окуянын чыгуу себебин иликтөө, мамлекеттик чек аранын тилкелеринде тийиштүү сандагы күчтөр жана каражаттар менен камсыз кылуу, чек ара аймагындагы калкты жаңы жумуш орундары менен камсыздоо, калктын турмуш шартын жакшыртуу, Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян багыты боюнча автожолунун курулушун жандандыруу, участкалык инс­пекторлордун санын көбөйтүү боюнча ж.б. тапшырмалар берилди.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




Баарына таза суу керек
Өлкөнүн калкын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси калк­тын турмуш жыргалчылыгын өнүктүрүүнүн, анын ден соолугун, маданий өнүгүүсүн жана көптөгөн миллиондогон финансы каражаттарын үнөмдөөнү камсыз кылуунун башкы факторлорунун биринен болуп саналат. Ошондуктан бул өлкөбүздүн Өкмөтүнүн приоритеттүү багыттарынын биринен болуп калууга тийиш.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун жана калктуу конуштардын суу менен жабдуу жана суу агынды тармагынын учурдагы техникалык абалын эске алуу менен курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамагенттикке караштуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу агынды тармагын өнүктүрүү департаментинин жамааты өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун карап чыгып, "Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү" деген аталыштагы 10-бөлүгүнүн 10.6. пунктуна төмөндөгү мазмундагы кошумчаларды сунуштайт:
10.6. Калктуу конуштарды суу менен жабдуу жана суу агындылары
263. Жаратылыш Кыргызстандын тоолуу мейкиндиктерин зор муздуктарда, суусу терең дарыяларда, чоң жана чакан көлмөлөрдө орун алган таза суунун зор ресурстары жана жер астындагы суулардын арбын запасы менен камсыздаган. Суу ресурстары өлкөнүн керектөөлөрүн камсыз кылат, ошондой эле дарыялардын төмөнкү агымында орун алган Борбордук Азиянын маанилүү аймактары үчүн суунун негизги булагы.
Кыргызстанда суунун запасынын жалпы көлөмү муздуктарда сакталган 650 км3, көлдөрдөгү 1745 км3 сууну, ошондой эле жер астындагы суулардын 13 км3 запасын жана 44,5тен 51,9 км3 орточо жылдык дайра агымын кошкондо 2458 км3 сууну түзөт.
Муну менен бирге өлкөнүн айыл жериндеги калктын 60%дан ашууну коопсуз борборлоштурулган ичүүчү суу менен жетиштүү камсыз болгон эмес же бүгүнкү күндө рес­публиканын элет калкынын 700 миңдейи чарбалык-ичүү керектөөлөрү үчүн ачык суу булактарынан пайдаланууга мажбур. 2013-жылга карата башка калктуу конуштарды эсептебегенде, жалаң айылдар боюнча гана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга муктаждардын жалпы саны 1,5 миллиондон ашуун адамды түзгөн.
Кыргыз Республикасында бюджеттик финансылык каражаттардын жетишсиздигинен суу түйүндөрүнүн жана суу агынды тармактарынын курулушу, кайра оңдолуп ишке кирилиши тышкы финансылык донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө. Мисалы, 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган акча каражаттарына өлкөнүн 533
айылында жалпы суммасы 2 млрд. 509 млн. сомдук суу менен жабдуу тармагы курулган жана мурдагылары калыбына келтирилген. Өкмөттүн өзү бул маселени чечүүгө кызыкдар болгондо тышкы донорлор суу менен жабдуу жана суу агынды тармагын калыбына келтирүүгө жакындан жардам беришүүдө.
264. Максаты: Элет жериндеги калкты коопсуз борборлоштурулган ичүүчү суу жана суу агынды кызматы менен камсыз кылууну жакшыртуу.
265. Милдеттери: Белгиленген максаттарга жетишүү үчүн:
а) коопсуз борборлоштурулган ичүүчү суу менен туруктуу камсыз болбогон элет калкынын үлүшүн эки эсеге кыскартууга жетишүү үчүн борборлоштурулган суу менен жабдуу тармагын жаңыртуу жана калктуу конуштардын суу агынды тармагынын курулушу боюнча иш жүргүзүү;
б) жергиликтүү өз алдында башкаруу органдары калктуу конуштардын ичүүчү суу менен жабдуу жана суу агынды тармагын талапка ылайык пайдаланууну жана техникалык абалын камсыз кылуу;
в) калктуу конуштардын суу менен жабдуу жана суу агынды тармагынын пайдалануучу уюмдарынын калыптанышына туруктуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
г) бул тармакты өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү үчүн инвестиция жана эл аралык донорлорду тартуу зарыл.
А.ТОКТОШЕВ,
КР Өкмөтүнө караштуу курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ичүүчү суу менен жабдуу жана суу агынды тармагын өнүктүрүү департаментинин деректири





Пикир
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"
Казакстан
2050-жылга карай ишенимдүү кадам менен
Өткөн жылдын аягында Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын 2050-жылга чейинки өнүгүү стратегия­сын жарыялады. Ал өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да чоң кызыгууну жаратты. Бул тууралуу академик
Турар КОЙЧУЕВ мындай дейт:
- Казакстандын тышкы саясаты башка өлкөлөр менен кызматташууга багытталган өзүнүн ачык-айкындуулугу, прагматикалуулугу жана өнөктөштөрүнө ишеним көрсөтүүсү менен айырмаланат. Узак мөөнөттүк экономикалык жана саясий таа­сирлерди шарттай алган бир топ эл аралык уюмдарды түзүү жана долбоорлорду кабыл алуу демилгелери менен Казакстан кадыр-баркка ээ болду. Ийгиликке жетүүгө ишеним бар, анткени, өлкөнүн экономикалык жана социалдык саясаты ырааттуу улантылууда жана кыйшаюусуз ишке ашырылууда. Бийликтин бардык бутактары өнүгүү стратегиясын аткаруу үчүн биргелешип аракет кылууда. Коомдо этникалар аралык, конфессиялар аралык ынтымак бекем. Саясий аракеттер конструктивдүү жол менен ишке ашууда. Эң башкысы - ийгиликтин негизи, улут лидери Нурсултан Назарбаевдин саясий эрки күчтүү. Эгемендиктин
жыйырма жылы эл башчысынын койгон максаттарга жете алуусун далилдеди.




Жаңы китеп
Бермет НУРУБЕКОВА, "Кыргыз Туусу"
"Рух дүйнөсү: "Манас" жана Айтматов"
Жаңы жылдын алдында белгилүү адабиятчы, академик Абдылдажан Акматалиевдин "Рух дүйнөсү: "Манас" жана Айтматов" деген китеби жарык көрдү. Китепте автордун 2012-жылы жазган макалалары, ырлары жана басма сөз беттерине берген маектери орун алган.
Аталган басылмада автор "Манас" эпосу, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө, ошондой эле адабиятыбыздын жана тилибиздин актуалдуу проблемаларын көтөргөн. Ал эми ырларынын негизги тематикасы ар түрдүү: сүйүү, өмүр, өлүм, заман, абийир жана башка.
Абийир саткан - Кудай саткан барабар,
Абийир - күзгү, Жан дүйнөнү каранаар.
Ыйман, Адеп жоголгонсуп баратат,
Кандай болот, келечекке санаа бар?! - дейт бир ырында.
Адабиятчынын калыстыгы, туруктуу позициясы, адамгерчилиги макалаларда, маектерде жана ырларда даана байкалат. Автордун жаңы табылгалары окурмандарга тартууланды.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??