Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_16.htm on line 2


п»ї

Бүгүнкү кыргыз киносу
"Кыргыз базарга чыгат дегени эмнеси?" - деп,
таенем соодагерлик менен алектенген бир кемпирди жектегени дале эсимде. Ал кемпир керээлден-кечке короосуна жашылча-жемиш эгип, көк сатып оокат кылчу.
Азыр кыргыз көктү да, акты да сата баштаганы жанды кейитет. Жолдо бараткан жолоочуга айран-сүтүн ала чуркаган доорлорду көз алдыга элестетип, кусаланасың. Ошол пейил бала чактагы айылдын аксакалдары менен кошо кеткенине өкүнөм.

Салмактуу "Саз"
же Одуракаевдин олжосу

Театр менен кино жаатында үзүрлүү эмгектенип келаткан Бусурман Одуракаевдин "Саз" аттуу кинотасмасын көргөн соң аргасыз ушундай ойлорго кабылат экенсиң. Бусурман Одуракаев - буга чейин өнөр секисинде өзүнүн актердук дараметин Уильям Шекспир өңдүү дүйнөлүк алптардын казынасынан болгон "Ромео менен Жульеттасында" - Ромеонун, "Король Лиринде" - Кенттин, "Ричард IIIтө" - Кларенцтин образдарын жаратып, көрүүчүлөрүн назарына коюп келген. Айрыкча, 1998-жылы Шотландиянын Эдинбург шаарында өткөн эл аралык фестивалда У.Шекспирдин "Гамлетинде" - Гамлеттин образын дүйнөлүк
театр сүйүүчүлөргө тартуулап, "Кыргыз Гамлети" деген ат менен "Шекспирдин Дүйнөлүк энциклопедиясынын" тизмесине алтын тамгалар менен киргизилгенин жалпы кыргыз журтунун да зор сыймыгы катары кабыл алышыбыз парз. Мындан тышкары Г.Лорканын "Кандуу тоюнда" - Леонардонун, Ч.Айтматов менен М.Шахановдун "Сократты эскерүү түнүндө" - Акканаттын образдарын жаратса, ал эми кинематографияда: "Акбаранын көз жашында" - комсомолдун секретары (реж: Д.Садырбаев), "Куш өмүрдө" - Ысмайылды (реж: Б.Карагулов), А.Сүйүндүковдун "Кошокчусунда" - Болоттун, "Алтын кыргоолдо" - сүрөтчүнүн (реж: ­М.Сарулу), "Ермакта" ("Мосфильм") - Басбулаттын ролдорун аткарганы менен Бусурман жалпыбызга жакшы маалым болуп калды.

Бирок, чыгармачылык чыйырын актердук кесиптен баштаган Бусурман акыркы жылдарда кино жаатында режиссёр катары "Айыл ажары", "Шумкар уя", "Көгүлтүр Ысык-Көл" даректүү тасмаларын тартып, өз күчүн сынап келүүдө. "Саз" кыска метраждуу тасмасы былтыр "Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" аттуу фестивалында мыкты режиссура жана көрүүчүлөрдүн симпатиясына ээ болгондугу менен айырмаланып, ушул эки багытта астына ат салдырбай башкы байгени эңип алды.
Союз тараарын тарап, эл эгемендикке ээ болгону менен кыргыз эли башынан бир далай ка-
таал сыноолорду өткөрүп келет. Дегеле, эгемендик элге эмнени берди? Бул эми, албетте, бир канча мезгилдер өткөн соң тарыхчылар тарабынан талдоого алына турчу маселелерден. Кеп, ошол эгемендик жылдарында элибиздин эсин эки кылган баягыл эле байыркы кыргыздын кан-жанына сиңген көчмөн духубуздун мокоп, элибиз каат турмуштун айынан кайдыгерликтин сазына чөгүп калгандыгында. Кыргыз соода-сатык менен шугулданган адамды ан-чейин жактыра бербей, "кызыл кулак" деп жерип келишкен. Азыркы тапта колуна мансап тийгендер калк атына жамынып алып эл тагдырын каалагандай калчаганды, бешиктеги баладан эңкейген кемпир-чалына дейре кызыл кулактык менен күн көрүп, ал эми жеке мамилелеринде атасы баласы менен, агасы иниси менен соодалашканга өтүп калганы жан кейитпей койбойт. Көр дүйнөдөн мурда оболу көркөм дүйнөнү ойлогон кыргыз жаны көчмөн духунан ажырап, эси-дартынын баарын акча гана ээлеп алгандыгын ойлогондо, кандай гана абалда каласың….
Биз сөз кылып жаткан "Саз" фильми да көрөрманга ушул өңүттөгү суроолорду кабыргасынан коёт. Эл эсебинен эсирген эргулдарыңдын айынан журт тагдыры ушундай аянычтуу тагдырга келип олтурат. Эл колунда болгон нерсесин сатса, эл башылар ата-бабасынын арбактарынан да коркпой адыр-түздү, тоосун, суусун, көз жоосун алган көркөм жерлерин сатып, бирок, анысына эч намыстанбай эле жашап келет.
Фильмде Самат (Бусурман Одуракаев) менен Асан (Алмаз Бекботоев) аттуу эки жылкычы өз тирлигин эл катары өткөрүп, жылкылары менен алек. Бирок, булардын турмушуна акча дегенде эт-бетинен кеткен, керек болсо элин-жерин сатканга даяр Таалай (Азиз Мурадилаев) деген жаш жигит аралашты. Ал, адамдын ичи-койнуна кирип, шуулдаган мүнөзүнүн аркасында кара суудан каймак алган эпчил, француздарга кыргыз жылкыларын үйүрү менен саткан кызыл кулак.

Таалай француздарды кыргыз жайлоосуна алып келип, Саматтын үйүр-үйүр жылкыларын очойгон акча менен азгырып, саттырганга көндүргөн. Ушул жерден окуя башкача мүнөзгө ээ болот. Саматтын "ал жакта саз бар, бул жакка айда!" дегенин кулагы чалбай бир топ жылкыны айдаган Асан Саматтын зоот айгырын сазга тыгып алат. Айгырды саздан сууруп алабыз деп канчалык далбас урушканынан эч майнап чыкпай, Саматтын жаны күйөт. Ал эми айгыр сазда тыгылган бойдон кала берет. Түн бир оокумга дейре боз үй ичинде Асан, Самат, Таалай үчөө олтурушуп, талашып-тартыша кетишет. Саматка өзүнүн эч качан өз үйүрүн карышкырга алдырбаган күчтүү айгыры сазга тыгылган бойдон калышы жүрөгүн абдан оорутса, ал эми Таалай жылкы жаныбардын сазга тыгылып талаада калганын чымын чакканчалык да көрбөйт..
Эртеси үйүр жылкыны айдап өтүш үчүн аргасыз Асандын айгырын сатып алуу чечимине келишет. Асан: "ал менин канатым, мен кантип сатам аны, сатпайм!" деп көшөргөнүнө карабай Таалай очойгон акчаны колуна карматып туруп, айгырына ээ болуп алышат. Акчанын күчүн көр! Акчаң болсо ааламды да башкарып алганга болот тура деген ой ушул жерден көрүүчүнүн көңүлүнө бүлүк салбай койбойт. Бирок, андай эмес! Ааламда акчадан ыйык, баарынан алмашкыс нерсе асыл сезимдер экенин, ар намыс экенин адам эмес, ушу талаа­да сормо сазга тыгылып кароосуз калган бир айгыр бизге далилдеп берди, аттиң!
Ажал менен алпурушкан шордуу айгыр бир нече сааттар бою азап чеккенине карабай, өз үйүрүн кайрып калыштын максатын көздөй алдыга арыш таштайт. Анткени, өз үйүрүнө башка бир айгыр ээлик кылып баратканын көрүп туруп кантип ага жол бермек эле?! Айгыр дагы чымырканып, өргө умтулду. Эми аны бет келген кыйынчылыктар таптакыр коркута албайт. Ал сөзсүз өз үйүрүнө жетип коргоп, сактап калышка милдеттүү. Жашоонун жазылбаган мыйзамы ошондой.

Ак менен каранын айыгышкан кармашы. Кыскача айтканда, фильмдеги каармандар ушул бир айгырча боло алышкан жок. Фильмдин көркөмдүк-эстетикалык деңгээли бийик. Режиссёр жашоо агымы каякка баратат деген соболун бизге коюп, катуу түйшөлгөн. Ушул жерден баса белгилеп айта кетүү керек, фильмдин режиссёру, андагы актерлор профессионалдык деңгээлин көрсөтө алышкан. Мындан тышкары келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш операторлорубуздун бири Акжол Бекболотовдун камерасы көрүүчүнүн көкүрөгүнө көз жоосун алган көркөм табиятты, адамдар ортосундагы айы­гышкан кармаштарды, өзгөчө жылкы жаныбардын көздөрү аркылуу анын ички дүйнөсүнө терең сүңгүп кирип, анын азабын да, бактысын да таасын ачып бере алган.
Бир кездеги "кыргыз керемети" деп дүйнө жүзүн тамшандырган кыргыз кинематографиясы Т.Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиев, М.Туратбеков, К.Кыдыралиев өңдүү кесипкөйлөрдүн доору менен кошо кетти окшойт деп ичимен катуу кейип жүрсөм, "Саз" кыска мет­раждуу тасмасы эртеңкиге болгон үмүттү арттырып, уңгубуз бар эмес­пи, уюткулуу эл болгон соң, эл арасынан дагы нечендеген таланттар жарала берет тура деген ишенимди жаратты. Көрсө, Бусурмандын көкүрөгүндө актёрдук гана эмес, режиссёрлук чеберчилик да бугуп жатыптыр. Көрүүчүлөр эми режиссёрдон дагы да бир катар мааниси терең, адамга эстетикалык ырахат тартуулаган, түбөлүктүү темаларды камтыган тасмаларды күтөөрү талашсыз.
Данияр ИСАНОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??