Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_14.htm on line 2


п»ї

Эшим КУТМАНАЛИЕВ
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Эшим Кутманалиев 74 жашка караган курагында көз жумду.
Ал 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган, Кыргыз айыл чарба институтунда дене тарбия мугалими болуп эмгектенген, 1963-1968-жылдар аралыгында Кыргыз ССР спорт комитетинде мамлекеттик машыктыруучу болуп иштеген. "Алга" спорттук коомунун борбордук кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Кыргыз ССРинин дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп төрт жыл иштеген.
1991-жылы Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланып, олимпиадалык кыймылдын алдыга жүрүшү жана спорттук өнүгүшү үчүн албан иштерди жасаган. Анын жетекчилигинин астында эл аралык спорттук мелдештер дайыма өтүп туруу­­чу. Э.Кутманалиевдин Борбордук Азия оюндарын өткөрүү демилгесин Эл аралык Олимпиада комитети колдоого алган. Азиялык олимпиада комитетинин 5-аймагы Э.Кутманалиевдин демилгеси менен түзүлгөн. Анын жигердүү аракетинин негизинде Кыргызстан Эл аралык Олимпиада комитетинин жана бүткүл дүйнөлүк олимпиада кыймылынын толук укуктуу мүчөсү болууга жетишип, Кыргыз Рес­публикасынын улуттук курама командасы 1994-жылдан тартып Азия жана Олимпиада оюндарына катыша баштаган.
Спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучулар үчүн эл аралык семинарларды өткөрүү жана республикабыздын алдыңкы спортсмендерине Эл аралык Олимпиада комитетинен стипендия берилүүсү үчүн зор эмгегин жумшаган.
1995-жылы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясынын төрагасы болуп шайланган.
Э.Кутманалиев олимпиада кыймылынын, дене тарбия жана спорттун өнүгүүсү үчүн сиңирген эмгеги үчүн "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы, "Ардак белгиси" ордени, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин эки Ардак грамотасы, "Даңк" медалы менен сыйланган. Ага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамдары ыйгарыл-
ган.
Орду толгус жоготууңарды терең кайгыруу менен бөлүшөбүз.
Кыргызстандагы олимпиада кыймылынын ардагери Эшим Кутманалиевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына, досторуна жана жакындарына кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ж.Сатыбалдиев, Ж.ОТОРБАЕВ, К.Талиева, Н.Момуналиев,
Б.Мамбетов, У.Усупов, А.Галютин, Б.Кенжебаев, Н.Бардинова, Б.Шалпыков, М.Саралинов, К.Аманкулов, К.Осмоналиев, Ж.Дөңбаев, М.Кошалиев, В.Бубнов, С.Мамытов, Т.Ысыраилов, Б.Сулайманов, А.Касенов, Н.Акылбеков, Р.Алканов.




Элеси эсибизде жашай берет
КРнын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи президенти, өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Эшим Кутмана-
лиевдин 9-январда дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Маркум 1938-жылы Талас районунун Кең-Арал айылында туулган. 1961-жылы КМДТИни бүтүргөн. 1961-63-жылдары Кыргызстан айыл чарба институтунун дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, 1963-64-жылдары Кыргыз спорт комитетинде мамлекеттик машыктыруучу болуп эмгектенген. 1964-87-жылдары "Алга" спорт клубунун борбордук советинин бөлүм башчысы, төраганын орун басары жана төрагалык кызматты аркалаган. КР дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрага-
сы.
1991-жылы КР Улуттук олимпиадалык комитетине алгачкы президент болуп шайланган. КМДТИнин ардактуу профессору, СССР спортунун чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, КР эмгек сиңирген ишмери, III даражадагы "Манас", "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган. 2012-жылы Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденине татыктуу бол-
гон.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Сизди кыргыз эли, шакирттериңиз, окуучуларыңыз эч качан унутпайт. Сиздин элесиңиз ар
дайым биздин эсибизде жашай бе-
рет.
Маркум менен коштошу аземи 11- январда саат 10.00дө Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө кою-
лат.

М. Саралинов, К.Аманкулов,
К.Конгантиев, Ш.Касенов, А.Салымбеков,
А.Келдибеков, М.Турганбаев, А.Кожошев, Ш.Абдыкеримов жана башкалар.




Калыбек БАЙЖИГИТОВ
Кыргыз адабияттаануу илими менен билим берүүсү орду толгус оор жоготууга учурады. 2012-жылдын 10-январь күнү филология илиминин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы Калыбек БАЙЖИГИТОВ дүйнөдөн өттү.
Профессор Калыбек Байжигитов 1952-жылы Сары Өзөн Чүйдүн Өтөгөн (Бириккен) айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектепти бүткөн соң СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин) филология факультетине келип кирип, 1976-жылы бул окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүрүп, окуусун аспирантурада уланткан жана эмгек жолун Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган. Андан соң 1980-жылы КМУнун филология факультетине ишке которулуп, алгач окутуучу, андан соң ага окутуучу, доцент болуп 1996-жылга чейин эмгектенген. Дал ушул мезгилде К.Байжигитовдун билим берүү тармагындагы уюштуруучулук жөндөмү ачылып, алгач кафедра башчысы, андан соң КМУнун филология факультетинин деканы болуп иштеген. Бул жылдары ал факультеттин окуу-тарбия иштеринин жакшырышына, окуу пландарынын сапатынын артышына зор салым кошкон. 1996-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетине декан болуп которулуп, ал жерде 2005-жылга чейин эмгектенген.
2005-жылы кайрадан Ж.Баласагын атындагы КУУга келип, алгач кыргыз адабияты кафедрасында профессор, 2007-жылдан көзү өткөнгө чейин салыштырма лингвистика жана ада-
бият кафедрасынын башчысы болуп эмгектенди.
К.Байжигитов 70-жылдарда учурдагы жандуу адабий процесске чапчаң аралашып, кыргыз прозасы менен поэ­зиясынын, драматургиясы менен котормо өнөрүнүн актуалдуу проблемалары жөнүндө окурман журтунун да, ал көркөм туундуларды жараткан калемгерлердин да жүрөгүнөн түнөк тапкан, акыл-сезимин муюткан эки жүздөй адабий сын макалаларын жаратты. Маркумдун ноюбас мээнетинин жемиши катары "Турмуш жана мүнөз", "Кайчылаш жолдор", "Кыргыз мифтери, уламыштары жана легендалары", "Башталуу", "Кыргыз адабий сыны жана илими", "Мезгил жана адабий-көркөм кыймыл" сындуу изилдөөлөрү, жыйнактары окурмандар жана илимий чөйрөгө тартууланды. К.Байжигитов кыргыз адабий сынынын тарых таржымалы жөнүндө макала, программалардан тартып фундаменталдуу изилдөөлөргө чейинки эмгектерди жараткан окумуштуу. Атап айтканда, "Кыргыз адабий сынынын тарыхы" боюнча окуу куралын, программасын, окуу-методикалык көрсөтмө иштерин жазып чыккан. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясы чыгарган "Кыргыз совет адабиятынын тарыхы" деп аталган 2 томдук эмгектеги кыргыз адабий сыны жөнүндөгү баптардын бардыгы Калыбек Байжигитовдун калеминен жаралган. Ушул эмгектеринин үзүрү катары К.Байжигитов 2011-жылы "Кыргыз адабий сынынын жаралыш жолдору" деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон.
Калыбек Байжигитов Эл агартуунун отличниги, КР Президентинин Ардак Грамотасынын ээси, Эл аралык Айтматов клубунун академиги болгон.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректораты, профсоюз уюму, кыргыз филологиясы факультетинин деканаты, салыштырма лингвистика жана адабият кафедрасы, факультеттин жалпы эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең
бөлүшөт.




Бар бол, Токо!
(Журналист Токтогул Сейитбековду эскерүү)

Тилекке каршы, азыр белгилүү журналист
Токтогул Сейитбеков жөнүндө өткөн чакта "болчу" деп айтууга туура келип отурат. Кыргыз журналистикасында из калтырган, кийин чиновник болуп да иштеп жүргөн Токомду өткөн жылдын акыркы күнүндө акыркы сапарга
узаттык...

"Жаман адам менен өмүр бою жанаша жашаганча, жакшы адам менен чай кайнамча бир бол" деген акылман сөз бар. Мен да аны таанып, "Эркин Тоо" гезитинде кыска убакыт бирге иштешип калганыма абдан ыраазымын.
1996-жылы аталган гезиттин башкы редакторунун биринчи орун басары болуп иштеп турганымда Током гезитте кабарчы эле. Ал ишке тактыгы, ар бир кичине материалды даярдоого да абдан жоопкерчиликтүү мамилеси менен көптөгөн кыргыз журналисттеринен айырмаланып турчу.
Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү катарында ал абдан сабаттуу журналист болгон. Ошол эле учурда карапайым, эч качан бой көтөрбөгөн, ашыкча дымагы жок адам эле. Ушул сапаты менен да ал көптөгөн кандаштарыбызга окшошчу эмес.
Мен кээде "кызмат абалымдан ашыкча пайдаланып", Токомдун макалаларынын айрым жерлерин, кээде аталышын оңдоп койчумун. Бир бет материалынан он ката кетирген чала сабат журналисттер деле кээде андай оңдоолорго макул болбой, редакторго чейин арызданып киришчү. А Токомдо андай "сапат" жок эле. Ошондуктан бир жолу андан:
- Токо, материалдарыңызды оңдоп-түзөгөнүмө капа болбойсузбу? - деп сурап калдым.
- Жок, тескерисинче сен окуп, оңдоп-түзөшүң керек, ошон үчүн редактордун орун басарысың, - деп кайра жылмайып койду.
Током менен бирге иштешкендер анын тазалыгын, тыкандыгын белгилеп калышат. Аны менен совет мезгилинде "Советтик Кыргызстанда" бирге иштешкен коллегасы Фатима Турдалиева эскергендей, мындай сапат ага ата-энесинен берилиптир, тагыраак айтканда Токомдун канында болгон экен.
- Бир жолу Токтогул экөөбүз гезит чыкчу күнү басмакананын жанында күтүп отуруп калдык, - дейт Ф.Турдалиева. - Ошондо ал ата-энеси, үй-бүлөсү, апасы кантип айылдагы үйүн таза кармагандыгы жөнүндө сөз кылып калды. Анын айтуусунан улам мен Токтогулдун ата-энесине урматтоо менен мамиле жасай тургандыгын билдим.
Током көп сүйлөбөгөн менен көп ойлонуп, көп иштечү. Гезитте иштеп жүргөндө эле күнүмдүк материалдардан тышкары, мен билгенден ал кызына арнап орус тилинде миниатюраларды жазып жүрчү. Алардын бир нечеси "Эркин Тоо" гезитине жарыя­ланган.
Мүмкүн журналистикада кала берсе, дагы да көптөгөн актуалдуу макалаларды жазмак. Бирок, тагдырдын буйругу менен ал кийин парламентке басма сөз кызматынын жетекчиси болуп кетти. Ошондон баштап Током чиновник болуп калды.
Ошентсе да калемин таштабай, акыркы күндөргө чейин күнүмдүк чиновниктик ишинен сырткары, ар кандай темалардагы публицистикалык макалаларды дембе-дем жазып жүрдү. Мен аларды ар кайсы сайттардан окуп калып жаттым. Баса, азыр журналистикада аз кезигип, "модалуу" болбой калган, себеби көптөгөн азыркы журналисттердин тиши өтпөгөн пуб­лицистика жанрынын чыныгы чебери да Током болчу.
Билбейм, мүмкүн кийин сааты чыгып алар өзүнчө китеп болуп жарык көрүп калса, сөзсүз окурмандар арасында кызыгуу жаратмак.
Сөз аягында айтаарым, мындай бирге иштешкен, баарлашкан адамдардын жүрөгүндө жылуу из калтырган адамды кантип өлдү дегенге болсун? Эскерүүмдү да "Бар бол, Токо!" деп атаганым да ошондон улам...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, журналист


РЕДАКЦИЯДАН:
Кесиптешибиз, белгилүү журналист, гезитибиздин социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Бермет МАТКЕРИМОВАга өмүрлүк жубайы Токтогул Сейитбековдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кайрат кыл, Бермет! Тагдырдын жазмышы ушул экен! Белиңди бекем бууп, атасынан калган уулуң менен кызыңдын урматын көр!
Токомдун оо дүйнө салганына биздин да кабыргабыз кайышып турат...






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??