Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_13.htm on line 2


п»ї

Эл алкоосуна арзып, жашай бериңиз!
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Б.Абдрашевге
Урматтуу Акунжан Баказович!
Биз, рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш эл аралык "Руханият" ассоциациясынын Кеңешинин мүчөлөрү Сизди эл аралык "Руханият" сыйлыгына татыктуу болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
Сиз Кыргызстандын чыныгы атуулу катары мекенибиздин кенен келечеги, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн бекемделиши, улутубуздун руханий байлыгын байытуу, айрыкча билим берүү, маданий-агартуу тармагын өркүндөтүү, коомубуздун интеллектуалдуу деңгээлин жогорулатуу, ар кандай кесиптин ээлерин тарбиялап өстүрүү үчүн бардык күч-кубатыңызды, терең билимиңизди, бай тажрыйбаңызды арнап келесиз.
Сиздин турмуштагы туруктуу позицияңыз, уюштуруучулук дараметиңиз, талыкпас ишмердүүлүгүңүз, мамлекеттик жана коомдук жумуштарга жоопкерчиликтүү мамилеңиз өлкөбүздө биримдиктин, достуктун жана ынтымактын өрүш алышына өбөлгө түзүүгө, патриоттук, интернационалдык сезимдеги заманбап кадрларды даяр­доого зор кызмат кылып келет.
Урматтуу Акунжан Баказович, Сизге узак өмүр, бекем ден-соолукту, ишиңизге ири ийгиликтерди каалайбыз.
Алла Таала колдоп, ак эмгегиңиз,ак дилиңиз менен адамдардын алкоосуна арзып, жаркын жашай бериңиз.
А.Токтосартов,
"Руханият" ассоциациясынын кеңешинин төрагасы; К.Кондучалова, С.Жусуев, М.Мамакеев, Б.Жакиев, М.Мамытов, Т.Садыков,
Кыргыз Республикасынын Баатырлары; Б.Шамшиев, С.Токтакунова,
СССРдин эл артисттери; О.Султанов, Т.Мамеев, Кыргыз эл акындары;
А.Какеев, Б.Мурзубраимов, В.Нифадьев - академиктер; Г.Базаров, М.Шаршенбаев, К.Турапов, Т.Казаков, Кыргыз Республикасынын эл артисттери; Ч.Баекова, А.Битюков, Ш.Садыбакасова, коомдук ишмерлер; С.Кайыпов, С.Субаналиев,
А.Мавлянов, профессорлор




Ыраазчылык
Ш.КАЛЫКОВ, "Кыргыз Туусу"
"Кыргыз Туусу"
Мургаб, Жерге-Талда
"Кыргыз Туусу" гезити бүгүнкү күнгө чейин Россиянын, Казакстандын аймагында иштеп жүрүшкөн окурмандары менен ой бөлүшүп келген болсо, жаңы 2013-жылдан баштап Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыз бир туугандарыбыз жашаган Мургаб, Жерге-Тал райондорунун окурмандарын дагы маалымат менен камсыз кылууну колго алды. Мындан ары аталган
райондордогу мектептерге, китепканаларга жана башка мекеме уюмдарына улуттук тилибизди, маданиятыбызды колдоо максатында "Кыргыз Туусу" гезитинин ар бир санынан бекер жеткирилип турмакчы. Ал эми мына ушундай саамалыктарды жаратууга салым кошкон инсаныбыз, "Кыргыз Туусу" гезитинин "2012-жылдагы каарманы" Намашамов Бейше Жуманазаровичтин айтпай кетпесек болбойт. Анткени, Бейше Жуманазарович аталган эки районго жөнөтүлүүчү гезиттин бир жылдык чыгымын толугу менен өзү төлөп берип, Тажикстанда жашаган кыргыз бир туугандарыбызга зор белек тартуулап отурат. Учурдан пайдаланып, мекенчил инсаныбыз Бейше Жуманазаровичке (сүрөттө) ыраазычылык билдире кетмекчи-
биз.





Жаңы жылды ким кантип тосту?

Алмазбек СОЛОБАЕВ, Жумгал районунун
Чаек айылы, ардагер:
"Элге берсин,
эл ичинде
бизге берсин!"
- Байбичем Бурул экөөбүз үчүн өткөн жыл ушундай жакшылыктардын жылы болду, жарык дүйнөгө чөбүрөлөрүм келди. Мирайым деген жароокер, алтын неберемди Айбек деген жакшына жигитке турмушка узатып, Ат-Башыдан куда-сөөк күттүм. Учурдан пайдаланып, Нурбү кудагыйымды, анын уул-келиндерин, өзүмдүн кыз-күйөөм Айбек менен Мирайымды, жалпы бала-бакырамды, эл-журтту жаңы жылы менен куттуктап кетейин! Жаңы жылда баарыңарга ыйман, бакдөөлөт, узун өмүр, кубаныч, күлкү-шаң келип, ата-энелер балдардын жакшылыгын эле көрөлү! Кудай колдоп, жаңырган жаңы жылыбызда бир үйгө жакшылык келип, башка - баш, жашка - жаш кошулсун. Бизге окшогон чоң аталар, чоң энелер дайыма балдардын төрүндө, жакшылыгында отурсун!


Тойгонбай ТҮМӨНБАЕВ, Ат-Башы району,
жергиликтүү кеңештин депутаты:
"Эски жылда аткарылбай
калган тилектер эми
орундалсын!"
- Жаңы жылды бала-бакырабыз менен үйгө чогулуп, жакшы маанайда тостук. Дасторконго болсо, жаңы жыл сайын кыз-келиндери менен байбичем "оливье" деген салат, үндүктүн этинен ысык тамак даярдайт. Албетте, бешбармак деген кыргыздын тамагы эч унутулбайт. Бозо салынат. Жаңы жылды үйдөн тосуп алып, анан айылчылап туугандардын, куда-сөөктөрдүн, теңтуштардын үйүнө куттуктаганы чыктык. Жаңы жылды айрыкча балдар башкача бир маанай менен тосушат эмеспи. Аларды көрүп туруп, чоң кишилер кантип кубанбайсың? "Жакшы тилек -жарым ырыс" дейт го, жакшы ойноп, жакшы сүйлөгөндүн өзү эле жарым ийгилик деп эсептейм.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??