Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_11.htm on line 2


п»ї

ТАГДЫР ЖҮГҮ
Повесть
(Башталышы гезитибиздин №100-санында)
Эрте менен Элмир менен Элнурдун талаш тартышынан ойгондум:
- Эмне биз менен жаттың? - дейт Элнур Элмирди күнөөлөп, өзүңдүн апаң менен жатпайт белең.
- Апам ооруканада, - дейт томсоргон Элмир, - ооруп жатпайбы.
- Апаң өлүп калса кантесиң, - дейт Элнур кенебей, - анда бизге бала болосуңбу.
- Өлбөйт апам, - дейт эсине кирип калган Элмир, мурда деле ооруп, ооруканага жатып анан доктурлар айыктырып чыгарган. Айыгып үйгө келет.
- Кой, - дедим мен Элнурду тыйып, Элмир биздин бала, акең болот, антпе апасы жөн эле багып жүрөт, өлбөйт, келет апасы.
- Чын элеби, - дейт Элнур мостойгон Элмирге карап.
- Чын эле, жүргүлө бетиңерди жуугула, - дедим мен аларды тургузуп, кийинтип жатып, мурунтан мен ушундай сөздөрдү Элмирге көп айтканым үчүн жедеп, бышы кулак болуп калган алты жашар Элмир кулуюп унчукпайт. Эртең мененки чайдан кийин биз Арзыкан эже экөөбүз биздин мектепке жөнөдүк. Эже машине айдап бара жатып да Москвага чалып орусуна да кыргызына да биздин абалды түшүндүрүп иш издеп жатты. Биз мектепке келип мен сабагыма кирип кеттим. Арзыкан эже болсо директорго кирип кетти. Танаписке чыксам эже коридордо күтүп туруп-
тур.
- Кеттик Алтынай, - деди эже, сумкаңды алып чык, директоруңар да класс жетекчиң да жакшы адамдар тура, туура түшүнүштү сени, апаңдын жооштугун кантейин мектебиңе бир да жолу келбеген тура, Ажар эже келчү турбайбы, бирок мени сенин жалаң бешке окуганың кубандырды. Азаматсың Алтынай, куда кааласа апаңды эле бакпастан элдин кызы да болот окшойсуң. Ыр, аңгеме да жазат турбайсыңбы. Азамат, азамат. Москвада кыргыз гезиттери чыгат, буйруса өнөрүңдү өркүндөтөсүң. Мен ыңгайсызданып унчукканым жок.Кайра кайтканыбызда эже машинасын зуулдатып айдап көңүлдүү келе жатты. Биз эженин үйүнө барбай Жайлоокан эженикине бардык. Эже мени Жайлоокан эженикине киргизип коюп, өзү Сабит менен сүйлөшөм деп кетти. Туура бир саат дегенде келди эже, ага чейин мен жөн эле олтура бербей үй жыйнап жаткан Жайлоокан эженин колунан чаң соргучту алып бөлмөлөрдү бүт зыңгыратып тазалап, чаңын аарчып, жууп чыктым. Жайлоокан эже, Арзыкан эже, Адыл аке болуп чайга олтурдук. Адыл аке менен Жайлоокан эже элүүлөргө таяп калган адамдар. Чоң уулу үйлөнүп Ошто прокуратурада иштейт. Келгенде көрүп калам. Келинчеги экөө тең жапжаш немелер. Кийинки удаалаш эки кыздары да турмушта. Неберелери кичинекей. Ооруп калышса эле Жайлоокан эжеге келип айыкканча жүрүп кетишет . Сабит менен эмне деп сүйлөшкөнүн ким билсин Арзыкан эже көңүлдүү келди. Биз ал жерден чай ичип алып Арзыкан эженикине жөнөдүк.
- Чал-кемпирди көрүп келейинчи, атам быйыл абдан эле начар, - деп Жайлоокан эже биз менен барууга камына баштады.
- 80 жаш оңойбу, биз ал жашка барганда кантээр экенбиз, - деди Адыл аке жылмайып. Эмитен эле буттар ооруй баштады. Биз Арзыкан эженикине келсек апам карыялар менен сүт кошуп чай ичип олтурушуптур. Биз келээр менен апам даярдап олтурган мантысын буркуратып чыгарып келди.
Биз Арзыкан эженикинде туптуура бир ай жашадык. Бул күндөрү күнүгө Арзыкан эже апамды салып алып, Сабит менен соттошууга кетет. Сабиттин үстүнөн арыз жазып, эки балага алимент кестирди. Көрсө, апамдын нике күбөлүгү деле жок экен. Баарын жаңыдан жасаттырды. Эки баланын документтерин Москвага кете турган кылып даярдады. Сабиттен Арзыкан эже бир топ эле акча өндүрүп берди апама. Эки иниме тең 18ге чыкканча алимент төлөй турган болду. Ажар эже гана Элмирди бергиси келбей аябай кыйылды.
- Акыры сеники, сен жашсың, төрөп аласың, элик сүтүмдү бердим эле, баланы калтыр деп жалдырады. Апам болбой койду.
- Бар болгон байлыгым ушул балдарым, ушулар деп жүрөм, маңдайымда болушсун, - деп койду.
- Бала буюм беле, Нуриза качан төрөп, качан ал бала алтыга чыгат, эми төрөбөйт деле, ден соолугу да начар экен, ушулары аман болсун, Сабитке бала жокпу, - деп Арзыкан эже да катуу айтып койду. Ажар эже муңайып чыгып кетти. Менин ичим ачыша түштү, өзү айткандай биз баш паана кылган эже эле, бирок таң эртеңден күүгүмгө чейин апам экөөбүздү тындырбай жумуш кылдырганы, арткан тамакты берип, өзүнүн эскилерин апама кийгизип, акча карматпаганын эстеп, бул да болсо Кудайдын сизге жиберген жазасы го деп тим болдум. Бир ай, он күн дегенде биз билет алып чогуубуз менен Москванын поездине олтурдук. Бул мезгилде каны тарттыбы, Элмир апамды "апа" деп бизге кадимкидей көнүп калган. Мен дагы, апам дагы поездге олтурганда кубанып көңүлүбүз көтөрүлө түштү. Жаңы турмуш баштайбыз, баары башкача болот деп ичимден кубанып бараттым. Акыры апам Сабиттин токолу деген сөздөн кутулду, мен болсо Сабиттин өгөй кызы дегенден кутулдум деп ичимден кудуңдадым. Үйгө келип калган досторуна Сабит ачык эле менин көрөөр көз эрке токолум деп мактаныч кылып тааныштырса, мени биринчи күйөөсүнөн, же ээрчитип келген, же өгөй кызым деп тааныштыраар эле. Жаман адамдын оозунан жаман сөз чыгат тура. Чындыгында бул сөздөр көкөйүмө көк таштай тийип бүткөн эле. Айрыкча апамды токол дегенине арданчумун, эмнеге апам байкуш башкалардай болуп бирөөнүн сүйгөн жары эмес, жетим кыз болгону үчүн, же
жоош кыз болгону үчүн күнөөлүбү деп кайгы тартчумун. Поездге биринчи түшүшүбүз. Арзыкан эже айткандай биз бир купеде экенбиз. Апам Элнур, Арзыкан эже үчөө алдыңкы орунда, мен, Элмир үстүнкү орундабыз. Арзыкан эже башка орунда экен, бирок биз менен эле бара жатты, жатаарда гана кетет. Биз Бишкектен жума күнү түш ченде чыкканбыз. Дүйшөмбү күнү гана Москвага жеттик. Балдар апамды кыйнап жиберишти поезде, дагы Арзыкан эже билгизген жок, экөөнү алаксытып токтогон станциялардан улам алардын сураганын алып берип жүрүп олтурду.
Бизди эженин эки баласы, дагы бир иниси тосуп чыкты. Жүктөрүбүздү көтөрүп машинага түштүк, тосуп чыккан инисинин машинасы экен. Чоң эле микроавтобус. Өзүн Ишен деп тааныштырган байке зуулдатып айдап, биз бир сааттан ашыгыраак жол жүрдүк да, бир заңгыраган үч кабат үйдүн короосуна кирип токтодук. Апам экөөбүз үйдү таң калып эле тиктейбиз, биз жашай турган үч бөлмө үй тиги заңгыраган үйдөн өзүнчө салыныптыр. Мончобуз да өзүнчө экен. Бардык шарты бар, телевизор, холодильник, кир жуугуч машина, ванна, ремонту укмуш, кухнясында баары бар.
- Бул Истра деген шаар? - деди Арзыкан эже. Подмосковье деп коет бул жерди, Москвага бир эле сааттык жол. Машина менен бир саат, электричкада болсо 40 мүнөт. Мына Нуриза ушул жерде жашап, ушул жерде иштейсиң. Айлыгың 30 миң рубль. Сомго 45 миң сом болот. Аткара турган ишиң негизинен бул үч кабат үйдү, бул короону кайтарасың, андан тышкары короодо тазалыкты бекем кармайсың, тартип катуу, талап да катуу, бир чоочун киши кирбөө керек, баардык жери видео камерада көрүнүп турат. Атайын кар күрөгүч машинасы бар, Ишен көрсөтүп берет. Кышкысын короодо карды күрөп тазалап турсаң, жайкысын жайнаган гүлү бар ошолорду сугарып карайсың, андан сырткары дем алыш күндөрү хозяиндериң келет, аларга тамак жасап берип, мончосун жагып коесуң, кылып эле жүргөн ишиң деди.
Бизди короо жай менен тааныштырып, бардыгын түшүндүрүп коюп Арзыкан эже кайра Москвага кетти. Биз калып калдык. Ишен аке келинчеги менен биздин жаныбыздагы үйдү туура бизчилеп кайтарып, короосун тазалап турат экен. Биз бир жума өзүбүз эле жашап эч ким келген жок. Бир жума бою Ишен аке менен Элмира эже бардыгын көрсөтүп бизге үйрөтүп койду. Алардын да менин инилеримен кичүү бир уулу, бир кызы бар экен.
(Уландысы бар)
Бактыгүл СЕЙИТБЕКОВА





Айсалкын СООРОНБАЕВА:
"Өмүр баркын ойлоп алып керегин,
Өткөн күндү кайрый албай келемин"
Теңир-Тоо
Теңир-Тоо чокусуна айды илип,
Узатат узун түндү, таңды сүйүп.
Сырдашып шыңгыраган жылдыздарга,
Теңир-Тоо турат сүрдүү бийик, бийик.

Теңир-Тоо желаргысы жыпар чачкан,
Түрдүү чөп, түркүн гүлдөр буркураган.
Адамдын буту жетпес жерлери бар,
Бугу оттоп, жолборс жойлоп, элик качкан.

Чокусу асман тиреп, кар жамынган.
Жайдагы аптапка да багынбаган.
Арчалуу төрлөрүндө улар сайрап,
Аюусу тоо койнунда магдыраган.

Тоо бийик, тоону сүйгөн элим бийик.
Тоодо өскөн, тоо кадырын сезе билип.
Тамырлаш кыргыз элим тоолор менен,
Теңир-Тоо биз жашайбыз сени сүйүп.
Өмүр
Өмүр өтөт билинбестен уурданып,
Жылдан-жылга да бир жашка өйдөлөп,
Балдар өсөт, чоңойду деп кубанып,
Өкүнчүбүз такыр жоктой өңдөнөт.

Өмүр өзү кандай бакыт керемет,
Өмүр баркын ойлоп алып керегин.
Өмүр берсин андан башка не керек,
Өткөн күндү кайрый албай келемин.

Өмүр барда сен жакшысың жашсың да,
Ар бир мүнөт, ар бир саатты пайдалан.
Улуу акындар сезип-билип айткандай,
Кайра артына акпас улуу дайрадай.

Бүлөсү болдум бирөөнүн
Булбулдар таңшып ыр курап,
Булактын үнү шыңгырап.
Башымды жөлөп ийниңе,
Бактылуу болгом бир убак.

Көңүлүм сүйүп алоолоп,
Көздөрүң күйүп жалындап.
Жолумду тоссоң жалооруп,
Сүйүүдөн жүзүм албырат.

Күнүндө мейли түнүндө,
Элесиң турчу эсимде.
Көрүнүп калсаң көчөдөн,
Күйгөнсүп ысып бүт дене.

Жүрөккө өчпөс из салып,
Жолубуз кетти бөлүнүп,
Жоодурай албай муңканып,
Көздөрдөн жамгыр төгүлүп.
Дарегим издеп келбедиң,
Арманда жашап жүрөмүн.
Тагдырым экен кантейин
Бүлөсү болдум бирөөнүн.
Бий керемети
Шаңга бөлөп залдын ичин,
Шаңдуу күүлөр жаңырат.
Жадыраган жаш селкисин,
Жигит бийге чакырат.

Кыналышкан кыз-жигиттер,
Кайгы эмне билбесин.
Жаз гүлүндөй жайнай берип,
Жаз гүлүндөй гүлдөсүн.

Үшкүрбөчү ойго батып,
Жүргүн курбум бийлейли.
Чимирилип, жаштыкты эстеп,
Биз да бүгүн гүлдөйлү.

Кыйылбачы тартынбачы,
Керемет бий чакырат.
Күүлөр бийлеп сезимди бүт,
Ыргагына азгырат.

Кошулалы биз да бийге,
Жаштык кезди эстейли.
Жаштык өтсө күнөө кимде,
Бул күн да өтүп кетпейби.
Бийлеп жаткан кыз-жигиттер,
Биз да ошондой жаш элек.
Азыр деле жүрөктөр жаш,
Карылыкка жете элек.
Эңсөө
Керилген тоолор, келберсийт жери,
Боз үйлөр аппак, туулган жер деми.
Сары-Бээ жайлоом кымыздын кени,
Сергиткен көңүл, айдарым жели.

Балтыркан терип, шүүдүрүм кечип,
Балалык сонун күндөрүм өткөн.
Бал кымыз ичип, бал каймак жегем,
Башайы гүлдүү жайлоодо өскөм.

Көк кашка тунук булактын суусу,
Кандырып суусун, какшаткан тишти.
Калкымда жүрүп билбепмин баркың,
Калаада минтип хлорду ичтим.

Ак шоола чачып сулуу таң аткан,
Апакем туруп түндүктү тарткан.
Аргымак токуп, кымыздан ичип,
Жылкы айдоо үчүн атакем шашкан.

Ай толгон түндө ак чөлмөк ойноп,
Булактын ыры сезимди козгоп,
Жомоктой болгон Сары-Бээ жайлоом,
Сагынып турам өзүңдү ойлоп.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??