Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0111_10.htm on line 2


п»ї

Бар бол, күмүш көкүл Муратбек!
КРнын эл артисти, композитор, Токто-гул атындагы мамле-кеттик сыйлыктын жана көптөгөн эл ара-лык конкурстардын лауреаты, академик
(2 жолу), Кыргыз улут-
тук консерватория-сынын ректору Муратбек Бегалиев жөнүндө учкай сөз айткым келди.


Муратбек Бегалиев П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясынын композиция факультетин бүтүрүп, анын аспирантурасында окуп жаткан мезгилинде жазган "Помпейдин кыйрашы" аттуу симфониялык поэмасы эл аралык кесипкөй жаш композиторлордун конкурсунда баш байгеге ээ болгондугунун өзү эле көп нерсени айтат. Бул симфониялык поэманы Днепропетровскиде, Новосибирскиде жана Москванын симфониялык оркестрлери ойногон. Оркестрди СССРдин эл артисти Гурген Карапетян башкарган. 17 мүнөт ойнолгон поэмадан кийин таң калган элди, чабылган алакандарды, "браво" деген кыйкырыктарды угуш гана керек болучу...
Москванын атактуу композиторлору Муратбекти тегеректеп не деген гана каалоолор айтылбады... СССРдин композиторлор союзунун төрагасы Тихон Хренников, Б.Чайковский, Г.Кангели, А.Эшкай, Г.Жубанова, А.Мирзоян ж.б. советтик мыкты композиторлор баалады. Андрей Эшкай: "Ты как и я сын небольшого народа, но сегодня ты доказал, что и маленький ручей может быть богат драгоценными алмазами" - деген.
ХХ кылымдын залкар таланттарынын алдыңкы сабында турган Муратбек Бегалиев чарчап-чаалыгууну билбеген, чыгармачылыгы жипке тизген берметтей бир кылка бийик профессионалдуулукта тарыхтын эң маанилүү барактарынан орун алат.
1997-жылы Муратбек Бегалиев үч эл аралык конкурста биринчиликти жеңип алгандыгы үчүн Францияга бир жылга стажировкада болот. 3 миң киши бата турган Натр-Дам соборунун залындагы дүйнөдөгү эң чоң органды көрүп, анда ойноп, "Гимн Творчу" деп аталган чыгармасын жаратат. Бул глобалдуу, космикалык жаратылышын көз алдыга келтирген дараметтүүлүк Моцарт, Эйнштейн, Айтматов, Пушкин д.у.с. генийлерге
арналат.
Композитордун бардык чыгармаларын аташ үчүн дагы көп сөз айтылыш керек. Муратбек операдан бөлөк бүт жанрларда жазат. "Манас" деген соната 1992-жылы жазылды. Көп жылдар бою Чыңгыз Айтматов менен аралашып, анын кеп-кеңешин угуп, улуу агасындай мамиле кылып, чыгармачылык байланышта болуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган кинофильмдердин дээрлик көпчүлүгүнө музыка жазды.
Адабият акылманы Чыңгыз Айтматов Муратбек Бегалиевдин чыгармачылыгына, анын адамдык бийик касиетине чоң маани берип, "Муратбек Бегалиев келечектин генийи" деп атаган.
Бала кыял, бал тилдүү Муратбек төбөсү булутка тийсе да табиятынан жөнөкөй, Соң-Көлдүн кулуну, адамдык улуу касиеттерге ширелген.
Улам арылаган сайын устаттыгы артылып, анын ар тараптуу талантынын горизонттору ачылып келе жатат. Мурат жалаң композитор эмес, ал акын да, жазуучу да. Анын ишмердигине, уюштуруучулугуна таң каласыз. Мада-ният искусствосунун бешиги болгон улуттук консерваториясын түптөп, бүгүнкү күндө анын диапазонун Европалык үлгүдөгү маданиятка теңегенин билебиз.
Албетте, мындай жетишкендикке Муратбек Бегалиев даңгыр жол менен келген жок. Реформатордук жол, новатордук ыкма, юрис­пруденциялык маселелерди чечмелеп, укуктук ченемдерди, мыйзам кодекстерин туура колдонгондуктан көп нерсеге жетише алды. Консерваторияда СССРдин эл артисттери Кайыркүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Самарбүбү Токтакунова ж.б. көптөгөн КРнын эл артисттери сабак өтүшөт. Консерваториянын симфониялык оркестри жана бүт музыкалык факультеттер кызуу иштеп көптөгөн лауреаттарды, дипломаттарды, эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрүн даярдап жатат.
Мен дагы кыргыздын мындай залкар уулу менен сыймыктанып, төмөндөгү ыр саптарды арнадым:
"Помпейдин кыйрашы" симфониялык поэмасына
Брюлловдой гений тарткан чыгарма,
Көп талантты батырды го кыялга.
Сүрөттөгү алааматты сүрөттөн,
Поэманы жазып салды Муратбек.

Айлананы кара туман каптады,
Кызыл канга боёлгондой асманы.
Оргуштаган лава агып түпкүрдөн,
Учуп жатты үйдөй болгон таштары.

Күн күркүрөп чартылдады чагылган,
Канча шордуу эстен танып жыгылган.
Теңиримдин ырайымын күткөнсүп,
Жер солкулдап онтогону угулган.

Помпей кыйрап таш дубалдар кулаган,
Бала ыйлап, жаш келинчек сулаган.
О Жараткан! Жан коёрго жай таппай,
Жылас болгон тирүү калбай бир адам.

Эң жөнөкөй, кылдат назик адамдан,
Эбегейсиз зор музыка жаралган.
Агып жаткан симфония дайрасы,
Кичинекей жүрөгүнөн жай алган.

Сизге рахмат кыялымды эргиткен,
Сизге рахмат көңүлүмдү сергиткен.
Кыргызымдын байлыгысыз, жана да,
Жаңы кылым Генийисиз эл күткөн.
Композитор
Муратбек Бегалиевге
Күн желесин күмүш нурга бөлөдүң,
Тандап алып улуу кенчтин өнөрүн.
Акыл менен ченегенге ал жетпейт,
Көркөм дүйнө, сырдуу дүйнө көлөмүн.

Мезгилдердин кыл тамырын кармаган,
Сендей бүгүн кудуреттүү барбы адам!?
Алп музыка ааламдарын багынтып
Бүт өмүрүн ата-журтка арнаган.

Музыканын алдейлеген бешигин,
Тоодой бийик асыл нарктын эшигин.
Ачып бердиң, түптөп бердиң Муратбек,
Кече, бүгүн, эртеңкинин кесибин.

Композитор көп өнөрдү камтыган,
Муратбегим чыкты кыргыз калкыман.
Ал музыкант, ал сүрөтчү, ал акын,
Океандай музыкага чаңкаган.

Бар болгунуң күмүш көкүл Муратбек,
Азыр сенде акыл да көп, кубат көп!
Музыкаңды дүйнө уксун таңданып,
"Ала-Тоодой бийиктикте турат", -- деп!!!
Дарика ЖАЛГАСЫНОВА,
Кыргыз Республикасынын
эл артисти






"Манас" эпосу
Кытайдагы кыргыздардын дили менен тилин сактап калат
Жакында кытайлык кыргыз окумуштуусу, манастаануучу Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстанга келген күндөрү Кыргыз билим берүү академиясында болуп, академиянын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясынын кызматкерлери менен таанышып, кеңири маек куруп берди.


Өз маегинде окумуштуу Мамбетакун мына буларды маалымдады:
- Кытайда 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын 13үнүн гана өз тилинде жазуусу бар жана мезгилдүү басылмалары, китептери чыгып, мектепте эне тилдеринде окушат. Мына ошол океандай чалкыган элдин арасында жоголуп кетпей, рухун-духун өчүрбөй, "кыргыз" деген атын сактап, бир ууч кыргыз эли жашап келет. Азыр 200 миң кыргыз барбыз.
Экономикасы өнүккөн улуу өл­көнүн таасири жана дүйнөлөшүүнүн капшабы учурда бир ууч кыргыз калкына өзгөчө таасир тийгизип баратат. Шаар жери биякта калсын, алыскы айыл жериндеги кыргыздар жашаган аймактагы бала бакча менен мектептерде кытай тили милдеттүү сабак катары кирип, балдар кытай тилин жапырт окууга киришкен. Кытай тилин билүүгө, ал тилде сабаттуу болууга артыкчылык катуу берилет. Демек, кытай тилин билген адамга билим алуу жана ишке орношуу жеңил. Ошондуктан, кыргыздар дагы балдарын кытайча тарбиялап, мектепте жана жогорку окуу жайларында кытай тилинде окутууга басым коюшууда.
Мунун өзү кыргыздар арасында кыргыз тилине бара-бара кош көңүлдүктү жаратпай койбойт деп ким кепил боло алат? Туурабы? Ушундай шартта кыргыздардын тилин жана дилин сактап калуу жолун издөөдөбүз. Анын ачкычы бир гана улуу дастан "Манас" эпосу гана боло алат. Анткени "Манастын тили-кыргыздын тили!".
Ушул багытта "Манас" эпосун сабакта жана сабактан тышкаркы учурда окуп-үйрөнүүнү өркүндөтүүнү көздөп, мен атайын долбоор жазып, утуп алгамын. Өткөн жылдан бери ошол долбоор боюнча иштеп жатабыз. Буга бир канча окумуштуу­лар, педагогдор катышып жатат. Мектеп үчүн окуулуктарды жаздык. Окуу жайларда Манастаануу сабактарын киргизгенбиз. Эмки максат бала бакчадан тартып, 1-класстан 11-класстарга чейин "Манас" дастанынын тилин, керемет сөздөрүнүн тарыхын үйрөтүүчү, анын маани-маңызын сездирүүчү, кыргыз дилин билдирүүчү, элибиздин үрп-адат, салтын таанып-билдирүүчү, макал-ылакаптарын талдап үйрөтүүчү китептерин түзүүнү ойлонуп жатабыз. Мына ушинтип, мектепте да жана сабактан тышкаркы убакта үйдө да өз алдынча окуу куралдары болгондо гана кыргыз балдарынын тили менен дилин сактап калабыз, - дейт Мамбетакун мырза.
Окумуштуу бул багытта биздин академиянын тил жана адабият
боюнча кызматкерлерин, окумуштуу-усулчуларды кызматташууга чакырды. Анын өтүнүчү боюнча мамлекеттик тил лабораториясы менен бирдикте атайын келечектүү дол-
боор түзүү да макулдашылды.
Кыргыз боорубуз, Кызыл-Суу кыргыздарынын белгилүү окумуштуусу Мамбеттурду Мамбетакун 1965-жылы Кызыл-Суу жеринде туулган. Ал 1988-жылдан 2004-жылга чейин Щиңжан коомдук илимдер акаде-миясында изилдөөчү болуп эмгектенген. Щинжан жаштар академиясына мүчөлүккө шайланган. 1996-жылдан тартып Щиңжан жазуучулар союзунда төраганын орунбасары да болгон. 2000-жылы Щиңжан боюнча илимге эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 2005-жылдан тартып Щиңжан педагогика университетинде профессор жана аспиранттардын жетекчиси болуп эмгектенип келүүдө.
Мамбеттурду Мамбетакундун "Өзүбүздү унутпайлы" (1994), "Кыргыз адабият тарыхы" (1996), "Манас" эпосунун варианттары жана манасчылык", "Хейлонжиян кыргыздары" (Гундулла Салк менен биргелешип чыгарган, 1998), "Кыргыз эл ооз адабиятынын памир мектеби" (2009) аттуу китептери жана мындан башка, кыргыз, уйгур, ханзу жана казак тилдеринде 50дөн ашуун илимий макалалары чыккан.
Сулайман РЫСБАЕВ,
педагогика илиминин доктору, профессор





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:










??.??