кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2013-ж.:


п»ї



Сок жаңжалы:
кечиккен аракеттен кемсинген эл
Азимжан ИБРАИМОВ, "Кыргыз Туусу"
"Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" демекчи, Баткендеги Сок анклавында болуп өткөн чек ара жаңжалы Кыргызстандын түштүгүндө абал канчалык кооптуу экендигин дагы бир ирет көзгө сайып көрсөттү. Муну Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев да тастыктап "Жаңжалды жөнгө салуу боюнча штаб кечиктирилип түзүлгөндүгүн" жана коңшу Өзбекстан менен чектеш жерлердеги талаш-тартыштар боюнча иштерди жандандыруу зарылдыгын белгиледи.
Айткандай, кыргыз бийлиги дайыма "абал жакшы", "көзө­мөл­­­­дө" деген жалган рапортторду берип, көйгөйдүн алдын албай, ага анализ жасоодон куру жалак келгендиктен, мамлекетибиз ар качан ушинтип болуп өткөн окуялардын себептерин изилдеп, анан акырындан унуткарып көнүп бүткөнбүз. Ички иштер министрлиги качан болсун "акыбал көзөмөлдө" дейт, Коргоо министрлиги менен чек арачылар "өлкө тынч" дейт, Өзгөчө кыр­даалдар министрлиги менен энергетиктер "зима не будет" дегенди туурап "көчкү баспайт", "свет өчпөйт" деп жанын сабап келишет. Бирок турмуш тетирисинче, чыдамкай кыргызга эмнелерди гана көргөзбөдү. Мындайларды жүздөп санаса болот. Коңшу мамлекеттин чек арачысынын колунан бейажал өлгөн, минасына кабылып, бомбасына жарылган, өз атажуртунда туруп барымтага алынган, кичинекей "сокур ичегиден" (анклавдан) коркуп айланта жол салган дүйнөдө Кыргыз Республикасындай эгемен мамлекет бар бекен? Менимче, жок. Сок анклавынын тегерегинде да кудум ушул көрүнүш уланууда. Баткен облусунун жетекчиси Ж.Разаковдун айтымында "Шахрабад" менен "Чечмек" чек ара күзөттөрүндө кыргызстандыктарды маскаралап, басмырлоо өтө көп, ал тургай бир мүшөк ун алып өтүш да кыйынга турат.
Тилекке каршы, бизге 1990-жылдагы Баткен жаңжалы, эки курдай өткөн Ош окуялары да сабак боло алган эмес. Эми акылыбызга келгенсип, баткендиктер койду кайда жайышын, чек арада кантип басышын үйрөткөнгө, сакчылардын санын көбөйткөнгө шашылабыз. Аны ушул түмөн түйшүктүн арасында күн көргөн эл качан эле билип алган. Билбеген, сезбеген эле "көкүрөгү туюк, көзү май" чиновниктер.
(Уландысы 3-бетте)










??.??