"Кыргыз туусу", 28.12.12 Бекем үй-бүлө - бекем өлкө
Дүйнөдөгү эң улуу зат ким?..
"Кыргыз Туусу" гезити Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, быйылкы Үй-бүлө жылына карата бир топ макалаларды жарыялады. Коомдогу бардык ийгиликтер менен жакшылыктар үй-бүлөдөгү ынтымактан башталары айкын. Андыктан үй-бүлө бекем болсо, өлкө да бекем болору чындык. Бүгүн биз жыл аяктап, жаңы жыл жаңырарда алыскы Лейлек районунун Кара-Суу айылында жашап жаткан 87 жаштагы карыя, согуштун жана эмгектин ардагери Шадыман Исаков жөнүндө маалымат бергибиз келди. Анткени Шадыман ата 9 перзенттин атасы, 50гө жакын небере-чөбөрөлөрдүн сүйүктүү чоң атасы болуу менен бирге жашоого жаркын маанай менен карап, балдарына акыл-насаатын айтып келет. Ата-энеси жөнүндө сураганыбызда Шадыман атанын уулу
Асан менен келини Нурбүбү бизге төмөндөгүлөрдү баяндашты.

Айша АЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
Асан ИСАКОВ,
Кара-Суу айылындагы Бостон Эралиев атындагы орто мектептин мугалими:
"Атамды аркама көтөрүп сейилдетем..."
- Эгер мага "Дүйнөдөгү улуу зат ким?" -
деп суроо узатылса, мен: "Ал - менин энем
менен атам", - деп токтолбостон жооп берет элем.

Энем Шарапат Исакова Лейлек районунун Козу-Баглан дарыясынын жээгинде жайгашкан Өзгөрүш айылында туулган. Ата-энебиз тогуз перзентти эрезеге жеткизишип, тарбиялап чоңойтушту. Энем өзгөчө биздин тазалыгыбызга, даамдуу жана пайдалуу тамактануубузга, мектепте жакшы окуубузга көңүл бурчу. Ар дайым ысык тамак, тандырда бышырылган жаңы нан менен бакчу. Ооруп калсак ысык чай берип, жумшак колдору менен денебизди укалап, эч дары-дармек колдонбой айыктырып алчу. Ата-энебиздин эмгеги менен бардыгыбыз мектепте жалаң жакшы бааларга окудук. Арабызда алтын медаль менен аяктагандарыбыз да бар. Бешөөбүз жогорку билимдүү болуп, кээ бирөөлөрүбүз экиден жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аякта-
дык.
"Атаңа рахмат" деген алкоо сөздөрдү угуп, бизге тарбия берген ата-энеме ыраазы болом. Бир гана төрүбүздө атам менен чогуу отуруп, карылык доорун сүрүп келаткан энемдин мындан эки жыл мурда 79 жашында көзү өтүп кеткени катуу өкүндүрөт.
Атам Шадыман 1926-жылы ушул Кара-Суу айылында туулган. Өмүрүнүн баарын эмгекке арнады. Атамдын чоң атасы Сайип бий ушул айылдагы тоону тешип, кариз казып ("кариз" сөзү фарс тилинен алынган болуп "кухрез", башкача айтканда "тоону теш" дегенди билдирет), ар биринин узундугу 2 км.ден болгон арыктарды казып, суу чыгарган экен. Эки кылымдан бери үч айылдын жашоочулары ошол арыктар аркылуу агын суулар менен камсыз болуп келет.
Ал эми атамдын атасы Исак отузунчу жылдары сабатсыздыкты жоюу, колхоздоштуруу иштерине активдүү катышкан (бул тууралуу "Лейлек жана лейлектиктер тарыхы" аттуу китепте кеңири баяндалган). Тилекке каршы, ошол мезгилде басмачылар тарабынан өз үйүндө өлтүрүлгөн. Атам ошентип үч жашында атасыз калып, андан кийин энесинен да айрылып, тоголок жетим өскөн. Чоңойгондо атасынын жолун улап, айылда колхоз уюштуруп, табелчи, бригадир болгон да, кийинчерээк тоо-кен ишканаларында иштеген. Согуш учурундагы күжүрмөн эмгеги үчүн 1947-жылы медаль менен сыйланса, андан кийин "Эмгек ардагери" медалын алган персоналдык пенсиянын ээси.
"Карысы бардын - ырысы бар" дешет. Атабыз биздин ырысыбыз. Жашы токсонго таяп калды. Ден соолугу Кудайга шүгүр, жакшы болгону менен той-мааракелерге бирөөнүн жардамысыз бара албайт. Биздин айылыбыздын тоо кыркалары көп. Алысыраак жашаган туугандарыбыздыкына автоунаа менен алып барабыз. Айылдын ичинде жөө басып барчу жерлерге көтөрүп барууга туура келет. Мындан тышкары атам бабаларыбыздан калган жана өзү көрктөндүргөн бакты аралап сейил курганды жакшы көрөт. Ошондуктан атамдын денеси бир жерде көп отуруп ооруп калбасын деп, күнүнө бир нече жолу аркама көтөрүп алып, бак аралап сейилдетем. Ата-энебиздин биз үчүн жасаган эмгегине биздин жасап жаткандарыбыз канча кайтарсак да аз деп ойлой-
мун.

Нурбүбү МАРИПОВА,
"Асан-Нур" килем токуучу кооперативинин лидери:
"Кайнатама бардык
шартты түзүп берем..."
- Менин өзүмдүн кесибим - мугалим. Кайнатамды өз атамдай жакшы көрөм. Өзү мүнөзү кичипейил, чынчыл адам.

Балдарынын баарын жакшы сапаттарга тарбиялаган. Кайнатамдын биринчиден, туура тамактануу­суна өзгөчө көңүл бурабыз. Эртең менен сейилдетип, дене көнүгүүлөрүн жасатабыз. Бул карыяга болгон туура кам көрүү деп эсептеймин. Болуп жаткан жаңылыктардан айтып берип, баарлашып отурганды жакшы көрөбүз. Атабызды ар дайым таза кийинтип, намаз окуусу үчүн бардык шарттарды түзүп берем. Келини катары ушул милдетимди туура аткарып жаткандыгыма сыймыктанам.
"Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт" дегендей, дили таза, ак эмгеги менен өмүр кечирген, он эки жашынан бери жыл сайын калтырбай орозо кармап келген акжолтой атабыздын берген баталары менен көгөрүп келатабыз.
Ал эми Шадыман ата жаңы жыл алдында бизге төмөнкүдөй батасын берди: "Эл-журтубузга аманчылык, бардарчылык каалаймын. Кудайым ырыскыны мол берсин. Элимдин келечеги кең болсун. Ар бир үй-бүлөдөн ынтымак-ырашкерлик кетпесин, мамлекетибиз гүлдөп өнүгө берсин. Ар дайым тынч­тык болсун. "Кыргыз Туусунда" иштеген силердей уул-кыздарыбыздын келечеги кең, зоболосу бийик болсун. Оомийин!
Сүрөтү
Бактыгүл САПАРБАЕВАныкы