"Кыргыз туусу", 28.12.12 Поэзия
КРнын Баатыры, эл акыны Сооронбай ЖУСУЕВ:
"Ыркты бузуп ыдыроого каршыбыз,
Улут болсо, улуу болот калкыбыз"

Чыңгыз Айтматов
Жалтанбай жеңип жарышта,
Жарадың улуу намыска.
Ыраакка кетип-даңазаң,
Ысымың калды тарыхта.

Кайырма:
Ала-Тоо уулу Чыңгызсың,
Ааламга даңктуу кыргызсың.
Аруу нур сепкен адамга,
Асманда Чолпон жылдызсың.

Ой менен күн-түн жашадың,
Сөз менен эрдик жасадың.
Атыңа кошуп алыска,
Чыгардың кыргыз атагын.

Кайырма:
Сөзүң да, өзүң улуксуң,
Эл кантип сени унутсун.
Сансыз жыл өчпөй, жаркыган
Сыймыгы сенсиң улуттун.

Кайырма:
Улут жана улутман
Өсүп чыккан улут аттуу уруктан,
Өсүп чыккан улут аттуу угуттан.
Улут ишин жасаган жан,
Улут үчүн жашаган жан-улутман.

Ыркты бузуп, ыдыроого каршыбыз,
Улут болсо, улуу болот калкыбыз.
Улутубуз толсун үчүн кубатка,
Чын улутман болуу биздин парзыбыз.

Болсун үчүн кудуреттүү, туруктуу,
Бардык жактан биз чыңдайлы улутту.
Бир багытка, бир максатка биригип,
Бүт бололу биз улутка уютку.

Улут деген өнүккөн эл уюшкан,
Кандай сыймык анык болуу улутман.
Улут күчүн кошуп улам күчүнө,
Улут эсин өз эсине жугузган.
Япондорго таң калам
Япондуктар нечен кыйрап бүлүнгөн,
Алааматтын азабынан күйүнгөн.
Ал эл эмес макул болгон кыйроого,
Ал эл эмес эртеңинен түңүлгөн.

Ал эл түпкү задисинен тырышчаак,
Өзүн коргоп найза сайып, кылып чаап.
Өрткө күйүп түтөгөндө өрчүгөн,
Өчөгүштөн өлүм таппай, ырыс таап.

Кастар менен карсылдашып кагышты,
Кабыргасы нечен жолу кабышты.
Ойрон болуп, тыйпыл болуп жоголбой,
Отту өчүрбөй табышты ыйык тамызгы.
Канын жутуп, канын кусуп жатса да,
Ал эл экен көрө билген алысты.
Салгылаштан курчуп чыккан мокобой,
Курал кылып жүрөктөгү намысты.

Ал кармашта өз бактысын талашты,
Ал кармашта алды зарыл сабакты.
Атаандашып,
Такаандашып,
Айыктырып алган ар бир жаратты.
Кайра сермеп, кайра күүлөп канатты,
Акырында АКШга жанашты.

Ал эл алгач чыккан күндөн нур алган,
Күн тийгиз деп жараткандан суранган.
Сергек акыл, сезимтал эл башкалар
сезе электи, туя электи туя алган.
Ойго келбес укмуштардын укумушун,
Оңдон-солдон ал жараткан уламдан.
Магдыроону, манчыркоону жек көрүп,
Үлдүрөөдөн, үргүлөөдөн уялган.

Издегенден, иштегенден талбаган,
Ийгиликке, жаңылыкка канбаган.
Ойдон, колдон дайым жасап бактыны,
Ого бетер алга ылдам чамдаган.
Кыйын кезде кыйрабастан, өнүккөн,
Кызыл күндүү колго желек кармаган.
Кысылбастан улам кыйры кеңейген,
Кыраан, кылдат япондорго таң калам!
"Акак" ансамблинин
комузчуларына
Аруу, тунук акактай комузчулар,
Ашык болуп комузга жолуктуңар.
Асмандагы куш сындуу кайкып келип,
Асыл өнөр тууруна конупсуңар.

Кырчынсыңар, ыймандуу ыраңыңар,
Канаттуу да, учкул да кыялыңар.
Ар бириңе тагдырдын күүсү даяр,
Тандап, арнап кезинде ыраа кылар.

Күү - силердин оюңар-санааңарда,
Назик, элпек, дирилдек салааңарда.
Жүрөсүңөр угузуп кыргыз күүсүн,
Дүйнөдөгү ар түркүн калааларга.

Шыпкантычу көптөрдү чебер силер,
Көңүлдөргө көрк, ышкы берер силер.
Бопбоз, супсак кунарсыз күндөр өтмөк
Болбогондо кыргызда эгер силер.

Жакшы сейрек күүлөрдүн сакталышы,
Күү сактоого жаштардын аттанышы.
Болочоктуу, таланттуу "акакчылар"
Болгула анык кыргыздын мактанычы.
Аңтаралы жер астын
Жерибиз бай, а өзүбүз кедейбиз,
Кедей болсок, кедей эмей, не дейбиз.
Бактылуу элдин дагы ашырып бактысын,
Байытууга неге биз кам жебейбиз?

Жер бай болуу, эл да керек бай болуу,
Жашоо үчүн баары белен, шай болуу.
Жерде дөөлөт жатпоо керек жашынып,
Ошол дөөлөт элде керек бар болуу.

Иштеталбай Кумтөр сындуу бир кенди,
Ага ээ кылдык ишеничсиз кимдерди?
Мунун өзү дасторконго коюлган,
Даяр ашты тарттыргандан бир белги.

Абдан зарыл лөктөр муну сезиши,
Башка жолду тандап алга кетиши.
Бизди алдаган, биз алданган Кумтөрдөн,
Керек алган ачуу сабак жетиши.

Азыр дагы кайталанып катабыз,
Бир орундан козголалбай жатабыз.
Чыр-чатактуу майда иштерге тушалып,
Чоң кендерди неге ачуудан качабыз?

Жер астында биздин байлык-кенчибиз,
Эчак аны ачсак жетип эркибиз.
Болочоктун ээси жаштар чачылып,
Азыркыдай болбойт эле тентимиш.

Ооба, байлык Ала-Тоонун астында,
Бай жер барктап үстүңкү элин баксын да.
Жерди аңтарсак ой жеткенге кол жетип,
Кудуреттүү эл болобуз аз жылда.

Жер байлыгы жакырдыктан куткарат,
Анда бизге жарданышып туш тарап.
Жашап турган бактысы зор бай кыргыз
Жалпы дүйнө Ала-Тоого суктанат.
Суроо жана жооп
- Эки жакка каршы-терши ок учкан,
Эки тарап ызырынып согушкан.
Согуш эмне? Кантип аман кайттыңыз,
Каары катуу кан майдандан, согуштан? -

Суроо берди кумда жаткан өспүрүм,
Жээктеги элдин айтпа көптүгүн.
Кылк-кылк этип, кызарып да, татарып,
Кош айткансып көл астына чөктү күн.

- Согуш эмне согушкандар билишет,
Башын октон сактап каска кийишет.
Башка каска кие көрбө,
Сен согушту биле көрбө иничек.

Жоокер болуп коргошом деп мен элди,
Көксөп жүрсөм көрөрмүн деп энемди.
Кан издеген кас душмандын октору,
Эки жолу тешип өттү денемди.

Бүт бошотуп ажал салган чынжырдан,
Жашоо чегин бул күнгөчө жылдырган.
Ыйык тагдыр. Өзүм билбейм, ал билет,
Кантип аман калганымды кыргындан.
Алик акын
Адам элең Алик деген бала аттуу,
Акын элең алыска учар канаттуу.
Алпурушуп кечинде ыр баштасаң,
Аздан-аздан түн суюлуп таң атчу.

Алгач жерге түшкөндө эле, ыр менен
Сени оозантып койгондугу чын белем.
Бөтөнчө бир бешикке ырдан жасалган,
Бөлөнгөнбү, чырмалганбы чың денең.

Ойдон, ырдан дайым көөнүң көктөдү,
Ойсуз, ырсыз бир да күнүң өтпөдү.
Сезүүчү элең дилиңе ыр келгенде
Сен өзүңдү ылаачындай көктөгү.

Ырсыз күндү өткөрчү элең кысталып,
Адат эле сага жүрүү шыктанып.
Ыр көлүнө азыр чөмүп чыккандай
Сөзүң дайым ыр турчу эле жыттанып.
Сендей нагыз акын бизде аз эле,
Кыш кезде да, сен жүргөн жер жаз эле.
Өзүң таза, ырың таза, сен күлсөң,
Күлкүң дагы тунук эле, таза эле.

Аттаганда өмүр жолдун жарымын,
Андан ары түк шилтелбей арымың.
Өчү бардай канатыңды кайырып
Өчүрдү өлүм жүрөгүңдүн жалынын.

Сен кеткенде болгон окшоп зилзала,
- Кап, аттиң! - деп кайгырбады ким гана.
Акыйкатта болбойт Алик экинчи,
Арабызда бар болчу Алик бир гана.

Алып кетти шумпай ажал кез келип,
"Кайран Алик!" дейбиз сени эскерип.
Өткүр акын өттүң жарык дүйнөдөн
Өзүңө өзүң ырдан куруп эстелик.
Жаз жана мен
Жараткан бизге камдаган
Жаз келди мына кайрадан.
Жаңыдан туулган өңдөнүп
Жадырап турат айланам.
Жайнаган кыргыз аймагы,
Жаз-жылдын кооз майрамы.
Ажардуу жазга жараша
Адамдын көбү жайдары.

Жаз менен баары жадырап,
Жарамсыз ой кетип арылап.
Жаздагы сансыз козудай
Жакшы ойлор келет жамырап.

Жаз жанга турат жарашып,
Жаңы дем денге таратып.
Жазында келген дүйнөгө
Жаз берип турат мага шык.

Курагым бийик кезинде
Кудурет берип сезимге.
Жазга окшоп ушул жароокер
Жаштыгым турат эсимде.

Айткандай турам айбыгып,
Артына карай жай жылып.
Керемет өңдүү жаштыгым,
Келсечи мага кайрылып...
Ала-Тоо таңы
Таптаза го Ала-Тоонун ар таңы,
Ар таң жапжаш, таңдын болбойт картаңы.
Ал жарытат карагайды, четинди,
Төбөсүнөн сылайт тармал арчаны.

Таң жаңыртат кырка тоону, асканы,
Кыргыз жерин боёт түскө жапжаңы.
Тартуу кылып берип турган таалайды
Таңды тосот Ала-Тоолук жаш-кары.

Кие электе кементай, же чапанын,
Кары тарайт аппак, майин сакалын.
Жигит келет алчылантып ак калпак,
Келин карайт таш күзгүдөн ажарын.

Кокусунан коңшу үйдөн, жакындан
Ымыркайдын үнү чыкты бакырган.
Ошол замат ойго келди бул бала
Болсо экен деп же акын, же акылман.

Жайнап аткан тоонун жаңы таңында,
Жакшы бир сап кошулгансып жаңы ырга.
Кыргыздарга кошулду эми бир кыргыз
Кымбат баалуу кудай берген табылга.

Канат күүлөп ал көгөрүп батадан
Тентибестен тагдырдагы катадан
Жан болсо экен тууган жерде жашаган
Ата-баба Ала-Тоо деп атаган.
Пенсиячы карыянын сыры
Көп жашап, көптү байкадым,
Көп сырдын бирин айтайын:
Пешенем жаркып кудуңдайм
Пенсия алсам ай сайын.
Анык да, бирок, ар жагы -
Ай сайын карыйм ансайын.

Пенсия менен карылык
Өз ара керек элдешсе.
"Менмин деп анык ырысың" -
Астыртан алдап тымызын
Алпарат окшойт - пенсия
Азгырып "Барса, келбеске?.."