Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_2.htm on line 2


п»ї

"Шайлоодо жарык өчпөсүн..."
25-ноябрь күнү республика боюнча 416 айылда жана 25 шаарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ага даярдыктардын толук бүткөндүгү тууралуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү селектордук жыйында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге отчет беришти.


Ички иштер министри Шамиль Атахановдун билдиргени боюнча 5 миң милиция жана 9 миң элдик кошуундун мүчөлөрү шайлоо өнөктүгүнүн тынч өтүшүнө көзөмөл кыла турган болду. Шайлоо участкаларында эле 4 миңден ашык милиция кезметте турушаарын, резервде дагы 1 миң 494 тартип коргоо кызматкерлери бар экенин министр мырза билдирди. Шайлоого өлкө боюнча 2 млн. 516 миң шайлоочу добуш берүүгө барышат. Бир гана кемчилик, жер-жерлерде жарандардын паспорттору толук бүткөрүлбөй жаткандыгында. Бүгүнкү күндө 58 миң 612 айдикарта даярдалып бүтүп, республика аймактарына жөнөтүлгөн. Андан тышкары, 23 миң айдикарта даярдалып жатканы жыйында белгилүү болду. Паспортторунун мөөнөтү өтүп кеткен жарандар да аны алмаштырууга үлгүрүп, шайлоого добуш берүүгө жетишип калышына тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр көмөк көрсөтүшүүдө. Айталы, Жалал-Абад облусу боюнча жакынкы күндөрү 3 миңге жакын адам паспорт алып, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышары тууралуу Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Төрөмамбетов маалымдады. Облуста жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо 523 миңге жакын адам добуш берет.
Айта кетчү жагдай, шайлоого катышып жаткан партиялардын ар биринин өкүлдөрүнөн тышкары 9 эл аралык уюмдардын байкоочулары өнөктүктүн таза жана ачык өтүшүн көзөмөлдөөгө ала турган болду. Алар БШКдан каттоодон өтүштү.
Ал эми Бишкек шаарында ички мигранттардын шайлоого катышуусунда мурдатан келе жаткан көйгөй бар. Шаарда каттоосу жоктор добуш берүү укугунан ажырашат. Бишкек шаарынын вице-мэри М.Исмаиловдун айтымында жаңы конуштарда 260 миңдин тегерегиндеги жашоочу бар. Алардын 32 пайыздан ашыгынын каттоосу жок. Мындай жарандарыбыз добуш беришим керек деп талап кылса, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн башка арга калбайт. Вице-мэрдин айтымында Бишкектин шайлоо участкаларында да милиция кызматкерлери менен катар эле кошуундар тартипти көзөмөлгө алышат.
24-ноябрдан 25-ноябрга караган күнү электр энергия жаатындагы бардык оңдоо иштерин жүргүзүү токтотулат. Шайлоо участкалары жылуулук, жарык менен толук камсыз болооруна Энергетика жана өнөр жай минис­три А.Калмамбетов ишендирип кетти. Аталган министрликтин жер-жерлердеги түзүмдөрүнүн жетекчилери шайлоо күнү элден түшкөн кайрылууларга даяр болуп, телефондон алыс кетпей өз орундарында отурушат.
"Шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып жатканда жарык өчүп калган фактылар мурдагы шайлоолордо болуп келген. Ушундай көрүнүштөр кайталанса энергетика тармагындагы жетекчилер керт баштары менен жооп беришет", - деди Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев. Бирок, даярдыктарга карабай эле электр энергиясы кокус өчүп калса, энергиянын кошумча булактарынын болушу керек деген талап коюлду. "25-ноябрь күнкү шайлоо - быйылкы жылдын эң чоң саясий окуясы. Жергебизде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү турат. Бул шайлоо мурдагы шайлоолордон өзгөчөлөнүп, биз өз тагдырыбызды жергиликтүү маселелерди чечүүчү болочоктогу депутаттардын колуна тапшырып жатабыз", - деп билдирген Өкмөт башчысы аймактардагы жетекчилерден шайлоону ачык, адилеттүү жана таза өткөрүүнү, ал үчүн бардык шарттарды түзүүнү өтүндү. Ал эми жергилктүү жетекчилер административдик ресурсту пайдаланып, бийликтеги партияларга ашыкча "кызмат кылып" жиберсе, чара көрүүгө мажбур боло тургандыгын да катуу эскертти.

Назира АЛИЕВА




Эл аралык конференцияда
Айтматов дүйнөсүнө таазим
Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламент делегациясы 22-23-ноябрда Санкт-Петербургда өтүп жаткан КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын, ЕврАзЭБнин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын иш-чараларына, ошон-дой эле "Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу" аттуу эл аралык конференцияга катышууда.


Замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференцияны өткөрүү демилгесин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев көтөргөн эле.
Конференциянын иши "Чыңгыз
Айтматовдун жергеси" аттуу фото-
көргөзмөсүн жана "Ч.Т.Айтматов Орусия Улуттук китепканасынын
фондунда" аттуу китеп көргөз-
мөсүн ачуу менен башталды.
Ошондой эле, "Белые сны по доро-
ге домой" деген даректүү фильм-
ден үзүндүлөр көрсөтүлдү. Конференциянын алкагында Ч.Айт-матовдун коло айкелин ачуу аземи болду. "Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы менен диалогу" эл аралык конференциясынын катышуучулары жыйынтык резолюциясын кабыл алышты. Анда КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына, КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен өкмөттөрүнө Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурастарын окутууга жана жайылтууга багытталган ар жылдык тематикалык иш-чараларды өткөрүү жагын караштыруу маселеси боюнча кайрылуу жасоо бар. Мындан сырткары, Ч.Айтматовдун чыгармаларын КМШнын орто билим берүү стандарттарынын курамына киргизүү да сунушталды.
Улуу жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында, 2012-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан "КМШ ПААнын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу тууралуу" токтом кабыл алынган. Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын жобосуна ылайык,
жылына бир жолу мамлекет тарабынан бирден көп эмес талапкерге 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык ыйгарылат. Сыйлык улуу жазуучунун туулган күнүндө келерки жылдан баштап тапшырылат.
Кемел Белеков





Куттуктоо
Өлкөбүздүн өнүгүүсүн
камсыз
кылышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо кыргызстандыктар алардан принципиалдуулукту жана жарандык жогорку жоопкерчиликти күтөөрү, өлкөдө мыйзамдардын так сакталышын камсыз кылуу, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугу, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин коргоо прокуратура кызматкерлеринин кесипкөйлүктөрүнө жана иштерине чындап берилгендиктерине байланыштуу болоору, алардын мыйзамга негизденген так ишмердиги гана укуктук мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кыла алаары айтылган.
Мамлекет башчысы прокуратура кызматкерлерине жана ардагерлерине чың ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай жана мыйзамга кызмат кылуудагы жооптуу иштерине ийгилик каалаган.

Өкмөт башчысы Ж.Сатыбал-диевдин куттуктоосунда жарандардын укуктарынын корголушу, коомдук, мамлекеттик кызыкчылыктардын сакталышы прокуратура кызматкерлеринин ишмердигинин натыйжасына түздөнтүз байланыштуу экендиги, алар-
дын чынчылдыгы, компетенттүү-лүгү жана өз иштерине чын дилдеринен берилгендиги иштеринин ийгилигине көмөк болуп жаткандыгы айтылган.
Ш.КАДЫРОВ





Быйыл коррупция боюнча миңге жакын кылмыш иши козголгон
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянова прокуратура органдарынын кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйындын алдында журналисттерге ушундай маалымат берди.

Кечээ өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына кө- зөмөл жүргүзүүчү башкы орган - прокуратуранын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын майрамдашты. Өлкөбүздүн прокуратура органдары быйыл өздөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 88 жылдыгын белгилеп отурушат. Ошол эле учурда союз мезгилин албаганда да, соңку жаңы тарыхыбызда прокуратура органдарынын өздөрүнүн башкы вазийпасы - мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүүнүн, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн ордуна бийликтин оппоненттерин "кызыл камчыга" алган органга айланып калганы да биздин өлкөнүн турмушундагы факт.
- Биз кесиптик майрамга карата бир жылдык ишибиздин
жыйынтыктарын чыгарабыз, - дейт А.Салянова. - Өлкөдөгү
кийинки мезгилдердеги оор абалга карабастан прокуратура органдары сынактан өтүштү. Президент биздин алдыбызга койгон милдеттердин баары ийгиликтүү аткарылып жатат. Быйыл коррупциялык көрүнүштөр боюнча миңге жакын кылмыш иши козголду. Анын 80 пайыздан ашууну прокуратура кыз-
маткерлери тарабынан козголгон.
Мындан тышкары 6 депутатка, 15 судьяга карата да кылмыш иштери козголду. Кечээ Жогорку Кеңешке депутат Элмурат Обдуновго карата кылмыш ишин козгоого макулдук берүү сунушу киргизилди.

Журналисттерди кызыктырганы - ушундай чуулгандуу иштер боюнча айыпталгандардын сот аркылуу акталып кетип жатышкандыктары болду. Бул кылмыш иштеринин туура эмес козголгондугунанбы же прокуратура кызматкерлеринин тергөө иштерин сапатсыз жүргүзгөндүгүнөн-
бү?
- Биздин оюбуз боюнча бардык кылмыш иштери боюнча далилдер жетиштүү, - дейт Башкы прокурор. - Бирок соттор ушундай чечимдерди кабыл алышууда. Ошол эле экс-министр Равшан Сабиров боюнча соттун актаган чечими чыкты. Бирок, прокурордук көзөмөлдү колдонуу аягына чыга элек, биз соттун чечими боюнча экинчи инстанцияга сунушубузду беребиз.
А.Салянова азыр энергетика тармагы боюнча да бир нече кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жалпысынан азыр прокуратурага жолтоо болгон эч ким жок. Президент тараптан кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүү үчүн эрк жана колдоо бар. А прокуратуранын өзүн-
дө кадрдык потенциал жетиш-
түү.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
23-ноябрь, 2012-ж.:










??.??