Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_16.htm on line 2


п»ї

Ден соолук
ПРОСТАТИТ жана эрендик
бездин АДЕНОМАСЫ деген эмне?
Бүгүнкү күндө эркектердин 60тан 75%га чейини дуушар болгон, эркектердин эң кеңири таралган оорусу - прос-татит. Бул дарт 20 жаштан 50 жаш жана андан да жогорку курактагы эркектерди жабыркатат.

Простатит - эрендик
бездин сезгениши

Простатиттин өрчүшүнө жыныс­тык катнаштын ыраттуулугунун бузулушу (дизритмия), дененин муздашы, жаракат алуу, организмдин иммундук коргоо тутумунун бузулушу, кичи жамбаш органдарында кан менен лимфанын айлануусунун бузулушу, гормоналдык бузулуулар (абсолюттук же салыштырмалуу андрогендик жетишсиздик), жыныстык жолдор менен берилүүчү инфекциялар өбөлгө түзөт.
Простатит бардык тийиштүү белгилери менен курч сезгенген оору сыяктуу күтүүсүз өрчүшү мүмкүн. Мындай учурда ооруган адамдын дене табы 38-39 даражага көтөрүлгөнү, калтырап ысыганы, чат тушунун катуу ооруганы, сийдик бөлүп чыгарууда ачышуу, тез-тез ооруксунуу менен заара ушатуу, заарада калкыган жипчелердин болушу байкалат.
Ошентсе да простатит эркекти өтө катуу тынчсыздандырбастан, көп учурда өнөкөт формада өрчүйт. Бирок, өнөкөт простатит дагы эртеби, кечпи билинет. Простатиттин өнөкөт түрү менен жабыркаган адамдарда оорунун кесепетинен жылына бир же эки жолу кайталанган простатиттин күчөгөн маалы пайда болот, ал курч кармаган простатиттин белгилерине окшош болот.
Улгайган курактагы простатит - эрендик бездин залалсыз гиперплазиясы (аденома) көп кездешет.

Эрендик бездин аденомасы

Эрендик бездин залалсыз гиперплазиясы (ЭБЗГ) заара түтүгүнүн тегерегинде жайгашкан эрендик безде патологиялык залалсыз өсүш (шишик) бар экенин билдирет. Залалсыз шишик кырк жаштагы эркектердин ичинен 10%ында табылат. 50-60 жаш курактагы эркектердин 40 пайызында аденоманы дарылоо талап кылынат. 80 жаш курагында текшерилген ар бир 10 эркектин ичинен тогузунда аденома оорусу аныкталган.
ЭБЗГ менен жабыркаган эркектердин көпчүлүгүндө дарттын белгилери билинбейт. Эгерде белгилери байкала турган болсо, алар билинер-билинбестен кыйла олуттууга
чейин болот: түнкүсүн тез-тез заара ушатуу, зааранын начар агышы, заара ушатып атканда анын агымынын токтоп калышы, андан кийин кайра пайда болушу, заара ушатып бүткөндөн кийин дагы анын чууруп чыгышы же заара ушатууга катуу кыстагандык, заара ушата албай кыйналуу.
ЭБЗГ табарсыктын бошонушуна жолтоо болуу менен сиздин ден соолугуңузга олуттуу коркунуч жаратат. Табарсыктын дайыма толуп турган абалы табарсыктын кайталанган өнөкөт инфекциясына жана бөйрөк оорусуна алып келиши мүмкүн.
Адамол эркектерге дараметтүү жашоону кайтарып берет!
АДАМОЛ - Орто Азиядагы жаңы дары, ал салттуу кытай медицинасынын байыркы рецепттеринин негизинде иштелип чыккан, кайтарымдуулугу далилденген натыйжалуу формула.
Адамол заара жыныс тутумундагы органдардын ооруларын дарылоо үчүн дайындалган: курч жана өнөкөт простатит, эрендик бездин залалсыз гиперплазиясы, заара ушатуунун бузулушу.
Адамол көтөрүлгөн дене табын тез тө­мөндөтөт, шишикти жана кандын уюшун четтетүү менен зааранын пайда болуу процессине жана анын бөлүнүп чыгышына өбөлгө түзөт.
Курамы: ар бир капсула бодуракай көк базин күкүмүн, жүрөк жалбырактуу гуттуинияны, диффуздуу голденландияны (Гедиотис), Христина вербейникти, Юньнань көк шимүүрдү (көп тамырлуу), жабышкак реманийди, жасмин өңдүү гарденийди, кыймаланган володушканы, астрагалды, кокос өңдүү козу карынды, аюунун кургатылган өтүнөн алынган күкүмдү, 0,46г жасалма
безоарды камтыйт.
Колдонууга көрсөтмө: заара ушатуу­нун бузулушу, поллакиурия, дизурия, ооруксунуу менен заара ушатуу, ошондой эле простатит жана эрендик бездин залалсыз гиперплазиясы болгондо жогоруда көрсөтүлгөн белгилерди дарылоо үчүн.
Колдонууга каршы көрсөтмө: аныкталган эмес.
Колдонуу ыкмасы жана чен-өл­чөмү: Тамактан кийин ичүүгө - 2-3 капсуладан күнүнө 3 жолу. Дарылануу курсу 2-3 жума.
Кыйыр таасирлер: Ич өтүү же АИЖ оорушу мүмкүн (дарыны тамакка чейин кабыл алууда).
Дарыканадан берүү шарты: Дарыгердин рецептисиз берилет.
Байланыш телефондору: 0312 59-22-37, 0555 59-22-32.

Даярдаган А.НАСИРДИНОВ




Ата салтты сактай жүр
Кайсы устукан кимге тартылат?
Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА, "Кыргыз Туусу"

Абалтадан меймандос кыргыз элибиз келген мейманына конок каадасы кылып кой соёт. Аш-тою көп кыргыз устукан бөлүштүрүүнү мыкты билгендерди чыгданчылар деп коюшат. Ортого булоолонгон чоң чара эт келгенде устукан тартуунун эрежесин сактабаган үй ээси туу­ра эмес табак тартса, көпчүлүктүн көзүнчө сынып калышы да ыктымал.
Ошондон улам ата салтын биле жүргөн оң. Негизи бир койдун устуканы он эки кишиге гана эсептелинген. Атайы кой союлуп, табак тартылган баш тартылбаса, анда койдун союлганы эсептелбейт. Баш тартуу - Кыргызстандын жети аймагында ар дубандардын салттык өзгөчөлүгүнө байланыштуу ар кандай тартылып жүрөт. Сары өзөн Чүйдө баш эң улуу аксакал кишиге жана сыйлуу конокко тартылат. Ал эми Нарында эң кичүүлөргө тартылат. Түштүк аймакта баш эң улуу аксакалга жана сыйлуу мейманга жамбаш устуканы кошо тартылып жүрөт. Башка дубандардын баш тартуунун өзгөчөлүгүн саймедиреп санап айтып олтурсак узун сабак сөз.
Устукан тартуунун тартиби туурасында сурап, "Ала-Тоо" айылынан Аламүдүн районунун тургу-
ну Абдымалик Рысалиев (сүрөт-
тө) аксакалга кайрылганыбызда ал төмөндөгүчө маек курду.
"Баш алган киши үчүн баш жээнүн өзүнчө тартиби бар: Башты алган соң аны симметриялуу тең экиге бөлүшөт. Эки кулагын шарт кесип, дасторкон четинде олтурган чыт курсактарга ыроолонот. Баштын терисин сыйрып, шорпо куюлган чыныга кесек туураган соң тегеретип алганга сунулат. Андан соң эки көзүн оюп, эң жакын санаалаш, пикирлеш сый адамдарга "көздөшүп жүрөлү" деп берет. Таңдайын кызым "чебер иштүү болсун" дешип кыздарга беришет. Калган башты өзү жейт. Түштүк жергесинде кары аксакал кишиге тартканда жамбаш менен кошо берилиши кары адам тишинин айынан баштын этин жей албайт деген кыязда тартылса керек.
Экинчи сый устукан - куймулчак. Ал - байбичелердин шыбагасы же кудагыйлардын устуканы. 2- жамбаш - аял-эркегине карабай эң сыйлуу мейманга, улуу кишилерге тартылат. Отурган коноктордун жаш өзгөчөлүгүнө, катыш-сыйына карай 3- кар жилик, 4-жото жилик, 5-кашка жилик, 6-далы, кээ бир жерлерде күң жилик ( күң жилик Нарын жергесинде келиндерге берилет.) Сырткы кабыргалар бул устукандарга кошумча тартылып жүрөт.
Кара мал же бодо малдын ичинен жылкынын учасы - эң улук жана сыйлуу устукан болот. Адатта уча кудага же куда башчы аксакалдарга тартылып жүрөт жана сыйлуу деп эсептелинген меймандарга арналып тартылат. Андан соң катары менен жамбаш, бодонуку төрт бөлүккө бөлүнөт. Арка, сырткы кабыргалар бөлүнүп-бөлүнүп ирээти менен тартылат. Уйдуку деле ушул сыяктуу тартылат". Кийинки кездерде айрым бир аймактарда Нарында, Ысык-Көлдө уйдан уча чыгарып тартышкан учурлар кездешет. Ушундан улам "Устукан алганга келгенде улуумун" деген кеп бекер жерден айтылбаса керек. Улуу-кичүүнү ажырата билүүнүн мектеби кыргыздын тамак жеш тартибинде, дал ушул устукан тартуу салтында сакталып калганын ар бир кыргыз аңдаганыбыз абзел.

Сүрөттөр автордуку




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
23-ноябрь, 2012-ж.:










??.??