Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_13.htm on line 2


п»ї

Эгем энчилеген элдик дарыгер эле
Кудайдын кудреттигин кара, жараткан эгем энчилеп берген ысымын актап, өзүнүн кесибине ылайык кыйын учурларда онтоп келген оорулуулардын жандарына жан салып бергендей жардам берген дарыгерлик кызматын элге арнаган атабыз, апабызга жароокөр жубай, балдарына мээримдүү ата, неберелердин сүйүктүү чоң атасы Эгемберди Жороевич Тиленов быйылкы жылы 23-июлда дүйнө салды. Акка моюн сунбасак да болбойт.


Эгемберди Тиленов Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айылында карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, апасынан эрте ажырап, эне мээримине каныкпай калгандыктанбы, айтор турмуш запкысына карабай, өтө зээндүү, боорукер, өжөр, максатчыл киши болуп чоңоёт. Орто билимди алгандан кийин 1958-жылдары Жамбылдагы статистика техникумунда
окуйт.
Дарыгерликти бала кезинен артыкчылыктуу кесип катары аздектеп келгендиктенби, же ошол кездеги советтик жашоо чакырыгыбы, 60-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетине кирип, 1966-жылы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун кичи мекени Өзгөн районунун борбордук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн-
дө катардагы дарыгерликтен башта-
ган.
Анча-мынча тажрыйбага ээ болуп, боло элегинде кырчындай курагында өкмөт менен партия жиберген "ит өлгөн" жерлерге баруу ал кезде жаш адамдарга тагылган милдет эле. Комсомолдук духта тарбияланган жаштарга азыркыдай демократияны сап кармап кыйыктаныш кайда. Эгемберди Тиленов "Ийри-Суу" участкалык ооруканасынын башкы дарыгери болуп дайындалганда ал тоолуу аймакта жайгашкан ооруканада жада калса "тез жардам" автоунаасы жок, медицина жабдуулары жетишсиз, дары-дармектери тартыш эле. Ал тургай медицина кызматкерлери жокко эсе болгонун караңыз, ал бир эле убакта хирург, гинеколог, дагы бир канча "ологдордун" милдетин аткарган. Жаштыктын жигердин күүсү менен бороон-чапкынга, жамгыр-карга, күн-түнгө, алыс-жакынына карабай, ат минип, дары-дармектерин артынып барганынын, бейтаптарга жакындан жардам бергенинин, ажалдан көз көрүнө арачалап калган күндөрдүн кийин акыбети
кайтты.
Кийин көзүнүн тирүү кезинде сыймыктанып айтып калаар эле:" Төрөй албаган аялдардын, буту-колу сынгандардын, ар кандай оорулар менен кайрылгандардын ар бир сакталган өмүрү мен үчүн чоң бакыт эле. Себеби, ал кездерде азыркыдай медициналык жабдуулар, жетишкендиктер жок эле.
Ар бир кокту-колоттордо жашаган малчылардын, жылкычылардын чатырларында, чырактын үлбүрөгөн жарыгында канчалаган Манастын урпактарынын, келечек ээлеринин жарык дүйнөгө келишине жардам берилди. Азыркы кезде алардын көпчүлүгү эл керегине жарап иштеп, жашап жүрүшөт.
Эл милдетин аркалаган дарыгердин бир Ийри-Суунун ооруканасынын гана эмес, Чангет, Ор-Казган, Жаңгакты, Кыргызстан фельдшердик-акушердик пункттарынын, Өзгөн, Куршаб ооруканаларынын өсүп-өнүгүшүнө эмгеги зор. "Эр эмгегин жер жебейт" деген сыңары айылдык жана шаардык кеңешке төрт жолу депутат болуп шайланды. Депутаттык милдетин өтөп жүргөндө айылдаштарынын бир канча социалдык маселелерин чечип, өз шайлоочуларынын наказдарын аткарып, нечен алкоолорго
татыды.
Өзүнүн басып өткөн элүү жылдык эмгек жолунда ал жеке билимин өркөндөтүүнүн, изденүүнүн аракетинде болуп, медицинадагы жаңы жетишкендиктерин күндөлүк ишинде ийгиликтүү колдонду.
Буга мисал, билимин жогорлатуу максатында Харьков, Ташкент, Ново-Кузнецк шаарларынын жогорку медициналык окуу жайларында атайын курстардан өткөнүн айтуу жетиштүү.
Адам баласына ден соолуктан артык байлык жок. Жарым кылымдык эмгегин ден соолук сакчылыгына арнап, кайрылган оорунун көңүлүн калтырбай адамгерчиликтүү мамиле жасап, жеке дарыгерлик кесипкөйлүгү менен кадыр-баркка ээ болгон Эгемберди Тиленовдун эмгеги Өкмөт тарабынан бааланды. Майда-барат сыйлыктарын айтпаганда да,КР Президентинин Ардак грамотасы, медицина чөйрөсүнүн эң жогорку сыйлыгы болгон "Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врачы" наамын," Саламаттыкты сактоонун мыктысы" төш белгисин
алган.
Өзгөчө эмгеги сиңген пенсионер Э.Тиленов өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин эл кызматында турду. Анын эмгеги, кылган жакшылыгы ар бир айылдаштарынын эсинде. Көрсө, адамдын канча жыл жашаганында эмес, кеп анын кантип жашаганында, артына из калтырганында турбайбы. Алты баланы тарбиялаган, сиздин боорукерлигиңиз, эмгекчилдигиңиз, акыл-насааттарыңыз биздин эсибизде:

"Эгемберди атабызды эгем берген,
Жашоого эгем сүйгөн күнү келген,
Кесиптин аркасынан дарыгерлик,
Бата алган, алкыш алган
далай элден.

Учурду уясынан үй-бүлөнүн,
Татыктуу уул кызды эл күбөдүр.
Бул дагы коом үчүн, эли үчүн
Атабыздын ак кызматы деп билели.

Өстүрдү өзүнө окшош шакирттерди,
Жаштарга бар өнөрүн талбай берди.
Улантып устатынын асыл ишин,
Толтураар бөксө аякты мезгил келди.
Жубайыңыз, балдарыңыз




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
23-ноябрь, 2012-ж.:










??.??