Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_12.htm on line 2


п»ї

Кыз Кытайга жетет
Көлдүн бышкан маалы.
Жайкы эс алуу учурунда Боз-Териде эс алып, күндүзү керээлден -кечке бакадай чардап пляждан чыкпаган жаныбыз, кечкисин курсактын камын ойлоп, капчыгыбызга жараша кафе, ашканаларга ашыгабыз. Жыл бою дегдеткен көлдүн, таза абанын касиетин көр, күнүгө үч маал ысык тамак жесең да, курсагыңды курулдатып, арааныңдын ачылганы ачылган.
Ошентип, биздин жолубуз болуп, биринчи эле баш баккан "Лагуна" деп аталган кафенин тамактары жагып калды.

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
"Тотуккан келин"
Бул жайдан улуттук, европалык, уйгур, кытай тамак-аштары даярдалат экен. Анын үстүнө кардарларды тейлеген кызматкерлер келгендерди сыйкор кабыл алышып, шамдагай кыймылдашып, илбериңки мамилелеринен дагы жылдыздуу жандар эле.

Кассада олтурган эже менин кесиптешим Догдурбек Өмүржанович жашы элүүнү чапчыган кыз-келиндерди атап койгондой "тоттуккан келиндерден " эле. Жеген тамагымды да жөн жеп кетпей, быйылкы жыл көлдүктөр үчүн туристтик сезон кандай өтүп жатты болду экен деген собол жадымда болгон соң, ал жерге экинчи барышымда ошол "тотуккан келинди" сөзгө тарттым. Эженин аты Гүлжан экен. Кафени иштетип жаткандарына алты жылдын жүзү болуптур.
- Чакан ишкерликти баштагандагы кыйынчылыктардын баары кыйла артта калды, - деди ал жайдарлана. - Быйылкы жыл Кудайга шүгүр, туристтер, өзгөчө казак туу­-
гандар былтыркы жылга салыштырмалуу күр келишти. Биздикиндей жеке менчик кафе-ашканалар болобу, же мамлекеттик тейлөө жайлары болобу, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө жогорку деңгээлдеги тейлөөнү камсыздашыбыз керек. Маселен, мен келген кардарларыма кыргыздын улуттук тамак-аштарынан тартып, уйгур, кытай, европалык тамактарды сунуштаганга аракеттенем. Себеби, жаңы, сапаттуу, таза, тамак-аштын көп түрдүү,
даамдуу болушу ашпозчулардын кесипкөйлүгүнө жараша болот эмеспи. Бир татып алышкандан кийин кардарлар өздөрү тандашат. Кичи бизнестин болгон сыры ушул. Көлдүктөрдүн жашоосунун материалдык булагы болгон туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн ким кандай пайдаланып жатышат, ар кимдин дараметине жараша болгудай. Мен Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлаган жарандары сыяктуу убагында салыктарды жана башка чыгып келген төлөмдөрдү төлөп турам. Андан калганы балдарымдын ичип, кийингенине, окуусуна кенен-кесири жетет.
Бул кафенин локомотиви - башкы ашпозчулар: кызым Жазгүл жана күйөө балам Абдубарис. Аты айтып тургандай, күйөө баламдын улуту уйгур, болгондо да КНРдин Кызыл-Суу автономиялуу облусунун Артыш шаарынын тургуну. Интернационал үй-бүлө деп койсок болот. Азыр Кудайдын кулагы сүйүнсүн Юсуф, Юнус деген эки неберем бар. Булардын ысымдарын куда-кудагыйым койгон. Мейли дедим неберелеринен алыс да болуп калышты, эч кур дегенде неберелерибиздин аттарын биз койгонбуз деп компоюп жүрүшсүн, жарыктыктарым.

"Кызымды чындап сүйдүңбү же "живой"
паспортпу?"
Нике-кайып деген кыйын экен, кызым анда Көлдө кайсы бир пансионаттын ашканасында иштеп жүрүп, ушул күйөө балам менен таанышып калат.

Бир-эки жылдай болуп калса керек экөө сүйлөшүп, кептешип жүргөнүнө караганында, сөздөрү бекип калган сыяктуудай, ары кеттим, бери кеттим, мындайда кайсы эненин жүрөгү чыдайт. Акыры күйөө бала менен бетме-бет кездештик, жай олтуруп, "чын эле Жазгүлдү сүйүп калдыңбы же "живой" паспорт катары пайдаланайын дедиңби?" деп айтканым ырас. Үйдөгүлөрүң кантет макулдугун беришеби? - деп ачык-айкын сүйлөштүк. "Апай, менин ата-энем аманчылык болсо көрөсүз го таптакыр башка алтындай кишилер, алар уулунун туура эмес жолго барышпасын билишет", - деп мени ынандырган соң макулдугумду, ак батамды бердим. Айткандай эле куда-кудагыйым түшүнүктүү жакшы кишилер болуп чыкты. Неберелерине күнүгө бир маал телефон чалып, жалынып-жалбарып олтурушат. Балдар жыл сайын тез-тез Артышка барып турушат. Абдубарис баласаак ата, камкор кожоюн, ашкере эмгекчил. Жумушсуз тура албайт, ооруса да анча-мынчага моюн бербей иштей берет. Мунусуна таң берем. Улууну урматтап, кичүүнү ызааттап турган кичи пейил, бир мүнөзүнөн жазбаган күйөө баланы тарбиялаган ата-энесине ыраазы-
мын.
Үч миң мейман
келген той
Сөздөн сөз чыгып, маегибиз уланып, мен Жазгүлдөн уйгур элинин каада-салтын, ал барганда кайындары кандай кабыл алгандыгын сурап олтурдум.

"Ооба, алар мени кызындай кабыл
алышты. Артыш шаарынын кадырман абдан нарк­туу, жөнөкөй адамдары болгондуктан, бачым эле тил табышып кеттик". Кайын атасы Аблимит ата, кайын энеси Бухаличе апа эки уулду, үч кызды тарбиялап өстүрүп, бир канча неберелердин жана чөбөрөлөрдүн сүймөнчүлүктөрү экен. Артыштагы кайындары Жазгүлдү Бухаличе ападай чырайлуу "совет" келин дешип сый көрсөтүшөт экен. Быйыл барганда эң кичүү кайниси үйлөнүп, анын үйлөнүү үлпөт тоюна 3000 киши келгенине чындыгында Жазгүл абдан таң калганын жашырбады. Себетин көтөрүшүп, улам-улам келе беришет, үй ээлери четинен он кишиден бир кылып палоо табагын тартып жөнөтө беришет экен. Дасторкон болсо абдан тамак-аштын дүйүм түрлөрү коюлгандыктан стол ийилет. Бир да ичимдик болбогондуктан той жалаң ыр-бий менен коштолгонун видеотасмадан көрүп мен да кыргызга мындай той бергенге канча убакыт кетет болду экен деп ичимден толгондум. Эгер мындай сандагы коноктор кыргыздын тоюна чакырылса, балким бир жумага созулуп, Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык, Нарын суусундай арак да чак келбей, тополоңу тоз болмок. Бирок, кыз-келиндерге бир кыйла эле түйшүк болоорлугун Жазгүл да ырастады. Ар улуттун менталитети ар башка экендиги эки ажырым ушул тойдон билинип турду.
Кыргыз Кытайда да жалкообу?
1993-жылы мен Кызыл-Суу облусунун Кашкарга жана кыргыздардын көпчүлүгү жашаган Артыш шаарына барганымда чатырланбаган сыртынан коргондолгон үйлөрдө жашаган кыргыздардын үйлөрүндө болгонумду, үйлөрүнүн ичи акиташ менен акталбай, шейшеби жок төшөк-жууркандарда жатышаарын, ошол жерде жашаган улуттардын ичинен эң начар жашагандардын катарында экендигин өз көзүм менен көрүп келгенимди эскердим.

Анда алар тоодон жаңы гана чөлгө түшүп, там салганды үйрөнүп, соодага, окууга эми аралаша баштагандарын айтышкан эле. Буга чейин алар уйгур усталарга болгон тапкан-ташыгандарын бүт берип, биз көргөн токол тамдарын салдырышчу тура. Артыштык кыргыздардын бүгүнкү жашоосу кандай экендигин Жазгүлдөн сураганымда, ал анда: "Сиз көргөн Артыш шаары азыр таанылгыс болуп өзгөргөн. Көп кабаттуу үйлөр салынып, даңгыраган кенен жолдору бар келбеттүү
шаар болгон. Бирок мени күйөөм төркүндөрүңө алып барайын деп өзү катышып жүргөн тааныш кыргыздарга алып барганда, алардын жашоо-турмушунун башка улуттарга караганда асман менен жердей эле айырмасы сезилип турду. Абдан эле уялдым, айла жок да, Кытайда да кыргыздар жалкоо тура деген тыянакка келдим. Жалкоолук кыргыздын канында бар үчүн оңолбой жатканыбыз чын окшойт", - деп терең улутунду.
Сүрөттөр Жазгүл Токтобаеванын
үй-бүлөлүк архивинен алынды





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
23-ноябрь, 2012-ж.:










??.??