Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1123_10.htm on line 2


п»ї

Кошуна кызыккан реформа
Айыл жана суу чарба министрлигине караштуу Жайыт департаментинин директору Абдималик ЭГЕМБЕРДИЕВ:
"Такыр жайыттарды корукка алуу ийгилик берди"
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
Кыргызстанда "Жайыттар жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, иштей баштаганына үч жылга аяк басты. Борбордук Азия аймагында гана эмес, жалпы КМШ мамлекеттери боюнча жайыт реформасына алгачкы жолу биздин өлкөдө чыйыр салынып отурат. Дүйнөлүк банк баштаган бир нече эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлордун натыйжасы учурда абдан жакшы жемишин берүүдө. Анын бир далили катары жакында эле жайыттардын чек арасы аныкталган мамлекеттик акт күбөлүгүнүн тапшырылышынын биринчи этабынын аякташын айтсак болот. Кабарчыбыз Айыл жана суу чарба министрлигине караштуу Жайыт департаментинин директору Абдималик Эгембердиевге бир нече суроолор менен кайрылган.

- Абдималик Абдыкаарович, жайытты пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөгөндөргө чара колдонуу керек деген сунуштар редакциябызга келип түшүүдө. Төлөтүү боюнча иштер жүрүп жатабы?
- Жер-жерлердеги жайыт комитеттерин кыйнап, жайыт акысын төлөбөй жаткандардын көбү малы жүздөп саналган бай адамдар же бийлигинен пайдаланып, малын бактыргандар болууда. Ал эми малы анча көп эмес жарандар өздөрү келип, айттырбай төлөп турушат. Жайыт акысынын өлчөмүн ошол аймактардагы жайыт комитеттери өздөрү бекитишет. Төлөбөгөн жарандарыбызга биз жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же жер-жерлерде семинарларды өткөргөн учурда айтып, түшүндүрүүнү тынымсыз улантуудабыз. Айтып коючу жагдай, "Жайыттар жөнүндөгү" мыйзамда жайытты пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөгөн адамдарга чара көрүү жагы каралбай калыптыр.
Аймактардагы жамааттардын жайытты пайдалануу боюнча иштелип чыккан өз пландары бар. Мына ошол планды бузгандыгы үчүн жеке адамдарга административдик кодекс­те каралган акчалай жаза колдонуу керек. Биринчи эсептик көрсөткүчтө 100 сом, экинчисинде 200 сом болуп отуруп, бешинчисинде 500 сомго чейин акчалай жаза төлөтүлөт. Бул жазанын баштапкы этабы. Аны жергиликтүү райондордо административдик комиссиялардын чечими менен колдонушат. Мыйзам бузгандарга чара колдонуу документтерин жайыт комитети даярдап, жогорудагы комиссияга жөнөтөт. Мына ушундан кийин да административдик комиссиянын чечиминен баш тартса, анда кылмыш жообуна чейинки жазалоо этабына өтүп кетет. Бирок, биз жайыт реформасын жүргүзүү менен жарандарыбызга сөзсүз жаза колдонууну максат кылганыбыз жок.
Түшүндүрүү, маалымдоо иштери аркылуу маселени чечүүгө аракет кылуудабыз. "Жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттар кайра эле жайыттарга баруучу жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, суу чыгаруу
сыяктуу бир топ багыттарга жумшалат", - деп, аларга айтып түшүндүрүп келебиз. Реформанын башкы максаты - жайыттарды жакшыртуу аркылуу малды ойдогудай семиртип багуу, элеттин жашоо деңгээлин көтөрүү, үй-бүлөнүн кирешесин арттыруу. Биздин ушул ак тилегибизди, элибизге кылган кызматыбызды кош колдоп колдогон бай адамдарыбыз деле бар. Мисалы, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, легендарлуу чабан агабыз Таштанбек Акматов башкаларга үлгү болуп, Тоң районундагы "Улахол" жайыт комитетине жайыт акысын өзү келип төлөп кетет. Таштанбек агабыз "Сырт" жайлоосунда топоз чарбачылыгы менен көп жылдардан бери алектенет.
Биздин департамент аймактардагы жайыт комитеттеринин чогулуштарын декабрь, январь айларында өткөргөнү турат. Буюрса, ошол чогулуштарда элге жайыт пайдалануудан чогулган каражаттарга өлкө боюнча кандай иштер жасалгандыгы тууралуу отчёт берилет. "Эгер сиздер жайытты пайдалануу­-
дан түшкөн каражатты кечиктирбей төлөсөңүздөр келечекте мындай иштер бүткөрүлөт", - деп айтабыз. Белгилүү болгондой, мыйзамга ылайык жайыттар мамлекеттин менчиги. Бирок, мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайытты акысыз пайдаланууга берди. Акыркы 20-30 жылдан бери өлкөбүздө жайыт жерлери каралбагандыктын кесепетинен, алар керектен чыккан. Эми мындан ары аны жакшыртуу жолуна гана бет алмакчыбыз.
- Жайыт реформасы мурдагы советтик өлкөлөрдө барбы же бизде эле жүргүзүлүп жатабы?
- Борбордук Азия гана эмес, КМШга кирген мамлекеттер боюнча биринчи жолу бизде жайыттар боюнча мыйзам кабыл алынып, реформа башталган. Сиздерге белгилүү болгондой, буга чейин жайыттын үч баскычтуу кожоюну - облус, район жана айыл өкмөтү болгону белгилүү. Ушунун баарын бириктирип, айыл өкмөткө өткөргөндөн кийин, алардын чек араларын тактоо зарылчылыгы келип чыккан. Ошого ылайык өткөн жылдан баштап, жайыттардын чек арасын тактоонун сынамык долбоору катары үч айыл өкмөтүн алган элек. Биринчи этапта 245 жайыт комитеттеринин картасын чийип берип, чек арасын тактап, мамлекеттик акт болгон күбөлүктөрүн бере баштадык. Ушундан кийин алар жайыттын биротоло кожоюну болуп калышты.
Айыл өкмөттүн жайыт жеринин аянты, чек арасы такталып, мамлекеттик каттоодон өтүп, документ алуу фактысы мурда болгон эмес. Калгандарына келерки жылдын биринчи жарымында ушундай мамлекеттик акт берилип, Өкмөттүн токтому менен бекитилет. Жалпы эле жайыт реформасынын жүргүзүлүшүнө Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында берилген жардамы көмөк болуп, 9,6 млн. доллар грант каралган. Ушул каражаттын эсебинен жайыт комитеттерин түзүп, аларды окуттук. Ар бир жайыт комитетине 200 миң сомдон грант, ошондой эле инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүүгө дагы 2012-жылдын ичинде бирин калтырбай 250 миң сомдон грант берилди. Мунун баары жогорудагыдай иштерди аткарууга жумшалды. Мындан тышкары, ПРООН, ЮСАИД, "Токойду, жерди пайдалануу" ассоциациясы норвегиялык уюму ж.б. донорлор жардам берип келишүүдө.
- Абдималик Абдыкаарович, кошуна республикалар менен жайыт чек арасын тактоо кандай жүрүп жатат? Мамлекеттик чек аралардан мал өтүп кетип, эки тараптын жарандары чатакташкан фактылар акыркы жылдары абдан арбыды.
- Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияга жайыт департаментинин директору да мүчө болуп киргизилген. Кытай, Казакстан менен мамлекеттик чек арабыз такталып бүткөн. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына чектешкен Өзбекстан, Тажикстан республикалары менен чек араларды аныктоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиялар иштеп жатышат. Кошуналар менен жайыттар боюнча талаштуу маселе жаралганда, биз ал жерди мамлекеттер аралык комиссиялар делимитация кылып, биротоло тактаганча калтырып кетүүгө туура келет. Мурда Өзбекстандын, Тажикстандын көп малы биздин жайыттарга келчү. Биз азыр кошуна эки республикага бирдей: "Кыргызстан жайыттар боюнча жаңы мыйзамды кабыл алып, жаңы эрежелерди киргизди. Ушуга ылайык өкмөттөр аралык жаңы келишимдерди түзөлүк", - деп Тышкы иштер министрлиги аркылуу аларга кат жибергенбиз. Тилекке каршы, алардан жооп келе элек. Бирок, чек ара аймактарында жашаган алардын жарандары биздин атуулдарды бир аз акчага кызыктырып, "менин малым", - дедиртип, биздин жайыттарга алып чыккан фактылар кездешип жатат. Жер-жерлердеги жайыт комитеттери мындай көрүнүштөрдү иликтеп, жол бербеши керек.
Республика аймагында жайыт комитеттери жайыт иштерин башкарууну колго алышты. Мыйзамга ылайык жайытты пайдалануу боюнча акы төлөөнү да уюштуруп жатышат. 2012-жылдын он айынын ичинде 59 млн. сомдон ашык каражат жыйналды. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 30 пайызга көп. Буюрса,
ноябрь, декабрь айлары боюнча орточо алганда республика боюнча 80-90 млн. сомдун тегерегинде каражат жыйналат деп турабыз. Өткөн жылы 66 млн. сом жыйналган болчу. Ушул каражаттын көпчүлүк бөлүгү жолдорду оңдоого, көпүрөлөрдү салууга, мал суу иче турган жайларды даярдоого жумшалууда. Андан тышкары, жергиликтүү бюджетке салык катары да алынат.
- Ушул жылдын он айында жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарга кандай иштер аткарылды?
- Жогоруда айтылгандай, 2012-
жылдын он айында жыйналган 59 млн. сомдон ашыгыраак каражатка республика боюнча 2466,1 км. жайыттардын жолдору, 252 көпүрө оңдолду. 142 каптаждын, булактардын көзү тазаланып, скважиналар тартипке келтирилип, суу чыкпаган жерлерге суу жеткирилди. Бул жетишилген ийгиликтер өткөн жылдагыга салыштырмалуу кыйла көп. Мына ушул иштер көп жылдардан бери колго алынбай келген. Ал эми жер-жерлерде жайыт комитеттери түзүлүп, иштей баштагандан берки алга жылууларды өзүңүздөр көрүп турасыздар. Албетте, бир-эки жылда алдыга максат кылып койгон жумуштардын баарын бүткөрүү оңойго турбайт.
Келерки жылга дагы көптөгөн курулуштарды куруп, оңдоп бүткөрүү иштери пландаштырылган. Ушул иштерден тышкары, дагы бир маанилүү жагдай бар. Чөбү чыкпай калган айрым такыр жайыттарды корукка алып, жакшыртууга өтүү иштерин баштайбыз. Бул иштер бардык аймактарда жүргүзүлөт. Биз жайыт комитеттерине бир аз жерлерди корукка алып, үлгү катары көрсөттүк. Чоң жер аянттарын тор менен тосуу көп чыгымды, адам ресурстарын талап кылары бышык. Ошондуктан, корук жерлерге мал кирбеши үчүн кароолчуларды ишке тартып жатабыз. Тактап айтсак, такыр болуп калган жерлерди коруп, эс алдырып, жайытты которуштуруп пайдаланууну баштадык. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 200 гектар жерди мал киргизбей корукка алышты.
Быйыл аталган аймакка жамгыр көбүрөөк жаагандыктан, мына ошол корукка алган жерде бир айдын ичинде эле чөбү абдан жакшы өсүп, чабыкка жарап калды. Ошол жердин чөбүн коруган кароолчуларга эмгек акы катары чөбүн чаап алууга жайыт комитети уруксат берди. Мал туягына тепселе берип, такырланып калган жерди минералдык жер семирткичсиз, үрөн себүүсүз жана башка кошумча аракеттерсиз эле корукка алуу жолу менен бир жылда калыбына келтирдик. Ушул жыйынтыкты республиканын бардык жайыт комитеттерине жеткирүүнү улантабыз. Ак-Талаа районундагы "Терек" жайыт комитети да муну жакшы колго алды. Элдери бүтүндөй бир капчыгайды жогорудагыдай которуштуруп коруу жолу менен калыбына келтиришти. Жайытты жакшыртуунун мындай ыкмасын таластык жайыт комитеттери да келерки жылы сөзсүз колго алууну максат кылышууда.
Быйылкы жылдын ичинде ийгиликке жетишкен жайыт комитеттеринин иштерин тажрыйба катары көрсөтүү менен ынандырууга өттүк. Андан тышкары, жер-жерлердеги адистерибиз, жайыт комитеттери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана брошюраларды чыгарып таркатуу аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Реформаны ийгиликтүү жүргүзүп жаткан жайыт комитеттерин атап кетейин. Айталы, Кочкор районунун "Чолпон", Нарын районунун "Жерге-Тал", Тоң районунун "Улахол", Сузак районунун "Курманбек", "Багыш", "Ырыс", Базар-Коргон районунун "Акман", Баткен районунун "Ак-Сай", Кара-Кулжа райо­-
нунун "Кара-Кулжа", "Кашка-Жол", Кара-Суу районунун "Мады", "Шарп" ж.б. ушул сыяктуу жайыт комитеттери жакшы иштешүүдө. Ал эми респуб­лика боюнча ар кайсы аймактардан 12 жайыт комитетинин жайытын тактай турган талаштуу жерлер калды.
Октябрь айында Казакстан парламентинин депутаттары, адистери келип, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү жана биз менен жолугушушту. Боордош элдин өкүлдөрү биздеги жайыт реформасын өздөрүндө жайылтуу керек экендигине ынанып кайтышты. Кыргызстандын жайыттар боюнча реформасына Монголиянын да кызыгуусу артууда.
Сүрөттөр автордуку








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
23-ноябрь, 2012-ж.:










??.??