кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
23-ноябрь, 2012-ж.:


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр


Өкмөт башчы элде
Жолдор - жашоонун
күрөө тамыры
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана Сары-Таш-Карамык автожолдорунун оңдоо иштеринин аякталышынын салтанатына катышты.

Ал узундугу 255 чакырымга созулган Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана 136 чакырымга созулган Сары-Таш-Карамык автожолдорунун оңдолушу сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөндүгүн белгиледи. "Оңдолгон жолдордун жалпы узундугу 400 чакырымга чейин жетет. Бул жолдорго инвестиция жумшоонун жалпы суммасы 220 млн. доллардан ашуун каражатты түздү", - деди Өкмөт башчысы.
Премьер-министрдин иш сапарынын жүрүшү тууралуу толук маалыматты гезиттин эмки санында жарыялайбыз.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Каржылоо 3,3 млрд. сомго кыскарат

Премьер-министр Ж.Са­ты­­балдиев "Мир" телеканалына берген маегинде Өкмөт тартыштыктын айынан быйылкы жылдын бюджетин 3,3 млрд. сомго кыскартуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизгендигин жана бул сумма жетиштүү деп айтыш али эрте экендигин билдирген. Белгилүү болгондой, сквестирлөө капиталдык салымдарды, инвестициялык долбоорлорду каржылоону, чиновниктердин иш сапарларын, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн, электр энергия чыгымдарын кыскар­тууну көздөйт.

Төрагалар жолугушту

Жогорку Кеңештин төр­ага­­­сы А.Жээнбеков Санкт-Петербургда КМШнын Пар­­ла­менттер аралык ассамблеясынын жыйыны учурунда Россиянын Мамдумасынын төр­агасы С.На­­рышкин менен жолугушкан жана алар эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин өз ара ишенимде өнүгүп жаткандыгын белгилешкен.

Мыктылар аныкталат

Биринчи вице-премьер-ми­­­нистр Ж.Оторбаевдин билдирүүсүнө караганда, өтүп бараткан жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин ишмердиктери базалык, калктын берген ишеними жана эл аралык бедели сыяктуу көрсөткүчтөр аркылуу аныкталмакчы.

Газга, электр энер­гиясына карыздар көп

Республикада газ менен электр энергиясы үчүн иш­­­каналардын жана элдин карызга батуусу уланууда. "Кыргызгазга" болгон керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы ушу жылдын 1-ноябрына карата 396 млн. сомду түзгөндүгү, ал эми "Чыгыш­электро" мекемесине карыз болгон 23 млн. сомдук 376 иш сотко өткөндүгү маалым болгон.

Алты жыл салык алынбайт

Жогорку Кеңеш кечээ Салык кодексине өзгөртүү киргизип, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан алты жылга чейин бошотууну чечти. Эске сала кетсек, мурда бул жеңилдик үч жылды гана түзчү.

Улуттук банк- Бундесбанк

Кыргызстандын Улуттук банкы менен ФРГнын Бун­десбанкы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Мындай эки тараптуу кызматташуу Кыргызстандын финансы системасын эл аралык стандарттарга жараша өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Кыргыз кино
Киевде

Украинанын кинематографисттер союзу 2013-жылдын биринчи жарымында Киев­де кыргыз киносунун жумалыгын өткөрүү чечимин кабыл алды. Украиндик чыгармачыл чөйрөнүн пикиринде кыргыз киносу кыргыз элинин ички дүй­нө­сүн, санаа-салттарын жана бай маданиятын эл аралык дең­гээлде кеңири чагылдырып келет.
Маалыматтар интернет
булактарынан даярдалды



"Кыргыз Туусу", 2-октябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 5-октябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 9-октябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 16-октябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 23-октябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 18-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 21-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 25-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 28-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 7-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 31-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 28-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 22-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 17-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 14-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 7-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 29-июль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 22-июль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 15-июнь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 8-июнь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 25-май, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 18-май, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 3-апрель, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 30-март, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 8-март, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 21-февраль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 10-февраль, 2012-ж.









??.??