"Кыргыз туусу", 13.11.12 Мээрим - көздө
Элибизде "Мээрим - көздө" деген сөз бар. Бул сөздүн мааниси терең. Жарык дүйнөдө жашайт экенбиз, бири-бирибиздин мээримибизге абдан чаңкайбыз. Жакындарыбыз менен тез-тез көрүшүп, саламдашып турсак ортобуздагы өз ара сый-урмат жана кадыр-баркыбыз жогорулайт эмеспи. Мындай көрүнүш жашообузду бактылуу күндөргө байытат.


Мындан 53 жыл мурда Базар-Коргон районунун борборунда №1 орто мектеп (азыр ал Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак гимназия) болуп, ушул билим мекенинин кыргыз, өзбек, орус класстарын 80 окуучу чогуу бүтүрүп чыкканбыз. Түрдүү улуттардын өкүлдөрү болсок да биз бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымакта өсүп, улгайганбыз. Арадан жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да бири-бирибизди унутпай, мезгил-мезгили менен жолугушуп, сүйлөшүп, чайлашып турабыз. Мектепти бүткөнүбүздүн 40, 50 жылдык юбилейлерин чогуу салтанаттуу түрдө белгилегенбиз. Арабыздан эрте кеткен классташтарыбыздын үйлөрүнө барып, эскерип куран

окудук.
Кыргыз жана өзбек класстарынын бүтүрүүчүлөрү көп жылдардан бери ай сайын кезек менен ар кимибиз үйүбүзгө чакырып, дасторкон үстүндө жолугушуп турабыз. Ал жолугушууларда бири-бирибиздин ал-ахыбалыбыздан, турмушубуздан кабардар болобуз. Керек болсо бири-бирибизге моралдык жана материалдык колдоолорду көрсөтө-
бүз.

Тагдырдын жазганы, Аллахтын буйругу менен ар кимибиз турмуштан өз жолубузду таап, ар кыл кесиптин ээлери болгонбуз. Кээ бирибиз киндик кан тамган жерибизде жашап, иштеп калсак, айрымдарыбыз өлкөбүздүн түрдүү булуң-бурчтарынан мекен таптык. Биз менен чогуу окуган классташ кыздарыбыздын бири Бүсайракан Насирдинбекова тагдырдын буйругу менен Алай районунун Кабыланкөл айылында жашоочу мугалим Сайпидин Закировго турмушка чыгып, алайлык болуп калган. Быйыл ошол классташыбызды таап, катарыбызга кошуп алдык. Жашы жетимиштен ашса да кыргыз ырларын эл артисттериндей мыкты аткарган бул классташыбыздын турмуш жолу кандайча уланып келатканы бизди кызыктырды.
- Мен Базар-Коргондун кызымын, - дейт Бүсайра Насирдинбекова, - Кыз бала - ыргыткан таш, түшкөн жеринен орун алат, дейт эмеспи. Тагдыр экен, жолдошум Сайпидинге баш кошуп, жашап калдык. Өмүрлүк жолдошум
дайым жанымда. Сиздерди - бардык классташтарды жайдын толуп турган мезгилинде Алайдын Кабыланкөлүнө мейманга чакырабыз…
Айтылган күн да көз ачып-жумганча келип калды. Июль айынын ортосунда автобус жалдап алып, Кабыланкөлгө жол алдык. Бул айыл бийик тоолордун койнунда жайгашып, биз жакта чөптөр эчак куурап калган кезде бул жердин чөбү көпкөк болуп, али орок баштала элек экен. Бул өрөөнгө жаз эми келгендей көрүнөт. Тунук суусун ичип, таза абасынан дем алып, дилибиз жазылды.
Сайпидин аке менен Бүсайракандын үй-бүлөсү бизди жылуу жүз менен тосуп алышты. Түрдүү жемиштер менен толтурулган дасторкон айланасында чай ичип отуруп, алгач классташыбыздын өмүрлүк жары Сайпидин аке менен
баарлаштык. Ал киши мугалим болгондуктан суроолорубузга маанилүү жооп берип
жатты.
- Мен ушул Кабыланкөл айылында туулуп, өстүм. Жети жылдыкты ушул айылда бүтүрүп, Алайдын борбору Гүлчөдөгү мектеп-интернаттан орто билимдүү болгон соң, Ош мамлекеттик педагогикалык институнун химия-биология факультетине окууга өттүм. Институтту аяктагандан кийин Алайдын Орун деген айылындагы Тогуз-Булак мектебинде эки жыл мугалим болуп иштедим. Анан өзүбүздүн Кабыланкөлдөгү орто мектепке өтүп, алгач мугалим, кийинчерек тарбиялык завуч, директор болуп көп жыл иштедим. Эсептеп көрсөм, эл агартуу тармагында 40 жыл үзгүлтүксүз эмгектенип-
мин.
- Агартуу тармагындагы көп жылдык эмгегиңиз кандай бааланды? - суроо узаттым.
- Албетте, эмгегибизди мамлекет эстен чыгарган жок, бул үчүн классташыңар экөөбүз өкмөткө абдан ыраазыбыз. Экөөбүзгө тең "Эл агартуунун отличниги", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наамдарды беришти. Мындан сырткары көптөгөн баа­луу сыйлыктар менен Ардак грамоталарды
ал­дык.
- Сайпидин аке, сиз алайлык боло туруп, базар-коргондук кыз менен кантип таанышып калгансыз?
- Муну бир жагы сүйүү дейт, бир жагы тагдыр-насип. Бүсайранын агасы Карим мени менен бир курста окуган. Экөөбүз дос болчубуз. Мен Базар-Коргонго көп барчумун, ал Алайга көп келчү. Анын карындашы Бүсайра менден бир жыл кийин институттун химия-биология факультетине окууга өттү. Бүсайранын үнү абдан таза, уккулуктуу эле. Эгер Фрунзеде окуп калганда, азыр атактуу артист болуп калмак. Жүзү айдай тунук, өзү назик, ырдаганы жүрөккө жагымдуу бул кыз мага абдан жагып, окууну бүткөнчө артынан калбадым. Экөөбүздүн жылдызыбыз кошулуп калган экен, окууну бүтөр алдында тоюбуз болду. Экөөбүз тең мугалим болуп, бир мектепте иштедик. Баш кошконубузга мына, 49 жыл болду. Алты уул, төрт кыздуу болдук. Акылбек аттуу уулум мугалим болуп иштеп жүрүп, 45 жашында автокырсыктан каза болду. Азыр тогуз перзентибиз, 34 неберебиз, 9 чеберебиз бар, - деп сөзүн аяктады Сайпидин
аке.
Сөз кезегин классташыбыз Бүсайра­канга узатканыбызда ал дилиндегисин тилине чыгарды:
- Мени мактанып жатат деп ой­лобоңуздар, - деп сөз баштады, - Кичинекей бала чагымда ырдаганды жактырчумун. Мектепте окуп жүргөн кезимде шыңгыраган жагымдуу үнүм менен түрдүү конкурстарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп, көптөгөн сыйлыктарды алгамын. Азыркы Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова ошол өткөн кылымдын 50-60-жылдары мени мектепти бүткөн соң, артисттикке окушум керектигин айткан эле. Фрунзедеги консерваторияга барайын десем, үйдөгүлөр көнбөй, мугалимдикке окуума уруксат беришкен. Институтту бүткөндөн
кийин 30 жыл ушул айылда мугалим болуп иштедим. Ошону менен бир катарда 10 перзентти жолдошум менен биргеликте тарбиялап, эл катарына коштум. Эмгегим бааланып, бая жолдошум айткандай, мага да мамлекет тарабынан ардактуу
наамдар, сыйлыктар берилди. Мен тагдырыма абдан ыраазымын. Быйылкы жыл "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымактык жана кечиримдүүлүк жылы" деп жарыяланган. Мектепти чогуу бүткөн кыргыз, өзбек классташтардын ай сайын жолугушуп, достукта, ынтымакта болушу - бул эки улуттун достугунун болоттой бекемдигинен кабар берет.

Сайпидин аке менен Бүсайракандын үйүндө эки күн конок болуп, жайлоонун жашыл төрлөрүн кыдырдык, ыр кесе уюштуруп, ырдадык. Жаш козунун этин жеп, бал кымыздан тоё ичтик. Жарым кылымдан бери бирге өмүр сүрүп жаткан бул жубайларга атап алып келген белектерибизди бердик.
Баатыр эне Бүсайракан менен эл мугалими Сайпидин акенин үй-бүлөсүнө, небере-чеберелерине тынчтык-амандык, бакыт тилеп бата кылдык. Алар болсо ар ай сайын классташтар менен дидарлашып турууга убадаларын беришти.
Мойдинжан АБДУМАЖИДОВ,
журналист.
Сүрөттөр автордуку