"Кыргыз туусу", 13.11.12 "Жылдын акими" сынагына
Жанбоев Түгөлбай Кадыкеевич 1957-жылы ушул эле райондун Чет-Нура айылында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин 1978-жылы, андан тышкары Новосибирск шаарындагы жогорку партиялык мектепти 1991-жылы аяктаган. Алгачкы эмгек
жолун борбор калаабызда социалдык камсыздоо министрли-гинде текшерүүчү болуп иштөө менен баштап, 1980-жыл-
дан бери Нарын районунун "Куланак", "Эмгекчил" кохоздо-рунда башкы экономист, Тянь-Шань райкомпартиясында нускоо-чу, "Коммунизм" колхозунда партиялык катчы,
"Ийри-Суу" колхозунда башкарма, Чет-Нура айыл өк-
мөтүнүн башчысы, райондук финансы бөлүмүнүн башчы-
сы, Нарын райондук мамлекеттик администрация-сынын башчысынын биринчи орун басары кызматта-рында иштеген. 2012-жылдын март айынан баш-
тап Нарын райондук мамлекеттик администрация-сынын башчысы-акимдик кызматты аркалап келет. Үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы.


Электр станцияларынын курулушу көйгөйлөрдү четтетет
Районго мүнөздөмө

Нарын районунун өткөн тарыхына бир аз токтоло кетсек, район 1930-жылы негизделген, Совет доорунда Тянь-Шань району деген аталыш менен аталып келген, ага Куланак району кошулуп, Нарын шаары менен бирдикте Нарын району болуп, Нарын шаары облустук маанидеги шаар болуп, өз алдынча шаар башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн.
Район Нарын дарыясын жээктеп орун алган. 15 айыл аймагында, 38 айыл бар.
Районубузда 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 27 фельдшердик -акушердик пункт, 11 маданият үйү, 16 айылдык клуб, 1 тарыхый - этнографиялык музей, 32 китепкана, жалпы 35 мектеп, анын ичинен 2 башталгыч, 1 толук эмес орто мектеп, 32 орто мектеп, 32 бала бакча элге кызмат кылып келет. Жалпы бала бакчанын 27си бюджеттин каржылоосуна өтүп, 5 бала бакча коомдук башталышта иштеп, жалпысынан аларда 1020 бала тарбияланат.
Табияттын кооздугун сактаган, сейрек кездешүүчү илбирс, марал жана башка тоо жаныбарларын коргоп турган Нарын жана Каратал-Жапырык мамлекеттик коруктары, Салкын-Төр улуттук жаратылыш паркы сырткы жана ички туристтерге эшигин кеңири ачып турат.
Аймакта 2 өнөр жай ишканасы: Ат-Башы суу электр станциясы жана Солтон-Сары кен казуу ишканасы туруктуу иш жүргүзөт, район айыл жана мал чарбасына багытталган, бирок тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө, суу ресурс­тарын пайдаланууга табият өзү кеңири мүмкүнчүлүк берген.

Инвестициялык
форумдар натыйжалуу

Мага райондун ар бир
көйгөйү, өнүгүү мүмкүнчү­лүктөрү жана ишке кедерги болуучу тоскоолдуктары буга чейин эле тааныш. Аким болуп шайланаарда сырткы фактор катары инвестиция тартууну, ички фактор катары айыл жана мал чарба азыктарынын асылдуулугун көтөрүүнү, башкарууга коомдук уюмдардын активдүү катышуусун жана элдин демилгесин колдоону максат кылган элем. Учурда бул максаттардын көпчүлүгү ишке ашырылууда. Айыл өкмөт башчыларына айыл аймагында инвест - форумдарды өткөрүү сунушталып, райондон ошол айыл аймагынан чыккан
атуулдарды туулган айылына, окуп билим алган мектебине камкордук кылууга үндөө максатында ар бир айыл өкмөтүндө инвест-форумдар өткөрүлүп, натыйжада районго 9 ай ичинде 29,9 млн. сомдук инвестиция тартылды. Атап айтсак Эмгекчил айылына, ошол аймакта тоо-кен тармагында ишмердүүлүк кылган "Кыргызалтын" ачык акцио­нердик коомунун каржылоосунан 4,8 млн. сомдук 250 орундуу айыл­дык клубдун курулушу бүткөрүү алдында турабыз. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 мектеп, бир клуб, бир жыйындар-залы капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Алыш айылына капиталдык салымдын эсебинен мектептин, Жан-Булак, Таш-Башат айылдарына маданий-спорт комплекстеринин курулушу башталганы турат. Учурда долборлоо-сметалык документтери даярдалууда.
Киреше алып келүүчү ишкер­дүүлүктү колдоо дагы көңүлдүн борборунда болууда. Кум блокторун чыгаруучу 2 кичи цех ишке киргизилип, сүт азыктарын иштетүүчү 4, кондитер азыктарын чыгаруучу 2 цех, жүн тытуучу 3 цех, кийим тигүүчү 1 цех, Ага Хандын "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү" долбоорунун колдоосу менен 4 жашылча өстүрүүчү жайлар,1 айылдык техсервис,3 кооператив ачылды.
Көркөм кол өнөрчүлүктү өнүк­түрүүдө жана жайылтууда улуттук кийимди, улуттук буюмдарды эл аралык фестивалдарга алып чыккан Достук айыл аймагындагы Карыбекова Жамбы жетектеген "Урмат-Уз" кооперативи Эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп, райондун атын чыгарып келүүдө.
Япония мамлекетинин JICA эл аралык кызматташуу уюму менен тыгыз байланышта иштөө менен Алыш айылында жиптен кездеме токуучу, андан сумка, чөнтөк телефон кап, баштыкчаларды жана ар кандай элге керектүү буюмдарды тигүүчү цех ачылып, аялдарды иш менен камсыз кылууда. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна Япон элчилигинен 1 млн. 949 миң сомдук УЗИ аппараты райондун элине тартуулан-
ды.

Алдыңкылар -
бизде

Жаштарды спортко тартуу максатында Оттук жана Алыш айылдарына заманбап
кичи футбол аянтчалары курулууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбековдун жеке демилгеси аркылуу 2 жылдан бери "Элетти көтөрүү - элдин колунда" деген чакырык менен уюштурулуп жаткан "Мыкты айыл өкмөтү" кароо-сынагында 2 жыл катары менен биздин райондун Миң-Булак айыл
өкмөтү "Мыкты айыл өкмөтү - 2011", Дөбөлү айыл өкмөтү "Мыкты айыл өкмөтү - 2012" номинация­сын жеңип, жеңил автомашинаны, республика боюнча "Мыкты айыл мектеби" номинациясын 75 миң сом акчалай сыйлыгы менен Учкун айылындагы Э.Токсобаев атындагы орто мектеби утуп алды.
Бул кароо-сынактын арты менен жеке демөөрчүлөрдүн колдоосунда, социалдык-маданий объектилер оңдолуп, мектептерде усулдук кабинеттер ачылып, айылдар ирээтке келип, көчө жарыктары, тосмолор орнотулуп, ички көчөлөргө шагыл төгүлүп, айрым айылдарда суу түтүктөрү кеңейтилип, үйлөргө суу киргизүү жумуштары аткарылууда.
Мал чарбасынын асылдуулугун көтөрүү максатында Эл аралык ЮСАИД уюму менен кызматташуу­нун аркасында малды жасалма жол менен уруктандыруу пункттары Миң-Булак, Он-Арча, Эмгекчил, Дөбөлү жана Учкун айыл аймактарында ачылды. Миң-Булак, Эмгекчил айыл аймактарында уйдун "Сементал" жана "Лимузин" тукумун жайылтуу колго алынууда. 2013-жылы дагы бул кызматташтыкты улантып, башка айыл аймактарына жайылтабыз.
Союз мезгилинен кийин жок болуп кеткен тоок фермаларын кайрадан түзүп, Нарын шаарынын калкын таза жумуртка менен камсыз кылуу колго алынууда.
Талаачылыкты өнүктүрүүдө не­гизги көңүл сугат түйүндөрүн оңдоо менен үрөндүн сапатын жакшыртууга бурулууда.
Кажырты магистралдык каналы, Кажырты ички сугат каналы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен оңдолууда. Алыш каналы түрткү берүүчү гранттын эсебинен ичи тазаланып, оңдолууда. Насос­тук станцияларды жаңыртуу аракеттери көрүлүүдө.
Үрөн чарбаларындагы үрөндөр­дүн сортун жаңыртууга 2012-жылы мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан "Элита" репродукциясындагы, 1-репродукциядагы арпанын үрөндөрү жана "Элита" репродукциясындагы буудайдын үрөндөрү үрөн чарбаларына бөлүштүрүлүп берилип, Миң-Булак айыл аймагында "Маша апа" муниципалдык үрөн чарбасы түзүлдү.

Киреше берүүчү
тармактар бар

Районубузга киреше алып келүүчү, элди иш менен камсыз кылуучу тармак тоо-кен тармагы жана суу ресурстары болуп эсептелет. Райондо алтын, вольфрам кени жайгашкан Кум-Бел, алтын кени жайгашкан Солтон-Сары, Бучук кендери, гипстин зор көлөмдөгү запасы бар.
Тоо-кен тармагын иштетүүдө дагы жергиликтүү тургундар менен инвесторлордун карама-каршылыктары орун алып келүүдө. Себеби жергиликтүү бюджетке инвесторлор тарабынан салык төлөмдөрүнөн башка каржылоолор болбой келген.
2012-жылдын сентябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү" №89 мыйзамына толуктоо киргизилип, пайдалуу кендерди иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъектилер пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн пайданын 2 пайызын жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн чегерүү жүргүзөт. Бул чегерүү дотацияда турган район үчүн эң эле максаттуу төлөм болуп эсептелет жана жергиликтүү коомчулуктун каршылыгын басаңдатат деген ойдо турабыз.
Районубуздун экономикалык өсүшүн камсыз кылуучу жагдай Россиялык "Руссгидро" компаниясынын долбоору менен Нарын каскадына кубаттуулугу 191 мегоВатты түзгөн 4 кичи суу электр станциясынын курулушун ишке ашыруу болууда. Чукулда эле Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин катышуусу менен плотина курулуучу жерге капсула коюлуп, курулушу келерки жылдын март айында башталаары күтүлүүдө. Бул курулуш Нарын районунан 2000 жумушчу ордун түзүп берет.

Суу көйгөйү түйшөлтөт

Жетишкендиктер менен катар көйгөйлүү маселелер дагы көп. Райондун 9 айылында ичүүчү суу түтүк тармагы жок. Ал эми 9 айылдыкы кеңейтип, оңдоого муктаж.
Жалгыз-Терек, Миң-Булак айыл-дарындагы орто мектептердин имараттары 1930-жылдары курулгандыктан, учурда авариялык абалда. Райондо мектепке
чейинки балдарды тарбиялоого бала бакчалар жетишсиз, бала бакчага барып тарбия алган балдар жалпы мектепке чейинки балдардын 19,8 пайызын гана түзөт.
Жайыт мыйзамынын айыл жеринде толук кандуу иштөөсүнө негиздердин жоктугунан, жайыттарыбызды натыйжалуу пайдалана албай жатабыз. Ички жолдорубуз начар. Жаңы конуштарга электр чубалгыларын кеңейтип тартуу муктаждыгы дагы бар, айыл өкмөттөрүнүн карамагында турган трансформатордук подстанияларга инвентаризация жүргүзүп, алар кесипкөй адистердин тейлөөсүн талап кылгандыктан, электр тармактар ишканасынын карамагында өткөрүп берүү талабы турат. Көпчүлүк айылдардын башкы пландарынын пайдалануу мөөнөтү бүтүп, жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигинен аны даярдатууга каражат жок.
Бул көйгөйлөрдү жана аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн камтыган Нарын районунун 2012-2015-жылдар ичиндеги өнү­гүү программасы кайрадан иштелип толукталып, райондук Кеңештин талкуусуна коюлуу алдында турат.

Түгөлбай Жанбоев,
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким