Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1113_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1113_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1113_5.htm on line 2


п»ї

Эмне үчүн
Оштон - Бишкекке?
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Борбордук аппараты жана Башкы штабы Ош шаарынан Бишкекке көчүрүлмөкчү.
Бул боюнча Президент тиешелүү жарлыкка кол койду.

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдиргендей, бул чечим бир катар маанилүү факторлор менен шартталган.
Мисалы, чек ара кызматынын башкаруу органдарынын өлкөнүн жогорку аскердик-саясий жетекчилигинен алысташы мамлекеттик чек араны коргоо боюнча коюлган милдеттерди сапаттуу аткарууга мүмкүндүк бербеген. Экинчиден, аткаруу бийлигинин борбордук органдары менен өз ара аракеттенүү начар жүргүзүлгөн.
Үчүнчүдөн, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара ра­йондорун өнүктүрүү боюнча кызматташып, инфратүзүмдү жакшыртуу, материалдык-тех­ни­ка­­лык, ведомство үчүн кадрларды даярдоо боюнча колдоо көр­­­­­­­­­сө­­­­түп жатышкан негизги эл аралык уюмдар - Эл аралык миграция уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, БУУнун Өнүк­­түрүү программасы, МОМдун чек арадагы кызматташуу программасы (БОМКА/КАДАП) жана башкалар менен кызматташуу деңгээли төмөндөп кеткен.
Өз убагында чек ара кызматын Ошко кайра дислокациялоо чек арачы офицерлерди турак-жай менен камсыздоодо проблемаларды жаратып, Бишкектеги ар кандай деңгээлдеги кеңешмелерге келүүдө иш сапарынын чыгымдарын да көбөйткөн.
Мисалы, чек ара аскер кызматкерлерине турак-жайды ижарага алуу үчүн 1 миллион 366 миң сомдук кредитордук карыз жаралып, иш сапары чыгымдары 2 миллион 366 миң сомду түзгөн.
Эми мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттердин планына ылайык, кызматтын өзүндө түзүмдүк өзгөрүүлөр да каралган. Чек ара бөлүмдөрүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча маселелерди ыкчамдыкта чечүү үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облус­тары, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча регионалдык чек ара башкармалыктары түзүлмөкчү.
Т.ИСХАКОВ




Гарвард, Оксфордсуз соода
тилин билген кыргыз...
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
Кыргызстан экспортко саналуу эле товарларын, продукцияларын чыгарып келет. Анткени "камалуубуз". Деңиз жээгинде турбайбыз, чет өлкөлөр менен кан тамыр сыяктуу байланыштырып турган ири темир жолдорубуз да жок. Ушул "кулпулуу" жагдай башка мамлекеттер менен соода-сатык алаканы буркан-шаркан өнүктүрүүгө тоскоол болуп турганы жашыруун эмес. Өзгөчө өз алдынча мамлекет болгону экспортту жолго коюунун зарылдыгы катуу сезилип жатат. Экспорт өнүксө, өлкөбүз да бакубат болуп, элдин турмушу жакшырат эле. Өндүрүүчүлөрүбүз болсо ушул күндүн келишин күтүшүүдө. Кабыргасынан турган бул маселе Өкмөттү тынчытпай, быйыл экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп, экономика министрлиги мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзгөн эле.

Жай айында Бишкекте өткөн экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча биринчи консультация маалында экспорт­ко чыгарууга кудурети жогору тармактарыбыз да аныкталды. Маселен, биздин өлкө туризм, жашылча, жер-жемиш, текстиль-тигүү, сууну бөтөлкөгө куюп экспорттоо, эт, сүт жана сүт азыктары жаатында ойдогудай экспорт жасай алат экен. Ошондой эле сооданы каржылоо, сооданы жөнөкөйлөтүү, сапаттын менеджменти, соода маалыматы жана алдыга жылдыруу артыкчылык берилген стратегиялык милдеттерге кирет.
Белгилеп кетчү нерсе биринчи консультация Эл аралык соода борборунун жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомдун түздөн-түз техникалык колдоосу менен өткөн. Алсак, Эл аралык соода борбору он жылдан бери дүйнөнүн 45 өлкөсүндө техникалык жана документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүп келет, андыктан бул жаатта чоң тажрыйбага ээ.
Биринчи консультациядан соң Бишкекте сентябрь айында экспортту өнүктүрүү маселесине арналган үч күнгө созулган форумда биринчи вице-премьер-министр (ал учурда вице-премьер-министр) Жоомарт Оторбаев биздин өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жогунан импорт-экспорт боюнча кызматтын өзүнө турган наркы деңизге чыга алган өлкөлөргө караганда алда канча жогору туруп каларын баса белгиледи. Бул абалдан чыгуунун жалгыз жолу - мындан да катуу иштеп, жолдорун таап, тышкы соода чөйрөсүн активдештирүү зарыл.
"Эгемендүү өлкө болгон 20 жылдан бери биз Борбордук Азиянын соода борборуна айланганыбыз чындык. Географиялык өтө ыңгайсыз шартка карабай, биздин өлкө аркылуу Кытайдан көбүнчө соода агымы Борбордук Азияга жана Россия Федерациясына өтүп жатканы ажайып факт. Дүйнөлүк банк жакында терең изилдөө жүргүзгөн. Ал "Борбордук Азияда базарлардын уникалдуулугу" деп аталат, биз андан бизге жагымдуу болгон күтүүсүз сандарды көрдүк, -дейт Ж.Оторбаев. - Бүткүл дүйнөлүк банк биздин базарлар аркылуу соодага баалоо жүргүзгөн. Анда болгону 3 сан айтылат. Биринчи сан - жыл сайын "Дордой" базары аркылуу өткөн кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар, бул - айлык акы, ижара, кампалар, логистика, акча алмаштыруу... Дүйнөлүк банк­тын маалыматы боюнча 1 млрд. долларды түзөт. Бул ички дүң жыйымдын 20 пайызы. Бул 1 гана базарга таандык болгон өтө чоң сан. Экинчи сан - Кыргызстанда тигилген ки­йимдерди, буюмдарды Россия­­га жана Казакстанга түз экспорттоо 1 млрд. 65 млн.долларды түзөт. Мындан 5-6 жыл мурун бизде реэкспорт гана болгон. Бул дагы ички дүң жыйымдын 20 пайызынан көп. Бизнес­тин мындай чөйрөсү бизде мурда эч качан болгон эмес. 5-6 жылдын ичинде ушундай санга өсүп жетти. Үчүнчү сан - "Дордой", "Мадина", "Кара-Суу" ж.б. базарларда товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү жылына 8-10 млрд. долларды түзөт. Бул ички дүң жыйымдан 2 эсе көп.
...Гарвард, Кембридж, Оксфорд университеттеринде соода сырларын окутат. Биздин жарандар Кембриджсиз, Оксфордсуз жана Гарвардсыз эле соода жасаганды үйрөнүштү, соода бизнесин, товарларды сатуу рыногун коңшу өлкөлөрдүн жарандарынан мыкты билишет. Сатып өткөрүү рыногун билүү боюнча топтогон дараметибиз биз менен дайыма калат. Бул өлчөөсүз зор дарамет".
Экономика министри Темир Сариевдин айтуусунда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен соода өнөктөштүктө Россия биринчи орунда, андан кийин Казакстан турат. КМШ өлкөлөрүнө Кыргызстан негизинен айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын, тигилген кийимдерди, электр лампочкаларын, радиаторлорду экспорттойт. Алыс­кы өлкөлөргө болсо алтын, пахта, жүн, тери жана органикалык химикаттар экспорттолот.
"Экспортту өнүктүрүүгө ички да, ошондой эле тышкы да факторлор таасир тийгизет. Кыргызстанда экспортту өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктар жагымсыз ишкер чөйрө, бажыны кошо алганда административдик тоскоолдуктар, техникалык жөнгө салуу системасын реформалоонун жай ыргагы, логистика секторунун жетишсиздиги жана инфратүзүмдүн начар абалы, экспортту колдоо институттарынын бошоңдугу болуп саналат", - дейт Т.Сариев.
Экспортту өнүктүрүү стратегиясы эмне үчүн керек? Маданият жана туризм министрлигине караштуу туризм департаментинин уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы Сергей Магайдын ою боюнча сабаттуу экспорттук стратегияны иштеп чыгуу биринчи кезекте жеке бизнестин өкүлдөрүнө чийки зат түрүндө гана продукцияларды эмес, кайра иштетилген продукцияларды да жөнөткөнгө чоң мүмкүнчүлүк барын түшүндүрөт. Бул стратегия өндүрүүчүлөргө алдыдагы беш жылга багыт алганга өбөлгө болот. Себеби, продукцияны чыгаруу жөнүндө миң айтылган менен анын ишке ашырыш үчүн методология керек. А бул методология адистердин айтуусунда жеңил, жөнөкөй, абдан ыңгайлуу. "Форумда иштөөгө ушундай шарт түзүп берген АIТСинин адистерине чоң ыракмат. Абдан так түшүндүрүп беришти. Азыр мамлекеттик - жеке менчиктин өнөктөштүгү жүрүп жатат. Бул ишибиздин натыйжасы бардык секторлордун ишине оң таасир тийгизет деп ойлойм", - дейт ал.
Экономика министрлигинин өкүлү Римма Киселеванын пикиринде алкактык документ азыркы экономикалык кырдаалга жана өлкөнүн соодасынын өнүгүшүнө алдын ала баа берет, кыргыз товарларынын жана кызмат көрсөтүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү артыкчылыгын таап чыгып, аныктайт. Мындайча айтканда экспорттук атаандаштыкты жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн экспорттоо мезгилинде ишканалар туш болгон орчундуу маселелерди, ошондой эле бул маселелерди жоюунун стратегиялык процесстерин аныктайт.
Дегинкиси өлкөбүздө экспортту өнүк­түрүү үчүн чындап аракет башталды. Мисалы, экономика министрлиги тышкы рынокто ата мекендик товарлардын экспортун алдыга жылдыруу максатында "Бирдиктүү терезе" мамлекеттик ишканасынын аткарчу кызматын кеңейтүүдө. Мында ишкер форманы электрондук вариантта бир эле дарекке жөнөтүп, кыска убакыттын ичинде уруксат берген кагазды барбай туруп алгандай шарт түзүлмөкчү. Ошентип алдыда республикабыздын бардык жарандары үчүн экспортко багытталган социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу милдети турат. Ал эми экспортту өнүктүрүү стратегиясы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жеткирүү үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү андан ары кеңейтүүгө өбөлгө болот. Жакшы ыңгай түзүлө элек шартта да өлкөбүздө бизнес кар алдынан чыккан байчечекейдей мойнун созуп өнүгүп жаткандан кийин экспортту өнүктүрүүнү жолго коюу менен өлкөнүн өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүүгө болоруна ишеним чоң.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
13-ноябрь, 2012-ж.:










??.??