"Кыргыз туусу", 13.11.12 Улут-келечек
Жүрөк сыздайт. Жүрөк ооруйт.
Эмнеге?
Жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй өсүп баратат. Адистер бул кырдаалды "катастрофалык" деп баалашууда. Жылына жалпы каза болгондордун теңи жүрөк оорусунан мерт болгону ушинтип айтууга негиз болууда. Же сан тили менен айтканда каза болгондордун 48 пайыздан ашыгын түзөт, жыл сайын 18 миңден ашуун, күн сайын 50 адамдын өмүрүн жүрөк оору алып тынууда. Эмнеге адамдар жүрөк оорулуу болуп баратышат? Эмне үчүн жүрөк кесели көбөйдү?

Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
Майып гана кылбай,
алып тынууда
М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунун директору, профессор Айнагүл Жумагулованын айтканына таянсак, жүрөк-кан тамыр ооруларынан артериалдык гипертензия, жүрөктүн коронардык оорусу жана цереброваскулярдык оорулар өлүмгө көп (90%) алып келүүдө.

Бул оорулар мындан сырткары адамдарды эртелеп эле эмгекке жараксыз кылып, майыптыкка жеткирип жатат. Мурда улгайыңкы адамдар ооруса, союз кыйраган 1991-жылдан тарта жүрөк оорудан жаш адамдардын каза табуусу көбөйдү. 1991-2006-жылдарда жүрөк оорудан каза тапкандардын көрсөткүчү (1991-жыл жана 2010-жылдагы салыштырмалуу маалымат) 30-39 жаштагылардын ичинен 25 пайызга, ал эми 40-59 жаштагылардын арасында 16 пайызга өскөнү көрүнгөн. Ошентип нечендеген жаш адамдар жакындарын кайгыга салып, өмүр менен кош айтышууда. Ошол эле кезде өлкөбүз да күн сайын эмгекке жарактуу алдуу-күчтүү адамдарынан ажырап калып жатат.
Адистер жүрөк оорусунун себептери катары кан басымдын жогору болушун, тамеки тартууну, туура эмес тамактанууну, аз кыймылдоону айтышат. "Оорунун алдын алса, инфарктка алып барбайт. Өзгөчө жаштарды кичинесинен тарта ден соолугуна кам көрө билгендей тарбиялашыбыз керек. Азыр деле совет мезгилиндегидей биздин ден соолукка мамлекет кам көрөт деген көз караш кала элек," - дейт профессор А.Жумагулова.

Инсульт оорусу боюнча
алдыга чыктык
Акыркы жылдарда өз ден соолугуна кам көрүү жаатында элдин аң-сезиминде бир аз өзгөрүү болгон менен эмне үчүн салмагы ашыктар, эмне үчүн чылым чеккендер инфаркт, инсульт болорун, эмне үчүн аз кыймылдаган, ачуулуу, стресс менен жүргөн кишилер жүрөк оорусуна бат чалдыгарын бардык эле кишилер биле бербешин белгилешет дарыгерлер.

Автоунаа ээлери техниканы деле жылына бир жолу техкароодон өткөрүп турушат. Адамдар деле өз ден соолугуна сүйүү, кам көрүү менен мамиле кылып, жок дегенде жылына бир жолу догдурга көрүнүп, бир сыйра текшерилип койсо, оорулардын алдын алышмак. Көп учурда артериалдык кан басымдын жогорулашы адамга билинбегендиктен, гипертония оорусу акырындык менен ден соолукка залалын тийгизе берип, жүрөк, кан тамырлар, бөйрөк, мээ жана көздү дарт чалат. Адам аны оору өтүшүп кеткенде гана байкайт. Калкыбыздын көбү кан басымынын деңгээлин билишпейт. Билген күндө деле дог­дурга барганга моюндары жар бербейт. Мына ушундан улам биздин өлкө гипертониянын кабылдоосу болгон мээнин инсульт оорусу боюнча биринчи орунда турат! Эгерде ар бир адам дайыма өзүнүн кан басымын өлчөп турса, оорунун жаңы башталганын аныктап, убагында дарылоо оңой болмок. Канча адамдар бул билинбей отуруп, акырындык менен ден соолукка өлчөөсүз зыян келтирген кеселден алыс болушмак дешет кардиолог-
дор.

Көр оокаттын айынан көптөр көрүнө албай калышты
"Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча алдыда болуп жатабыз. Ошонун ичинде кан басымдын көбөйүшүнөн мээге кан куюулуп кетүү өлүмдүн негизги себеби болуп жатат.

Жекече турмуш эрежесин сактабай, сергек өмүр сүрбөй, врачтарга убагында кайрылбай, куурулган, майлуу тамактарды көп жеп, буга кошул-ташыл оор турмуштун кесепетинен стресс арбын болгону кан басымдын жогорулашына таасир берүүдө, - дейт КРнын эмгек сиңирген врачы, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун директору Жуман Акималиев. - Өлүмдүн көбөйүшү дагы эле бүгүнкү күндөгү турмушка байланыштуу. Көпчүлүк кишилер турмуштун айынан дарыгерлерге кайрылып, убагында дарыланганга мүмкүнчүлүктөрү жетпей жатат. Көр оокаттын азабынан кан басымы көбөйүп кетсе көңүл бура албай, дарыдан ичип, бир-эки күндө жакшы болуп калса, кайра эле күнүмдүк жашоо менен алпурушуп кетүүдө. Илгери мен терапевт болуп иштеген кезде гипертонияга чалдыккандарды ооруканага жаткырып дарылап, кайра кармаса кайрылыңыз дечүбүз. Азыр кан басымы көтөрүлгөн адамдар туруктуу түрдө ылдый түшүрүп тура турган дарыларды ичиши керек. Эгер гипертоник болуп, биринчи стадиядан өтүп, экинчи стадиясына жетсе, ал адам өмүр бою дары ичүүгө тийиш. Аны врачтар аныктап берет. Бул турмушка байланыштуубу, туруктуу дары ичүү зарыл болуп калды.
Кан басымдын көбөйүшүнүн да ар кандай себеби болот. Бөйрөк гипертониясы деген бар. Аны врачтар гана айта алат. Ошого жараша режим кармап, дарыларды ар дайым ичип жүрүшү зарыл. Ошондой мүмкүнчүлүк да көп кишиде жок. Кээ бир кишилер дары кымбаттыгынан сатып ала алышпаса, кээ бир кишилер ага маани бербей коюшат. Бул өтө жаман. Өзү бекиген үй-бүлөлүк борборлоруна барып, врачтын байкоосунда айына бир-эки жолу кеңеш алып, көрүнүп турушу керек. Азыр биздин негизги маселебиз аракты ченеп ичүүгө, эгерде жүрөк-кан тамыр оорулуу болсо, куурулган, майлуу тамактардан качуу, кыскасы сергек жашоо менен өмүр сүрүүгө үндөө. Эң негизгиси кыймыл. Врачтар менен кеңешип, ылдам кыймылда десе ылдам кыймылдап, күнүнө жок дегенде 40 мүнөт басыш керек. Көп кабаттуу үйдө жашагандар жөө түшүп, кайра жай басып чыкса, бул да кыймыл. Басканда активдүү, колдорун кыймылдатып басыш керек. Мен эртең менен бир саат, кечинде бир саат басам. Убагында тамактануу да мааниге ээ. Кечинде жеңил тамак ичсе абдан жакшы. Жашылча, жемиш жеш керек. Тилекке каршы той-топурда саат 12де да тамак ичип жатпайбызбы".

Убайым жүрөк оорутат
Калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүп жатышын дарыгерчиликтен алыс адамдар башкадан көрүшөт.

Борборубузда жашылча сатып оокат кылган Айтбүбү Жусупова (мындан беш жыл мурун Нарын шаарынан көчүп келген) Нарын облусунда жапжаш эле жигиттер менен келиндер кийинки кезде оорукчал, айрыкча жүрөк оорулуу болуп жатышканын айтат. "Облустун бийик тоолуулугу, алты ай кыш болгону таасир берип жатабы деп ойлойм. Ага кошулуп турмуш да татаал. Убайым менен жашоо жүрөк оорутат турбайбы", - дейт ал.

Жүрөк ооруга тамак-аш да
таасир берет
"Совет мезгилинде завод, фабрикаларда бир маал дене кыймылын жасаткан көнүгүүлөрдү аткартуу бекем салты бар болчу. Кундүн бир күнү "балык күнү" деп ашканаларда жалаң балыктан жасалган тамак-аш берилчү.

Андан тышкары жалпыга маа-­
лымдоо каражаттарында сергек жашоо деген ураан менен үгүттөө иштери жүрчү. Азыр мунун бири жок", - дейт жеке ишкер Дилбар Качкынбаева. Ал гамбургер, хот-дог, шаурма, пирожки сыяктуу колдо жасалган тамактар жаштардын ден соолугун, анын ичинде жүрөгүн бузуп жатат деген пикирде. "Мен иштеген чакан ишканада жаштар арбын. Алар гамбургер сатып келишип, чай ичип алышат. Мунун ден соолукка зыянын байкайм. Күндө эле ушундай тамак иче берсе, ашказаны да бузулат, толуп да кетишет экен", - дейт Д.Качкын-
баева.

Эл аралык стандарттарга
туура келет, бирок...
Балким жүрөк ооруларын дарылоонун сапаты түшүп кеткенден өлүм көбөйүп жатпасын? Ооруканалар ассоциациясынын сапат боюнча адиси, талдоочу (эксперт) Динара Мадыбаеванын пикиринде кескин кармаган миокарддын инфарктын дарылоо ыкмасы бизде эл аралык стандарттарга туура келет.

Бирок, бул стандарттар күндөлүк практикада кеңири колдонууга ээ боло элек. Ушуга байланыштуу дарылоону жүргүзүүдө бир топ аймактык айырмачылыктар бар. "Медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этабында дарылоо-дартты аныктоону уюштуруу өлүмдү кыскартууда башкы ролду ойнойт", - дейт Динара Мадыбаева. Ал эми ЮСАИДдин "Сапаттуу саламаттыкты сактоо" долбоорунун менеджери Сара Фейнштейндин ою боюнча Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын чыңалуусун төмөндөтүүнүн чыныгы жолу - ооруну алдын алуу жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.

"Инсульт, токто!
Инфаркт, токто!"
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын
күчөп кетишинен улам үстүбүздөгү жылды саламаттык сактоо министрлиги "Ар бир кыргызстандыкка - соо жүрөк! Инсульт, токто! Инфаркт, токто!" деген ураан менен "Соо жүрөк" жылы деп жарыялаган.

Жыл да аяктап баратат, жылыш барбы деген сурообузга Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун уюштуруу маселелери боюнча орун басары Ырыскүл Бекбаева минтип жооп кайтарды: "Расмий статистика боюнча турукташуу байкалууда, өйдө да өсүп кеткен жок, ылдый да түшүп кеткен жок. Бир калыпта кармалып турат. Өзүбүздүн болжолдоодо үч-төрт жыл ушундай кармалып, анан оң жакка жылыш болушу мүмкүн деп жатабыз. Анткени, буга чейин өсүү болуп жаткан, азыр турукташып калды. Чет мамлекеттерде дагы ушундай тенденция болгон, дароо эле жакшырып кеткен эмес. Беш-алты жылдан кийин оң динамика болгон". Адистерибиздин айтканы туура келип, жүрөк оорудан каза табуу азайса экен. Ошентсе да ар ким өзүнүн "мотору" болгон жүрөгүн оорутпаш үчүн кам көрбөсө, оң жылышты күтүү кыйын го...