кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
13-ноябрь, 2012-ж.:


п»ї


Коргоо министрине сурооңуз барбы?
"Кыргыз армиясынын бү­гүнкү күндөгү акыбалы кандай? Ошондой эле: "дедовщина" кайдан чыгат? Эмне себептен жоокерлер армиядан качышат?"
Мына ушул жана башка сиздерди кызыктырган суроолордун баарына 14-ноябр­да, саат 10.00дөн тартып 12.00гө чейин "Кыргыз Туусунда" өтүүчү түз байланышта КР коргоо министри, генерал-майор ӨМҮРАЛИЕВ Таа­лайбек Барыктабасович жооп берет.
Биздин телефон: 0312 62-20-27, 0554 02-68-45.
Суроолорду алдын ала, көрсө­түлгөн телефондор аркылуу берсе­ңиздер да болот.
Телефон чалыңыздар, кө­­­­кү­рөк көңүлүңүз­дөр­дө жүр­­гөн суроолорду берип, министрдин өзүнөн жооп алыңыздар!




Кыргызстан - алдыңкы ачык өлкө

Бүткүл дүйнөлүк банк­тын маалыматына ка­­раганда, дүйнөнүн 176 өлкө­­­сүнүн 43 пайызы гана өз­­дө­­рүнүн мамлекеттик кызматкерлеринин финансылык байманаларын жана мүлкүн ачыкка чыгарышат. Натыйжада Кыргызстан 21-орунга чыгып, ал тургай Англия­ны да озуп кеткен. Бул багытта мыйзамдары алсыз мамлекеттер катары АКШ (39-орун), Кытай (63-орун), Өзбекстан (80-орун), Россия (86-орун), Тажикстан (90-орун) сыяктуу өлкөлөр таанылган.

Өсүш болот дешет...

Экономика министр­лигинин маалыматы боюнча, келерки, 2013-жылы Кыргызстанда ички дүң продуктунун өсүүсү 7%ды, инфляция 8%ды түз­­­­­мөкчү. Ал эми ушул жылы ИДПнын өсүү адымы 7,6%ды багындыруусу күтүлүүдө

Кыргызстан БУУ кеңешине мүчө

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы абсолюттук көпчүлүк добуш менен Кыргызстанды БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) мүчөлүгүнө шайлады. Тышкы иштер министрлигинин белгилөөсүнө караганда, бул ишеним өлкөнүн тышкы сая­сатындагы маанилүү ийгилик жана эл аралык коом­чулуктун колдоосунун далили.

К.Молдобасановдун ысымы берилди

Кыргыз улуттук кон­серваторияга СССР­дин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси, кайталангыс таланттуу композитор Калый Молдобасановдун ысымы ыйгарылды.

Биз кайрадан ат үстүндөбүз

Кыргызстандын көк­бө­рүчүлөрү Казакстандын Чымкентинде өт­көн эл аралык чоң мелдеште биринчи, ал аз келгенсип экинчи да орундарды жеңип алышты. Алар айтылуу "Кабылан" жана "Кожомкул" командалары.

Интернет
булактарынан алынды



"Кыргыз Туусу", 18-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 21-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 25-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 28-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 7-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 31-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 28-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 22-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 17-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 14-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 7-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 29-июль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 22-июль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 15-июнь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 8-июнь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 25-май, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 18-май, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 3-апрель, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 30-март, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 8-март, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 21-февраль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 10-февраль, 2012-ж.









??.??