"Кыргыз туусу", 30.10.12 Кышка салат жасап алдыңызбы?
Даярдаган Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Ак төөнүн карды жарылып, Жер эне берекесин төгүп турган мезгил. Кышка карата камылганын ичинен азык-түлүктөрдү, өзгөчө жашылча-жемиштерди сактоонун ар кыл жолун тандап алган иштеп жаткан жана иштебеген бардык үй кожейкелери алтындай убактыларын текке кетирбей чамынып, жашылча-жемиштерди үй шартында консервалап жабуунун араке-
тинде.
Сөздүн ачыгын айтканда, үй шартында жашылча-жемиштерди жабууну жыл
сайын жасап жүргөн үй кожейкелерине көнүмүш адат болуп калса да, чындыгында, опурталдуу. Үй шартында жабылып жаткан жашылча-жемиштерди жакшылап сорттоодон, тазалап-жуугандан сырткары, банка жабуунун бардык технологиясын кылдаттык менен сактоо талап кылынат. Салына турган идиштерди сөзсүз
буулап тазалоо (стерилизациялоо) керек. Айрым бир кышка даярдалган салаттардын түрлөрүн капкагы бекилгенден кийин да сөзсүз сыртынан бууга же сууга кайнатып буулап тазалоо керек.
Бардык эрежелер сакталып даярдалган салаттар дасторкондун көркү, ашказандын кубанычы боло алат. Болбосо ар жыл сайын так ушул консерваланган жашылча-жемиштерден улам пайда болуучу ботулизм деген балакеттен айрым үй-бүлө мүчөлөрү ууланып жатышканын билдирген статистика маалыматтарынан да кур эмес­пиз. Ошондуктан жашылча азык-түлүктөрүн сактоонун бул жолун хобби кылып тандап алган кожейкелерге кышкы салаттарды жасоого чама-чаркы, убактысы, каражаты жетиштүү болсо, алардын кыялкечтигине жараша өтө көп түрлөрү бар. Биз сунуш кылып жаткан кышкы салаттын түрлөрү, туздалган маринаддар Кыргызстандын бардык аймактарына кеңири
тараган.
Куурулган баклажанга
керектелүүчү курам:
1. Баклажан 3 кг.
2. Сарымсак (чеснок) 0,5 кг.
3. Болгар калемпири 1,5 кг.
4. Өсүмдүк майы 800 грамм.
5. Помидор 1,5 кг.
6. Болгар калемпири (ачуусу) 100 грамм.
7. Татымына жараша туз, ашкөк, петрушка кошулат.
Алдын-ала керектүү жашылчалар сорттолуп-тазаланат.
Баклажан, помидор, болгар калемпири тегерекче тууралат. Казанга майды ысытабыз, алгач баклажан куурулат. Андан соң болгар калемпири кошулат, ал эми сарымсак, ачуу калемпир жарым-жартылай куурулгандан кийин акырында помидор кошулат. Сарымсак чыгараарга 5 мүнөт калганда салынат. Стерилденген идишке куюлуп бекитилет да, дагы 1-1,5 саат сууга же бууга кайнатылат.
Икра, кетчуп, куурулган приправага керектелүүчү жашылчалардын бардыгы сүргүчтөн же эт туурагычтан өткөрүлөт.
Икрага керектелүүчү
курам:
1. Сабиз 2 кг.
2. Помидор 5 кг.
3. Болгар калемпири ( таттуусу) 3 кг.
4. Сарымсак 500 грамм.
5. Өсүмдүк майы 200 грамм.
6. Пияз ( тоголок) 3 даана.
7. Татымына жараша туз, ашкөк, петрушка.
Кетчупка керектелүүчү
компоненттер:
1. Өсүмдүк майы 100 грамм.
2. Болгар калемпири (таттуусу) 500 грамм.
3. Болгар калемпири (ачуусу) 15 даана.
4. Кумшекер 200 грамм.
5. Кара мурч 1 чай кашык.
6. Жанчылган кызыл калемпир (орточо) 1 чай кашык.
7. Уксус (эссенция) 1 чай кашык.
8. Помидор 5 кг. Эт туурагычтан өткөргөн соң, кайра марлиден өткөрүлөт. 6-7 литрлик банкага эсептелинген.
Куурулган салат
1. Помидор 9 кг.
2. Болгар калемпири (таттуусу, кызыл-көк) 1кг.
3. Болгар калемпири (ачуусу) 6 даана.
4. Татымына жараша туз, ашкөк, укроп.
Кадимки кышкы салатка керектелүүчү курам:
1. Помидорлордун катуусу 8 кг.
2. Болгар калемпири (таттуусу) 3 кг.
3. Болгар калемпири (ачуусу ) 500 грамм.
4. Сабиз (сүргүчтөн өткөрүлөт) 1 кг.
5. Пияз 5 тоголок даана.
6. Сарымсак 200 грамм.
7. Жандоо 1,5 кг.
8. Өсүмдүк майы 1 литр.
9. Татымына жараша туз, кара мурч, ашкөк, петрушка.
Туздалган, маринаддалган бадыраң, патиссон, помидор
10 кг.бадыраңга эсептелинген:
1. Бадыраң 10 кг.
2. Сарымсак 6-7 тиш же 1даана.
3. Уксус (эссенция) 10 аш кашык.
4. Кумшекер 10 аш кашык.
5. Туз 10 аш кашык.
6. Бир тутам ашкөк (сөңгөктүү), карагаттын, алманын жалбырактары.
7. Кара мурч 1 чай кашык.
8. Болгар калемпири (ачуусу) 1-2 даана.
Бадыраңды туздаардан мурун бир күн эрте сорттоп туруп, жууп-тазалап, муздак сууга чылап коюу керек. 3 литрлик алдын-ала стерилденген банкага ашкөк, карагат, алча, алманын жалбырактарын төшөп, анан бадыраңдын майдаларын тандап тизүү керек. Ортолоруна сарымсактан 6-7 даана, ачуу калемпирден 1-2 даанасы бүтүн салынат. Андан соң 2 жолу кайтарылып кайнак сууга чайкалат. Үчүнчүсүндө куюлган кайнак сууга туз, кумшекер, уксус, кара мурч салынып, капкагы бекитилет.
Сүрөттөр автордуку