Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 2

"Жылдын айыл өкмөтү" сынагына
"Кыргыз Туусу" улуттук тунгуч гезити кийинки төрт жылдан бери республикабыздын бардык облустарынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - айыл өкмөттөрү тууралуу маалыматтарды үзбөй берип жүрөт. Биздин эсептөөлөрүбүз боюнча ар жылы элүүгө жакын айыл аймактары тууралуу маалыматтар жарыяланып, анда айыл өкмөттөрүнүн аткарып жаткан иш-аракеттерине, чечилбей жаткан көйгөйлөрүнө, алдыда жүзөгө ашыруучу болжолдуу мерчемдерине кеңири токтолдук. Бүгүн Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтү жөнүндө макалабызды башкача өңүттө берүүнү туура көрдүк. Ылайык көрсөңөр сүрөттөр менен баяндап берели деп турабыз. Бир бет макаладагы ойду бир сүрөт менен чечмелеп берсе болооруна алдын-ала ынанып турабыз. Берилген маалыматтарыбызды да кыска, жеткиликтүү кылууга аракеттендик. Окурмандар колдосо, бул ыкманы мындан ары да улантмакчыбыз.

Сүрөт баянда: Кум-Дөбө айыл аймагы

Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Аймак өзгөчөлүгү
Кум-Дөбө айыл аймагы
Кум-Дөбө, Ак-Жар, Шамшы, Бугучу айылдарынан туруп, 2059 түтүндө 8830 адам жашайт. Башка аймактарына мүнөздүү айыл тургундары, негизинен, мал чарбачылыгына ык коюшкан.
Дыйканчылыкта климаты, жер шарты эске алынып, кылкандуу дан эгиндери, картошка айдалат. Бишкекте бааланган сапаты, даамы менен өзгөчөлөнгөн Кочкордун картошкасы мына ушул Кум-Дөбөдө өстүрүлөт. Жергиликтүү калкты социалдык-маданий тармактарда тейлөөчү мекемелердин бардыгы бар.
Эки жылда 44 млн. сом инвестиция тартылды
Айыл аймагынын маалымат-тары боюнча, кийинки эки жылда мында тартылган инвестициянын көлөмү 44 млн. сомго жеткен.
Алардын көп каражат керектеген долбоорлорун атай кетүү орундуу болуп турат. Көп жүргүнчүлөрдү кыжаалатка салган Кум-Дөбө - Кочкор автожолу асфальтталып, ага респуб­ликалык бюджеттен 26 млн. сом сарпталган. Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кочкорду байланыштырган тилкесине асфальт төшөө убактылуу токтотул-
ган.
Шамшы айылына жаңы орто мектеп куруу үчүн республикалык бюджеттен биринчи транш менен 6 млн. сом бөлүнүп, ал толук өздөштүрүлгөн. Ак-Жар айылындагы тиричилик жактан тейлөө үйүн курууга каржы министрлигинин 1,5 млн. сом дем берүүчү гранты пайдаланылган. Кум-Дөбө айылына коомдук алдын алуу борборун капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 1,6 млн. сом инвестиция тартылган. Кум-Дөбө - Шамшы айылдарын бириктирүүчү жолду оңдоого миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Айыл аймагынын бардык айылдарында ашар жолу менен бала бакчалар оңдолуп, пайдаланууга берилген. Учурда 125 жеткинчек тарбияланууда.
Өздөштүрүлбөгөн
айдоо аянттары бар
Кум-Дөбө айыл аймагы боюнча айдоого
жарактуу 5697 гектар жер катталып,
анын 3932 гектары дыйкан чарбаларга тиешелүү.Жылына, макаланын башында белгиленгендей, 1000 гектардан ашык аянтка картошка өстүрүлүп, 20 миң
тоннадан ашык түшүм жыйналат.
Аны кайра иштетүүчү ишкана курулбагандыктан, ар бир дыйкан өстүргөн продукциясына өзү кардар табууга мажбур.
Кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү 1001 гектар жердин 250 гектары суу жетпеген таштак жерлер болгондуктан, аны иштетүүнү каалагандар жокко эсе. Аларга тиешелүү жер салыгын айыл өкмөтү төлөөгө мажбур. Жалпы айыл өкмөтү боюнча ар кандай себептер менен 1617 гектар жер пайдаланылбайт. Бул айыл өкмөтүнүн адистерин түйшөлткөн башкы
маселе.
Көйгөйлөрдөн
кыйгап өтпөй
Ак-Жар айылында салынган жаңы мектеп көп кемчиликтер менен пайдаланууга кабыл алынган. Бул жагымсыз окуя тууралуу айыл өкмөтү тиешелүү инстанцияларга билдирүү жөнөткөн. Бирок алиге эч кандай жыйынтык чыкпай келет.
Айрым айылдарда ичүүчү сууга байланыштуу чечилбеген маселелер бар. Кум-Дөбө айылындагы айылдык клуб 1992-жылы өрттөнүп, кайра жыңысын курууга каражат бөлүнбөй, улам кийинкиге жылдырылууда. Учурда айыл өкмөтү Жаштар жана ишке орноштуруу министрлиги менен бирдикте ушул айылга жаштар борборун куруу боюнча аракеттерди баштады.
Айыл өкмөтү аймакты өнүк­түрүү мерчеминде белгиленген иш-пландарды
ырааттуу жүзөгө ашырууда. Сентябрь айын-да Кум-Дөбө айыл
өкмөтүндө Нарын облустук тажрыйба алмашуу семинары ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага чейин айыл өкмөтү аймакты көрктөндүрүү, бардык
объектилерди, көчөлөрдү ирээтке келтирүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырган.
Биздин маалыматыбыз боюнча, аталган айыл өкмөтү облустагы алдыңкы айыл өкмөттөрүнүн катарына кирүү алдында турат. Жогоруда кыска маалыматыбыз менен айыл өкмөтүнө мүнөздөмө берүүгө аракет кылдык. Жыйынтыкты береги сүрөттөр берсин.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2012-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_8.htm on line 53