Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_7.htm on line 2


п»ї

Дубандардан эмне кеп?
ТАЛАС
Күзгү талаа иштери табында
Таласта күзгү талаа иштери күч алды. Облус боюнча 2012-жылдын 22-ок­тябрына карата Кыргыз Өкмөтү бекиткен программа боюнча 13 миң гектар жерди күздүк айдоо керек болсо, аныгында 7107 гектар күздүк жер айдалды.
Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча 6501 гектар жерге күздүк буудай себилип, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2162 гектарга арбын болууда же Өкмөт бекиткен программа 50 пайызга орундалды.

Маймак кызылча кабыл алуучу пункту иштөөдө
Таласта Маймак кызылча кабыл алуу­чу пункту ишке киришти.Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов билдирди. Быйыл таластык дыйкандар 782 гектар жерге кант кызылчасын эгишкен.
Маймак кызылча кабыл алуучу пункт­тун эки аянтчасы продукцияны кабыл алууга даяр болуп, ал жерге Кара-Буура жана Манас райондорунун кызылчачылары өзүлөрүнүн алгачкы продукцияларын тапшыра башташты. Белгилей кетсек бул жерде 1 тонна өткөрүлгөн кызылчага 78 кг кумшекер же 3 миң сом накталай акча төлөнүп берилүүдө.

Талаадагы
береке
Таласта быйылкы жылдын түшүмү үчүн 45431 гектар жерге төө буурчак, 1552 гектар жерге май өсүмдүктөрү, 4833 гектар жерге жүгөрү эгилген. Бү­гүн­кү күндө аталган айыл чарба өсүм­дүктөрүнүн бардыгы жыйналып алынып, жалпысынан төө буурчактын дүң түшүмү 81 миң 450,8 тоннаны түзүп, алдыңкы жылга салыштырмалуу 8106 тоннага арбын жыйналды. Ошондой эле 2620 тонна май өсүмдүктөрү, 29570,5 тонна жүгөрү кырманга түшүрүлдү. Ал эми облуста картошка менен жашылчаны жыйнап алуу да 99 пайызга жетип, дыйкандар күндүн жылуу кезинде жазда эккен түшүмдөрүн жыйнап, көңүлдөрү жай болуп турган кези.

Баанын кескин
өсүшүн ким көзөмөлдөйт?
Айтор, неси болсо да жакшы көрүнүш эмес, кыш босогодо турганда ундун, көмүрдүн кымбатташы көпчүлүктү кабатыр кылууда. Бирок эске салсак ундун баасы кымбаттап, бир кап ун 1350 сомго жеткенде деле бир нандын баасы 11 сомдон ашкан эмес. Эми болсо эки-үч күндөн бери бир нандын баасы 14 сомго жетти. Адамдар абдан бушайман… Электр энергиясы кымбаттабаса, ундун баасы болсо былтыркыдай болуп 1350 сомдун тегереги болсо, анан неге 11 сомдук нандар 14 сомдон болуп калышы керек?
Ырас, мурда бир кап ундун баасы 1350 сомго жеткенде монополияга каршы кызмат, жергиликтүү бийлик, ЖМК кызматкерлери менен бирдикте кыдыруу жүргүзүп, бир кап ун базарда 100-150 сомго, нандар болсо 11 сомдон 10 сомго чейин түшкөн.
Азырчы? Монополияга каршы кызмат негедир "уктап" жаткандай. Болбосо ошол учурдагыдай рейддерди уюштурууга, "аппетиттерин" гана ойлогон ишкерлердин напсисин тыйып, тартипке чакырып коюуга неге болбосун!
Демек, аталган кызматтын зарылдыгы барбы? - деген суроо жаралат. Дегинкиси эле стратегиялык азык-түлүктөр менен калкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык дүкөндөрдүн, нан чыгаруучу завод, ишканалардын абадай зарылдыгын турмуш чындыгы көзгө сайып көрсөттү.
Козубек ИМАНКУЛОВ


ЫСЫК-КӨЛ
Кыйналса да
кыргызым, кылымдын тоюн белгилеп...
Башынан эки доорду өткөрүп, үчүн­чүсүндө эркиндиктин өз алдынча өлкө­сүнүн кызыл туусун көтөргөн эгемен Кыргыз мамлекетинин эң алгачкы эл Баа­­тыры, көөнөрбөс көркөм чыгармалары менен көзүнүн тирүүсүндө эле классиктердин катарына кошулган, академик жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгын белгилөө иш-чаралары устаттын киндик каны тамган Ысык-Көлдүн Түп аймагынын Кең-Суу айылындагы анын ысымын алып жүргөн орто мектептен башталды. Мааракеге алыс-жакындан ат арытып келгендер жазуучунун окуу жайдагы үй-музейи менен таанышып чыккандан кийин, анын имарат алдындагы айкелинин ачылыш салтанатына катышып, рес­публиканын Мада­ният жана туризм министринин орун басары, акын Кожогелди Кулуев жана бир катар замандаштары, жердештери залкардын айылга келип-кеткен күндөрүн, айткан накыл сөздөрүн эскеришти. Чыгармаларынын, ошону менен бирге анын кыргыз улутуна, тилине арнаган чыныгы атуулдук өмүр жолунун муундан-муунга өтө турган тарбиялык терең маанисине кеңири токтолушту.
Мааракенин экинчи бөлүгү облус­тун борбору Каракол шаарынын ат майданында улантылды. Мында эл алдына чыгып сүйлөгөн Кыргыз Өкмөтүнүн Көл өрөөнүндөгү ыйгарым укуктуу өкү­лү Мирбек Асанакунов кезегинде Орто Азия мамлекеттеринин жазуучуларынын ичинен эң алгач сталиндик, кийин аталышы өзгөрүлүп кеткен СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон даңктуу жердешибиздин өзүнөн кийинки, кыргыз элинин улуулугун бүткүл адамзат тукумуна тааныткан Чыңгыз Айтматов сыяк­­­­туу калемдештерине чыйыр жол салып бергенине токтолду. Бул күнкү иш чарада алдын-ала белгиленгендей: кара сөз чеберинин "Биздин замандын кишилери" сыяктуу тарыхый чыгармасынан театрлаштырылган кө­­рүнүштөрүн Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрынын артисттери зор чеберчиликте, өткөн Ата мекендик согуштун мезгилиндеги элеттеги апаат турмушту өзүндөй элестүү чагылдырып бере алышты. Андан ары кыргыздын ат оюндары улантылып, баш байгелерине жеңил автоунаалар тапшырылды.

Кызматына
чиренген кыйла мастар кармалды
Жакында облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен "Чиновник" деген аталыштагы жол коопсуздугу боюнча атайын рейддер өткөрүлүп, эки күндүк тыкыр көзөмөлдүн жыйынтыгында 135 жол эрежесин бузуу фактылары катталган.
- Иш-чаранын аталышы жогорудай болгон соң, - дейт ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын ма­йору Сталбек Усубакунов,- буга чейин тутулса да, ар кандай жолдор менен кутулуп кетип жүрүшкөн мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулду. "Мени кимиси токтото алат…" деп, спирттик ичимдикке тоюп алгандан кийин дөөгүрсүп, алды-артын карабастан рулга отуруп келаткан 6 чиновник колго түштү.

Айдашат, чыкпайт катардан, "ак-тилектик" сатарман
Облустун борбору Каракол шаарында жайгашкан "Ак-Тилек" базарына ба­йыр алышкан жүздөгөн сатармандар менен шаар мэриясынын ортосундагы бир катар жылдардан бери келаткан пикир келишпестиктер бу сапар да толук чечилген жок. Базардын ичиндеги баш аламандыкты тартипке келтире албаган мэрия, эми анын айлана-тегерегиндеги чоң жолдордун жээктерин тыгыз ээлеп, ары-бери өткөн автоунаалар түгүл, жөө жүргөндөргө ыңгайсыздыктарды түзүп келаткан соо­­да ээлеринин мыйзамсыз салынган күркө­лөрүн автокөтөргүчтөрдүн жардамы менен көчүрүү аракеттери алардын катуу каршылыктарына кабылды.


Кагазда
долбоор бар, каржылоо жагы тар
Канчалаган жылдардан бери Каракол шаарынын ички жолдору оңолбой келет. Анысы аз келгенсип, борборунан башка көпчүлүк көчөлөрүндө түнкүсүн караңгылыктан, жөөлөр түгүл автоунаалардын коопсуз жүрүүлөрү кыйындап калды.
Ушул сыяктуу кемчилик-жетиш­пес­тик­­терди ар тарабынан иликтеген мэрия жетекчилиги "Каракол шаарын комплекстүү өнүктүрүү" деп аталган программа-дол­боор кабыл алышкан. Анын башкы максаты - келерки жыл ичинде калаанын 40 чакырымдан кем эмес ички көчөлөрүн калыбына келтирип, аларды түнкүсүн электр жарыгы менен камсыз кылуу. Акыл жетет, бирок акча жок, ал үчүн кеминде тогуз миллион сом керек экен.

Аздыр-көптүр
арзандап, базар
баасы баягы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун деректиринин орун басары Каныбек Солтоновдун жалпыга маа­­лымдоо каражаттарына расмий билдиргенине караганда, өлкө аймагында күнүгө 150 тоннага жакын ун арзандатылган баа­­да: бир килограммы 1-сортунуку - 23 сомдон, 2-сортунуку 17,5 сомдон сатылышы керек. Ал эми Ысык-Көл облусунун, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаар­­­­ларынын борбордук базарларында арзан ун сатуу чакан жайлары ачылгандыгы маа­­лымдалган.
- Бизге алгач 20-октябрда арзан ун деп мүшөгү 45 килограммдыктар түшкөн,- дейт Каракол шаарындагы "Келечек" чакан базарындагы №26 контейнердин сатуучуларынын бири Дамира, - Алгандар аны "каралжын экен" деп кайра алып келе баштаганда айтсак, кайра 25-ок­тябрда андан агыраак 50 килограммдык 90 мүшөк ун түшүрүп кетишти. Уккандар келип алып атышат. Ар бир кардарга 2 мүшөктөн ашык сатпайбыз.
Аларга катарлашкан ун сатармандарын кыдырып, бааларын байкадык. Мү­шөгү 45 килограммдык 1-сорттогу ундун баасы баягыдай эле 1100 - 1150 сомдон, ошондо анын ар бир килограммынын наркы 24,4-25,5 сомдон, ал эми матрезерв фондунан арзандатылды деп келген 50 килограммдык ушундай эле сорттогу ундун да мүшөгү 1150 сомдон, демек, ар бир килосу кымбат ундан 1,4 -2,5 сомго арзан сатылууда. Карапайым кардарларга аз да болсо, бу да олжо.
Жээнбай ТҮРК



Нарын
Өзгөрүш
айылындагы мектеп өзгөчөлөндү
Ат-Башынын Өзгөрүш айылындагы орто мектеп кош имараттан турат. Бир корпусу 1937-жылы, экинчиси 1985-жылы курулган. Райондогу эң "аксакал" деп аталган бул мектеп окутуу-тарбиялоо ишинде да алдыда болуп келген. Бы­йыл аталган мектеп облуста уюштурулган "Мыкты мектеп" конкурсуна катышып, эмгек жамааты анын бардык талабына ылайык иш жүргүзүштү. Конкурстук комиссия да мектептин ишин мыкты деп таап, биринчи орунду ыйгарышты. Конкурска катышкан 139 мектептин ичинен жеңүүчү деп аталган бул мектептин директору Төлөбек Багышов облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы жана бекер туристтик жолдомо менен сыйланды. Буюрса, мектеп директору 15 (он беш) күнгө Түркияга барып эс алып келет.

Күнөө жолдо эмес, өзүбүздө
Райондук ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугун көзөмөлдөө тобунун (ЖКК) кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын тогуз айында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгын чыгарышты. Маалыматта айтылгандай, райондун аймагында жалпы жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган айдоочулардын саны 1201 адамды түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20га көптүк кылат.
Мындан сырткары тогуз айдын ичинде 14 жол кырсыгы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бешке көптүк кылат. Анын кесепетинен 25 адам денелеринен жаракат алышса, беш адам каза болгон. "Жол кырсыгынын көбү Бишкек-Торугарт жолунан катталууда. Анткени, жаңы асфальтталып бүткөн жолдо айдоочулар өтө катуу ылдамдыкта айдашып, рулду башкара албай, ар кандай кырсыктарга дуушар болушууда. Демек, күнөө жолдо эмес, өзүбүздөн келип чыгууда", - дейт ЖКК тобунун кызматкерлери.
Жекшенбай
КУРМАНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2012-ж.:










??.??